Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 20-декабры № I
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Күмбөз участкасындагы жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү токтому менен бектилген жобонун талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин негизинде Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Күмбөз участкасынын №575 контурда жайгашкан 1.50 га жайыт жерине оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн айланма жол куруу максатында мамлекеттик менчикке алууга жана “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Күмбөз участкасынын №575-контурда жайгашкан 1.50 га жайыт жерине оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн айланма жол куруу максатында мамлекеттик менчикке алууга жана “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого), Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине ылайык Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан чечим чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер архитектура, курулуш, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М.Мырзабеков |