Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-апрели № 207
"Абу-Даби Кыргыз Иивестмент"
ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен биргеликте "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коому түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте:
- бир акциясынын номиналдык наркы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча 5 000 (беш миң) АКШ долларына эквиваленттүү болгон улуттук валютадагы 1000 (бир миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн уставдык капиталынын 50 пайызын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана уставдык капиталынын 50 пайызын Абу-Даби өнүктүрүү фондуна аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча 5 000 000 (беш миллион) АКШ долларына эквиваленттүү өлчөмдөгү улуттук валютадагы уставдык капиталы менен "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун кошо уюштуруучусу болсун;
- "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
- түзүлүп жаткан "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун уставын бекитсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз. Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча улуттук валютага которулган датага карата конвертациялоо менен 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын республикалык бюджеттен бөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомун Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик имаратка коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акы төлөп пайдалануу келишиминин шарттарында жайгаштыруу маселесин чечсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2023-жылдын 19-апрелинде www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-апрели № 207
"Абу-Даби Кыргыз Иивестмент"
ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
Инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен биргеликте "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коому түзүлсүн.
2. “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- бир акциясынын номиналдык наркы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча 5000 (беш миң) АКШ долларына эквиваленттүү болгон улуттук валютадагы 1000 (бир миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн уставдык капиталынын 50 пайызын “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомуна жана уставдык капиталынын 50 пайызын Абу-Даби өнүктүрүү фондуна аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча 5 000 000 (беш миллион) АКШ долларына эквиваленттүү өлчөмдөгү улуттук валютадагы уставдык капиталы менен “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун тең уюштуруучусу катары чыксын;