Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 19-майы № 97
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 58-берененин 4-бөлүгүндө "он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр "жыйырма жылдык мөөнөткө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 88-берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда мамлекеттик тилдеги "белгиленген жаза мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес" деген сөздөр "дайындалган жазанын жарымынан кем эмес мөөнөтүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 89-берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо үчүн;";
4) 92-беренеде:
а) 5-бөлүгүндө "он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөттө" деген сөздөр "жыйырма жылдык мөөнөткө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгүндө "экстремисттик уюмду түзүү" деген сөздөрдөн кийин ", баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-майындагы № 37 (3693) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 10-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |