Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-апрели № 26
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Кулжа, Кара-Балта, Сокулук, Кемин жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыздарын бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 5 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайку айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 2 Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 5 Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңеши боюнча;
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 8 Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
- Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 3 Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңеши боюнча.
2) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 3 Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;
- Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 3 Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңеши боюнча.
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 6 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайку айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 5 Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңеши боюнча;
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 9 Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кара-Кулжа, Кара-Балта, Сокулук, Кемин жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Кара-Кулжа, Кара-Балта, Сокулук, Кемин жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Кара-Кулжа, Кара-Балта, Сокулук, Кемин жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана "Эркин-Тоо" гезитине жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 26 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Ош облусу | |||
Кара-Кулжа району | |||
1 | Кара-Кулжа АШК, № 5, 18.04.2025-ж. (11.04.2025-ж., өз арызы) | Алайку айылдык (№ 6 Көк-Арт шайлоо округу) | Таалайбек уулу Камбар |
Чүй облусу | |||
Кара-Балта шаары | |||
2 | Кара-Балта АШК, № 2, 22.04.2025-ж. (22.04.2025-ж., өз арызы) | Кара-Балта шаардык | Тохтыев Нурмухамат Элахунович (5) "Ишеним" депутаттык фракциясы |
Сокулук району | |||
3 | Сокулук АШК, № 5, 22.04.2025-ж. (10.04.2025-ж., өз арызы) | Сары-Өзөн айылдык (№ 8 шайлоо округу) | Чомоков Жанжалбек Сатаркулович |
Кемин району | |||
4 | Кемин АШК, № 8, 25.04.2025-ж. (21.04.2025-ж., өз арызы) | Чым-Коргон айылдык (№ 4 Алмалуу шайлоо округу) | Кабаев Алтынбек Аскарович |
Баткен облусу | |||
Кызыл-Кыя шаары | |||
5 | Кызыл-Кыя АШК, № 3, 22.04.2025-ж. (22.04.2025-ж., өз арызы) | Кызыл-Кыя шаардык | Алимбекова Тахмина Жусуповна (2) "НДПК" депутаттык фракциясы |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| Р.Манасбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 26 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
1 | Кара-Кулжа АШК, № 6, 18.04.2025-ж. (14.04.2025-ж., өз арызы) | Алайку айылдык (№ 6 Көк-Арт шайлоо округу) | Кожобаев Асанбек Токтогулович | Пенсионер |
Чүй облусу | ||||
Кара-Балта шаары | ||||
2 | Кара-Балта АШК, № 3, 22.04.2025-ж. (22.04.2025-ж., өз арызы) | Кара-Балта шаардык | Баратов Эрик Керимбекович (10) "Ишеним" саясий партиясы | "Дан" мамлекеттик ишканасынын орун басары |
Сокулук району | ||||
3 | Сокулук АШК, № 5, 22.04.2025-ж. (10.04.2025-ж., өз арызы) | Сары-Өзөн айылдык (№ 8 шайлоо округу) | Бекболотова Асель Асанжановна | Жеке ишкер |
Кемин району | ||||
4 | Кемин АШК, № 9, 25.04.2025-ж. (24.04.2025-ж., өз арызы) | Чым-Коргон айылдык (№ 4 Алмалуу шайлоо округу) | Төлөгөнов Таалайбек Төлөгөнович | Дыйкан чарба |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
| Кызыл-Кыя АШК, № 3, 22.04.2025-ж. (22.04.2025-ж., өз арызы) | Кызыл-Кыя шаардык | Кулматова Калдык Калмурзаевна (8) "НДПК" саясий партиясы | Кызыл-Кыя шаарынын маданият бөлүмүнүн башчысы |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| Р.Манасбеков |