Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-марты № 19
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Баткен шаардык, Бишкек жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-мартындагы № 1 Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы № 4 жана № 5 Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы № 1 Ош облусунун Алай районунун Курманжан Датка жана Памир-Алай айылдык кеңештери боюнча.
2.."Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-мартындагы № 1 Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы № 4 жана № 5 Бишкек шаардык кеңеши боюнча.
3.."Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы № 1 Ош облусунун Алай районунун Курманжан Датка жана Памир-Алай айылдык кеңештери боюнча чечими.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Баткен шаардык, Бишкек жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Баткен шаардык, Бишкек жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Баткен шаардык, Бишкек жана Алай аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана "Эркин-Тоо" гезитине жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 26-мартындагы № 19 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын ЧЕЧИМДЕРИ
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Баткен облусу | |||
Баткен шаары | |||
1 | Баткен шаардык АШК, № 1, 12.03.2025-ж. (23.02.2025-ж. өз арызы) | Баткен шаардык | Абдыкаар уулу Уланбек (2) "Ыйман Нуру" саясий партиясы |
2 | Баткен шаардык АШК, № 1, 12.03.2025-ж. (21.02.2025-ж. өз арызы) | Баткен шаардык | Малик кызы Гулнур (3) "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы |
3 | Баткен шаардык АШК, № 1, 12.03.2025-ж. (23.03.2025-ж. өз арызы) | Баткен шаардык | Сулайманбек уулу Акжол (4) "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы |
4 | Баткен шаардык АШК, № 1, 12.03.2025-ж. (6.03.2025-ж. өз арызы) | Баткен шаардык | Дүйшөева Уулкан Азизбаевна (3) "Ынтымак" саясий партиясы |
Бишкек шаары | |||
5 | Бишкек АШК, № 4, 25.03.2025-ж. (17.03.2025-ж. өз арызы) | Бишкек шаардык | Мусагул уулу Амантур (7) "Эмгек" саясий партиясы |
6 | Бишкек АШК, № 5, 25.03.2025-ж. (24.03.2025-ж. өз арызы) | Бишкек шаардык | Жумалиев Чынгыз Зайнидинович (17) "Жаңы күч - Новая сила" саясий партиясы |
Ош облусу | |||
Алай району | |||
7 | Алай АШК, № 1, 24.03.2025-ж. (18.03.2025-ж. өз арызы) | Курманжан Датка айылдык (№ 3 Кабылан-Көл шайлоо округу) | Сарыбаева Гулумкан Маликовна |
8 | Алай АШК, № 1, 24.03.2025-ж. (19.03.2025-ж. өз арызы) | Памир-Алай айылдык (№ 4 Сары-Могол шайлоо округу) | Турдубеков Мурзабай Жеенекович |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 26-мартындагы № 19 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын ЧЕЧИМДЕРИ
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Баткен облусу | ||||
Баткен шаары | ||||
1 | Баткен шаардык АШК, № 1, 12.03.2025-ж. (26.02.2025-ж. өз арызы) | Баткен шаардык | Таштанов Данияр Иркинович (7) "Ыйман Нуру" саясий партиясы | жеке ишкер |
2 | Баткен шаардык АШК, № 1, 12.03.2025-ж. (21.02.2025-ж. өз арызы) | Баткен шаардык | Саматова Абиба Абдиламитовна (6) "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы | Баткен мамлекеттик университетинде кафедра башчысы |
3 | Баткен шаардык АШК, № 1, 12.03.2025-ж. (26.02.2025-ж. өз арызы) | Баткен шаардык | Алишеров Кенжебай Сабирович (5) "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы | "Али-Ахмед" ЖЧК жетекчиси |
4 | Баткен шаардык АШК, № 1, 12.03.2025-ж. (10.03.2025-ж. өз арызы) | Баткен шаардык | Жороева Каныгүл Саматовна (6) "Ынтымак" саясий партиясы | Баткен облустук бириккен ооруканасынын инфекционист |
Бишкек шаары | ||||
5 | Бишкек АШК, № 4, 25.03.2025-ж. (17.03.2025-ж. өз арызы) | Бишкек шаардык | Майрамбек уулу Сыргак (13) "Эмгек" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт |
6 | Бишкек АШК, № 5, 25.03.2025-ж. (24.03.2025-ж. өз арызы) | Бишкек шаардык | Улугбеков Алмазбек Улугбекович (19) "Жаңы күч - Новая сила" саясий партиясы | ЖЧК "НОВЕН" башкы бухгалтер |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
7 | Алай АШК, № 1, 24.03.2025-ж. (24.03.2025-ж. өз арызы) | Курманжан Датка айылдык (№ 3 Кабылан-Көл шайлоо округу) | Абдиева Айнагүл Ашимбековна | Убактылуу иштебейт |
8 | Алай АШК, № 1, 24.03.2025-ж. (24.03.2025-ж. өз арызы) | Памир-Алай айылдык (№ 4 Сары-Могол шайлоо округу) | Косонова Гүлзина Турганбаевна | Х.Алимсеитов атындагы орто мектепте англис тилинен мугалим |