Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-марты № 18
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Сокулук, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 10-мартындагы № 2 Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-мартындагы № 3 Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-мартындагы № 3 Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 20-мартындагы № 9 Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айылдык кеңеши боюнча.
2) Жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-мартындагы № 3 Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңеши боюнча.
3)."Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 10-мартындагы № 2 Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-мартындагы № 3 Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-мартындагы № 3 Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 20-мартындагы № 10 Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кара-Суу, Сокулук, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык.
- Кара-Суу, Сокулук, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Кара-Суу, Сокулук, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана "Эркин-Тоо" гезитине жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы № 18 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын ЧЕЧИМДЕРИ
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
1 | Кара-Суу АШК, № 2, 10.03.2025-ж. (4.03.2025-ж. өз арызы) | Мады айылдык (№ 1 Кыргыз-Чек шайлоо округу) | Эрмекбаева Майрам Сасыкуловна |
Ноокат району | |||
2 | Ноокат АШК, № 3, 18.03.2025-ж. (18.03.2025-ж. өз арызы) | Кара-Таш айылдык (№ 1 Кара-Таш шайлоо округу) | Камчыбек уулу Нурсултан |
3 | Ноокат АШК, № 3, 18.03.2025-ж. (18.03.2025-ж. өз арызы) | Кара-Таш айылдык (№ 1 Кара-Таш шайлоо округу) | Бекиев Раимжан Убайдиллаевич |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
4 | Сокулук АШК, № 3, 14.03.2025-ж. (24.02.2025-ж. өз арызы) | Сары-Өзөн айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Кубанычбеков Тунгуч Азаматович |
Жайыл району | |||
5 | Жайыл АШК, № 9, 20.03.2025-ж. (17.03.2025-ж. өз арызы) | Сары-Коо айылдык (№ 3 Алтын шайлоо округу) | Мусаева Элмира Кубанычбековна |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| Т.Айтикеев |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| Р.Манасбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы № 18 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын ЧЕЧИМИ
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
1 | Сокулук АШК, № 3, 14.04.2025-ж. (10.03.2025-ж. өз арызы) | Сары-Өзөн айылдык | Ракимбаев Абай Кенешбекович |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| Т.Айтикеев |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| Р.Манасбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы № 18 токтомуна 3-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын ЧЕЧИМДЕРИ
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Кара-Суу АШК, № 2, 10.03.2025-ж. (11.03.2025-ж. өз арызы) | Мады айылдык (№ 1 Кыргыз-Чек шайлоо округу) | Кубаныч кызы Нурзада | убактылуу иштебейт |
Ноокат району | ||||
2 | Ноокат АШК, № 3, 18.03.2025-ж. (18.03.2025-ж. өз арызы) | Кара-Таш айылдык (№ 1 Кара-Таш шайлоо округу) | Сактанов Майрамбек Чиркешбаевич | тиш доктур |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
3 | Сокулук АШК, № 3, 14.03.2025-ж. (10.03.2025-ж. өз арызы) | Сары-Өзөн айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Байсеитова Гулмира Медетбековна | пенсионер |
Жайыл району | ||||
4 | Жайыл АШК, № 9, 20.03.2025-ж. (17.03.2025-ж. өз арызы) | Сары-Коо айылдык (№ 3 Алтын шайлоо округу) | Дуйшенбаев Изатбек Курманкулович | жеке ишкер |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| Т.Айтикеев |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| Р.Манасбеков |