Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-апрели № 243
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо:
- 3-пунктта:
"Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (мындан ары - реестр кармоочу)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Реестрди жүргүзүү боюнча саясатты түзүү Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 8, 12-14, 16-пункттарда, 21-пункттун 2-пунктчасында ар түрдүү жөндөмөлөрдө "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "реестр кармоочу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 29-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телеканалдарында медиа-жарнама үчүн мамлекеттик телеканалдар менен макулдашылган медиа-план боюнча акысыз эфир убактысын алат;";
2-пунктчасында "жана бажылык" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:
жогорку оң жак бурчунда "Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-майындагы № 33 (3689) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |