Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-апрели № 21
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Түп, Жумгал жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-мартындагы № 3 Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айылдык кеңеши боюнча;
- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 17-мартындагы № 3 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай жана Карасаев айылдык кеңештери боюнча;
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-мартындагы № 3 Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылдык кеңеши боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-мартындагы № 10 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча.
2) Жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө чечимдери:
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-мартындагы № 3 Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айылдык кеңеши боюнча;
- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 17-мартындагы № 3 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай жана Карасаев айылдык кеңештери боюнча.
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 17-мартындагы № 4 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай жана Карасаев айылдык кеңештери боюнча;
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-мартындагы № 4 Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылдык кеңеши боюнча.
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11- бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-мартындагы № 11 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кенеши боюнча чечими.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Лейлек, Түп, Жумгал жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Лейлек жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
- Түп, Жумгал жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Түп, Жумгал жана Панфилов аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана "Эркин-Тоо" гезитине жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 21 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын ЧЕЧИМДЕРИ
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Баткен облусу | |||
Лейлек району | |||
1 | Лейлек АШК, № 3, 26.03.2025-ж. (25.03.2025-ж. өз арызы) | Тогуз-Булак айылдык (№ 1 Кара-Булак шайлоо округу) | Файзуллаева Раат Шайдуллаевна |
Ысык-Көл облусу | |||
Түп району | |||
2 | Түп АШК, № 3, 17.03.2025-ж. (14.03.2025-ж. өз арызы) | Карасаев айылдык (№ 1 Токтоян шайлоо округу) | Искаков Нурбек Бегалиевич |
3 | Түп АШК, № 3, 17.03.2025-ж. (7.03.2025-ж. өз арызы) | Балбай айылдык (№ 5 Ак-Булак шайлоо округу) | Садабаева Эркенгуль Джолдошбековна |
Нарын облусу | |||
Жумгал району | |||
4 | Жумгал АШК, № 3, 28.03.2025-ж. (26.03.2025-ж. өз арызы) | Байзак айылдык (№ 2 Кызыл-Кыргызстан шайлоо округу) | Сатыбалдиева Гүлайда Болотбековна |
Чүй облусу | |||
Панфилов району | |||
5 | Панфилов АШК, № 10, 29.03.2025-ж. (20.03.2025-ж. өз арызы) | Кайыңды шаардык | Байгучуков Манас Балбакович (2) "Эл Биримдиги" саясий партиясы |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| Р.Манасбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 21 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын ЧЕЧИМДЕРИ
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. |
Баткен облусу | |||
Лейлек району | |||
1 | Лейлек АШК, № 3, 26.03.2025-ж. (25.03.2025-ж. өз арызы) | Тогуз-Булак айылдык (№ 1 Кара-Булак шайлоо округу) | Кааров Эрболот Ысмайылович |
Ысык-Көл облусу | |||
Түп району | |||
2 | Түп АШК, № 3, 17.03.2025-ж. (14.03.2025-ж. өз арызы) | Балбай айылдык (№ 5 Ак-Булак шайлоо округу) | Раева Айгуль Руслановна |
3 | Түп АШК, № 3, 17.03.2025-ж. (14.03.2025-ж. өз арызы) | Балбай айылдык (№ 5 Ак-Булак шайлоо округу) | Дамир кызы Гүлмира |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| Р.Манасбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 21 токтомуна 3-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын ЧЕЧИМДЕРИ
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
1 | Түп АШК, № 4, 17.03.2025-ж. (14.03.2025-ж. өз арызы) | Карасаев айылдык (№ 1 Токтоян шайлоо округу) | Бердикожоева Жазгул Сакуевна | Убактылуу иштебейт |
2 | Түп АШК, № 4, 17.03.2025-ж. (13.03.2025-ж. өз арызы) | Балбай айылдык (№ 5 Ак-Булак шайлоо округу) | Текебаев Нурлан Нургожоевич | Убактылуу иштебейт |
Нарын облусу | ||||
Жумгал району | ||||
3 | Жумгал АШК, № 4, 28.03.2025-ж. (28.03.2025-ж. өз арызы) | Байзак айылдык (№ 2 Кызыл-Кыргызстан шайлоо округу) | Абдыкеев Адилет Асанович | Дыйкан чарбанын мүчөсү |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
4 | Панфилов АШК, № 11, 28.03.2025-ж. (25.03.2025-ж. өз арызы) | Кайыңды шаардык | Абдрахманов Улукбек Медетбекович (4) "Эл Биримдиги" саясий партиясы | Чүй электр тармактар ишканасы, инженер |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| Р.Манасбеков |