Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-майы № 253
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Компотторду, шербеттерди, нектарларды жана морсторду ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы № 202 "Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте 2030-жылга карата айыл чарба кооперативдеринен жемиштерди, кургатылган жемиштерди жана мөмөлөрдү сатып алуучу ата мекендик кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан өндүрүлүүчү компоттордун, шербеттердин, нектарлардын жана морстордун экспортунун көлөмүн 2 эсеге көбөйтүүнү камсыз кылсын.";
2) жогоруда аталган токтом менен белгиленген Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү айрым акциздик товарларга акциз салыгынын ставкалары төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"
13 | 2025-жылдын 15-майынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрдөн сатып алынган жемиштерден, кургатылган жемиштерден жана мөмөлөрдөн ата мекендик айыл чарба кайра иштетүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн кант кошулган компоттор, шербеттер, нектарлар жана морстор | 1 сом/литр |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 15-майынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-майындагы № 21 (3677) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |