Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 16-декабры № V
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы Арал 3 тупик көчөсүнө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү гранттын
эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салымга Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 15-декабрь 2024-жылдагы чыгыш №01-19/519 сандуу катын карап, Арал айылындагы Арал 3 тупик көчөсүнө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорун угуп жана талкуулап, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы Арал 3 тупик көчөсүнө асфальт төшөө үчүн өздүк салым катары Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин эсебинен 502532 (беш жүз эки миң беш жүз отуз эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М.Мырзабеков |