Сравнение редакций…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 251 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери
1-глава. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун
камсыз кылуу өзгөчөлүктөрү
§ 1. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
1. Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери (мындан ары – Эрежелер) өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеке жана юридикалык жактардын аракет көрүү эрежелерин, өндүрүштү уюштуруу жана (же) аймактарды, имараттарды, курулмаларды, уюмдардын жайларын, турак жай фондун жана башка объекттерди (мындан ары – коргоо объекти) күтүү тартибин белгилөөчү өрткө каршы ченемдердин талаптарын аныктайт.
Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) авариялык чыгуучу жер – эвакуациялоо үчүн арналган жана түздөн-түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу чыгуучу жер (эшик, люк, терезе), ал адамдарды куткаруу үчүн кошумча чыгуучу жер катары колдонулат, бирок эвакуациялык жолдордун жана чыгуучу жерлердин зарыл болгон санынын жана өлчөмүнүн өрт учурунда адамдарды коопсуз эвакуациялоо шарттарына шайкештигин баалоодо эсепке алынбайт;
2) коргоо объекти – өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген же белгиленүүгө тийиш болгон жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, мамлекеттик же муниципалдык мүлк (анын ичинде аймак, имараттар, курулмалар, транспорт каражаттары, технологиялык түзүлүштөр, жабдуулар, агрегаттар, буюмдар жана башка мүлктөр);
3) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары – өрттүн алгачкы стадиясында өрт өчүрүү үчүн пайдаланылуучу өрт өчүрүүнүн алып жүрмө же көчмө каражаттары;
4) өрткө каршы ажырым (өрткө каршы аралык) – имараттардын жана (же) курулмалардын ортосундагы өрттүн таралышын болтурбоо үчүн белгиленген ченемделүүчү аралык;
5) курулма– тиреп туруучулардан, ал эми айрым учурларда тосмо конструкциялардан да турган жана ар түрдүү өндүрүштүк процесстерди аткаруу, материалдарды, буюмдарды, жабдууларды сактоо, адамдардын убактылуу болуусу, адамдардын, жүктөрдүн ж.б.у.с. орун которуу үчүн арналган көлөмдүү, жалпак же узунунан кеткен, жердеги, жер үстүндөгү же жер астындагы курулуш системасы;
6) кабарлоо жана эвакуацияны башкаруунун техникалык каражаттары – өрт жөнүндө адамдарга кабарлоо үчүн арналган техникалык каражаттардын (кабарлоочуларды, өрт кабарлоочуларын башкаруу приборлорунун) жыйындысы;
7) өрт сигнализациясынын орнотмолору – өрт аныктоо, өрт жөнүндө кабарды берилген түрдө иштеп чыгуу, берүү, өрт өчүрүүнүн жана түтүндү басуунун автоматтык орнотмолорун, технологиялык жана инженердик жабдууларды, ошондой эле өрткө каршы коргоонун башка түзүлүштөрүн иштетүүгө атайын маалымат жана (же) команда берүү үчүн арналган техникалык каражаттардын жыйындысы;
8) от менен аткарылуучу иштер – ачык отту колдонуу, учкун чыгаруу жана материалдарды, конструкцияларды тутандырууга жөндөмдүү температурага чейин ысытуу менен өндүрүштүк операциялар (электр менен ширетүү, газ менен ширетүү, бензин-керасин кесүү, каңдоо жумуштары, учкун пайда кылуу менен металлды механикалык иштетүү ж.б.);
9) эвакуация – өрттүн коркунучтуу факторлорунун аларга таасир тийгизүүсүнүн мүмкүнчүлүгү болгон жайлардан адамдарды тышка же коопсуз зонага уюштурулган өз алдынча (өз алдынча эмес) кыймылынын (орун которуу) процесси;
10) эвакуациялоо жолу (эвакуациялык жол) – адамдардын өрт учурунда түздөн-түз тышка же коопсуз зонага алып барган кыймылынын жана (же) орун которуусунун жолу;
11) эвакуациялык чыгуучу жер – эвакуациянын түздөн-түз тышка же коопсуз зонага алып баруучу жолуна чыгуучу жер;
12) байланыш каражаттары – маалыматты жыйноо, иштетүү, топтоо жана бөлүштүрүү процессин камсыз кылуу үчүн техникалык база;
13) мобилдүү автомай куюучу станция (ММКС) – мунай продуктуларын аралыктан чекене сатууда керектөөчүлөргө жеткирүү үчүн арналган резервуары жана күйүүчү май бөлүштүргүч колонкасы бар автомобилдик шассиге, чиркегичке же жарым чиркегичке орнотулган автомай куюучу станция, технологиялык система;
14) электр кубаттоо станциясы – электр мобиль, электр бус, электр скутер, электр самокат, гироскутер, сигвей, электр велосипед ж.б. сыяктуу аккумулятордук электр транспортун кубаттоо үчүн электр энергиясын берген инфраструктуранын элементи.
Өрт коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдары, ушул Эрежелер жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүн регламенттеген башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле өрттөн коргоо талаптарын белгилөөчү объектилерди долбоорлоо жана куруу боюнча ченемдер жана эрежелер болуп саналат.
2. Менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде коргоо объекттери пайдалануусунда турган уюмдун (жеке ишкер) жетекчиси (башка ыйгарым укуктуу кызмат адамы) тарабынан (мындан ары – уюмдун жетекчиси) ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык ар бир коргоо объекти (жеке турак үйлөрдү кошпогондо), ошондой эле өндүрүштүк жана кампа багытындагы ар бир жарылуу, өрт чыгуу коркунучу бар жайлар үчүн өзүнчө өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө нускама бекитилет.
3. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилери жана кызмат адамдары өз компетенциясына ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) коргоо объекттеринде бардык инженер-техникалык кызматкерлер, кызматчылар жана жумушчулар тарабынан ушул Эрежелерди үйрөнүүсүн жана аткаруусун уюштурууга;
2) коргоо объектинде ыктыярдуу өрт өчүрүүчү кошуунду уюштурууга жана ички буйрук менен алардын иштөө тартибин бекитүүгө (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык);
3) ушул Эреженин 5-тиркемесине ылайык коргоо объектинде өрт-техникалык минимум боюнча өрткө каршы нускамалоо жана сабак өтүүнү уюштурууга;
4) өндүрүштүк, административдик, кампа жана көмөкчү жайларда өрткө каршы катуу режим белгилөөгө (тамеки чегүүчү жерди аныктоого жана жабдууга, сырьёну жана даяр продукцияны бир учурда сактоо үчүн жол берилген өлчөмүн жана жайын аныктоого, от менен аткарылуучу иштердин так тартибин белгилөөгө) жана коргоо объектинин бардык кызматкерлери тарабынан анын так сакталышын туруктуу негизде контролдоого;
5) иш аяктагандан кийин, ушул Эрежелердин 8-тиркемесинеылайык форма боюнча журналды жүргүзүү менен ар түрдүү функциялык багыттагы жайларды кароо жана жабуу тартибин аныктоого;
6) мезгил-мезгили менен коргоо объектинин өрт коопсуздугунун абалын, өрткө каршы техникалык каражаттардын болушун жана оң абалын, объекттин өрттөн коргоонууга жана ыктыярдуу өрт өчүрүүчү кошуундун даярдыгын текшерип турууга жана алардын иштешин жакшыртуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө жана ушул Эрежелердин 7-тиркемесинеылайык форма боюнча журналга жазууга;
7) коргоо объектин ушул Эрежелердин 6-тиркемесине ылайык белгилер менен камсыз кылууга.
4. Уюмдун жетекчиси жылытуусу, электр энергиясы, телефон байланышы, катуу катмарлуу полу, жылуулатылган дарбазасы, өрттөн коргоочу жеке курамдын ченемдүү жана коопсуз иштөө шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка түзүлүштөрү жана жабдуулары бар өрт өчүрүү депосунда же бул максаттар үчүн атайын арналган бокстарда өрт өчүрүүчү автомобилдерди кармоону камсыз кылат.
5. Уюмдун жетекчиси өрт өчүрүүчү автомобилдердин жана мотопомпалардын, ошондой эле өрт өчүрүү үчүн ыңгайлаштырылган (кайра жабдылган) техниканын оң техникалык абалда болушун камсыз кылат.
6. Уюмдун жетекчиси ар бир өрт өчүрүүчү мотопомпага жана өрт өчүрүү үчүн ыңгайлаштырылган (кайра жабдылган) жабдылган техникага, көрсөтүлгөн техникада иштөө үчүн атайын даярдыктан өткөн мотористти (айдоочуну) бекитүүнү уюштурат.
7. Өрт коопсуздугунун чаралары боюнча окуудан өтүп келген адамдарга гана коргоо объектинде иштөөгө жол берилет.
Өрт коопсуздугунун чараларын адамдарга окутуу, өрткө каршы нускама менен тааныштыруу жана өрт өчүрүү-техникалык минимумдан өткөрүү жолу менен ишке ашырылат.
Өрткө каршы нускама менен тааныштыруу жана өрт өчүрүү-техникалык минимумунан өтүүнүн тартибин жана мөөнөтүн уюмдун жетекчиси аныктайт.
8. Инженер-техникалык кызматкерлерди, кызматчыларды жана жумушчуларды өрткө каршы даярдоо өрткө каршы нускама менен тааныштыруу (биринчи жана экинчи) жана өрт өчүрүү-техникалык минимум боюнча сабактардан турат.
9. Өрткө каршы нускама менен таанышуу жана өрт өчүрүү-техникалык минимум боюнча сабактардан өтүү үчүн коргоо объектинде зарыл болгон көрсөтмө куралдар (плакаттар, схемалар, макеттер), ошондой эле өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынын бардык түрлөрүнүн, өрт шаймандарынын жана коргоо объектинде орнотулган өрт байланышынын бардык үлгүлөрү менен жабдылган жайды бөлүп берүү зарыл.
10. Өрт өчүрүү-техникалык минимум программасын өтүп бүткөндөн кийин жумушчулар менен кызматчылардан зачеттор алынууга тийиш. Өрт өчүрүү-техникалык минимум боюнча өткөрүлгөн зачёттордун натыйжасы ушул Эрежелердин 5-тиркемесинде келтирилген формалар боюнча журналдарда жазылат.
11. Кампаларда, өндүрүштүк, административдик жана коомдук жайларда, заттар менен материалдар ачык сакталган, ошондой эле технологиялык орнотмолор жайгашкан жерлерде уюмдун жетекчиси өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды чакыруу үчүн телефондун номери жазылган тактачанын болушун камсыз кылат.
12. Адамдар түнкүсүн боло турган коргоо объектинде (анын ичинде мектеп-интернаттарда, социалдык тейлөө уюмдарында, карылар үйлөрүндө, балдар үйлөрүндө, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, ооруканаларда жана балдар жайкысын эс ала турган объекттерде) уюмдун жетекчиси тейлөөчү персоналдын сутка бою кезметин уюштурат.
13. Адамдар түнкүсүн боло турган коргоо объектинде уюмдун жетекчиси төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) күндүз жана түнкүсүн өрт чыккан учурда тейлөөчү персоналдын аракет көрүү тартиби жөнүндө нускаманын, телефон байланышынын, электр фонарларынын (2ден кем эмес фонарь), өрттөн улам уу заттардын чыгышынан адамдын дем алуу жана көрүү органдарын жекече коргоо каражаттарынын болушун;
2) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмчөлөрүнө түнкүсүн адамдар болгон коргоо объекти жайгашкан жердеги адамдардын саны жөнүндө маалыматты (анын ичинде түнкүсүн, дем алыш жана майрам күндөрүндө) күн сайын берүүнү.
14. Уюмдун жетекчиси тышкы өрт шатыларынын жана имараттар менен курулмалардын чатырларындагы тосмолордун оң абалда болушун камсыз кылат, техникалык документтерге же мындай буюмдардын паспортуна ылайык өрт шатыларын жана чатырдагы тосмолорду эксплуатациялык сыноодон өткөрүүнү 5 жылда 1 жолудан кем эмес уюштуруп, мындай сыноолордун тийиштүү протоколун түзөт, ошондой эле адамдарды бийиктен куткаруу каражаттарынын абалын мезгил-мезгили менен күбөлөндүрүүдөн өткөрөт.
§ 2. Коргоо объекттеринин аймагынын өрт коопсуздугу
15. Ишканалардын, уюмдардын, турак үйлөрдүн жана башка объекттердин аймагы, ошондой эле алардын айланасындагы аймак дайыма таза кармалууга жана системалуу түрдө өндүрүш калдыктарынан, күйө турган таштандылардан, түшкөн жалбырактардан жана кургак чөп-чардан тазаланууга тийиш. Утилизациялоого болбой турган өндүрүш калдыктары менен таңгактоочу материалдар системалуу түрдө атайын бөлүнгөн жерге чыгарылып жана өз учурунда ташылып кетүүгө тийиш.
16. Бардык имараттарга жана курулмаларга, өрт өчүрүү суу булактарына эркин кирип-чыгуу камсыз кылынууга тийиш. Жол катмарынын абалы атайын өрткө каршы автотранспорт каражаттарынын өтүшүнө тоскоолдук кылбоого тийиш.
Имараттарга, курулмаларга жана өрт өчүрүү суу булактарына, ошондой эле өрт өчүрүүчү шаймандарга жана жабдууларга, өрт тууралуу кабар берүүчү каражаттарга, стационардык өрт шатыларына бара турган өтмөктөр жана баруучу жолдор (жылдын бардык мезгилинде) дайыма ачык болууга жана түнкүсүн жарык берилүүгө тийиш. Өрт өчүрүү техникасы үчүн өтмөктөргө шлагбаумдарды, бордюрларды коюуга, атайын автотранспорт каражаттарынын өтүшүнө тоскоол болбон же жолду тарыткан металл тосмолорун орнотууга тыюу салынат.
Өрт автотехникалары үчүн өтмөктөргө талаптары архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылары жана эрежелери менен аныкталат.
17. Имараттардын, курулмалардын жана курулуштардын ортосундагы өрткө каршы аралыкты, өрттөн куткаруу техникасын орнотуу үчүн арналган бурулуп өтүүчү жана атайын аянттарды материалдарды, жабдууларды жана ар кандай идиштерди жыйноо, транспорт токтотуу, имарат жана курулмаларды (орнотмолорду) куруу, от жагуу, таштандыларды жана идиштерди өрттөө үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
18. Жолдорду же өтмөктөрдү жабуу менен байланышкан оңдоо иштерин жүргүзүүдө оңдоо (курулуш) иштерин жүргүзгөн уюмдун жетекчиси өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмүнө мындай иштерди жүргүзүү мөөнөтү жөнүндө тийиштүү маалымат берет жана айланып өтүүчү жолдун багытын көрсөткөн белгилерди орнотууну камсыз кылат же оңдолуп жаткан жолдор аркылуу өтмөктөрдү жасайт.
19. Объекттин ичиндеги темир жол аркылуу өтмөктөр өрт өчүрүүчү автомобилдердин өтүшү үчүн бош болууга жана рельстердин үстүнкү кырынын деңгээлинде туташ төшөлмөлөр салынууга тийиш.
Өтмөктөрдүн саны экиден кем болбоого тийиш. Өтмөктөргө локомотивдерсиз вагондорду токтотууга тыюу салынат.
20. Коргоо объектинин жарылууга кооптуу аралашмалардын топтолуп калышы мүмкүн болгон участокторунда транспорт каражаттарынын өтүшүнө тыюу салынат, бул тууралуу тийиштүү белгилер жана жазуулар жайгаштырылышы керек.
21. Коргоо объектинин жарылуу жана өрт чыгуу коркунучу болгон аймагында (эгерде бул өндүрүштөгү технологиялык процесске байланышпаса), ошондой эле күйүүчү материалдар сакталган жана кайра иштетилген жерлерде ачык от жагууга тыюу салынат.
22. Имараттардын, курулмалардын жертөлө жана цоколь кабаттарынын терезе оюгунун жарык кирүүчү чуңкурчалары таштандыдан жана бөтөн буюмдардан таза болууга тийиш.
23. Лак, сыр материалдары салынган идиштер имараттардан жана жайлардан 20 метрден кем эмес аралыкта жайгашкан атайын аянтчаларда сакталууга жана бекем жабылууга тийиш.
24. Отунду имараттардан, өрт өчүрүүчү гидранттардан жана көлмөлөрдөн 5 метрден кем эмес алыстыктагы атайын бөлүнгөн жерге короодо убактылуу сактоого уруксат берилет.
25. Коргоо объектинин аймагында урналар, суусу бар идиштер менен жабдылган, тиешелүү жазуулар жана белгилер коюлган атайын бөлүнгөн жерде гана тамеки чегүүгө уруксат берилет.
Тамеки чегүүгө тыюу салынган аймакта көрүнүктүү жерлерге тыюу салган жазуулар же белгилер жайгаштырылат.
26. Токойлуу жерде жайгашкан калктуу конуштардын айланасында токой жана торф өрттөнгөн учурда оттун имараттарга жана курулмаларга өтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган иш-чаралар (өрткө каршы коргоочу тилкелер, жалбырактуу өсүмдүк отургузуу, жайкысын кургак чөп-чарды тазалоо) аткарылышы керек.
27. Ар түрдүү багыттагы объекттерден жана курулмалардан токой массивдерине (токойлуу парктарга), торф өндүрүлгөн же ачык жаткан жерлерге чейинки өрткө каршы аралыктардын аймактарын ар түрдүү курулмаларды жана көмөкчү курулуштарды куруу, ошондой эле күйүүчү материалдарды, таштандыны, жыгачтын калдыктарын, курулуш жана башка күйө турган материалдарды топтоо үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
28. Айыл-кыштактардын жана шаардын калктуу конуштарынын аймагында, ошондой эле токой массивдерине 100 метрден жакын аралыкта бийиктикке көтөрүү принциби ачык оттун жардамы менен конструкциянын ичинде абаны ысытууга негизделген күйүүчү материалдардан жасалган башкарылбас буюмдарды учурууга тыюу салынат.
§ 3. Коргоо объекттеринин имараттарынын жана жайларынын өрт коопсуздугу
29. Коргоо объекттеринде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) чатырларда, жертөлө жана цоколь кабаттарда тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды, дары, жарылуучу заттарды, пиротехникалык буюмдарды, күйүүчү газ толтурулган баллондорду, аэрозоль кутучадагы товарларды, целлулоид жана башка өрт чыгуучу жана жарылуучу заттар менен материалдарды сактоого жана колдонууга, чатыр жайларында торф, таарынды жана башка күйүүчү материалдарды жылуулатуу катары пайдаланууга;
2) көлөмдүк-пландоо чечимдерин өзгөртүүгө жана өрт өчүргүчтөрдү, өрт өчүрүүчү крандарды жана өрт коопсуздугун камсыз кылуучу башка системаларды колдонууну чектөөчү же өрткө каршы коргонуунун автоматтык системаларынын (автоматтык өрт сигнализациясы, өрт өчүрүүчү стационардык автоматтык орнотмолор, түтүн басуучу системалар, кабарлоо жана эвакуацияны башкаруу системалары) колдонуу зонасын азайтуучу инженердик коммуникацияларды жана жабдууларды жайгаштырууга, өрттү автоматтык кабарлоочуларды сырдоого же үстүнөн туш кагаз чаптоого;
3) бензинди, керосинди жана башка тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды колдонуу менен жайларды тазалоого жана кийим жууга, ошондой эле тоңуп калган түтүктөрдү каңдоочу лампалар жана ачык отту колдонуу менен башка ыкмалар менен жылытууга;
4) изоляциясы бузулганы көрүнүп турган электр зымдарын жана кабелдерди пайдаланууга;
5) бузук розеткаларды, рубилниктерди жана башка электр орнотмолорун пайдаланууга;
6) электр лампаларын жана жарык бергичтерди кагаз, кездеме жана башка күйүүчү материалдар менен ороого, ошондой эле жарык бергичтин конструкциясында каралган калпакчалары (жарык чачыраткычтары) жок жарык бергичтерди колдонууга;
7) ысыктан коргой турган түзүлүшү жок, ошондой эле конструкцияда каралган ысыкты жөнгө салгычтары жок же бузулуп калган электр үтүктөрүн, электр плиткаларын, электр чайнектерин жана башка электр менен жылыган приборлорду пайдаланууга;
8) стандарттуу эмес (колго жасалган) электр жылыткыч приборлорду колдонууга;
9) даярдаган заводдун инструкциясына ылайык сутка бою иштей турган электр приборлорунан башка электр менен жылый турган приборлорду, ошондой эле тиричилик электр приборлорун, анын ичинде күтүү режиминде турган приборлорду сайылган бойдон кароосуз калтырууга;
10) электр такта жайына күйүүчү (анын ичинде тез тутанган) заттар менен материалдарды жайгаштырууга;
11) ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде келтирилген химиялык заттар менен материалдарды сактоо боюнча талаптарды бузууга;
12) авариялык, курулуш-монтаж жана реставрация иштерин жүргүзгөн учурда электр узарткычтарды, өзүнүн мүнөздөмөлөрү боюнча электр приборлорун саюу үчүн жасалбаган узарткычтарды, тор чыпкаларын убактылуу электр зымдарын пайдаланууга.
Заттар менен материалдардын өрт чыгуу, жарылуу жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
30. Бардык коргоо объекттери «Фотолюминесценттик эвакуация системалары» мамлекеттер аралык стандартына (МАМСТ 34428-2018) ылайык өрт жана өзгөчө кырдаалдар учурунда адамдарды жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо үчүн ар бир кабат боюнча пландар жайгаштырылууга тийиш.
Эвакуация пландарында негизги жана авариялык чыгуулар, ошондой эле өрт өчүрүүнүн жана байланыштын баштапкы каражаттары жайгашкан жерлер белгиленип коюлат.
31. Эвакуациялык чыгуулардын каалгаларынын бекиткичтери ичинен ачкычсыз оңой ачуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Коргоо объектинде өрт чыккан уюмдун жетекчиси өрттү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү максатында өрт өчүрүүчү кызматкерлердин жабык жайларга киришин камсыз кылып берет.
32. Эвакуациялык жолдорду, эвакуациялык жана авариялык чыгууларды колдонууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) эвакуация жолдоруна босоголорду (эшиктердин босоголорун кошпогондо), анык эшиктерге окшошкон жалган эшиктерди коюуга, жылдырма жана көтөрүлүп-түшмө эшиктерди жана дарбазаларды, айланма эшиктерди жана турникеттерди, ошондой эле элди эркин эвакуациялоого тоскоол болгон башка түзүлүштөрдү орнотууга, тепкич аянттарында күзгүлөрдү жана кондиционерлердин тышкы блокторун орнотууга;
2) эвакуациялык жолдорду жана чыгууларды (анын ичинде өтмөктөрдү, коридорлорду, тамбурларды, галереяларды, лифт аянтчаларын, тепкич аянтчаларын, тепкич менен баскан жолдорду, эшиктерди, эвакуациялык люктарды) ар түрдүү материалдар, буюмдар, жабдуулар, өндүрүштүк калдыктар, таштандылар жана башка буюмдар менен тосууга, эвакуациялык чыгуулардын эшиктерин бөгөттөөгө, ошондой эле эвакуациялык чыгуулардын эшиктерин кулпулоого жана мык кагып бекитүүгө;
3) чыга бериштеги тамбурларга (батир жана жеке турак үйлөрдү кошпогондо) кир жайгычтарды жана кийим илгичтерди, гардеробдорду жасап алууга, ошондой эле шаймандар менен материалдарды сактоого (анын ичинде убактылуу);
4) тепкичтер аянттарында, коридорлордо, холлдордо жана тамбурларда өзү жабылуучу эшиктерди атайлап ачык калтырууга, ошондой эле эвакуация жолундагы өрттүн коркунучтуу факторлорунун жайылышына тоскоол болгон эшиктерди чыгарып салууга;
5) эшиктердин жана фрамугдардын армирленген айнектерин жөнөкөй айнектерге алмаштырууга;
6) лифт холлдоруна кампа, күркө, ларек жана башка ушул сыяктуу нерселерди жайгаштырууга;
7) балкондор менен лоджиялардагы эшиктерди, люктарды, чектеш секцияга өтмөктөрдү жана тышкы эвакуациялык тепкичке чыга беришти эмерек, жабдуулар жана башка буюмдар менен тосуп салууга, балкондордун ортосундагы тепкичтерди алып салууга, батирлердин балкондору менен лоджияларындагы люктарды ширетип салууга;
8) түтүн кирбей турган тепкич аянттарына баруучу балкондорго, лоджияларга жана галереяларга айнек салууга;
9) тепкич аянттарына жана кабаттардын коридорлоруна кампа жана башка көмөкчү жайларды жайгыштырууга, ошондой эле тепкичтердин астына жана тепкич аянтчаларына буюмдарды, эмеректи ж.б. күйүүчү материалдарды сактоого, өнөр жайлык газ түтүктөрүн жана буу түтүктөрүн, тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар менен түтүктөрдү, электр зымдарын жана кабелдерди (коридорлорду жана тепкич аянттарын жарыктандыруу үчүн электр зымдарын кошпогондо) өткөрүүгө;
10) куткаруучу орнотмолор бекитилген жерлердеги өтмөктөрдү тосууга жана жаап салууга.
33. Эгерде функциялык багыты менен шартталса же эксплуатациялоо боюнча нускаманын талаптарында каралса, жумуш убактысы бүткөндөн кийин өрткө каршы коргонуу системасын, кезметтик жарыкты, ошондой эле башка электр орнотмолорунан жана электротехникалык приборлордон тышкары кезметчи отурбаган жайларда электр орнотмолорун жана тиричилик электр приборлорун токко сайылган бойдон калтырууга тыюу салынат.
34. Коридорлордо, тепкич аянттарында, эвакуациялык чыгууларга же түздөн-түз сыртка чыга турган эшиктерде өрт учурунда авариялык жарык берүү системасына туташтырылган “ЧЫГУУ” деген эскерткич жазуу коюлууга тийиш.
35. Чатырдагы жыгач конструкциялар өрттөн коргой турган состав менен иштетилүүгө тийиш. Өрттөн коргоочу иштетүүнүн сапаты жыл сайын текшерилип турууга жана зарылдыгына жараша кайрадан иштетилүүгө тийиш.
36. Чатырлардын, техникалык кабаттардын, жертөлө, электр такта жайларынын жана желдеткич камералардын эшиктери кулпуга бекиген абалда турууга тийиш. Кулпунун ачкычы каалаган убакта алууга мүмкүн болгон белгилүү бир жерде (жогорку кабаттагы батир, комендант, күзөт) сакталууга тийиш.
Чатыр жана жертөлө жайларынын, техникалык кабаттардын эшиктеринде ачкычтар сакталган орду туурасында жазуусу болууга тийиш.
Жертөлө жана техникалык кабаттардын кире бериштерине алар планировкаланган схема жайгаштырылууга тийиш.
Чатыр жайларынын секцияларынын ортосундагы эшиктер, ошондой эле өрткө каршы дубалдардын (тосмолордун) эшиктери дайыма жабык болууга тийиш.
37. Дубалды беттөөчү материалдар күйө турган заттардан жасалышына (күйүүчү плёнка материалдарын чаптоо) тыюу салынат, алар ошондой эле жалпы коридорлордун, тепкич аянттарынын, вестибюлдардын, холлдордун жана фойелердин дубалдары менен шыптары күйгөн учурда уулуу заттарды бөлүп чыгара турган күйө турган жасалгалоочу материалдардан болбошу керек, ошондой эле вестибюлдардын, тепкич аянттарында жана лифттердин холлдорунун полдору да күйүүчү материалдардан жасалбоого тийиш.
Эвакуация жолдорундагы (коридорлор, фойелер, вестибюлдар, холлдор, тепкичтер) көрүүчүлөр кирген, көргөзмө, экспозиция, окуу залдары жана эл көп келген башка жайлардын полдорун каптаган материал полго бекем бекитилүүгө тийиш.
Синтетикалык күйүп кетүүчү материалдардан жасалган килемдерди жана жол килемчелерин колдонууга тыюу салынат.
38. Өрт учурунда адамдарды эвакуациялоо үчүн көтөргүчтөрдү жана лифттерди пайдаланууга тыюу салынат.
“Өрт өчүрүүчүлөрдү ташуу” деген режимде иштей турган лифттерди уюмдардын пайдалануусунун тартиби уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилүүчү инструкция менен жөнгө салынат. Мындай инструкциялар түздөн-түз лифттин кабинасын башкара турган органдарда илинип коюлууга тийиш.
Уюмдун жетекчиси калктын жардамга муктаж топтору жана башка жарандары үчүн коопсуз зона катары пайдалануучу лифттердин холлдоруна түтүн кирбешин камсыз кылат, бул ишке өрткө каршы тосмолорду жана алардын оюктарын жаап койгон жерлерди, өрт посту жайгашкан жекече коргоо жана байланыштын тийиштүү каражаттарын, ошондой эле мындай зонага багыт көрсөткөн өрт коопсуздугунун белгилерин оң абалда сактоо жолу менен жетишилет.
39. Эл массалык түрдө чогулган коргоо объекттеринде, мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жашаган үйлөрдө, стационары бар дарылоо жана ден соолукту чыңдоо мекемелеринде терезелерге металл торчолорду орнотууга тыюу салынат.
40. Өрткө каршы дубалдардын жана тосмолордун оюктары жалын жана өрттөн чыккан заттардын жайылышына каршы коргоочу түзүлүштөр (өрткө каршы каалгалар, суу тосмолору, жабылмалар, шиберлер, түтүнгө каршы орнотмолор) менен жабдылууга тийиш, алар дайыма ишке жарактуу абалда болууга тийиш.
Ар түрдүү коммуникациялар өрткө каршы тосмолор аркылуу өткөрүлгөн учурда алардын жана тосмолордун конструкцияларынын (бүткүл калыңдыгына) ортосундагы боштуктар күйбөй турган материал менен жылчыксыз бекитилүүгө тийиш.
41. Тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар менен газдар колдонулган цехтерде жана лабораторияларда борборлоштуруп ташуу жана аларды жумуш орундарына таратуу каралуусу зарыл. Башка бардык учурларда тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды ташуу үчүн атайын конструкциядагы коопсуз идишти колдонуу зарыл.
Цехтердеги сактоочу жайлар үчүн бир жолку сактоодогу тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктардын максималдуу жол берилүүчү саны ченемдик түрдө аныкталууга тийиш. Жумуш орундарында сменалык керектөөдөн ашпаган сандагы материалдар (колдонууга даяр түрүндөгү) сакталат. Анда идиштер бекем жабылууга тийиш.
42. Өндүрүш жайлары жана алардын жабдуулары мезгил-мезгили менен чаңдан жана башка күйүүчү калдыктардан тазаланып турууга тийиш. Калдык нерселер чаң түрүндө көп чыга турган жерде алардын өрт коопсуздугунун көрсөткүчтөрү аныкталууга тийиш.
43. Иштеген кызматкерлердин атайын кийими өзүнчө жайда сакталат. Ар бир бөлүмчө үчүн (өндүрүштүк операция) коргоо объектисинин администрациясы тарабынан май болгон кийимди таза кийимге алмаштыруу тартиби орнотулууга тийиш. Атайын кийимдин чөнтөктөрүндө май чүпүрөктөрдү жана аарчыгычтарды калтырууга тыюу салынат.
44. Бут кийимди имараттын ичинде кургатууга, ошондой эле кандайдыр бир күйүп кетүүчү материалдарды түтүк өткөргүчтөрдүн, жылытуу аппараттарынын жана приборлорунун үстүнө жаюуга тыюу салынат. Кийимдерди, бут кийимдерди кургатуу үчүн атайын жайды кароо зарыл.
45. Материалдар тутанып, жарылышы ыктымал аралашма жарылып кетиши мүмкүн болгон жайдын ичиндеги түтүк өткөргүчтөрдүн үстүнкү ысыган бетин күйбөй турган материалдар менен изоляциялоо зарыл.
46. Жарылуу коркунучу болгон жайларда жана орнотмолордо темир мык кагылган же такаланган бут кийимдер менен иштөөгө тыюу салынат.
47. Аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмалардын пайда болушунун мүмкүнчүлүгү бар жайларда жумуштарды аткаруу учурунда урганда учкун чыгарбаган металлдан жасалган шайманды колдонуу зарыл, ал эми кесүүчү болот шайманын консистенттик майлар менен калың шыбоо керек.
48. Тетиктерди жууп жана майын кетирүүчү операцияларда өрт чыгарбай турган техникалык жуучу каражаттарды колдонуу зарыл.
49. Тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар жана күйүүчү газдар сатылган, чыгарылган, кайра иштетилген жана сакталган объекттерде, жардыргыч заттардын бардык түрлөрү чыгарылган объекттерде, өрт, жарылуу коркунучу жана өрт чыгуу коркунучу бар участоктордо тамеки чегүүгө тыюу салынат.
Уюмдун жетекчиси көрсөтүлгөн аймактарда “Тамеки чегүүгө жана ачык от жагууга тыюу салынат” деген өрт коопсуздугунун белгилерин жайгаштырууну камсыз кылат.
Тамеки чегүүгө атайын бөлүнгөн жерлерге “Тамеки чегүүчү жер” деген белги илинет.
§ 4. Коргоо объекттерин жылытуудагы өрт коопсуздугу
50. Жылытуу сезону башталар алдында мештерди, буу казандарын, жылуулук генераторлорун, калорифердик орнотмолорду жана очокторду, ошондой эле башка от жагуучу приборлор менен системаларды текшерүү жана оңдоо керек.
Күйүүчү конструкциялардан өрткө каршы бөлүп турган (алыстатылган) жасалгасыз, өлчөмү 0,5x0,7 метрден кем болбогон күйбөй турган материалдан жасалган от жагуучу жерге төшөлө турган темирсиз (жыгач же күйүүчү материалдардан жасалган полдо), ошондой эле бөлүп турган жери (алыстатылган) жана от жагыла турган төшөлгөсү күйүп же бузулуп калган учурда мешти жана от жагуучу приборлорду эксплуатациялоого тыюу салынат.
51. Жылытуу сезону башталар алдында, ошондой эле жылытуу сезонунун ичинде морлорду жана мештерди (жылытуу приборлорун) ыштан тазалоо зарыл.
52. Буу казандарын жана башка жылуулук берүүчү орнотмолорду эксплуатациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө нускама менен таанышпаган адамдарга иштөөгө уруксат берүүгө;
2) мунай продуктуларын жана жабдууларды колдонуунун техникалык шарттарында каралбаган башка тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды отун катары пайдаланууга;
3) жылуулук бере турган системадан суюк отун тамчылаган (газ чыккан) жылуулук берүүчү орнотмону, ошондой эле от жагылган жердеги жана ичинде отуну бар сыйымдуулуктагы чоргодон суюк отун чыккан учурда мындай жылуулук берүүчү орнотмолорду пайдаланууга;
4) форсункалары же газ күйө турган жерлери бузулганда отунду берүүгө;
5) алдын ала үйлөтпөстөн орнотмолорго от жагууга;
6) өндүрүүчү ишкана тарабынан каралган контролдоочу жана жөнгө салуучу приборлор бузулган же өчүрүлгөн учурда аларды иштетүүгө;
7) кандайдыр бир күйүүчү материалдарды буу казандарында жана буу түтүктөрүндө кургатууга;
8) түтүн чыгуучу мордогу ыш тазаланбаган катуу отун жагылуучу буу казан орнотмолорун эксплуатациялоого.
53. Меш аркылуу от жагып жылытууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) от күйүп жаткан мешти кароосуз калтырууга, ошондой эле көзөмөлдөөнү балдарга тапшырууга;
2) отунду, башка күйүүчү заттарды жана материалдарды төшөлгөн темирдин бетине калтырууга;
3) көмүрдү, коксту жана газды отундун бул түрлөрүнө ылайыкталбаган мешке жагууга;
4) желдеткич жана газ каналдарын мор катары пайдаланууга;
5) мешти ашыкча ысытууга.
54. Имараттарда жана курулмаларда (турак үйлөрдү кошпогондо) мешке от жагуу иш бүтөрүнө 2 саат калгандан кечиктирбестен, ал эми адамдар сутка бою боло турган ооруканаларда жана башка коргоо объекттеринде оорулуулар уктаарына 2 саат калганда токтотулууга тийиш.
Мештен чыккан күл менен шлак суу куюп өчүрүлүп, атайын бөлүнгөн жерге төгүлүүгө тийиш.
55. Товарлар, текчелер, витриналар, прилавкалар, шкафтар жана башка жабдуулар мештен 0,7 метрден жакын эмес жерге, ал эми мештин оозунан – 1,25 метрден кем эмес жерге жайгаштырылат.
Металл мештерди эксплуатациялоодо жабдуулар мештен 2 метрден кем эмес аралыкка жайгаштырылууга тийиш.
56. Уюмдун жетекчиси түтүн чыккан морлордун жана дубалдын түтүн өткөн каналдарын акилейт.
57. Жылуулук генерациялоочу аппараттарды колдонууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жылуулук өткөргүчтөрдөн жылчык чыккан аппаратта жана анын ачып-жаап турган клапаны бузук болгондо, форсунканын корпусунун жылуулук генерациялоочу аппарат менен кошулган жерлери тыгыз туташпаган, морлору, электр кыймылдаткычтары жана коргоо аппараттары бузук болгондо, ошондой эле электр кыймылдаткычынын ысыктан коргоочусу болбогондо жана башка бузуктарда иштөөгө;
2) отун куюлган бактары ачык аппаратта иштөөгө;
3) жөнгө салынбаган форсунка менен (отунду берүүсү бузулган) иштөөгө;
4) аппараттын жана отун куюлган бактардын жанына күйгүчтүгү Г3-Г4 тобундагы материалдан тосмо коюуга, алардын классификациясы архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылары жана эрежелери менен аныкталат;
5) отун өткөргүчтөрдү ачык жалын менен жылытууга;
6) жумушчу аралашманы карай турган тешикче аркылуу тамызууга;
7) жылуулук генерациялоочу аппарат иштеп жатканда шамдардын электроддорунун ортосундагы жылчыкты жөнгө салууга;
8) аба тарткан коллекторлордун коргоочу торчосу болбогондо жана бузулганда жылуулук генерациялоочу аппаратты иштетүүгө;
9) жылуулук генерациялоочу аппарат иштеп жатканда кароосуз калтырууга;
10) жылуулук генерациялоочу аппараттарды эксплуатациялоо шартын бузууга, аларды бул максат үчүн ыңгайлашпаган жайга (жерге) жайгаштырууга.
58. Желдеткичи иштебеген учурда жылытуучу элементтерге электр кубатын берүүнү токтоткон сигнализациясы жана блокировкасы, электр жана жылуулук коргоосунда каралган чыгып турган абанын температурасын контролдоо жана жөнгө салуу автоматикасы иштеген абалда электр калориферлерди колдонууга жол берилүүгө тийиш.
59. Калориферлерди эксплуатациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) сигнализацияны же блокировканы өчүрүүгө;
2) электр калориферинин корпусу менен вентилятордун ортосундагы ийкемдүү кыпчыма үчүн күйүүчү материалдарды колдонууга;
3) электр калориферинен чыккан абаны аны өндүргөн завод жол бергендегиден ашкан температурага жогорулатууга;
4) желдеткич бузулган абалда электр калориферин иштетүүгө (блокировка орнотмону иштетер алдында дайыма текшерилет);
5) кийим-кечекти же башка күйүүчү материалдарды электр калориферинде же ага жакын жерде кургатууга.
§ 5. Коргоо объекттерин желдетүү системаларынын
өрт коопсуздугу
60. Аба түтүктөрүндөгү отту кармоочу түзүлүштөр (заслонкалар, шиберлер, клапандар), өрт сигнализациясынын же өрт өчүрүүчү автоматтык орнотмолору бар желдеткич системаларын блокировкалоочу түзүлүштөр, өрт чыкканда желдеткичти өчүрө турган автоматтык түзүлүштөр техникалык документтерде белгиленген мөөнөттө текшерилип турууга жана оң абалында болууга тийиш.
Тээктерди кыймылга келтирүүчү сезгич элементтер (жеңил эриген кулпулар, жеңил күйө турган кыстырмалар, термосезгич элементтер) ысык чаңдан топтолгон ыштан өз учурунда тазаланып турууга тийиш.
61. Желдеткич камераларга кандайдыр бир жабдууларды жана материалдарды сактоого тыюу салынат. Желдеткич камералар дайыма кулпуланууга тийиш. Желдеткич камераларга бөтөн адамдардын кирүүсүнө тыюу салынат.
62. Гидрочыпкалар, чаң соргон, чаң кармаган жана желдеткич системасынын башка түзүлүштөрү бузулганда жарылуу, өрт чыгуу коркунучу бар жайларда технологиялык жабдууларды иштетүүгө тыюу салынат.
63. Желдеткич түзүлүштөр ысык жана жарылуу коркунучу бар заттарды өткөргөн өндүрүштүк жайларда бардык металл аба өткөргүчтөр, түтүк өткөргүчтөр, чыпкалар жана абаны соргон башка жабдуулары жерлетилүүгө тийиш.
64. Желдеткич камералар, циклондор, чыпкалар, аба өткөргүчтөр ысык чаңдан жана өндүрүш калдыктарынан тазаланууга тийиш. Желдеткич жабдууларды текшерүү, профилактикалык кароо жана тазалоо ишкананын же цехтин жетекчиси бекиткен график боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Кароонун натыйжасы милдеттүү түрдө атайын журналга түшүрүлөт.
65. Жарылуу коркунучу бар же ысык чаң өткөн аба соргучтарда мезгил-мезгили менен тазалап туруу үчүн түзүлүш (люктар, чыгарыла турган бирикмелер) болууга тийиш.
66. Жарылуу, өрт чыгуу коркунучу бар жайларда орнотулган желдеткич түзүлүштөрүнүн өрт чыккан же авария болгон учурда ар бир жай үчүн атайын шартталган талаптарга ылайык аралыктан иштетүү же өчүрүү түзүлүштөрү болууга жана алар оң абалда кармалууга тийиш.
67. Аба өткөргүчтөрдүн оттон коргоочу сапатын квартал сайын бир жолудан кем эмес текшерип туруу жана оттон коргоочу каптоосу бузулган учурда аны калыбына келтирүү боюнча чара көрүү зарыл.
68. Желдеткич системаларын эксплуатациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) отту кармай турган түзүлүштөрдү өчүрүүгө же чечип салууга;
2) желдеткич каналдарын мор катары пайдаланууга;
3) желдеткич каналдарына газ менен иштей турган жылытуучу приборлорду кошууга;
4) аба өткөргүчтөргө, зонтторго топтолгон май жана башка күйүүчү катмарларды күйгүзүүгө.
69. Өрттүн түздөн-түз же кыйыр себепчиси болгон бузуктар байкалганда (желдеткичтин ашыкча иштеши, жумушчу дөңгөлөктөрдүн калакчаларынын кожухка урунуусу, подшипниктин ысып кетиши) желдеткичти дароо токтотуп жана аны бузугу толук оңдолгонго чейин иштетпөө керек.
§ 6. Коргоо объекттеринин электр орнотмолорунун өрт коопсуздугу
70. Бардык электр орнотмолор токтун кыска туташуусунан жана башка авариялык режимдерден коргой турган аппараттар менен жабдылууга тийиш.
Сактагычтардын эриме кыпчымалары калибрленүүгө тийиш, мында кыпчыманын номиналдык тогу эн тамгасында көрсөтүлөт.
71. Өрт жагынан коркунуч келтирген өтмө каршылык көрсөтүүгө жол бербөө максатында зымдар менен кабелдердин кылчаларын бириктирүү, учун бекитүү жана тарамдоо кыстыруунун, ширетүүнүн, каңдоонун же атайын кыскычтардын жардамы менен жүрөт.
72. Убактылуу электр тармагын түзүүгө жана эксплуатациялоого тыюу салынат. Убактылуу иллюминациялык орнотмолорго, ошондой эле курулуш жана убактылуу оңдоо-куроо иштери жүргүзүлүп жаткан жерге ток берген электр зымдарына эрежеден четтөө катары уруксат берилет. Убактылуу электр тармагынын чыңалуусу 36 вольттон, ал эми өзгөчө кооптуу жерлерде (өзгөчө ным участоктор, кудуктар, металл резервуарлар, буу казандар) 12 вольттон ашпоого тийиш.
73. Курулуш аянтындагы убактылуу электр өткөргүчү изоляцияланган зымдан жасалууга, троско илинүүгө тийиш жана жумуш ордунан 2,5 метрден кем эмес, адам өтмөктөрүнүн үстүнөн 3 метр жана транспорт өтмөктөрүнүн үстүнөн 6 метр бийиктикте бекем мамыларга орнотулат.
74. Курулуш аянтынын аймагындагы жарык берүүчү прожекторлор өзүнчө мамыларга орнотулат. Аймакка (курулуш аянтчасына) жарык берүү үчүн пайдаланылган прожекторлорду электр менен жабдуу өзүнчө тармак аркылуу ишке ашырылууга тийиш.
Сырткы светодиоддук прожекторлорду полимердик жылуулатуусу бар күйүүчү материалдардан жасалган чатырларда жана имараттарда, энергетика тармагындагы эрежелерге ылайык орнотууга жол берилет.
75. Көчмө жарык бергичтер коргой турган айнек калпакчалар жана торчолор менен жабдылат. Мындай жарык бергичтер жана башка көчмө электр аппаратурасы үчүн мүмкүн болгон механикалык таасирди эске алуу менен бул максатта атайын арналган жез кылчалуу зымдар жана ийкемдүү кабелдер колдонулат.
76. Аба менен өткөн электр берүү линиялары жана тышкы электр зымдары күйүүчү чатырлардын, бастырмалардын, курулуш шатыларынын штабелдеринин, күйүүчү материалдардын ачык кампаларынын үстүнөн өтүшүнө, ошондой эле электр зымдарын жана кабелдерин өрткө каршы дубалдар, кампа, өндүрүштүк жана башка багыттагы жайлар аркылуу өткөрүүгө тыюу салынат.
77. Аба менен өткөн электр берүү линиялары өрт коркунучу бар өндүрүштүк жана кампа имараттарынан, курулуштарынан, орнотмолорунан, бастырмаларынан жана күйүүчү материалдар штабелдеринен бир жарым эседен кем эмес бийиктиктеги мамылар аркылуу өтүүгө тийиш.
78. Өрткө кооптуу материалдар жана күйүүчү товарлар (кагаз, китеп) же күйүүчү таңгакка салынган товарлар сакталган өндүрүштүк, кампа, соода, көмөкчү жайларда, ошондой эле китеп дүкөндөрүнүн текчелеринен электр жарык бергичтери жабык же корголгондой кылып жасалууга тийиш.
79. Жарык берүүчү электр тармагын орнотууда жарык бергичтер күйүүчү конструкциялардан жана материалдардан 0,5 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
80. Электр орнотмолорун жана электр тармактарын эксплуатациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) изоляциясы бузулгандыгы көрүнүп турган электр зымдарын жана кабелдерин пайдаланууга;
2) бузугу бар розеткаларды, рубильниктерди, башка электр орнотмо буюмдарын пайдаланууга;
3) электр лампаларын жана жарык бергичтерди кагаз, кездеме жана башка күйүүчү материалдар менен ороп-чулгоого, ошондой эле жарык бергичтин конструкциясында каралган калпакчалары (нур чачыраткычтары) жок жарык бергичтерди пайдаланууга;
4) ысыктан коргой турган түзүлүшү жок, ошондой эле конструкцияда каралган ысыкты жөнгө салгычтары жок же бузулуп калган электр үтүктөрүн, электр плиткаларын, электр чайнектерин жана башка электр менен жылыган приборлорду пайдаланууга;
5) стандарттуу эмес (колго жасалган) электр жылыткыч приборлорун колдонууга;
6) өндүрүүчү заводдун нускамасына ылайык сутка бою иштей турган электр приборлорун кошпогондо электр менен жылый турган приборлорду, ошондой эле башка тиричилик электр приборлорун, анын ичинде күтүү режиминде турган приборлорду сайылган бойдон кароосуз калтырууга;
7) электр жабдуулары орнотулган тактага (анын жанына), электр кыймылдаткычтарынын жана иштетүүчү аппараттардын жанына күйүүчү (анын ичинде тез тутануучу) заттар менен материалдарды жайгаштырууга;
8) авариялык жана башка курулуш-монтаждоо жана реставрациялоо иштерин жүргүзүүдө убактылуу электр зымдарын, анын ичинде өзүнүн мүнөздөмөлөрү боюнча колдонулган электр приборлорун иштетүү үчүн арналбаган узарткычтарды, тармактык чыпкаларды пайдаланууга.
81. Авариялык жана эвакуациялык жарык бергичтер көз каранды эмес электр энергия булагына кошулууга тийиш.
Имараттардагы жана жайлардагы эвакуациялык жарык бергичтер, анын электр энергия булактары оң абалда болууга тийиш.
82. Электр кыймылдаткычтары дайыма майланып жана ысык чаңдан тазаланып турууга тийиш. Электр кыймылдаткычтарын кандайдыр бир материалдар менен жабууга тыюу салынат.
83. Иштин шарты боюнча ченемдүү учкун чыгарган бөлүктөрү менен электр машиналары күйүүчү заттар жана материалдар жайгаштырылган жерден 1 метр аралыкта жайгаштырылууга же алардан күйбөй турган экран менен тосулуп коюлууга тийиш.
84. Орнотулуучу электр арматурасы (розеткалар, коробкалар) күйбөй турган тыгыздоочулар менен изоляцияланууга тийиш.
85. Жумуш бүткөндөн кийин электр тармактары, электр жабдуулары жана башка электрди керектөөчүлөр, анын ичинде тиричилик жайлары жана мобилдик (инвентардык) имараттар токтон ажыратылууга тийиш, электр энергиясын өчүрүү борборлоштурулууга тийиш.
86. Электр зымдарын жана кабелдерди, анын ичинде убактылууларын (полимер жылуулатуусу бар металл панелдер боюнча болот түтүктөр аркылуу өткөрүлгөндөрдү кошпогондо) өткөрүүгө, ошондой эле электр аппараттарын күйүүчү конструкциялардан 1 метрден жакын жайгаштырууга тыюу салынат. Электр коммуникациялары менен тосмо конструкцияларынын кесилишкен жеринде күйбөй турган материалдар менен тыгыздагычы бар металл гильзалар болууга тийиш.
87. Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталган ар кандай класстагы өрт коркунучу бар зоналардагы кулпулануучу кампа жайлардын ичиндеги электр орнотмолорунда имараттын ичиндеги өчүрүүчү аппараттардын болгондугуна карабастан, күч жана жарык берүүчү тармактардан тышкары өчүрүү үчүн аппараттар коюлууга тийиш. Өчүрүүчү аппараттар күйбөй турган материалдан жасалган тосмо конструкцияны пломбалоо үчүн түзүлүшү менен күйбөй турган материалдан жасаган ящиктин ичине, ал эми ал жок болсо – өзүнчө турган күйбөй турган мамыга орнотулушу керек.
88. Күйүүчү негиз боюнча зымдарды ачык же жабык түрдө өткөрүүдө калыңдыгы 3 миллиметрден кем эмес жалпак асбест (же калыңдыгы 10 миллиметрден кем эмес шыбак) төшөө зарыл, ал зымдан же түтүктөн эки тарабына 10 миллиметрден кем эмес чыгып турууга тийиш.
89. Жарылуу, өрт коркунучу бар имаратка кире бериш жердин үстүнө жайгашкан жарык бергичтин өчүргүчтөрү имараттын тышкы бетине орнотулууга тийиш, ал чачыранды тийбегидей жерге же ченемдүү оюкчанын ичине орнотулат.
90. Жарылуу, өрт коркунучу бар жайларга, ошондой эле лабораториялык жел сормо шкафтардын ичине кадимки штепселдик ажыратылуучу туташтыргычты орнотууга тыюу салынат.
91. Электр зымдарынын салаңдап турушуна, алардын бири-бирине же имараттагы конструктивдүү элементтерге жана башка ар түрдүү нерселерге тийишип туруусуна тыюу салынат.
92. Муздаткычтарга (тиричилик муздаткычтарынан башка), өрт өчүрүүчү, сигнализация жана кезмектик жарык берүүчү автоматтык орнотмолорго ток жеткирүү үчүн кирме-бөлүштүрмө түзүлүштөн тартып электр энергиясын керектөөчүгө чейин өз алдынча электр тармагы каралууга тийиш.
93. Кийим үтүктөө үчүн атайын жай (орун) бөлүнүүгө тийиш. Колдонгондон кийин үтүктөрдү өрт коопсуздугуна жооптуу адамга кол койдуруп сактоого тапшырылышы керек.
94. Чакан жайларды жана майда соода ишканаларын (күркөлөр, павильондор, контейнерлер ж.б.) жылытуу үчүн колдонулуучу май менен ысыган радиаторлордун жана жылуулук берүүчү электр панелдердин өзүнчө электрден коргоосу жана оң иштеген жылуулукту жөнгө салгычтары болууга тийиш.
95. Электр менен жылый турган жана электр тиричилик приборлорун заводдо даярдалган штепселдик туташтыруунун жардамы менен гана токко саюуга уруксат берилет.
§ 7. Коргоо объекттерин
статикалык электр кубулуштарынан коргоо
96. Чагылгандан коргоочу түзүлүштөрдү жылына бир жолудан кем эмес текшерип туруу зарыл. Жерлештирүү түзүлүшүнүн каршылыгын өлчөө 12 жылда бир жолу жүргүзүлөт.
97. Чагылган тоскучтардын жерлештирүүсү башка системалардын жерлештирүүсүнөн бөлүү зарыл. Өндүрүштүк түтүк өткөргүчтүрдү жерлештирүү катары колдонууга тыюу салынат.
98. Статикалык электрден коргоочу системалардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик ишкана боюнча жалпысынан башкы энергетикке, ал эми айрым цехтер (участоктор боюнча) – алардын начальниктерине жүктөлөт, башкы энергетик коргоочу түзүлүштөрдү туура эксплуатациялоо жана аларды лабораториялык текшерүүнү уюштурууга, ушул түзүлүштөрдү эксплуатациялоо боюнча нускама иштеп чыгууга тийиш. Цехтердин начальниктери коргоочу түзүлүштөрдүн абалынын тууралыгын камсыз кылууга, аларды өз учурунда текшерип жана оңдоп турууга милдеттүү.
99. Статикалык электр заряддарынын топтолуу коркунучтары боюнча өндүрүштүк процесстин мүнөздөмөсү жана заттардын электрлешүү ыкчамдыгын төмөндөтүүчү иш-чаралар, ошондой эле заряддардын өтүп кетишин камсыз кылуучу кошумча чаралар ишканалардын өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндөгү нускамаларда көрсөтүлүүгө тийиш.
100. Статикалык электрден коргой турган жерлештирүү түзүлүштөрүн электр жабдуулары үчүн жерлештирүү түзүлүштөрү менен бириктирүүгө уруксат берилет.
101. Жайларда, ошондой эле тышкы орнотмолордо, эстакадаларда жана каналдарда жайгашкан металл жана электр өткөрө турган металл эмес жабдуулар, түтүк өткөргүчтөр, желдеткич кутулар жана оромолор, түтүк өткөргүчтөрдүн жана аппараттардын термоизоляциясы жок дегенде экиден кем эмес точкада жерлештирүү контуруна кошулууга тийиш.
102. Өзүнчө орнотулган аппараттарды жана агрегаттарды өз алдынча жерлештирүү менен жабдуу же аларды жерлештирүүнүн жалпы контуруна кошуу зарыл.
Бир нече жерлештирүү бөлүктөрүн ырааты менен жерлештирүү өткөргүчүнө кошууга тыюу салынат.
§ 8. Коргоо объекттеринин баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттары
103. Функциялык багытына карабастан бардык коргоо объекттери ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык өрт өчүрүүчү каражаттар менен камсыз кылынууга тийиш, алар өрттү баштапкы стадияда токтотуу жана өчүрүү үчүн пайдаланылат.
104. Өндүрүштүк жана кампа имараттарында жана жайларында, ишканалар менен уюмдардын аймагында өрт өчүрүүнүн төмөнкүдөй баштапкы каражаттары коюлган атайын өрт өчүрүү такталары (МАМСТка ылайык жасалган) орнотулууга тийиш: күкүм түрүндөгү жана көмүр кислоталуу өрт өчүргүч, кум салынган ящик, шиш күрөк, жалпак күрөк, асбест же кийиз кездеме, ломдор (жеңил жана оор), багр, балта, чака, суу толтурулган челек – 200 литрлик.
Кышкысын өрт өчүргүчтөр жана суу куюлган челек жылуу жерде сакталууга тийиш.
105. Кум толтурулган ящиктердин көлөмү 0,5 м3 болууга тийиш. Ящиктин конструкциясы кумду сузуп алуу үчүн ыңгайлуу жана жаан-чачын тийбегидей болушу керек.
Жарылуу, өрт коркунучу боюнча Ан, Бн жана Вн категорияларындагы жайлар жана тышкы технологиялык орнотмолор үчүн ар бир 500 м2 корголо турган аянтка 0,5 м3 кум камдалат, ал эми жарылуу, өрт коркунучу боюнча Гн жана Дн категорияларындагы жайлар жана тышкы технологиялык орнотмолор үчүн – корголуучу аянттын ар бир 1000 м2 0,5 м3 кем эмес кум даярдалат.
Өрт коркунучу боюнча тышкы орнотмолордун категориялары архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.
106. Өрттүн очогун жок кылуу үчүн кездеменин туурасы 1,5 метрден жана узуну 2 метрден кем болбошу керек.
Кездемелер суу өтпөй турган жабык кутучага (кап, таңгак) сакталып, өрт чыккан учурда дароо колдонууга мүмкүндүк берет.
107. Жайларда орнотулган өрт такталары мүмкүн болушунча жайдын чыга беришине жакын, көрүнүктүү жана жетүүгө ыңгайлуу жерге жайгаштырылууга тийиш.
Ишканалардын аймагы 0,5 га аянтка бир такта эсебинде өрт өчүрүүчү такталар менен камсыз кылынат.
108. Коргоо объектиндеги өрт өчүргүчтөр толтурулуп, оң абалда жана колдонууга даяр болууга тийиш.
109. Өрт өчүргүчтөрдү жайгаштыруу, тейлөө жана колдонуу тартиби өндүрүүчү заводдун нускамасына, ошондой эле төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:
1) өрт өчүргүчтөр полдон баштап өрт өчүргүчтүн ылдыйкы капталына чейин 1,5 метрден ашпаган бийиктикте жана эшикти ачкан учурда анын четинен 1,2 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш;
2) өрт өчүргүчтөрдү жайгаштыруу үчүн тумбанын же шкафтын конструкциясы жана тышкы жасалгасы анын ичинде сакталып турган өрт өчүргүчтөрдүн тибин көз менен аныктоого боло тургандай жасалышы керек;
3) өрт өчүргүч анын корпусундагы нускамалык жазуу көрүнүп тургандай орнотулушу керек.
110. Өрт өчүргүчтөрдү дайыма даяр жана коопсуз эксплуатациялоо максатында төмөнкү иштер жасалышы зарыл:
1) көбүктүү өрт өчүргүчтөрдү жылына бир жолудан кем эмес кайра толтуруу. Бир эле учурда алар гидравликалык басым менен текшерилет;
2) көмүр кислоталуу өрт өчүргүчтөр таразага тартуу аркылуу 3 айда бир жолу текшерилет. Ичиндеги зат жылжып чыкканы билинсе, аларды кайра толтуруу керек;
3) аэрозолдук өрт өчүргүчтөр жылына бир жолу гидравликалык басым менен текшерилет, ал эми өрт өчүргүчтүн жылжып чыкпаганы үч айда бир жолу таразага тартуу аркылуу контролдонот;
4) күкүм менен иштөөчү өрт өчүргүчтөрдүн күкүмүнүн өрт өчүрүү сапаты жылына бир жолу текшерилет, өрт өчүргүчтүн корпусунун бекемдиги жана материалдын тыгыздыгы гидравликалык басым менен сыналат.
111. Ишканадан кайра толтуруу үчүн жөнөтүлгөн өрт өчүргүчтөр толтурулган өрт өчүргүчтөрдүн тийиштүү сандагысы менен алмаштырылат.
112. Эсептөөчү техника, телефондук станциялар, музейлер, архивдер жайгашкан имараттарды коргоодо өрттү өчүрүүчү заттардын корголуучу жабдуулар, буюмдар жана материалдар менен өз ара таасиринин өзгөчөлүгүн эске алуу зарыл. Көрсөтүлгөн жайлар көмүр кислоталуу өрт өчүргүчтөр менен жабдылышы зарыл.
§ 9. Коргоо объекттеринде өрткө каршы сууну камсыз кылуу
113. Имараттар менен курулмаларда, ошондой эле уюмдардын жана калктуу конуштардын аймактарында өрттү өчүрүү үчүн өрткө каршы суу менен камсыздоо булактары болууга тийиш.
114. Өрткө каршы суу менен камсыздоо булактары катары табигый жана жасалма суу сактагычтар, ошондой эле ички жана тышкы суу менен камсыздоо (анын ичинде ичүүчү, чарбалык-ичүүчү, чарбалык жана өрткө каршы) пайдаланылышы мүмкүн.
115. Оңдоо иштери жүргүзүлгөн же болбосо өрт гидранттары же крандары орнотулган суу түтүк тармагынын участогунда суу өчүрүлгөн, ошондой эле тармактагы басымдын талап кылынгандан азайган учурда, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо зарыл.
116. Ишкананын аймагында же ага жакын жерде табигый суу булактары (дарыялар, көлдөр, көлмөлөр) болгон учурда өрт өчүрүүчү автомобилдер кирип чыгууга жана жылдын бардык мезгилинде суу алууга ыңгайлуу жолдор жана пирстер жасалууга тийиш.
117. Өрт өчүрүүчү резервуарлар, көлмөлөр, гидранттары жана сордургуч түзүлүштөрү бар суу түтүк тармагынын оң абалын жана өрт чыккан учурда пайдаланууга дайыма даяр болушун камсыз кылган туруктуу негизде техникалык кароо жүргүзүлүп турушу керек.
118. Өрткө каршы суу булактары жайгашкан жерлерде “ПГ” (өрт гидранты) же “ПВ” (өрт суу сактагычы) тамга индекстери түшүрүлгөн жарык берилген же флуоресценттик көрсөткүчтөр орнотулуп, көрсөткүчтөн тартып суу булактарына чейинки аралык сан менен жазылууга тийиш.
119. Өрт өчүрүүчү резервуарлардагы суунун запасын (аны өрт өчүрүү үчүн же машыгууларда пайдалануу учурунда) дароо толтуруп туруу зарыл.
Көбүк жасагычтарды жана анын аралашмасын кадимки болот резервуарларда сактоого уруксат берилет, бул максатта атайын каптам менен корголбогон темир бетон резервуарларын колдонууга уруксат берилбейт. Көбүк жасоочу резервуарларды имараттын ичине же талаптагыдай температура болгон шартта анын тышына орнотуу зарыл.
120. Жер астындагы өрт өчүрүүчү гидранттар бар кудуктардын люктарынын капкактары ылайдан, муздан, кардан тазаланып турууга тийиш, ал эми түтүгүн суу каптап калбашы керек. Кышкысын өрт өчүрүүчү гидранттар тоңуп калбашы үчүн жылуулатылышы керек. Жер астындагы өрт өчүрүүчү гидранттар бар кудуктардын люктарынын капкактарында “ПГ” (өрт гидранты) деген шарттуу маркировка болушу керек.
121. Өрт өчүрүүчү гидранттар, колонкалар жана өрт өчүрүү крандары ар бир алты айдан кечиктирбестен техникалык тейлөөдөн өтүп, суу берүү аркылуу ишке жарактуулугу текшерилип турууга тийиш, мында текшерүүнүн натыйжалары атайын журналга катталат же суу каналы ыйгарым укуктуу органы менен өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысы түзүлөт.
122. Суу толтурулган мунаралар жылдын бардык мезгилинде өрт өчүрүүчү техниканын суу алуусу үчүн ыңгайлуу болушу керек.
123. Ички өрткө каршы суу түтүктөрүнүн өрт өчүрүү крандарынын түтүктөрү жана өзөкчөлөрү менен комплекттелиши керек. Өрт түтүктөрү кургак жана жакшы түрүлгөн (оролгон) болушу керек. Өрт түтүктөрү клапанга (бурамага) жана өзөкчөлөргө туташтырылууга тийиш.
Түтүктөрдү 6 айда бир жолудан кем эмес жандырып, кайра изи менен ороп туруу зарыл.
124. Өрт өчүрүү краны жайгашкан шкафтын эшигинде: “ПК” (өрт өчүрүү краны) тамгалар индекси, өрт өчүрүү кранынын катар номери, жакынкы өрт өчүрүүчү бөлүктүн телефон номери жазылышы керек.
§ 10. Коргоо объекттеринин өрт автоматикасы
125. Автоматтык орнотмолор аралыктан жана автоматтык түрдө иштебей калганда жеринен башкарылууга тийиш.
Ар түрдүү функциялык багыттагы коргоо объекттеринде өрт чыккан учурунда кабарлоо жана адамдарды эвакуациялоону башкаруу системаларынын түзүлүшү ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык аткарылышы керек.
126. Өз күчү менен орнотмолорду техникалык жактан тейлей албаган жана тейлөөчү персоналды кармай албаган ишканалар лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензия алган адистештирилген уюмдар менен пландуу техникалык тейлөөгө келишим түзүүгө милдеттүү.
127. Өрткө каршы коргоо системаларынын же алардын элементтеринин өчүп калышына байланыштуу техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди аткаруу мезгилинде уюмдун жетекчиси объекттерди өрттөн коргоо боюнча зарыл чараларды көрөт.
128. Өрт өчүрүүнүн стационардык орнотмолорунун кабыл алуучу-контролдоочу аппаратураны тейлеген кезметтеги персоналга аны кароосуз калтырууга тыюу салынат.
129. Корголуучу жайларда иштеген адамдар үчүн орнотмо иштей баштагандыгы жөнүндө белги берилгенде алардын аракеттери жана эвакуациялоо тартиби жөнүндө нускама иштелип чыгууга жана илинип коюлууга тийиш.
130. Сутка бою кезметте турган диспетчердик пункт жана персоналы бар башка жайлар телефон байланышы менен камсыз кылынууга тийиш.
131. Орнотмону эксплуатациялоо үчүн жооптуу адам төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) техникалык тейлөө жана пландуу-алдын алып оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүү аркылуу орнотмолордун иштөөгө жарактуу абалда кармоону;
2) тейлөөчү жана оперативдик персоналды окутууну, ошондой эле корголуучу жайларда иштеген жумушчуларды жана кызматчыларды нускама менен тааныштырууну;
3) зарыл болгон эксплуатациялык документтерди иштеп чыгууну;
4) бул орнотмолорду тейлөө боюнча уюмдарды орнотмолордун иштебей калган жана иштеп кеткен бардык учурлары жөнүндө кабарлоону.
132. Орнотмону эксплуатациялоого жооптуу адамдын коргоо объектинде төмөнкү техникалык документтери болууга тийиш:
1) долбоордук документтер жана орнотмого аткаруу чиймелери;
2) орнотмону пайдаланууга кабыл алуу жана тапшыруу актысы;
3) жабдууларга жана приборлорго паспорттор;
4) монтаждалган жабдуулардын, тетиктердин, автоматташтыруу приборлорунун жана каражаттарынын ведомосту;
5) газ жана аэрозоль менен өрт өчүрүүчү орнотмолордун баллондорун толтурууга паспорттор;
6) орнотмону эксплуатациялоо боюнча нускама;
7) орнотмону техникалык тейлөөнүн регламенттик жумуштарынын тизмеси;
8) техникалык тейлөөнүн план-графиги;
9) орнотмолорду техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин каттоо журналы;
10) оперативдүү (кезметтеги) персоналдын кезмет графиги;
11) оперативдүү персонал тарабынан кезметти тапшыруу жана кабыл алуу журналы;
12) орнотмонун бузугун каттоо журналы;
13) газ жана аэрозоль менен өрт өчүрүүчү түзүлүштөрүнүн өрттү өчүрүүчү курамы толтурулган баллондорду таразага тартуу журналы;
14) кызматтык нускамалар.
Техникалык документтер ушул пункттун 1, 3, 4-пунктчалары боюнча – монтаждоочу уюм, 5-пунктчасы боюнча – баллондорду толтуруучу уюм, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14-пунктчалары боюнча –ишкананын администрациясы тарабынан иштелип чыгат жана сунушталат.
Мында ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү менен заказчынын милдеттүү түрдө катышуусу менен подрядчы тарабынан таризделет.
133. Тейлөөчү персонал орнотмолордун түзүлүшүн жана иштөө принцибин, ушул эрежелердин, өндүрүүчү заводдордун эксплуатациялоо боюнча нускамалардын талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү.
134. Ток жүргөн бөлүктөрү ачык изоляцияланбаган өндүрүштүк жабдуулар жайгашкан корголуучу жайларда орнотмо иштетилген учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрүүчү түзүлүштөрү болууга тийиш.
135. Чоң өрттү өчүрүүдө стационардык орнотмолорду эксплуатациялоодо төмөнкү орнотмолорду оң абалда кармоо зарыл:
1) өзү жабылган эшик-терезелердин жапкычтарын;
2) кезметтеги персонал турган жайга тийиштүү белги берүүнү камсыз кылуучу автоматтык иштетүүнү өчүрүү үчүн түзүлүштөрүн;
3) үн жана жарык аркылуу өрттү кабарлагычтар.
136. Өрт өчүрүүчү автоматтык түзүлүштөрдү эксплуатациялоодо үн жана жарык аркылуу белги берүүчү приборлор орнотулууга тийиш, алар бул жайларга өрт өчүрүүчү каражат чыгарылгандыгы тууралуу кабарлайт.
137. Ишканаларда өрт белгисин берүүчү кабыл алуу станциялары адамдар (кезметтеги персонал) дайыма сутка бою боло турган жайларга орнотулууга тийиш.
138. Күч жана жарык берүүчү тармактар кесилишкен жерлерде, ошондой эле дубалдар, өтмөктөр ж.б. аркылуу өткөрүүдө өрт сигнализациясынын түзүлүштөрүнүн линиялык бөлүгүнүн трассалары резина же полихлорвинил түтүктөрү менен корголууга тийиш.
139. Кыш же бетон дубалдар аркылуу кабелдер жана зымдар металл же изоляциялык түтүктөрдүн ичи менен өтөт.
2-глава. Адамдардын туруктуу жашоосу жана убактылуу
туруусу үчүн коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун
камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Турак үйлөрдүн, мейманканалардын жана жатаканалардын өрт коопсуздугу
140. Турак үйлөрдүн батирлеринде жана жатаканалардын турак жай бөлмөлөрүндө жарылуу-өрт чыгуу коркунучуна ээ заттар жана материалдар колдонулган жана сакталган ар кандай устаканаларды жана кампа жайларын уюштурууга тыюу салынат.
Заттардын жана материалдардын өрт чыгуу-жарылуу коркунучу жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү архитектура, курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.
141. Газ түтүктөрүнөн, газ баллондорунан жана приборлорунан газдын чыгуусун текшерүү, тоңуп калган өткөргүч түтүктөрдү, инженердик коммуникацияларды жылытуу үчүн ачык отту колдонууга тыюу салынат. Тоңуп калган өткөргүч түтүктөр, жабдуулар, инженердик коммуникацияларды, газ баллондору ысык суу, буу жана ысытылган кум менен жылытылат.
142. Батирлерде, турак жай бөлмөлөрүндө жана мейманканаларда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) балкондордо жана лоджияларда, тепкич торлорунда, цоколдук аянттарда, жер төлөлөрдө, чатырларда тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды, газ баллондорун сактоого;
2) төшөктө тамеки чегүүгө;
3) тамекинин калдыгын балкондон же лоджиядан ыргытууга;
4) бышып жаткан тамакты плитага кароосуз калтырууга;
5) түнкү убакта тепкичтерди жарыктандырууну өчүрүүгө жана имаратта адамдар жүргөн убакта тепкич торлорунун эшигин кулпулап бекитүүгө жана кыйын ачыла турган илгичтерди салууга;
6) көп кабаттуу турак үйлөрдө газ плиталарын орнотуу архитектура, курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
143. Жеке турак үйлөрдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) 200 литрден ашык көлөмдө күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоого;
2) күйүүчү-майлоочу материалдарды сатууга.
144. Уюмдун жетекчиси мейманканага, мотелге, жатаканага жана убактылуу турууга ыңгайлаштырылган башка имараттарга келген жарандарды өрт коопсуздугунун эрежелери менен тааныштырууну (кол койдуруп) камсыз кылат.
Көрсөтүлгөн объекттерде чет өлкөлүк жарандар болгон учурда өрт жөнүндө кабарлоо жана адамдарды эвакуациялоону башкаруу системаларындагы сөз түрүндө билдирүүлөр, ошондой эле өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө эскерткичтер орус жана англис тилдеринде аткарылат.
145. Мейманкана комплекстеринин ресторандарында жана барларында жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүчү жайларда декорация жана башка жасалгалоо үчүн күйүүчү синтетикалык материалдарды колдонууга тыюу салынат.
146. Мейманкананын, мотелдердин, кемпингдердин жана жатаканалардын номерлеринин эшиктеринин ички тарабында планда номерди же бөлмөнү, эвакуациялык чыгуу эшиктерин жана ага баруучу жолдорду, өрт өчүрүүчү жана сигнализация каражаттары жайгашкан жерлерди көрсөтүү менен өрт чыккан учурда адамдарды эвакуациялоонун жеке пландары илинет.
Эвакуациялоонун жеке планы “Фотолюминесценттик эвакуация системалары” мамлекеттер аралык стандартына (МАМСТ 34428-2018) ылайык түзүлөт.
§ 2. Багбанчылык шериктештиктеринин жана дача-курулуш кооперативдеринин өрт коопсуздугу
147. Дача кооперативдеринин жана багбанчылык шериктештиктеринин аймагынын кире беришинде курулуп жаткан жана убактылуу имараттар жана курулмалар, кирүүчү жолдор, подъезддер, өрт өчүрүү өткөөлдөрү, өрт өчүрүүчү суу менен камсыздоо булактары, өрт өчүрүү каражаттары, кабарлоо жана байланыш каражаттары, өрт өчүрүү техникасы жайгашкан жерлер көрсөтүлгөн схемалар илинет.
Схемалар атмосферанын таасирлерине туруктуу материалдардан жасалат.
148. Дача-курулуш кооперативдеринин жана багбанчылык шериктештиктеринин аймагында:
1) өрт чыккан учурда адамдарга кабар берүү үчүн үн сигналдарын берүүчү шаймандарды (сирена, коңгуроо, рельстин бөлүгү, урулмасы менен) орнотуу жана өрт өчүрүү максатында суунун запасын түзүү зарыл;
2) жай мезгилинде ар бир турак жай имаратынын жанына 200 литрден кем эмес суунун суммардык запасы бар челектерди же өрт өчүргүчтү коюу зарыл;
3) күйүүчү таштандыларды чогултууга тыюу салынат. Утилдештирилбей турган калдыктарды жана таштандыларды чогултуу үчүн дача кооперативдеринин жана багбанчылык шериктештиктеринин аймагында атайын жабдылган жерлерге капкагы жабыла турган металл идиштер орнотулат. Идиштер имараттардан жана курулмалардан 25 метрден кем эмес аралыкта бетондолгон же асфальтталган аянтчаларга коюлат.
149. Дача кооперативдери жана багбанчылык шериктештиктери сыйымдуулугу 25 м3 кем эмес өрт өчүрүүчү көлмөлөр менен жабдылат.
150. Өрт өчүрүү максаттары үчүн арналган суу булактарына өрт өчүрүүчү авариялык-куткаруучу автомобилдерди жана мотопомпаларды коюу үчүн аянтчалар (пирстер) жабдылат.
151. Дача кооперативинин, багбанчылык шериктештигинин аймагында ар бир 20 участокко бирден такта эсебинде өрт өчүрүү үчүн такталар орнотулат.
152. Суу толтурулган мунараларда, ошондой эле жай мезгилинде колдонулуучу суу түтүктөрүнүн системаларында (диаметри 100 миллиметр жана андан ашык) ар бир 120 метр жерге өрт чыккан учурда өрт өчүрүүчү техника суу ала турган шаймандар каралат. Бул шаймандар оң абалда болууга тийиш.
153. Дача кооперативинин, багбанчылык шериктештигинин күзөт постунда өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жакын жердеги эки телефонунун номери жана жакын жердеги бөлүмчөсүнүн так дареги көрсөтүлгөн табличка илинет.
154. Дачалар, багбанчылык үйлөрү узак убакытка жабылган учурда электр тармагы өчүрүлөт, газ баллондордун бурамалары (клапандары) бекем жабылат.
155. Турак жай курулуштары чатырга чейин жете турган коймо шатылар менен, ал эми имараттын чатырына анын чокусуна чейин жете турган шатылар орнотулат.
156. Жай мезгилинде туруктуу кургакчыл, аптаптуу болуп жана шамалдуу аба ырайы шартында дача посёлкаларында жана бакча участокторунда от жагууга, өрт чыгуу коркунучу бар иштерди жүргүзүүгө, мешке, ашкана очокторуна жана катуу отун менен иштөөчү от казан орнотмолоруна от жагууга тыюу салынат.
157. Дачалардын жана багбанчылык үйлөрүнүн аймагында тамак бышыруу үчүн көмүр жагылуучу атайын шаймандарды (мангал, барбекю, гриль) колдонууда:
1) мангал (барбекю, гриль) коюлган жерди өрт өчүрүүчү заттын массасы 2 кг кем эмес болгон же 10 литрден кем эмес суу толтурулган идиш бар бир өрт өчүргүч менен жабдуу зарыл;
2) көмүр жагылган атайын шаймандын (мангал, барбекю, гриль жана ошол сыяктуулар) четинен имараттарга жана курулмаларга чейинки минималдуу аралык (планда) 10 метрден кем болбоого тийиш.
158. Көмүр жагылган атайын шайманды (мангал, барбекю, гриль) төмөнкүлөрдө жайгаштырууга тыюу салынат:
1) кургак чөп бар жерге;
2) дарактардын түбүнө;
3) күйүүчү материалдардан жасалган бастырмалардын астына;
4) турак жай имараттарына, ошондой эле балкондорго жана лоджияларга;
5) чарба курулуштарына, гараждарга, чатырларына, түз жабылган чатырлардын үстүнө.
159. Күйүп жаткан көмүрдү кароосуз калтырууга тыюу салынат. Тамак бышкандан кийин күйүп жаткан көмүргө толук өчкөнгө чейин суу куюу керек.
160. Сыйымдуулугу 10 литрден ашкан газ баллондору үйдүн тышкы дубалына металл шкафтын ичинде жайгашууга тийиш. Металл шкафтын корпусу желденип турууга тийиш.
§ 3. Майрамдык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде жана табигый кырсыктарда тигилүүчү боз үйлөрдүн жана чатыр шаарчаларынын өрт коопсуздугу
161. Бардык боз үйлөргө, чатырларга жана башка убактылуу курулмаларга (мындан ары – боз үйлөргө), өрт өчүрүүчү суу булактарына, ошондой эле өрт өчүрүү каражаттарына (өрт өчүргүчтөр, өрт такталары) баруучу жол ачык болууга тийиш.
162. Күйүп кетүүчү декорациялар жана жыгачтан убактылуу жасалган курулмалар өрттөн коргоочу курам менен иштетилүүгө тийиш.
163. Фейерверктер, салюттар өтө турган жерлер пиротехникалык заттардын учкуну күйүп кетүүчү декорацияларга, курулмаларга, боз үйлөргө жетпей турган аралыкта болушу керек.
164. Боз үйлөрдү тигүүдө өрткө каршы ажырымдарды сактоо зарыл: топ боз үйлөрдүн башка имараттардан жана курулмалардан аралыгы 15 метрден кем болбоого тийиш (бир топтогу боз үйлөрдүн саны 10дон ашпайт); бир топтогу өзүнчө тигилген боз үйлөрдүн ортосундагы аралык 5 метрден кем болбошу, боз үйлөрдүн кварталдарынын (квартал – 100дөн ашпаган боз үй) ортосундагы аралык 30 метрден кем болбошу керек.
165. Боз үйлөргө жана убактылуу курулмаларга жарык берүүчү электр тармагы шамдар күйүп кетүүчү конструкциялардан жана күйүүчү материалдардан 0,5 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылгыдай болуп монтаждалышы керек. Электр шамдары жабык же корголгон (айнек плафондор менен) болушу же жарык чачыраткычтары күйбөй турган материалдардан жасалышы керек.
166. Боз үйдөн боз үйгө электр берүү линияларын тартууда электр өткөргүч зымдары жерден 3,5 метрден кем эмес бийиктикте болушу жана салаңдап турбашы керек.
167. Боз үйлөрдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жарык берүү үчүн керосин лампаларын жана тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар куюлган приборлорду колдонууга;
2) тамак даярдоо үчүн суюк же катуу отун жагылуучу мештерди коюуга жана пайдаланууга (катуу отунга тамак даярдоо үчүн мешти боз үйдүн сыртына 3 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырууга уруксат берилет, ошол эле учурда мештин оозу жабылып турушу керек).
168. Чатырлар шаарчалары чагылгандан коргоо, байланыш жана өрт тууралуу кабарлоо каражаттары менен жабдылышы керек.
169. Чатырлар шаарчасынан 200 метрден ашпаган радиуста сыйымдуулугу 100 м3дан кем эмес өрт өчүрүүчү көлмө менен жабдуу же табигый суу булагына бара турган жолду камсыздоо зарыл.
170. Чатырларды жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн аймак токой массиви жагынан жазылыгы 3 метрден кем эмес тилке кургак чөптөн, куураган бутактардан тазаланууга, айдалууга тийиш, тышынан электр жарыгы берилип жана шаарчанын (лагердин) жайгашуусунун орнотулган көрсөткүчтөрү менен баруучу жолдор болушу керек.
171. Чатырлар шаарчасы алгачкы өрт өчүрүү каражаттарынын топтому коюлган өрт өчүрүү үчүн такталар жана 200 литрден кем эмес суу толтурулган идиштер менен камсыздалууга тийиш: чатырлардын ар бир 2 тобуна 1 такта эсебинде.
172. Чатырларда тамеки чегүүгө тыюу салынат, бул максаттар үчүн урналар жана чакан өрттү өчүрүү үчүн каражаттар менен жабдылган атайын бөлүнгөн жайды аныктоо керек.
173. Чатырларда жылытуу приборлорун орнотууга, электр тармактарын киргизүүгө, ачык отту колдонууга тыюу салынат. Чатырларды жарыктандыруу үчүн көтөрүп жүрүүчү электр чырактарын колдонуу зарыл.
174. Иш-чараларды өткөрүү үчүн от жагуучу аянт чатырлардан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылат жана алгачкы өрт өчүрүү каражаттары менен жабдылат.
175. Балдар лагерлеринде чатырларды 40тан ашпаган баланы жайгаштыруу үчүн топ-топ кылып тигүү зарыл, топтордун ортосундагы аралык 15 метрден кем болбоого тийиш. Бир чатырга 10дон ашпаган баланы жайгаштырууга уруксат берилет. Түнкү убакта чатырлардын ар бир тобунда тарбиячы болушу керек.
3-глава. Илимий жана билим берүү уюмдарынын, ошондой эле балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
176. Лабораторияларда сменалык керектөөдөн ашпаган өлчөмдө тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды сактоого уруксат берилет. Суюктуктар жайларга жабык, коопсуз идиштерде жеткирилет.
177. Эгерде сормо шкафта аткарылуучу операцияларга тиешеси жок заттар, материалдар жана жабдуулар болсо, ошондой эле ал бузулса жана желдетүү системасы өчүрүлсө, мындай шкафта иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
178. Тез тутануучу заттар менен иш жүргүзүлүп жаткан сормо шкафтардын жыгач бөлүктөрү оттон коргоочу лак менен сырдалат же күйбөй турган материалдар менен капталат.
179. Жумуш күнү бүткөндөн кийин иштетилген тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар атайын жабык идишке чогултулат жана андан ары утилдештирүү үчүн лабораториядан алынып кетет.
Тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды канализацияга төгүүгө тыюу салынат.
180. Тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар менен иш жүргүзүлгөн идиштер тажрыйба жүргүзүлгөндөн кийин өрткө каршы эритмелер менен жуулат.
181. Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин терезелерине жана балдар түнкүсүн боолуучу имараттарга металл торлорду орнотууга тыюу салынат.
182. Окуу-өндүрүштүк устаканаларды өрткө каршы тосмолору бар жана түздөн-түз сыртка чыгуучу экиден кем эмес эшиги бар жер төлөлөргө жайгаштырууга уруксат берилет.
183. Жалпы билим берүү, мектепке чейинки мекемелерде асма шып жабууларын орнотууга, ошондой эле дубалдарды күйгөн учурда уулуу заттарды бөлүп чыгаруучу материалдар менен каптоого тыюу салынат.
Курулуш материалдарын күйгүчтүгү жана күйүү продукттарынын уулуулугу боюнча классификациялоо архитектура, курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарбачөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
184. Тейлөөчү персоналдын окуу жайларында жашоосуна жана турак жайларды жайгаштырууга имараттын калган бөлүгүнөн өрткө каршы тосмолор, дубалдар же тосуулар менен бөлүнгөн жана сыртка чыгуучу обочолонгон эшиги бар жайларда гана уруксат берилет.
185. Тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды, пиротехникалык заттарды окуу жайларында жана мектепке чейинки имараттарда сактоого тыюу салынат.
186. Окуу жана мектепке чейинки имараттарда кенже курактагы балдарды көп кабаттуу имараттардын биринчи кабаттарында жайгаштыруу зарыл.
187. Класстарга, кабинеттерге, устаканаларга, уктоо бөлмөлөрүнө, ашканаларга жана калган жайларга эмеректерди коюуда адамдарды тоскоолсуз эвакуациялоо жана өрт өчүрүүчү каражаттарга өтүү камсыз кылынат.
188. Балдар мекемелеринде керебеттердин ортосундагы аралык 0,8 метрден кем эмес, борбордук негизги өткөөлдүн кеңдиги 1,2 метрден кем эмес болушу керек. Тумбочкалар, отургучтар жана керебеттер чыгууга жана өтмөктөргө үйүлбөөгө тийиш.
189. Окуу класстарына жана кабинеттерге окуу процессин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон гана эмерек, приборлор, моделдер, буюмдар, окуу куралдары жайгаштырылат, алар шкафтарда, текчелерде же стационардык орнотулган түркүктөрдө сакталат.
190. Үйдүн чатырын таза кармоо жана кулпулап бекитүү керек. Чатырдагы жайдын ачкычы сутканын каалаган убагында алуу үчүн жеткиликтүү болгон белгилүү жерде сакталууга тийиш.
191. Окуу жайларында көрүнүктүү жерге өрткө каршы бурч уюштуруу зарыл. Бурчта мектептин персоналын жана окуучуларды өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө маалымдоочу плакаттар, окуу жайынын өрт өчүрүүчү кошуунунун тизмеси, өрт учурунда кошуундун мүчөлөрүнүн милдеттеринин сыпаттамасы илинүүгө тийиш.
192. Балдар сутка бою болуучу мектептердин имараттарында жана мектепке чейинки балдар мекемелеринде телефон байланышы менен камсыз кылынган жумушчу персоналдын сутка бою кезмети белгиленет.
4-глава. Жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдө көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча минималдуу талаптар
§ 1. Мектепке чейинки билим берүү кызматтары көрсөтүлүүчү жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдүн аймактарына карата
өрт коопсуздугунун талаптары
193. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бул минималдуу талаптар мектепке чейинки билим берүү кызматтары көрсөтүлгөн турак үйлөргө жана жайларга карата колдонулат.
194. Бул талаптардын жоболору жеке турак үйлөрдө, көп батирлүү турак үйлөрдүн биринчи жана экинчи кабаттарында жайгашкан чакан сандагы үй-бүлө топторунун жана мектепке чейинки курактагы балдардын башка топторунун жайларына алардын өрт коопсуздугунун талаптарын жана өрткө каршы жабдуулар менен камсыз кылууну эске алуу менен колдонулат.
195. Мектепке чейинки билим берүү кызматтары көрсөтүлүүчү жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдүн аймагынын абалына карата талаптар өрттөнүү тобокелдигин жана өрттүн терс кесепеттерин азайтууга багытталган.
196. Мектепке чейинки билим берүү кызматтары көрсөтүлүүчү жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдүн аймагы дайыма тазалыкта кармалышы жана калдыктардан, күйүүчү таштандылардан, түшкөн жалбырактардан, кургак чөптөн дайыма тазаланып турууга тийиш.
197. Бардык имараттарга жана курулмаларга, өрткө каршы суу булактарына, ошондой эле өрт өчүрүү инвентарларына эркин жетүү камсыз кылынууга тийиш.
198. От жагууга жана калдыктарды жана таңгактарды өрттөөгө тыюу салынат.
199. Имараттардын жер төлөсүндөгү терезе оюктарындагы жарык кирүүчү чуңкурчалары таштандылардан жана бөтөн предметтерден тазаланып турууга тийиш.
200. Коргоо объектинин аймагында тамеки чегүүгө урналар, суу куюлган идиштери менен жабдылган жана тиешелүү жазуулар жана белгилер менен белгиленген, атайын бөлүнгөн жайларда гана уруксат берилет.
201. Отунду (көмүр, отун) сактоо, ачык отту колдонуу менен тамак даярдоо үчүн бөлүнгөн жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдүн участоктору (курулмалары) обочо болууга, тосмолор менен тосулууга жана балдардын оюн аянтчасынан бөлүнүп турууга тийиш.
§ 2. Мектепке чейинки билим берүү кызматтары көрсөтүлүүчү жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдүн жайларына карата өрт коопсуздугунун талаптары
202. Имараттын көрүнүктүү жерине өрт чыккан учурда адамдарды эвакуациялоо пландары илинет, планда эвакуациялык чыгуучу эшиктер жана аларга баруучу жолдор, өрт чыккан учурда персоналдын иш-аракеттеринин тартиби жөнүндө нускама, балдар жана персонал чогулуучу жерлер, өрт өчүрүүчү каражаттар жана сигнализация жайгашкан жерлер көрсөтүлөт.
Ошондой эле балдардын өрткө каршы коопсуздук боюнча туруктуу көндүмдөрүн калыптандыруу максатында жайдын көрүнүктүү жерине “Өрт коопсуздугунун бурчу” илинет.
203. Эвакуациялоочу чыгуучу эшиктерде авариялык жарыктандырууга (эгерде бар болсо) туташтырылган тиешелүү “ЧЫГУУ” белгиси болууга тийиш.
204. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) синтетикалык күйүүчү материалдардан жасалган килемдерди жана килемчелерди колдонууга;
2) терезелерге металл торчолорду орнотууга;
3) күйгөндө уулуу заттарды бөлүп чыгаруучу материалдардан жасалган асма шып жабууларын жана дубал жасалгаларын колдонууга;
4) өтмөктөрдүн туурасын кичирейтүүгө жана балдарды коопсуз эвакуациялоого тоскоол болуучу кошумча кресло, отургучтарды же башка эмеректерди коюуга;
5) тез тутануучу, күйүүчү суюктуктарды жана пиротехникалык заттарды, анын ичинде чатырларда, жер төлөлөрдө сактоого;
6) бензин, керосин жана башка тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды колдонуу менен жайларды тазалоого жана кийимдерди жууга, ошондой эле тоңуп калган түтүктөрдү күйгүзүүчү лампалар жана башка ыкмалар менен ачык от колдонуу менен эритүүгө. Тоңуп калган түтүктөр, жабдуулар, инженердик коммуникациялар ысык суу, буу жана ысытылган кум менен жылытылат;
7) изоляциясы көрүнөө бузулган электр өткөргүчүн жана кабелдерин эксплуатациялоого;
8) бузулган розеткаларды, өчүргүчтөрдү жана башка электр орнотмолорун колдонууга;
9) электр лампаларын жана чырактарды кагаз, кездеме жана башка күйүүчү материалдар менен ороого, ошондой эле конструкциясында каралган капкактары (жарык чачыраткычтарын) алынган чырактарды пайдаланууга;
10) жылуулук коргоочу түзүлүштөрү жок электр үтүктөрүн, электр плиткаларын, электр чайнектерин жана башка электр жылыткычтарын, ошондой эле конструкциясында каралган терможөндөгүчү жок же бузулган учурда пайдаланууга;
11) стандарттуу эмес (өз алдынча жасалган) электрдик жылытуу приборлорун, жылытуу элементтеринин ачык булактары менен приборлорду колдонууга;
12) өндүрүүчү заводдун нускамасына ылайык сутка бою иштөө режиминде болууга тийиш болгон электр приборлорун кошпогондо, электрдик жылытуу приборлорун, ошондой эле башка тиричилик электр приборлорун, анын ичинде күтүү режиминде турган электр приборлорун электр тармагына кошулган бойдон кароосуз калтырууга;
13) от жагылып жаткан мештерди кароосуз калтырууга, ошондой эле аларды көзөмөлдөөнү балдарга тапшырууга;
14) эвакуациялоо жолдорунда босоголорду (эшиктердин босоголорун кошпогондо), чыныгы эшиктерге окшош жасалма эшиктерди, ошондой эле күзгүлөрдү коюуга.
205. Мектепке чейинки билим берүү кызматтары балдардын саны төмөнкүдөй болгон учурда жүзөгө ашырылууга тийиш:
1) жеке турак үйлөрдө 25 баладан ашык эмес;
2) көп батирлүү турак үйлөрдө 10 баладан ашык эмес, мында кенже (наристе) курактагы балдар көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарына гана жайгаштырылышы керек.
Менчиктеги же ижарада турган, экинчи кабаттан жогору эмес жайгашкан, даярдоо курагындагы балдар үчүн авариялык чыгуу эшиги болгон эки жактуу багыты менен балкондору, лоджиялары бар батирди колдонууга жол берилет.
206. Уктоочу штаттык жайлары бар бардык жайларда башка максаттарда колдонулган бөлмөлөрдөн өрткө каршы тосмолор (дубалдар, тосмолор) менен бөлүнгөн өзүнчө бөлмөлөргө жайгаштырылат.
207. Жылытуу системалары менен жабдуу үчүн бөлүнгөн жайлар (меш жайлары, отканалар) обочо жана өзүнүн кирүүчү эшиги жана күйбөөчү материалдар менен жасалгаланган конструкциялары болууга тийиш.
208. Жылытуу мезгили башталганга чейин мештерди (морлорду жана мештерди көөдөн тазалоо), отканаларды, жылуулук генераторлорун, калорифердик орнотмолорду жана каминдерди, ошондой эле башка жылытуучу, жылуулук генерациялоочу түзүлүштөрдү жана системаларды текшерүү жана оңдоо зарыл.
Мештерди жана башка жылытуу приборлорун күйүүчү конструкциялардан өрткө каршы бөлүктөрсүз (аралык), 0,5 х 0,7 метрден кем эмес өлчөмдөгү күйбөөчү материалдан жасалган меш алдындагы (жыгач же күйүүчү материалдан жасалган башка полдо) листтерсиз, ошондой эле бөлүктөрдө (аралык) жана мештин алдындагы листтерде күйгөн жана бузулган жерлери болсо эксплуатациялоого тыюу салынат.
Газ жабдуулары (отказандар, мештер ж.б.) каралган жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдүн жайларында газ сигнализаторлорун жана электромагниттик клапандарды орнотуу каралууга тийиш.
209. Мектепке чейинки билим берүү кызматтары көрсөтүлүүчү жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдүн жайлары өрттөнүп баштаган стадияда локалдаштыруу жана өчүрүү үчүн колдонулуучу алгачкы өрт өчүрүү каражаттары менен камсыз болушу керек.
210. Алгачкы каражаттардын саны ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык аныкталат.
211. Жайларда эмеректерди жана жабдууларды жайгаштырууда балдарды тоскоолдуксуз эвакуациялоо жана өрт өчүрүү каражаттарына жетүү камсыз кылынат.
212. Окуу бөлмөлөрүндө окуу-тарбиялоо процессин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон, шкафтарда, текчелерде же туруктуу орнотулган түркүктөрдө сакталуучу эмерек, приборлор, моделдер, керек-жарактар, куралдар гана жайгаштырылат.
213. Чатыр жайлары таза кармалып, дайыма кулпулап бекитилүүгө тийиш. Чатыр жайынын ачкычтары сутканын каалаган убагында алуу үчүн жеткиликтүү болгон белгилүү бир жерде сакталышы керек.
214. Балдардын сутка бою болгон мектепке чейинки билим берүү кызматтары көрсөтүлүүчү жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдүн жайларында телефон байланышын камсыз кылуу менен тейлөөчү персоналдын сутка бою кезмети белгиленет.
Ошол эле учурда чыгуучу жерде мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү объект жайгашкан өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөсүнө ушул объектте болгон адамдардын (балдардын) саны тууралуу маалыматты күн сайын берип турууга милдеттүү.
215. Электр энергиясы өчүп калган учурда ачык жалынды колдонуу менен жарыктандырууларды (шамдар, керосин лампалары ж.б.) колдонууну болтурбоо зарыл.
216. Иш-чараларды (кечелерди, чогулуштарды, спектаклдерди, концерттерди, киносеанстарды, жаңы жылдык балатыларды) өткөрүүдө коргоо объекттеринин жетекчилери же бул иш-чараларды өткөрүүгө жооптуу адамдар бардык жайлардын, эвакуациялоочу жолдорду жана чыгуучу эшиктерди өрткө каршы режимин ушул главанын талаптарына ылайык келишин текшериши керек, ошондой эле өрт өчүрүүчү каражаттардын, телефон байланышынын жана өрт автоматикасынын (бар болсо) бар экендигине жана оң абалда экендигине ынануу керек.
Ошол эле учурда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) дого прожекторлорун, шамдарды жана тарсылдактарды колдонууга, фейерверктерди жана башка өрт чыгуу коркунучуна ээ жарык берүүчү эффекттерди колдонууга;
2) бөлмөлөрдү караңгылатуу үчүн терезелерге жапкычтарды колдонууга;
3) оюн убагында бөлмөнүн жарыгын толугу менен өчүрүүгө;
4) жайларды мектепке чейинки билим берүү кызматтарын алуучу адамдарга кирбеген адамдар менен толтурууга;
5) колго жасалган электр гирляндаларын, жарык жана музыкалык орнотмолорду, электр музыкалык аппаратураларды, балатыны айлантуу үчүн түзүлүштөрдү колдонууга жана балаты гирляндаларынын жылтылдаган эффекттерин түзүүгө.
§ 3. Турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү персоналга жана жетекчилерге талаптар
217. Жетекчи мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү уюштуруу жана ушул өрт коопсуздугунун талаптарынын толук аткарылышы үчүн жооптуу адам болуп саналат.
218. Өрт коопсуздугуна техникалык чаралардан тышкары, өрт учурунда жүрүм-турум эрежелери жана өрттүн келип чыгуу мүмкүндүгүн болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө персоналга, ата-энелерге жана балдарга маалымдоо чаралары кирет.
219. Балдарды багуу боюнча кызмат көрсөтүүчү ар бир кызматкер өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришер алдында милдеттүү тартипте өрт коопсуздугу боюнча нускамадан өтөт.
220. Нускама персоналды өрт чыгуу мүмкүндүгүн азайтуу боюнча зарыл чараларга окутууга багытталган. Өрт учурунда жүрүм-турум эрежелерин окутуу өрт чыккан учурда балдарды бөлмөдөн оперативдүү эвакуациялоого багытталган.
221. Жетекчи жыл сайын алгачкы (жаңыдан кабыл алынган кызматкерлер үчүн), экинчи (жарым жыл сайын) жана максаттуу (бош убакытты уюштуруу иш-чараларын өткөрүүнүн алдында) тартипте атайын журналга жазуу менен нускамаларды өткөрөт.
222. Бардык персонал ушул өрт коопсуздугунун талаптарын билүүгө жана аткарууга, алгачкы өрт өчүрүү каражаттарын колдоно билүүгө милдеттүү.
5-глава. Шайлоо участокторунун объекттеринде өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
223. Ар бир шайлоо участогунда иш башталганга чейин 10 күндөн кечиктирбестен шайлоо участогу жайгашкан коргоо объектинин (имарат, жай) жетекчисинин буйругу менен тийиштүү өрткө каршы режим белгиленет, ушул Эрежелердин жоболорун аткаруу камсыз кылынат, анын ичинде:
1) ички жана тышкы өрткө каршы суу түтүктөрүнүн (милдеттүү түрдө сууну агызуу менен), жарык берүүчү жана ток берүүчү электр тармактарынын оң экендиги, түтүнгө каршы желдетүүнү иштетүү, автоматтык өрт сигнализациясы жана өрт өчүрүү системалары текшерилет, ошондой эле акт түзүү менен зарыл текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бардык кемчиликтер шайлоо участогунун иши башталганга чейин четтетилет. Аныкталган кемчиликтерди четтетүүнүн натыйжалары боюнча же алар жок болгондо шайлоо участогу иштөөгө даяр экендиги жөнүндө акты түзүлөт (актылар шайлоо участогунун иши аяктаганга чейин коргоо объектинин өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жооптуу адамда сакталат);
2) алгачкы өрт өчүрүү каражаттарынын, өрт автоматикасынын, байланыш жана кабарлоо каражаттарынын болушу, оң болушу жана колдонууга туруктуу даярдыгы камсыз кылынат;
3) участоктук шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана тейлөө үчүн тартылган персонал менен өрт коопсуздугунун чаралары жана өрт учурундагы иш-аракеттер жөнүндө инструктаж өткөрөт;
4) өрт чыккан учурда адамдарды кабаттар боюнча эвакуациялоо пландарын (схемаларын) жана тейлөөчү персоналдын жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн адамдарды, бюллетендерди жана мүлктү эвакуациялоону камсыз кылуу боюнча иш-аракетин аныктаган нускамалар иштелип чыгат жана көрүнүктүү жерге илинет, адамдарга өрт жөнүндө кабарлоо тартиби аныкталат, ошондой эле иш-чаралар башталганга чейин эвакуациялоо планын жана кабар берүү системасын иштеп чыгуу боюнча окуу машыгуулары өткөрүлөт;
5) тамак-аш даярдоо үчүн жер белгиленет жана жылытуучу приборлорду пайдалануунун тартиби аныкталат;
6) тамеки чегүү үчүн жер аныкталат жана жабдылат;
7) жайларды карап чыгуунун жана жабуунун тартиби белгиленет.
Шайлоо участокторунун өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарына ылайык коргоо объектинин (имараттын, жайдын) жетекчиси тартат.
224. Шайлоо участоктору I–II өрткө туруктуулук даражасындагы имараттардын экинчи кабатынан жогору эмес жайгаштырылат. Цоколдук кабатта жана шайлоо участогунун жайларынын астында шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана тейлөөчү персонал үчүн жумушчу кабинеттер, эс алуу жана тамактануу бөлмөлөрү жайгаштырылат.
Өрткө туруктуулук даражасы боюнча имараттарды классификациялоо ченемдик укуктук актылар жана архитектура, курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү эрежелер менен аныкталат.
225. Айыл жеринде III–V өрткө туруктуулук даражасындагы имараттарга бир гана шайлоо участогун жайгаштырууга уруксат берилет. Ошол эле учурда шайлоо участогу биринчи кабатка жайгаштырылат, ал эми убактылуу соода жүргүзүү жана буфеттер имараттан тышкары уюштурулат.
226. Шайлоо участогу телефон байланышы менен камсыз кылынат. Ар бир телефон аппаратына жакын жердеги өрт өчүрүү бөлүгүнүн телефон номери менен табличка жайгаштырылат (илинет).
227. Добуш берүү үчүн арналган столдорду, кабиналарды, урналарды жана жабдууларды жайгаштыруу адамдарды жана материалдык баалуулуктарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууну эске алуу менен имараттын периметри боюнча жүргүзүлөт.
228. Шайлоо участоктору иштеген мезгилде авариялык-калыбына келтирүү иштерин кошпогондо, ачык отту пайдаланууга байланышкан (от жагуу, таштандыларды, калдыктарды, идиштерди өрттөө жана электр-газ ширетүү жумуштарын жүргүзүү) курулуш, оңдоо жана башка иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Аталган иштер тейлөөчү персоналдын туруктуу контролу астында жүргүзүлөт.
229. Шайлоочуларды каттоочу, бюллетендерди берүүчү жер, добуш берүүчү кабиналар, убактылуу соода түйүндөрү (буфеттер, лотоктор жана башка ушул сыяктуу жайлар) экиден кем эмес эвакуациялык бөлөк-бөлөк жайгаштырылган чыгуу эшиктери бар жайларга жайгаштырылат. Имараттын вестибюлдарына жайгаштырылган жабдуулар эвакуациялоо жолдорунун туурасын кичирейтпеген жана өрт учурунда адамдарды эвакуациялоого тоскоолдук кылбаган шартта ачык гардеробдорду орнотууга жана убактылуу соода түйүндөрүн уюштурууга уруксат берилет.
230. Шайлоочулардын кыймылы кесилишкен жана беттешкен агымдар болбой тургандай уюштурулат. Адамдардын агымынын кыймылынын багыттары көрсөткүчтөр менен белгиленет.
231. Шайлоочуларды каттоочу, бюллетендерди берүүчү, добуш берүүчү жайлардын эвакуациялык эшиктеринин көрсөткүчтөрү оң абалда болууга жана шайлоо участогу иштеген убакта күйгүзүлүүгө тийиш. Эгерде “Чыгуу” деген жарык көрсөткүч түзүлүшү долбоордо каралбаса, аталган жайлар эвакуациянын багытынын көрсөткүчтөрү менен камсыз кылынат.
232. Шайлоо участокторун эксплуатациялоодо эвакуация жолдорун, өрт өчүрүү жана байланыш каражаттарына, электр энергиясын өчүрүүчү түзүлүштөрүнө баруучу жолдорду тосууга, ошондой эле добуш берүү менен байланышкан иш-чараларды өткөрүү убагында эвакуациялык запастык эвакуациялык чыгуу эшиктерин тосууга тыюу салынат.
233. Электр энергиясы өчүрүлгөн учурда шайлоо участогунун имараты авариялык жарыктандыруу менен жабдылат.
6-глава. Маданий-агартуу мекемелеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Оюн-зоок жана маданий агартуу мекемелерине карата өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
234. Музейлерде жана сүрөт галереяларында экспонаттарды жана башка баалуулуктарды, ал эми цирктерде жана зоопарктарда айбанаттарды эвакуациялоо планы иштелип чыгат.
235. Көрүү залдарында жана трибуналарда бардык креслолор жана отургучтар өз ара бир катарларга бириктирилет жана полго бекем бекитилет. Ложадан өз алдынча чыгуучу жер болгон учурда ложаларда 12ден көп эмес орундуу ложаларда креслолорду (отургучтарды) бекитпөөгө уруксат берилет.
200дөн ашпаган орундуу бий кечелери үчүн пайдаланылуучу көрүү залдарында алар өз ара катарга милдеттүү бириктирилген учурда отургучтар полго бекитилбейт.
236. Сахна коробкасынын жыгач конструкциялары (колосниктер, сахнанын беттеми, асма көпүрөлөр, жумушчу галереялар) курулуш процессинде антипирендер менен терең сиңирилип иштетилет.
Аталган конструкциялар, ошондой эле күйүүчү декорациялар, сахна жана көргөзмө жасалгалары, көрүү жана экспозициялык залдардагы, фойелердеги, буфеттердеги драптар мезгил-мезгили менен өрттөн коргооочу атайын курамдар менен иштетилип турат. Уюмдардын жетекчилеринде иштетүүнүн датасын, анын жарактуулук мөөнөтүн жана иштетүүнүн сапатын текшерүү актысын көрсөтүү менен бул ишти аткарган уюмдун тийиштүү актысы болууга тийиш.
237. Театр-оюн-зоок мекемелеринин сахна коробкасынын чегинде бир эле убакта экиден ашпаган спектакль үчүн декорациялардын жана сахна жабдууларынын болушуна уруксат берилет. Сахнадагы декорациялар сактоо жайы белгилер менен белгиленет. Декорацияларды, бутафорияларды, жыгач станокторду, откосторду, шаймандарды жана башка мүлктү трюмдарда, колосниктерде жана жумушчу аянтчаларда (галереяларда), тепкич марштарынын астындагы жана аянтчаларындагы, ошондой эле көрүү залдарынын жер төлөлөрүндө сактоого тыюу салынат.
238. Коюлуучу оюндарды жасалгалоодо сахнанын планшетинин айланасы туурасы 1 метрден кем эмес эркин айланма өтмөк менен камсыз кылынат.
Спектакль бүткөндөн кийин бардык декорациялар жана бутафория чечилет жана сахнадан атайын кампаларга (сактоочу жайларга, сарайларга, сейфтерге) жыйналат.
239. Сахнада тамеки чегүүгө, ачык от жагууга (факелдер, шамдар, канделябрлар), догоо түрүндөгү прожекторлорду, фейерверктерди жана от чыгуучу башка эффекттерди колдонууга тыюу салынат.
240. Бийиктиги жабуунун көтөргүч конструкциясынын төмөнкү алкагына чейин 12 метр жана андан ашык болгон спорт залдарында чоң өлчөмдөгү декоративдик жасалганы (залдын бүткүл бийиктигине чейин) пайдаланууда мындай жасалганы коргоо боюнча кошумча иш-чаралар (убактылуу суу пардаларын монтаждоо, тез чечиле турган бекиткичтер) каралат.
241. Көрүүчүлөр үчүн убактылуу орундуктарды (жылдырма, чечилме, курама-жыйнама), ошондой эле жабык жана ачык спорттук курулмалардын трибуналарындагы отургучтарды күйгөн учурда жогорку кооптуулуктагы жана өзгөчө кооптуу заттарды бөлүп чыгаруучу синтетикалык материалдардан жасоого тыюу салынат. Убактылуу орундардын астына кандайдыр бир күйүүчү материалдарды жана жабдууларды сактоого, ошондой эле техниканы коюуга тыюу салынат. Ар бир мелдеш башталар алдында убактылуу трибуналардын астындагы мейкиндик күйүүчү таштандыдан жана кургак чөптөн тазаланат.
242. Спорттук-көркөм өнөр майрамдарын өткөрүүдө, эл аралык мелдештерди же эл аралык иш-чараларды, ошондой эле маданий-оюн-зоок иш-чараларын ачууда жана жабууда трибуналарга фонду жайгаштыруу үчүн арналган эвакуациялык люктарга коюлуучу убактылуу отургучтар чыгарылма болуп жасалат. Аларды тез демонтаждоо үчүн атайын шаймандар каралган жана бул ишти аткаруу үчүн тийиштүү сандагы адамдар бөлүнөт.
243. Спорт залдарында көрүүчүлөр үчүн отургучтарды жайгаштыруу туруктуу жана убактылуу трибуналардан көрүүчүлөрдүн бетме-бет же кесилишкен агымы түзүлбөгүдөй болуп каралат.
244. Үстү жабык спорттук курулмаларда көрүүчүлөрдүн орундуктары үчүн убактылуу конструкцияларды бекитүү, ошондой эле помостторду, эстрадаларды, рингдерди бекитүү үчүн шаймандар оң абалда болушу керек. Бекиткичтери бузулган конструкцияларды орнотууга тыюу салынат.
245. Спорттук курулмаларда теле көрсөтүү камералары орнотулуучу жерлер трибуналардын катарларынын ортосундагы өтмөктөргө жайгаштырылбоого жана өрт чыкканда адамдарды эвакуациялоого тоскоолдук кылбоого тийиш.
246. Көрүүчүлөр үчүн трибуналары бар спорт залдарында жасалма муз каптоолору болгон учурда музду тазалоочу машиналар үчүн убактылуу токтотуучу (мелдештерди, оюн-зоокторду, машыгууларды, репетицияларды өткөрүү мезгилинде) жер каралууга тийиш. Токтотуучу жайдагы машиналар эвакуациялоо жолдорунун эсептелген туурасы ичкербегендей коюлат. Оюн көрсөтүү, мелдеш, машыгуу, репетиция бүткөндөн кийин аларды атайын бөлүнгөн жайга алып кетет. Муз тазалоочу машинага убактылуу токтоочу жайда май куюуга тыюу салынат.
247. Спорт шаймандарын, залдардын курама-чогултма конструкцияларын, залдардын алынуучу каптамаларын жана башка материалдарды стеллажсыз сактоодо алар аянты 100 м2 ашпаган штабелге жайгаштырылат. Штабелдин бийиктиги 2,5 метрден ашпайт жана тосуучу же жабуучу көтөрүүчү конструкциядан 0,5 метрден кем эмес төмөн болбоого тийиш. Штабелдердин ортосундагы жана штабелдер менен дубалдын ортосундагы өткөөлдүн туурасы 0,8 метрден кем болбоого тийиш. Кампалардын жана трибуналардын астындагы жайлардын эшиктеринин каршысындагы өтмөктөрдүн туурасы эшиктердин туурасынан кем болбогондой жасалат. Өтмөктөрдүн жана буюм-тайым топтолгон жердин кеңдиги полго түшүрүлүүчү жакшы көрүнүп турган чектөөчү сызыктар менен белгиленет.
Стеллаждарга материалдарды жана спорттук шаймандарды сактоо алар стеллаждардын габаритинен чыгып калбагандай коюлат.
248. Курал-жаракты тазалоочу жайларда май болгон чүпүрөктөрдү чогултуу үчүн металл үкөк каралат. Тирдин иши же ок атып машыгуу аяктагандан кийин бул үкөк тазаланат, ал эми ичиндегилер жалпы таштанды сакталган жерге чыгарылат.
249. Кызматкерлердин атайын кийими бул максат үчүн өзүнчө бөлүнгөн жана жабдылган жайларда сакталат. Коргоо объектинин администрациясы ар бир жай үчүн май болгон атайын кийимди тазасына алмаштыруунун так тартибин белгилейт.
250. Спорт залдарында күйүүчү материалдарды, ошондой эле жайларды күйүүчү материалдардан турган конструкциялар менен металлдан жана жыгачтан тирөөч конструкциялар бекитилген түйүндөрдүн астына сактоого тыюу салынат.
Салыштырмалуу жылуулук камсыздоосу жогору болгон жана күйгөн учурда өтө кооптуу продукттарды бөлүп чыгарган синтетикалык материалдарды колдонуу менен даярдалган спорттук шаймандарды сактоо үчүн башка жайлардан өрткө каршы калкалар жана тосмолор менен бөлүнгөн жайлар пайдаланылат.
Спорт залдарында машыгуулардын жана мелдештердин ортосундагы мезгилде, ошондой эле алар бүткөндөн кийин синтетикалык материалдардан жумшакталып толтурулуп жасалган жерге түшүү үчүн чуңкурлар щиттер же брезент менен жабылат.
Залдардын чегинде штабель болуп жыйылган поролон маттар брезент менен жабылат.
251. Лазердик түзүлүштөрдү оюн коюу же иллюминациялык жарык берүү үчүн колдонууда лазерлердин генерациялоочу блоктору күйүүчү конструкциялардын жана декорациялардын үстүнкү бетинен бир метрден жакын эмес аралыкта күйбөй турган материалдардан жасалган негиздердеги аппараттык жайларга коюлат. Аталган иштер үчүн өрт коопсуздугу менен мүнөздөмөлөргө ээ лазердик түзүлүштөр колдонулат.
252. Софиттерди жана рамптарды орнотууда күйбөй турган гана материалдар колдонулат. Софиттердин корпустары аларды кармап турган тростордон обочо болот. Прожекторлор жана софиттер күйүүчү материалдардан жасалган декорациялардан жана конструкциялардан 0,5 метрден кем эмес аралыкта орнотулат. Линза прожекторунан тартып күйүүчү декорацияларга чейинки аралык эки метрден кем болбоого тийиш.
253. Пиротехникалык заттарды жана ачык өрт чыгуу булактарын пайдалануу менен байланышкан атайын от жагуу зарыл болгон учурда фейерверк өткөрүп жаткан уюмдун жетекчиси өрттүн алдын алуу боюнча төмөнкүлөрдү камтыган чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат:
1) пиротехникалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу схемасын, пайдаланылуучу буюмдардын мүнөздөмөсүн;
2) фейерверктик, пиротехникалык заттарды сактоо жана монтаждоо пункттарын имараттарга жана курулмаларга чейинки аралыкты көрсөтүү менен ошол жерге байлоо схемасын жана кооптуу зонанын чегин көрсөтүү менен фейерверк өткөрүлө турган жерди курчоо схемасын;
3) фейерверктерди өткөрүүдө өрт коопсуздугунун чараларынын сакталышы үчүн жооптуу адамды дайындоо жөнүндө буйрукту;
4) өрт өчүрүү каражаттарын жайгаштыруу схемасын;
5) өрттүн алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын.
254. Пиротехникалык заттар аттырылуучу аянттарда тамеки чегүүгө жана от жагууга, пиротехникалык каражаттарды кайтаруусуз калтырууга тыюу салынат.
255. Фейерверктер орнотулган жерди кайтарууну аны өткөрүп жаткан уюм жүргүзөт.
256. Атылуучу аянттар алгачкы өрт өчүрүү каражаттары (өрт өчүргүчтөр, суу же кум толтурулган идиштер) менен камсыз кылынат.
257. Фейерверк бүткөндөн кийин атылган аянт иштетилбей калган заттарды жана пиротехникалык дүрмөттөрдүн элементтерин табуу жана жыйноо максатында кылдаттык менен текшерилип чыгат.
§ 2. Массалык иш-чараларды өткөрүүдөгү өрт коопсуздугу
258. Иш-чараларды (кечелерди, жыйындарды, спектаклдерди, концерттерди, киносеанстарды, жаңы жылдык балатыларды) баштоонун алдында коргоо объекттеринин жетекчилери же бул иш-чараларды өткөрүү үчүн жооптуу адамдар бардык жайлардын өрткө каршы режимин, эвакуациялык жолдордун жана чыгуучу эшиктердин ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келишин кылдаттык менен текшерип чыгууга, ошондой эле өрт өчүрүү, байланыш жана өрт автоматикасынын каражаттарынын болушуна жана оң абалда экендигине ынанууга тийиш.
259. Адамдар көп чогулган иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө экиден кем эмес эвакуациялык чыгуу эшиктери менен жабдылган жана күйүүчү тосмолору бар имараттарда 2-кабаттан бийик эмес жайгашкан имараттар гана пайдаланылат.
260. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) иш-чараларды алар өткөрүлүүчү жайлардын терезелеринде торчолор болгондо өткөрүүгө;
2) догоо түрүндөгү прожекторлорду, шамдарды жана тарсылдактарды колдонууга, фейерверктерди жана башка өрт чыгуу коркунучун туудурган жарык бергичтерди колдонууга;
3) от алып кетүүчү, боёочу, башка жарылуу-өрт чыгуу жана өрт чыгуу коркунучуна ээ иштерди жүргүзүүгө;
4) имаратты караңгылатуу үчүн терезе тоскучтарды пайдаланууга;
5) катарлардын ортосундагы өтмөктөрдүн туурасын кичирейтүүгө жана өтмөктөргө кошумча креслолорду, отургучтарды коюуга;
6) оюн-зоок убагында жарыкты толугу менен өчүрүүгө;
7) жайга долбоордук документтерде белгиленгенден ашык сандагы адамдарды толтурууга;
8) колго жасалган электр гирлянддарын, жарык музыка түзүлүштөрүн, электромузыка аппаратурасын, балатыны айландыруучу түзүлүштөрдү колдонууга жана балаты гирлянддарынын өчүп-күйүү эффектин түзүүгө.
261. Ачык жагылган от булагын колдонуу менен башкарылбаган учуучу фонариктерди пайдаланууга жана учурууга тыюу салынат.
262. Пиротехникалык заттарды пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) салюттарды имараттарга жана курулмаларга 50 метрден жакын аралыкта, бастырмалардын астында жана бак-дарактардын түбүндө аттырууга;
2) аларды шамалдуу аба ырайында колдонууга.
263. Жаңы жылдык майрамдарды өткөрүүдө балаты жайдан чыгууга тоскоолдук кылбагандай эсеп менен бекем орнотулууга тийиш.
Балатынын бутактары дубалдан жана шыптан бир метрден кем эмес аралыкта болушу керек.
264. Балатыга жарык берүүдө (зымдардын ысып кетиши, лампочкалардын тез-тез күйүп кетиши, учкундун чыгышы ж.б.) бир аз гана бузулуу болгондо иллюминация дароо өчүрүлүүгө жана алардын бузулуу себеби аныкталганга жана оңдолгонго чейин күйгүзүлбөшү керек.
§ 3. Диний объекттердин өрт коопсуздугу
265. Башка функционалдык багыттагы имараттарга курулган диний имараттар (намазканаларды жана үй чиркөөлөрүн кошпогондо), обочо эвакуациялык чыгуучу эшиктер менен камсыз болуш керек.
266. Төмөнкү учурларда сыйынуучу жайларында экиден кем эмес эвакуациялык чыгуучу эшиктер болууга тийиш:
1) бир убакта 100дөн ашык адам болсо;
2) Ф1.1 классындагы имараттарга курулган же алардын аймагында жайгашкан диний имараттарда 15тен ашык адамдын бир убакта болсо.
267. Бардык отко туруктуулук даражасындагы имараттарда сыйымдуулугу 100 адамдан ашпаган сыйынуу залы үчүн сыйынуу залынан эвакуциялык чыгуу эшиктеринин туурасы 1,2 метрден кем болбоого тийиш.
Кирүү бөлмөсүнөн жана сыйымдуулугу 100 адамдан ашпаган сыйынуучу залдан башка кошумча жайлар жок болгон учурда өрт сигнализациясынын системасын карабоого уруксат берилет.
268. Сыйынуу залынын жайында ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык алгачкы өрт өчүрүү каражаттары каралууга тийиш, алар өрттөрдү алгачы этабында локалдаштыруу жана жоюу үчүн колдонулат.
269. Диний объекттердин имараттарында техниканын мүмкүндүктөрүн эске алуу терезелери бар каалаган жайга (өрт өткөрмөктөрүнүн боюндагы) жана имараттардын чатырына (үстүнө курулган конструкцияларды – куполдорду, мунараларды, ж.б. кошпогондо) кирүү мүмкүндүгү менен өрт автотепкичтери (авто көтөргүчтөр) үчүн кирүү жолдору менен камсыз кылынууга тийиш.
270. Диний имараттын (диний имараттар комплексинин) аймагына өрт өчүрүүчү автомобилдердин кирүүсү үчүн дарбазанын бийиктиги 4,5 метрден кем эмес, ал эми туурасы 3,5 метрден кем эмес болууга тийиш.
7-глава. Медициналык уюмдардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчөлүктөрү
§ 1. Медициналык уюмдарга өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
271. Медициналык уюмдун жетекчиси күн сайын стационардык дарылануудагы оорулуулардын саны жөнүндө маалыматты өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирип турат.
272. Айыл жеринде жайгашкан медициналык уюмдар бир имаратка бир шаты эсебинде жөлөөчү шатылар менен жабдылат.
273. Өз алдынча басып жүрө албаган адамдар туруктуу болгон ооруканалардын жана башка мекемелердин имараттары беш оорулууга (майыпка) бир замбил эсебинде замбилдер менен камсыз кылынат.
274. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) коридорлорго, холлдорго жана башка эвакуациялоо жолдоруна кроваттарды коюуга;
2) баллондордон кислородду оорулуулар жаткан палаталарга берүү үчүн резина жана пластмасса шлангдарын колдонууга;
3) бузук дарылоо-электр жабдууларын пайдаланууга;
4) оорулуулардын палаталарында жана оорулуулар жаткан башка жайларда үтүктөрдү, электр плиткаларын жана башка электр жылыткыч приборлорун пайдаланууга.
275. Суу кайнаткычтарды, суу жылыткычтарды жана титандарды орнотуу, медициналык аспаптарды стерилдөө, ошондой эле парафинди жана озокеритти жылытуу бул максаттар үчүн атайын ыңгайлаштырылган жайларда жүргүзүлөт. Аспаптарды жана прокладкаларды кайнатуу үчүн спиралдары жабык стерилизаторлор колдонулат. Бул максатта керогаздарды, керосин плиталарды жана примустарды колдонууга тыюу салынат.
276. Лабораторияларда, бөлүмдөрдө, врачтардын кабинеттеринде медикаменттерди жана реактивдерди (тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарга кирген – спирт, эфир) сактоо алардын айкалышуусун эске алуу менен жалпы саны үч килограммдан ашпаган жабылуучу атайын металл шкафтарда жүргүзүлөт.
277. Кислороду бар баллондорду күйүүчү газ менен чогуу сактоого, ошондой эле бул баллондорду материалдык жана дарыкана кампаларында сактоого тыюу салынат. Кислород жана күйүүчү газ менен баллондор атайын жайларда же бастырманын астында сакталат жана жылуулук булактарынан (жылытуучу приборлор, күндүн нуру) жана майдын жана майлуу заттардын тийишинен корголот.
§ 2. Физиотерапевттик кабинеттердин, анестезиология, реанимация жана интенсиздүү терапия бөлүмдөрүнүн, операция бөлүмдөрүнүн өрт коопсуздугу
278. Бардык дарылоочу электр аппараттары оң абалда болууга тийиш, ишенимдүү жерлетүү, заводдун электр схемасы жана техникалык паспорту менен камсыз кылынат. Изоляциясы бузулган, аппаратурага кошулган жерлери жана кыскычтары бузулган электр өткөргүчтөрүн пайдаланууга тыюу салынат.
279. Стерилизаторлор, анын ичинде электр жана жарык менен дарылоо кабинеттеринде колдонулуучу аба өткөргөн катмарлары бар стерилизаторлор заводдо гана даярдалат жана күйбөгөн материалдардын үстүнкү бетине орнотулат.
280. Парафинди жана озокеритти жылытуу атайын бөлүнгөн жайда сормо шкафта заводдо даярдалган жылыткычтарда же ысык сууда жүргүзүлөт. Жылыткыч коюлган стол ысыкка туруктуу материал менен жабылат. Парафинди же озокеритти ачык жалынга жылытууга тыюу салынат.
281. Имараттын жергиликтүү желдетүү системасынан аппараттардан жана түзүлүштөрдөн бөлүнүп чыгуулар чатырдын жогорку чекитинен 2 метрден кем эмес бийиктикте жүргүзүлөт.
282. Операция бөлмөлөрүндө баңги каражаттарынын жана препараттардын тутанып кетишине жол бербөө үчүн аларды иштен кийин бууланткычтан герметикалык жабылуучу идишке куюу зарыл. Мындай суюктуктарды канализацияга куюуга, ошондой эле наркоз убагында бузук же учкун чыгарган электр жабдууларын колдонууга тыюу салынат.
283. Операциялык стол, наркоздук аппарат жана бүткүл электр-медициналык аппаратура жерлетилген өткөргүчтөрү бар коргоочу шина менен бириктирилет.
§ 3. Медициналык уюмдардын лабораторияларынын өрт коопсуздугу
284. Лабораториялардын жайларынын кире беришинде жарылуу-өрт чыгуу жана өрт коопсуздугу боюнча алардын категорияларынын көрсөткүчтөрү илинет.
285. Өндүрүштүк муктаждыктар үчүн тез тутануучу суюктуктар өткөргүч түтүк менен берилет же аларды ташуу үчүн атайын жабык сынбай турган идиш пайдаланылат. Өткөргүч түтүк имараттын сырты менен түздөн-түз берилүүчү заттар пайдаланыла турган жерге өткөрүлөт.
286. Тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар сменалык керектөөдөн ашпаган өлчөмдө, ичи күйбөй турган материал менен капталган капкагы бар металл ящикке салынган калың айнек же сынбай турган оозу бек идиште иш бөлмөлөрүндө сакталат. Мындай суюктуктарды полиэтилен идиште сактоого тыюу салынат.
287. Лабораторияларда заттар жана материалдар ассортименти боюнча гана сакталат. Химиялык өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында өрт же жарылуу чыгып кетиши мүмкүн болгон заттарды чогуу сактоого тыюу салынат.
288. Лабораториялык эмеректер менен жабдуулар адамдарды эвакуациялоого тоскоолдук кылбагандай жайгаштырылат.
289. Өрт-жарылуу коркунучу бар суюктуктар жана заттар менен иштөө үчүн арналган столдордун, стеллаждардын, сормо шкафтардын үстүнкү бети жана капталдары күйбөй турган материалдар менен жабылат.
290. Уулуу же жарылуу коркунучу бар аралашмаларды бөлүп чыгаруу мүмкүндүгү менен байланышкан лабораториядагы бардык иштер күйбөй турган материалдардан жасалган сормо шкафтарда гана жүргүзүлөт, аларды дайыма оң абалда кармоо керек. Айнектери талкаланган же желдетүүсү бузулган сормо шкафтарды пайдаланууга тыюу салынат.
Иш убагында жел сормо шкафтардын тарткычтары, эшиктери жана тоскучтары мүмкүн болушунча жабык болууга тийиш (төмөн жагында соруп алуу үчүн кичинекей жылчык калтырылат).
Сормо шкафта аткарылуучу операцияга тиешеси жок материалдар менен жабдуулар сакталып турса, анда иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
Сормо шкафтар өз алдынча желдетүү каналдары бар желдетүү системасы менен жабдылат.
291. Кислота, щелоч жана башка химиялык активдүү заттар куюлган айнек идиштерди ташуу күйбөй турган материал менен капталган атайын металл же жыгач ящиктерде гана жүргүзүлөт. Күкүрт жана азот кислоталарын сактоо үчүн жыгач ящиктерди, корзиналарды жана таарындыларды пайдаланууга тыюу салынат.
292. Суюк кислородду тез тутануучу заттар, майлар менен бир жайда сактоого тыюу салынат.
293. Кысылган, суюлтулган жана эритилген күйүүчү газдар бар баллондор лабораториянын имаратынын сыртында металл шкафтарда сакталат. Анда желдетүү үчүн жылчыктар же торчолор каралган.
Бул газдарды, ошондой эле кислородду лабораториялык жайларга берүү борборлоштурулуп жүргүзүлөт.
294. Лабораториянын бардык жайларында аба желдетүү иш башталганга чейин 5 мүнөттөн кеч эмес жүргүзүлөт жана иш бүткөндөн кийин өчүрүлөт.
295. Лабораторияларда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды, ошондой эле күйүүчү материалдарды жылытуучу приборлорго, очокко, башка от чыгуучу булактарга 1 метрден жакын жайгаштырууга;
2) иштетилген тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды канализацияга агызууга;
3) полду жана жабдууларды тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар менен жууга;
4) күйүп жаткан очокто жана электр жылытуучу приборлор иштеп жатканда капыстан төгүлгөн суюктукту тазалоого;
5) өрт чыгуу коркунучу бар белгисиз заттарды жана препараттарды жумуш ордунда жана иштөө жайларында сактоого;
6) жумуш ордун, күйүп жаткан очокту жана жылытуучу приборлорду кароосуз калтырууга;
7) тез тутануучу жана күйүүчү суюктук куюлган идиштерди ачык отко, ошондой эле тиричиликтеги электр жылытуучу приборлорго жылытууга.
296. Жумуш күнү аяктагандан кийин лабораториянын жайлары үчүн жооптуу кызматкер приборлорду жана аппараттарды, газ жана суу крандарын текшерет, жалпы электр өчүргүчтү жана желдеткичти өчүрөт, ошондой эле күйүүчү жана тез тутануучу суюктуктардын, заттардын, реактивдердин калдыктарын, иштетилген суюктуктарды, калдыктарды, таштандыларды жана аарчылган май чүпүрөктөрдү лабораториядан алып чыгат.
§ 4. Дарыканалардын жана дарыкана кампаларынын өрт коопсуздугу
297. Башка багыттагы имараттарда жайгашкан дарыканаларда тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктардын жалпы өлчөмү 100 килограммдан ашпоого тийиш.
298. Өзүнчө турган дарыканаларда экиден ашпаган кислород баллондору сакталат, алар атайын оюктарга тикесинен коюлат жана байлагычтар менен бек бекитилет.
299. Дарыкана кампаларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) продукттарды транзиттик электр кабелдери өткөн жайларда, ошондой эле газ коммуникациялары жана май толтурулган аппаратуралар бар жайларда сактоого;
2) продукцияны иретсиз сактоого жана аларды радиаторлорго жана жылытуу түтүктөрүнө жакын коюуга;
3) щелочтуу металлдар жана суу менен реакция болуучу башка заттар сакталган кампа жайларына суу же ным кийим жана бут кийим менен кирүүгө.
300. Бастырманын астында нымдуу абадан же суудан бузулбаган, ысыбаган жана тутанбаган химиялык заттар гана сакталат.
301. Дарыкана кампаларындагы материалдык баалуулуктар ассортиментине ылайык гана сакталат, ошол эле учурда тез тутануучу суюктуктарды калган материалдар менен чогуу сактоого тыюу салынат.
302. Пластмасса буюмдар бөлмө температурасындагы желдетилүүчү, караңгы, кургак жайда жылытуу системасынан 1 метрден кем эмес аралыкта сакталат.
303. Дарыкана кампаларында өрт чыкканда же күйүүдөөрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдынкызматкерлери келгендетийиштүү бөлүмчөлөрдүн жетекчилери уулуу жана жарылуу коркунучу бар заттардын бар экендиги жана сакталган жери жөнүндө маалымдайт.
304. Өрт чыгуу коркунучу бар жана тез тутануучу суюктуктар бар баллондорду ташууну эки киши атайын ыңгайлаштырылган ящиктерде же кармоочу туткасы бекем корзиналарда жүргүзөт. Чоң бөтөлкөлөр салынган корзиналар же ящиктер (салмагы 20 килограммдан ашкан), ошондой эле катуу идишке салынган заттар дөңгөлөктөрү жумшак жүргөн атайын тележка менен гана ташылат.
305. Өрт чыгуу жана жарылуу коркунучу бар дары каражаттарын сактоо үчүн жайлар күйбөй турган жана бекем орнотулган стеллаждар жана поддондор менен камсыз кылынат.
306. Тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар эшигинин туурасы 0,7 метр жана бийиктиги 1,2 метрден кем эмес болгон орнотулган күйбөөчү шкафтарда сакталат.
307. 100 килограммдан ашык өлчөмдөгү тез тутануучу суюктуктар башка топтогу өрт чыгуу коркунучу бар заттар сакталган жайдан обочо жайгашкан, өзүнчө турган имаратта айнек же металл идиште сакталат.
308. Медициналык уюмдардын өндүрүштүк жайларындагы тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар ысытуучу приборлордон жана чыгуучу эшиктерден алыс атайын металл ящикте жалпысынан 3 килограммдан ашпаган өлчөмдө сакталат.
309. Өрт чыгуу жана жарылуу коркунучу бар заттар сакталган жайдын тышына, ушул жайлардын ичиндеги эшиктерге “Өрт коркунучу бар”, “Жарылуу коркунучу бар”, “Тамеки чегүүгө тыюу салынат”, “Өрт чыкканда 101 же 112 телефондоруна чал” деген көрүнүктүү жазуулар илинет.
310. Өрт жана жарылуу коркунучу бар заттар сакталган ар бир жайдын кире беришине “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жооптуу (жооптуу адамдын аты-жөнү)” деген такта илинет. Жооптуу адам күн сайын калган өрт жана жарылуу коркунучу бар заттарды жыйноо жана жумуш күндүн аягында башка чараларды жүргүзүү максатында жайды карап чыгат.
311. Тез тутануучу суюктуктар сакталуучу контейнерлер суюктуктун буусунун чыгып кетишин алдын алуу үчүн капкагы тыгыз жабылуучу айнектен же металлдан жасалат. Тез тутануучу жана күйүүчү заттарды ачык контейнерлерде жана башка материалдардан жасалган контейнерлерде сактоого тыюу салынат.
312. Тез тутануучу жана күйүүчү суюк дары каражаттарын төмөнкүдөй сактоого тыюу салынат:
1) толук толтурулган контейнерде. Толуу даражасы жалпы көлөмүнүн 90 %ынан ашпоо керек. Көп өлчөмдөгү спирт металл идиштерде сакталат, ал көлөмүнүн 95 %ынан ашык эмес толтурулат;
2) минералдык кислоталар (күкүрт, азот жана башка кислоталар менен), кысылган жана суюлтулган газдар, тез күйүүчү заттар, ошондой эле органикалык заттар менен жарылуу коркунучу бар аралашмаларды берген органикалык эмес туздар (калий хлорады, калий перманганаты) менен.
8-глава. Соода ишканаларынын өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Соода ишканаларына өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
313. Күйүүчү материалдарды, калдыктарды, таңгактарды жана контейнерлерди соода залдарында жана эвакуациялоо жолдорунда убактылуу сактоого тыюу салынат. Аларды күн сайын топтолушуна жараша жок кылып турушат. Ысык идишти имараттардын терезелерине өтө жакын коюуга тыюу салынат.
314. Күйүүчү же күйбөөчү товарларды терезе оюктары же түтүн чыгаруучу шахтасы жок жайларда күйүүчү таңгакта сактоого тыюу салынат.
315. Ширеңке, одеколон, атыр, аэрозоль таңгактары жана өрт чыгуу коркунучу бар башка товарлар атайын ыңгайлаштырылган жайда башка товарлардан өзүнчө сакталат.
Ок-дарылар жана пиротехникалык заттар өрткө каршы тосмолор менен бөлүнгөн жайларга орнотулган металл шкафтарда сакталат. Аталган шкафтарды жер төлө жайларына жайгаштырууга тыюу салынат.
316. Соода ишканаларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) сатып алуучулар соода залдарында жүргөн убакта от жагуу иштерин жүргүзүүгө;
2) эвакуациялоо жолдорунда жана тепкичтер аянтчаларына саат оңдоочу, гравердук пункттарды жана башка устаканаларды, ошондой эле дарыкана, гезит, китеп саткан жана башка күркөлөрдү жайгаштырууга;
3) аба толтурулган шарларын толтуруу жана башка максаттар үчүн күйүүчү газ толтурулган баллондорду соода залдарына жайгаштырууга;
4) тепкич аянтчаларына, тамбурларга жана башка эвакуациялоо жолдоруна соода, оюн аппараттарын жайгаштырууга жана товарларды сатууга;
5) тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды, күйүүчү газдарды (газ баллондорду, сырларды, лактарды, эриткичтерди, тиричилик химиясынын товарларын), аэрозоль таңгактарын, ок-дарыларды жана пиротехникалык заттарды башка багыттагы имараттарга жайгаштырган учурларда аларды сатууга.
317. Соода объекттери ушул Эрежелердин талаптарына ылайык алгачкы өрт өчүрүү каражаттары менен камсыз кылынууга тийиш.
318. Арзандатууларды, жарнама акцияларын жана адамдар көп келүүчү иш-чараларды өткөрүүдө жетекчилер алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды (келүүчүлөрдү чектөө, кошумча кезметчилерди коюу) көрөт.
319. Базарларды ачык аянттарга же имараттарга (курулмаларга) жайгаштырууда өрт коопсуздугунун төмөнкүдөй чаралары аткарылат:
1) ачык базарлардын соода катарларынын үстүндөгү бастырмалар күйбөөчү материалдардан жасалат;
2) жабык базарларда тепкичтердин аянтчаларында, холлдордо жана коридорлордо соода кылууга тыюу салынат;
3) бастырманын жабуусун тордоону өрттөн коргоочу курам менен иштетилген жыгачтан жасоого уруксат берилет;
4) соода катарларынын ортосундагы ачык өтмөктөрдү кездеме, кагаз, плёнка менен жабууга тыюу салынат.
320. Имараттарга жана курулмаларга орнотулуучу күркөлөр жана ларектор күйбөөчү материалдардан жасалат. Күйүүчү суюктуктарды, дезодоранттарды, кысылган газдарды сатуу үчүн багытталган павильондор менен күркөлөр ушундай товарды саткан күркөлөрдөн өзүнчө же тобунда турган, күйбөөчү I, II жана III даражадагы отко туруктуу материалдан жасалат.
321. Жумуш убактысында товар жүктөө жана идиштерин түшүрүү сатып алуучуларды эвакуациялык чыгуу эшиктери менен байланышпаган жолдор боюнча жүргүзүлөт.
322. Ар бири сыйымдуулугу 1 литрден ашкан айнек идишке куюлган тиричилик химиясынын товарларын, лактарды, сырларды жана башка тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды, ошондой эле өрт коркунучу бар товарларды “Өрт коркунучу бар”, “Отко жакын чачпа” деген эскерткич жазуулары бар этикеткасыз сатууга тыюу салынат.
Өрт чыгуу коркунучу бар товарларды идиштерге бөлүштүрүү бул максат үчүн атайын ыңгайлаштырылган жайларда жүргүзүлөт.
§ 2. Соода павильондорунун жана күркөлөрдүн өрт коопсуздугу
323. Бөлүнгөн аймакта күркөлөрдү, ошондой эле аянты 20 м2ге чейинки бир кабаттуу павильондорду жайгаштыруу топ-тобу менен жүргүзүлөт. Бир топко өрткө туруктуулук даражасына карабастан 10дон ашпаган курулма жайгаштырылат. Топтордун ортосундагы жана алардан башка курулмаларга чейинки аралык 15 метрден кем болбоого тийиш.
Өрткө каршы аралыктар архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.
324. Күйүүчү калдыктар чогултулуучу жер күркөлөр менен павильондордон 15 метрден кем эмес аралыкка жайгаштырылат.
325. Таңгактоочу материалдарды жана инвентарды сактоо үчүн жайлардын аянты 5 м2 ашпоого тийиш.
326. Аянты 20 м2 чейинки соода күркөлөрүнүн имараттарынын жана бир кабаттуу павильондордун отко туруктуулук даражасы регламенттелбейт.
327. Калктуу конуштарга орнотулуучу күркөлөрдү жылытууда электр (май куюлган радиаторлорду, заводдо өндүрүлгөн жылытуучу панелдерди колдонуу менен), буу же суу колдонулат.
328. Калктуу конуштардан тышкары орнотулуучу күркөлөрдө меш менен жылытууга уруксат берилет.
329. Чыңалуу лампалары менен электр чырактары коргоочу калпакчалар, ал эми люминесценттик лампаларда – стартерсиз колдонулат.
330. Павильондун же күркөнүн жана курулмалар тобунун электр тармагын өчүрүү үчүн өчүрүүчү түзүлүш күйбөй турган негизге орнотулат.
9-глава. Коомдук тамактануу ишканаларынын өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Коомдук тамактануу ишканаларына өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
331. Ресторандардын, кафелердин жана ашканалардын администрациясы залдарга келүүчүлөрдүн ашыкча толуп кетишине жол бербөөгө тийиш.
332. Коомдук тамактануу ишканаларынын жайларындагы килемдер жана килем жолчолор полго бекем бекитилиши керек.
Полдордун каптоолору (килемдер, паластар) калориясы аз тутандыргыч булактардын (күйгүзүлгөн ширеңке, өчүрүлбөгөн тамеки) кыска мөөнөттүү таасиринен күйүп кетпөөгө тийиш.
333. Чоң ресторандарда кезметтеги тейлөөчү персоналда дем алуу органдарын жеке коргоочу каражаттардын комплекси жана электр фонарлары болушу керек.
334. Коомдук тамактануу жайларында суюлтулган күйүүчү газ толтурулган баллондор менен иштеген жылыткычтарды жана дизелдик жана күйүүчү суюктуктун башка түрү менен иштеген тамак даярдоочу аппараттарды пайдаланууга таптакыр тыюу салынат. Ошондой эле шыбын күйгөндө уулуу газ чыгаруучу пластик материалдардан жана тез эрүүчү керме пленкалардан жасоого тыюу салынат.
335. Тамак ичүүчү залдардагы столдордун жайгашуусу өрт чыккан учурда келүүчүлөрдү эркин эвакуациялоого тоскоолдук кылбоого тийиш.
Ресторандарда, кафелерде, ашканаларда адамдарды эвакуациялоо жолунда чыгууга алып келүүчү, айрым отуруучу жерлерге эркин өтмөк калтыруу менен туурасы 1,5 метрден кем эмес негизги өткөөл калтырылышы керек.
336. Коомдук тамактануу ишканаларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) күйүп турган электр жана газ плиталарын, кактоочу, ысытуучу-кондитердик шкафтарды жана башка ысытуучу приборлорду кароосуз калтырууга;
2) газ түтүктөрү менен приборлордун газ чыккан жерин аныктоо үчүн ширеңкени же башка ачык оттун түрлөрүн колдонууга;
3) жайдын ичинде суюлтулган күйүүчү газ толтурулган же бош баллондорду сактоого жана пайдаланууга;
4) эвакуациялоо жолдоруна гардеробдорду жана буфеттерди коюуга;
5) тамак ичүүчү залдардын дубалдарын жана терезелерин күйүүчү жана күйгөндө ууландыруучу синтетикалык материалдар менен жасалгалоого.
337. Башка багыттагы имараттарда (өзүнчө турган имараттардан тышкары) жайгашкан коомдук тамактануу ишканаларында суюлтулган газ баллондорун пайдаланууга таптакыр тыюу салынат.
338. Газ баллондору имараттан тышкары дубалдын коңулунда күйбөгөн материалдардан тосмолонгон курулмаларда (шкафтарда же баллондордун үстүнкү бөлүгүн же редукторду жаап турган каптоочтордун астында) жайгаштырылууга тийиш.
339. Газ баллондор үчүн улай салынган курулуштар жана шкафтар кулпу менен бекитилүүгө жана жалюзилер же желдетүүчү коңулдар, ошондой эле “Өрт коркунучу бар газ” жана “Тамеки чекпе” деген эскерткич жазуулар болууга тийиш.
340. Газды ташуу үчүн резина-кездеме жеңче (шланг) узуну 3 метрден ашпаган бир кесиндиден болууга жана бурулган жерлерде өтө ийилүүгө тийиш.
341. Коомдук тамактануу объекттери ушул Эрежелердин талаптарына ылайык алгачкы өрт өчүрүү каражаттары менен (өрт өчүргүчтөр) камсыз кылынууга тийиш.
342. Көп кабаттуу турак жай имаратынын биринчи кабатында жайгашкан коомдук тамактануу ишканаларында жаратылыш газы менен иштеген газ жабдууларын орнотууга төмөнкү шарттар сакталганда гана уруксат берилет:
1) отуруучу орундардын саны 50дөн кем эмес жана жалпы аянты 250 м2 чейин болууга тийиш;
2) газ жабдууларынын (жылытуудан тышкары, тамак-аш жасоо, суу жылытуу) жалпы кубаттуулугу 10 м3/с ашпоого тийиш;
3) жайдын жаратылыш газы менен газдалуусунун чектүү жол берилген концентрациясына жеткенде иштей турган метан жана көмүртек оксиди боюнча газдануу сигнализатору каралууга тийиш;
4) газдануу сигнализаторлору сигнализаторлордун импулсунан иштеген учурда газды берүүнү токтото турган тез иштөөчү электр магниттик клапан менен блоктолууга тийиш.
343. Ашкана жайында ачык оттун үстүндө (тандыр, мангал, жер астындагы жана жер үстүндөгү мештер) тамак бышыруучу түзүлүштөрдү колдонууга, эгерде ачык оттун булагынын үстүндө отту кармоочу түзүлүштөр бар сормо системасы болгон, жайдын жасалгасында күйүүчү элементтер жок болгон, өзү иштөөчү өрт өчүргүч орнотулган учурда уруксат берилет.
344. Жаратылыш газы менен иштеген газ жабдууларынын орнотулушу каралган жайлар атайын бөлүнүүгө жана төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) табигый жарыктандыруу;
2) дайыма иштеп турган, абаны улам алмаштырып туруучу аба желдеткич;
3) жарылуудан коргоочу электр жарыгы;
4) газ киргизилүүчү жайдын бийиктиги 2,2 метрден кем болбоого тийиш;
5) өрт чыкканда, газ чыкканда, желдетүү системасы соро албай калганда, ошондой эле газдын зарыл болгон басымы бузулганда газ менен камсыздоону автоматтык түрдө өчүрүү.
Газ плиталарын жана суу жылыткычтарын орнотууда жайдын ички көлөмү газ менен камсыздоо системаларын долбоорлоо жаатындагы курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык эсептелиши керек.
§ 2. Тамак-ашты (фаст-фуд, гриль) тез даярдоо объекттеринин
өрт коопсуздугу
345. Тамак-ашты тез даярдоо объекттерин балдар, мектепке чейинки, мектеп, дарылоо мекемелеринин аймагына жана автомай куюучу станцияларда жайгаштырууга (өзүнчө турган) тыюу салынат.
346. Тамак-ашты тез даярдоо объекттерин таптакыр күйбөгөн же кыйынчылык менен күйгөн материалдан жасалган өзүнчө турган имараттарга жайгаштырууга жол берилет.
347. Тамак-ашты тез даярдоо объекттеринде күйүүчү газ баллондорун жайдын ичинде сактоого жана эксплуатациялоого тыюу салынат.
348. Күйүүчү газды колдонуу менен тамак-ашты тез даярдоо жайы газдын чыгышын таба турган атайын автоматтык түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
349. Тамак-ашты тез даярдоо объекттеринде суюлтулган газ баллондорун пайдалануу ушул Эрежелердин 338, 339, 340-пункттарына ылайык ишке ашырылууга тийиш.
350. Тамак-ашты тез даярдоо объекттери ушул Эрежелердин талаптарына ылайык алгачкы өрт өчүрүү каражаттары (өрт өчүргүч) менен камсыз кылынууга тийиш.
§ 3. Ачык отто (тандыр, мангал, жер астындагы жана жер үстүндөгү мештер) тамак-аш даярдалуучу ачык объекттердин
өрт коопсуздугу
351. Коргоо объектинин аймагы дайыма таза кармалууга жана күйүүчү таштандылар менен кургак чөптөн тазаланып турууга тийиш.
352. Ачык мешти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле өрт коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эрежелердин жыйнактарына ылайык имараттардан жана курулмалардан 10 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу зарыл.
353. Көмүрдү жана жыгач отунду атайын бөлүнгөн жерге же өзүнчө жайга жайгаштыруу зарыл.
354. Мештин сыртын күйүүчү жана кыйынчылык менен күйүүчү материалдар менен жасалгалоого тыюу салынат.
355. Коргоо объектинин чатырын же бастырмасын күйбөгөн материалдардан жана металл конструкциялардан гана жасоо зарыл.
356. Коргоо объекттери күкүмдүү эки өрт өчүргүч, кийиз же асбест кездеме жана 200 литрден кем эмес суу запасы менен камсыз кылынууга тийиш.
10-глава. Мончо-сауналардын өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
357. Саунада заводдо өндүрүлгөн, мештердин суткасына 8 сааттан ашык иштешине жол бербеген автоматтык система менен жабдылган мешти колдонуу зарыл.
358. Кургак ысык чыгаруучу камера жайгашкан жайдагы меш күйбөгөн материалдан жасалган негизге орнотулууга, мештен кургак ысык чыгаруучу камеранын конструкциясынан үстүнкү бетинин күйүп кетүүчү (жыгач) каптамына чейинки аралык 1,25 метрден кем эмес болууга тийиш.
359. Кургак ысык чыгаруучу камеранын жогорку зонасында, ошондой эле камеранын конструкциясынын үстүнкү бетинин мешке жакын жыгач менен жасалгаланган четтерине температура 110 °C чейин жогорулаган учурда мештин электр ысыткычтарынан электр энергиясын өчүрө турган түзүлүш (жылуулукту жөнгө салгыч) менен блоктолгон температуранын датчиктери орнотулушу зарыл.
360. Таш-мешти, электр жылыткычтарын электр тармагына кошуу үчүн пайдалануучу электр зымдары, ошондой эле шамдар жана электр арматура жогорку температурадагы чөйрөдө эксплуатациялоо шартына эсептелүүгө тийиш. Жылуулук-энергия жылыткычтарын электр тармагына кошуу кургак ысык чыгаруучу камеранын тышында жүргүзүлүүгө тийиш.
361. Кургак ысык чыгаруучу камеранын мешинин астындагы таза аба келүүчү каналды системалуу түрдө чаңдан жана башка предметтерден тазалап туруу зарыл.
362. Кургак ысык чыгаруучу камерадан аба сордургучту обочолонтуп аткаруу жана түздөн-түз тышка чыгаруу зарыл.
363. Сауналарды салууда жана экспулатациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) кургак ысык чыгаруучу камераны жасалгалоо үчүн ийне жалбырактуу дарактарды пайдаланууга, бул максатка бай теректи же кайыңды пайдалануу зарыл;
2) тармакка сайылган электр жылыткычынын кароосуз калтырууга;
3) өчүрүлгөн же жылуулукту жөнгө салгычы бузулган мешти пайдаланууга;
4) колго жасалган жылуулук-энергия жылыткычтарын орнотууга;
5) сауна жайларында электр жылытуучу тиричилик приборлорун атайын жабдылган жерден тышкары пайдаланууга.
364. Кургак ысык чыгаруучу камеранын жабдуулары бузулганда же күйүктүн белгилери аныкталганда аны эксплутациялоону дароо токтотуу зарыл.
365. Бууландыруучу жайларда өрттү өчүрүү үчүн суу түтүгү тармагына туташтырылган чачыраткычы бар кургак түтүктөрдү орнотуу зарыл.
11-глава. Кампалык багыттагы объекттердин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Кампа объекттерине карата өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
366. Кампа заттарын жана материалдарды сактоо алардын өрт коркунучун чыгарган физикалык-химиялык касиеттерин (суу тийгенде, абага кошулганда кычкылданууга, өз алдынча ысып кетүүгө жана жалбырттоого жөндөмдүүлүгү), отту өчүрүүчү заттардын айкаштык жана бир тектүүлүк белгилерин эске алуу менен жүргүзүлөт.
Колдонулуучу өрт өчүрүүчү заттардын бир тектүүлүгүнө карабастан, кандайдыр бир башка материалдарды жана товарларды каучук же авторезина менен бир секцияда чогуу сактоого тыюу салынат.
367. Күйүүчү газ баллондорду, тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар куюлган идиштерди, ошондой эле аэрозолдук таңгактарды күндүн же башка жылуулуктун таасиринен коргоо зарыл.
368. Көп кабаттуу кампаларда аэрозолдук таңгактарды сактоого бөлүктөгү таңгактардын саны 150000 таңгактан ашпаган учурда жогорку кабатта гана өрткө каршы бөлүктөрдө уруксат берилет.
Кампанын жалпы сыйымдуулугу 900000 таңгактан ашпаган учурда, кампанын изоляцияланган бөлүгүндө 15000ден ашык эмес таңгак сакталат. Кампалар оңой ыргытылуучу каптоолордон, чатырсыз имараттарда жайгаштырылууга тийиш.
Жалпы кампаларда 5000 даанадан ашпаган сандагы аэрозолдук таңгактарды сактоого уруксат берилет.
369. Ачык аянттарда же бастырмалардын алдыларында аэрозолдук таңгактар кутулары күйбөгөн контейнерлерде гана сакталууга тийиш.
370. Сактоонун стеллажсыз ыкмасы колдонулган кампа жайларында материалдар штабель болуп жыйылат. Кампа жайларынын эшик оюктарынын каршысына туурасы 1 метрден кем эмес эркин өтмөктөр камсыз кылынышы керек.
Кампаларда ар бир 6 метр сайын туурасы 0,8 метрден кем эмес узунунан кеткен өтмөктөр салынат.
371. Кампа жайлардын ичиндеги жыгач конструкцияларды өрттөн коргоочу курам менен иштеп чыгуу зарыл.
372. Ал аркылуу транзиттик электр кабелдери, газ жана башка коммуникациялар өткөн жайларга кампаларды жайгаштырууга тыюу салынат.
373. Чырактардан сакталып жаткан товарларга чейинки аралык 0,5 метрден кем эмес жана күйүүчү курулуш конструкцияларынын үстүнкү бетине чейин 0,2 метрден кем болбошу керек.
374. Товардык-материалдык баалуулуктарды сактоо үчүн арналган жайларда тамак ичүү үчүн бөлмөлөрдү жана башка көмөкчү кызматтарды жасоого тыюу салынат.
375. Кампа жайларында товар жүгүртүүчүлөрдүн, эксперттердин, кладовщиктердин жумуш ордуларын тосуу үчүн орнотулган айнек тосмолор өрт чыккан учурда адамдарды же товардык-материалдык баалуулуктарды эвакуациялоого тоскоолдук кылбоого тийиш.
376. Кампа жайларына жүк жүктөөчү- түшүрүүчү жана транспорт каражаттарын коюуга жана оңдоого тыюу салынат.
Рампага (платформага) түшүрүлгөн жүктөр жана материалдар иш күндүн акырында алынууга тийиш.
377. Кампалардын имараттарында идиштерди ачуу, бузугун текшерүү жана майда оңдоо жумуштары, продукцияны өлчөп ороо, өрт коркунучу бар суюктуктардын (нитросырларды, лактарды) жумушчу кошулмаларын даярдоо менен байланышкан бардык операцияларды сактоочу жерден изоляцияланган жайда жүргүзүү зарыл.
378. Автомобилдер, автожүктөгүчтөр жана автокрандар жана жүк көтөрүүчү техниканын башка түрлөрү бузуксуз учкун өчүргүчтөр болгон учурда 3 метрден аз аралыкта кесек тоют, булалуу материалдар сакталып турган скирдаларга, штабелдерге жана бастырмаларга кире алат.
379. Иш күнү бүткөндөн кийин кампалардын электр жабдуулары токтон ажыратылат. Кампанын электр камсыздоолорун өчүрүү үчүн багытталган аппараттар кампа жайларынан тышкары, күйбөгөн материалдардан жасалган дубалда же өзүнчө турган таянычта, шкафтын ичинде же пломба басуу үчүн ылайыкташтырылган көңдөйчөгө жайгаштырылууга жана кулпу менен бекитилүүгө тийиш.
380. Кампалардын жайларында кезметтик жарыктандырууга, ошондой эле газ плиталарын, электр жылытуучу приборлорду эксплуатациялоого жана штепселдик розеткаларды орнотууга тыюу салынат.
381. Материалдарды ачык аянтта сактоодо бир секциянын (штабелдин) аянты 300 м2 ашпоого, ал эми штабелдердин ортосундагы өрткө каршы ажырымдар 6 метрден кем эмес болууга тийиш.
382. Түтүн чыга турган терезеси жок подвал жана цоколь кабаттарындагы жайларда, ошондой эле бул кабаттар менен имараттардын жалпы тепкич аянтчаларында күйүүчү идишке күйүүчү материалдарды же күйбөгөн материалдарды сактоого тыюу салынат.
§ 2. Тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар сакталуучу кампалардын өрт коопсуздугу
383. Резервуарларды тосуунун көлөмү ушул тосулган жердеги эң чоң резервуардын көлөмүнө бирдей болууга жана дайыма оң абалда кармалууга тийиш. Тосулган жердин ичиндеги аянтчалар тегизделет жана кум төгүлөт. Өрт өчүрүүнүн механизацияланган каражаттары үчүн тосулган жер аркылуу өтмөктөрдү жасоо ишкананын жетекчилигинин уруксаты менен жүргүзүлөт. Мында тосулган жердин бүтүндүгүн жана бийиктигин бузууга, ошондой эле резервуардык парктын чеги боюнча өтүүгө тыюу салынат.
384. Деңгээлди толтурууну контролдоо, автоматташтыруу жана өлчөө үчүн түзүлүштөрдүн линияларынан тышкары, резервуарлар тосулган жердин ичине жана түздөн-түз резервуарларда электр жабдууларын орнотууга жана электр линияларын өткөрүүгө тыюу салынат.
385. Резервуардык парктагы өткөргүч түтүктөрдүн коммуникацияларында резервуар авария болгон учурда мунайды бир сыйымдуулуктан экинчисине сордуруп куюу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарыл.
386. Кыш мезгилинде резервуарлардын чатырларынан карды өз учурунда тазалоо, ошондой эле резервуардык парктын аймагындагы жолчолорду жана өрт өчүрүү өтмөктөрүн кардан тазалоо зарыл.
387. Резервуардын чатырындагы төгүлгөн мунайды деңгээли өлчөнгөндөн же сынамы алынгандан кийин дароо тазалоо, ал эми резервуардын чатырын кургагыча сүрүү керек. Чатырына сүргөн материалдарды жана кандайдыр бир предметтерди калтырууга тыюу салынат.
388. Жарылуу жана өрт коркунучу болгон жайларда жана резервуардык парктын аймагында көмүр суутектердин концентрациясын туруктуу контролдоо үчүн жарык жана үн сигнализациясы бар газанализаторлорду орнотуу зарыл.
389. Резервуарлардагы мунайды жылытууга (белгиленген чектерде) жылыткычтардын үстүндөгү суюктуктун деңгээли 50 сантиметрден кем болбогон учурда уруксат берилет.
390. Резервуарлардагы илешчээк мунай тейлөөчү персоналдын туруктуу контролу астында буу менен гана жылытылат.
391. Мунай толтурулган резервуарларда жумуштар учкун чыгарбаган инструментти пайдалануу менен гана жүргүзүлөт.
392. Корпусунун жиктеринде же негизги металлында же түбүндө жаракка пайда болсо, колдонулуудагы резервуар дароо бошотулат жана тазаланат.
Мунай толтурулган резервуардагы жараккаларды четтетүү боюнча от чыгуучу жана механикалык жумуштарды жүргүзүүгө тыюу салынат.
393. Статикалык электр заряддарынын чыкпашы үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) урунган учурда учкун чыгарбаган материалдан жасалган жана сынамык алгычтарга каңдалган ток өткөргүч тросчолору бар сынам алгычтарды колдонуу;
2) статикалык электр заряддарын топтобогон кездемеден кийимди пайдалануу.
394. Тез тутануучу мунай продукттарын сордурууда же толтуруу учурунда сынам алууга тыюу салынат.
395. Мунай продукттарынын деңгээлин өлчөөнү жана сынамдарын алууну өлчөөчү түзүлүштөрдүн стационардык системалары менен жүргүзүү зарыл. Өзгөчө учурларда газ мейкиндиги 2,10 Па чейин ашыкча басым болгон резервуарларда деңгээлди өлчөөнү жана сынамын алууну өлчөөчү люк аркылуу кол менен жүргүзүүгө уруксат берилет.
396. Резервуардан деңгээлди өлчөө жана сынам алуу үчүн кызмат кылган люктар жылчыксыз капкактар менен, ал эми өлчөөчү көзөнөк ич жагынан учкун чыгарбаган металлдан жасалган шакекчелер менен жабдылат.
397. Жылчыктуу, ошондой эле чорголору, өткөргүч түтүктөр бириккен жерлери, сальниктердин учу, тээктери, өрт өчүрүү жана муздатуу системалары бузулган, тунуп калуучу резервуарларды эксплуатациялоого тыюу салынат.
398. Күкүрттүү мунай продукттары сакталган резервуарлар үчүн пирофордук күкүрттүү темирди катмарлануудан тазалоо боюнча пландуу жумуштардын графиги иштелип чыгууга тийиш.
399. Эксплуатациялануучу резервуардык парктардын аймагындагы ачык отту (ширетүү, кесүү) колдонуу менен байланышкан бардык курулуш жана монтаждоо иштери ишкананын башкы инженеринин жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде гана жүргүзүлөт.
400. Тосулган жердин ичине жана тосулган жерге өткөргүч түтүктөрдү салуу жана оңдоо учурунда казылган траншеялар бул иштер бүткөндөн кийин дароо көмүлөт, тосулган жер калыбына келтирилет. Иштерде узак тыныгуу болгон учурда убактылуу тосуу жүргүзүлөт.
401. Деңгээлди өлчөө жана сынамдарды алуу сутканын күндүзгү убагында жүргүзүлүүгө тийиш. Түн ичинде сынамдарды алууда же деңгээлди өлчөөдө жарыктандыруу үчүн жарылуу коркунучу жок аккумулятордук фонарларды гана колдонуу зарыл, аларды күйгүзүү жана өчүрүү классификациясы энергетика чөйрөсүндөгү эрежелер менен аныкталуучу жарылуу коркунучу бар зонанын чегинен тышкары гана ишке ашырылууга тийиш.
Жарылуу коркунучу бар зоналарда чөнтөк фонарларын колдонууга тыюу салынат.
402. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жылчыгы бар жабдууларды жана бекитүүчү арматураны эксплуатациялоого;
2) долбоордук документтерде белгиленген тосулган жердин бийиктигин азайтууга;
3) кыйшыгы жана жаракасы бар резервуарларды, ошондой эле бузук жабдууларды, продукт өткөргүчтөрдү орнотуучу контролдоо-өлчөө приборлорун жана өрткө каршы стационардык түзүлүштөрдү пайдаланууга;
4) тосулган жерге дарактарды, бадалчаларды, чөптү отургузууга;
5) сыйымдуулуктарды күйүүчү негизге орнотууга;
6) резервуарларды жана цистерналарды ашыра толтурууга;
7) чагылган учурунда мунайды жана мунай продукттарын агызууга жана куюуга.
403. Аба өткөрүүчү клапандар жана от тоскучтар даярдаган заводдун техникалык документтеринин талаптарына ылайык текшерилет.
Аба өткөрүүчү арматураны кароодо клапандарды жана торлорду муздан тазалоо керек. Аларды жылытуу өрт коопсуздугун сактаган ыкмалар менен гана жүргүзүлөт.
404. Резервуардык парктын кампаларында өрт өчүрүүчү заттардын запасын кыйла чоң резервуардагы өрттү өчүрүү үчүн зарыл болгон санда камсыз кылуу керек.
405. Резервуардык паркта оңдоо иштерин жүргүзүүдө резервуарлардын тосулган жеринин ичиндеги аймакка тракторлор менен автомобилдер түтүн чыгуучу түтүктөгү учкунду өчүргүчтөр болгондо гана кирүүсү зарыл. Автотранспорттун эксплуатациялануучу же корголбогон резервуарга 20 метрден жакын жакындоосуна тыюу салынат.
406. Резервуардык парктын кызматкерлери эксплуатациялоо процессинде, ошондой эле мүмкүн болгон аварияларда же өрт чыкканда зарыл болгон которууларды тез жана адашпастан жүргүзүү үчүн өткөргүч түтүктөрдүн жайгашуу схемасын жана бардык тээктердин багытын билүүлөрү зарыл.
407. Эгерде оңдоо иштеринин алдында мунай өткөргүчтү мунайдан толук бошотуу мүмкүн болбосо, анда мунайдын агып кетишин болтурбоо боюнча чараларды көрүү зарыл.
408. 60 м3 чейинки сандагы күйгөндөгү температурасы 120 °C жогору болгон суюктуктарды идиште сактоо полу күйбөгөн материалдардан жасалган жана төгүлүп тапталган топурактын катмарынын калыңдыгы 0,2 метрден кем болбогон шартта күйүүчү материалдардан жасалган жер астындагы сактоочу жайларда жүргүзүлөт.
409. Тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды бир жайда идиште бирге сактоого алардын жалпы саны тез тутануучу суюктуктардыкы 200 м3 ашпаган жана күйүүчү суюктуктардыкы 1000 м3 ашпаган учурда уруксат берилет.
410. Сактоочу жайларда тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар бар челектерди кол менен коюуда полго 2 катардан ашык эмес, күйүүчү суюктуктар бар челектерди механизацияланган жол менен коюуда – 5 катардан ашык эмес, ал эми тез тутануучу суюктуктарда – 3 катардан ашык эмес жайгаштырылышы керек.
Штабелдин туурасын 2 челектен ашырууга тыюу салынат. Челектерди ташуу үчүн башкы өтмөктөрдүн туурасы 1,8 метрден кем эмес, ал эми штабелдердин ортосундагы аралык – 1 метрден кем эмес болууга тийиш.
411. Суюктуктар бүтүн идиште гана сакталат. Төгүлгөн суюктук дароо тазаланууга тийиш.
412. Идиштеги мунай продукттарын сактоо үчүн ачык аянтчалар топурактан жасалган тосмо же аянтка өтүүчү пандустары бар 0,5 метрден кем эмес бийиктиктеги күйбөгөн туташ дубалча менен тосулууга тийиш.
413. Аянтчанын деңгээли жанаша аймактан 0,2 метрге жогору болууга жана агын сууларды буруп кетүүчү кювет менен курчалууга тийиш.
414. Бир тосулган аянтчанын чегинде өлчөмү 25х15 метр жана бийиктиги 5,5 метр болгон 4төн ашпаган челектердин штабелдери, штабелдердин ортосундагы ажырымдар 10 метрден кем эмес, ал эми штабель менен валдын (дубалчанын) ортосундагы ажырым – 5 метрден кем эмес болгондой жайгаштырылууга тийиш.
Эки жанаша аянтчанын штабелдеринин ортосундагы ажырымдар 20 метрден кем болбошу зарыл.
415. Аянтчалардын үстүнө күйбөгөн материалдан бастырмаларды салууга жол берилет.
416. Мунай продукттарын куюштурууга, ошондой эле таңгактоочу материалды жана идишти түздөн-түз сактоочу жайларда жана тосулган аянтчаларда да сактоого тыюу салынат.
417. Күйүүчү газ баллондорду сактоо үчүн кампаларды үстү оңой ыргытылуучу каптоолор менен бир кабат чатырсыз имараттарга жайгаштыруу зарыл.
Газ баллондор сакталган жайлардын терезеси ак сыр менен сырдалууга же күндөн коргоочу күйбөгөн түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.
Баллондорду ачык аянтчаларда сактоодо аларды жаан-чачындын жана күндүн нурунун таасиринен коргогон бастырмалар күйбөгөн материалдардан жасалышы керек.
418. Баллондор сакталган жердин айланасынан 10 метр аралыкта кандайдыр бир күйүүчү материалдарды сактоого жана от чыгуучу жумуштарды аткарууга тыюу салынат.
419. Баллондор жайгаштырылган шкафтар жана будкалар күйбөгөн материалдардан жасалууга жана аларда жарылуу коркунучу бар аралашмалардын пайда болушун болтурбоочу табигый желдетүү менен камсыздалышы керек.
420. Күйүүчү газ баллондор кислород, кысылган аба, хлор, фтор жана башка кычкылдандыргычтар толтурулган баллондордон, ошондой эле уулуу газ баллондорунан өзүнчө сакталууга тийиш.
421. Газды кысылган, суюлтулган жана эритилген абалда сактоону басымдын астында иштеген идиштерди жайгаштыруунун жана коопсуз эксплуатациялоонун талаптарына шайкеш келген баллондордо ишке ашыруу зарыл. Баллондордун тышкы бети ошол газ үчүн белгиленген түс менен сырдалууга тийиш.
422. Кислород бар баллондорду сактоодо жана ташууда майдын тамып кетишине жана баллондун арматурасына май материалдардын тийип кетишине жол берилбейт.
Кислород бар баллондорду кол менен жылдырууда анын капкакчасын кармоого тыюу салынат.
423. Тизүү учурунда баллондордун бири-бирине урунуусуна, калпакчаларынын жана баллондордун полго жыгылышына жол берилбейт.
424. 40тан ашык газ баллон сакталган жайлар жарылуу коркунучунун концентрациясына жеткирбей турган оң абалдагы газоанализаторлор менен жабдылышы зарыл. Газоанализаторлор болбогон учурда коргоо объектинин жетекчиси сынамдарды алуу жана контролдоо тартибин белгилейт.
425. Баллондордон газ чыкканы аныкталган учурда аларды кампа жайынан коопсуз жерге чыгаруу керек.
426. Күйүүчү газ баллондор сакталган кампага таманына металл мык же така кагылган бут кийимчен адамдардын киришине жол берилбейт.
427. Башмактары бар күйүүчү газ баллондор алардын жыгылышына жол бербөөчү атайын уячаларда, торчолордо же башка түзүлүштөрдө вертикалдуу абалда сакталууга тийиш.
Башмактары жок баллондор рамаларда же стеллаждарда горизонталдык абалда сакталат. Мындай учурда штабелдин бийиктиги 1,5 метрден ашпайт, ал эми клапандары сактоочу калпакчалар менен жабылат жана бир тарапты каратып коюлат.
428. Газ кампаларында кандайдыр бир башка заттарды, материалдарды жана жабдууларды сактоого тыюу салынат.
429. Күйүүчү газ баллондору үчүн кампа жайлары табигый желдетүү менен камсыздалууга тийиш.
§ 3. Айыл чарба продукциясы сакталуучу кампалардын өрт коопсуздугу
430. Кесек тоюттун запасы фермалардын имараттарынан өзүнчө болгон, дубалдары (тосмолор) күйбөгөн туюк жана отко туруктуулуугу EI-45 кем эмес чектеги тосмолор менен бөлүнгөн жанаша курулуштарда гана сакталууга тийиш.
Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулугу боюнча классификациясы архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылар жана эрежелер менен аныкталат.
431. Жанаша курулуштардын чыгуусу түздөн-түз сыртты карай гана болот.
432. Чөп сакталуучу жай топурактан жасалган тосмо жана зым тосмолору менен тосулат. Тараза чөп сакталуучу жайдын чегинен тышкары жайгаштырылат.
Кесек тоюттардын үймөктөрүн, бастырмаларын жана штабелдерин электр берүү линиясына чейин – 15 метрден кем эмес, жолго чейин – 20 метрден кем эмес жана имараттарга, курулмаларга чейин – 50 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу зарыл.
433. Чөп кампаларынын тосмолорунан жакын жайгашкан токой массивдерине чейинки аралык 20 метрден кем болбоого жана периметри боюнча туурасы 4 метрден кем болбогон тилке менен курчалууга тийиш.
434. Өндүрүштүк-чарбалык комплекстин аймагындагы кесек тоют кампалары атайын бөлүнгөн аянтчага жайгаштырылуусу зарыл, анын үймөктөн 15 м аралыгы туурасы 4 метрден кем болбогон тилке менен курчалышы керек. Өзүнчө турган үймөктөрдүн негизги үймөктөн 5 метр аралыкта коргоочу тилкелери болууга тийиш.
435. Бир үймөк чөптүн негизинин аянтынын 150 м2 ашып кетишине, ал эми пресстелген чөптүн (самандын) штабелдериники – 500 м2 ашып кетишине тыюу салынат.
436. Өзүнчө штабелдердин же үймөктөрдүн ортосундагы өрткө каршы ажырым 20 метрден кем болбоого тийиш. Штабелдерди жана үймөктөрдү жуптап жайгаштырууга жол берилет, мында бир жуптагы штабелдер менен үймөктөрдүн ортосундагы ажырым 6 метрден кем эмес, ал эми жанындагы жуптардын ортосундагы – 30 метрден кем эмес болушу керек. Эки жуп үймөктүн ортосундагы ажырымдарда туурасы 4 метрден кем эмес айдалган тилке болушу керек.
437. Үймөктөрдөн, бастырмалардан жана кесек тоюттун штабелдеринен электр берүү линияларына чейинки аралык 15 метрден кем эмес, жолго чейинки – 20 метр, имараттарга жана курулмаларга чейинки – 50 метрден кем болбошу керек.
438. Өзү түтөп күйүп кетиши мүмкүн болгон нымдуулугу жогору чөптүн үймөктөрүндө температураны контролдоп туруу жана анын жогорулап кетишине жол бербөө зарыл. Температура 60 °C жогору ашып кеткенде ысып бараткан чөптү өзүнчө бөлүп салуу зарыл.
439. Кесек тоют кампаларында иштеген тракторлорго жана автомобилдерге учкун өчүргүч коюлуусу зарыл, ал эми автомобилдерде үн басаңдаткыч бампердин асты менен алдын көздөй чыгарылат. Учкун өчүргүч коюлбаган тракторлор менен автомобилдерге кесек тоют кампаларында иштөөгө тыюу салынат. Кампага кирүүнүн алдында айдоочулар учкун өчүргүчтүн оң экендигин жана ишенимдүүлүгүн текшерүүлөрү керек.
440. Тоюттардын түтүн чыгаруучу түтүктөргө, коллекторлорго же үн басаңдаткычтарга түздөн-түз тийгенде күйүп кетпеши үчүн жүк түшүрүп иштеген сүйрөгүч тракторлорго жана автомобилдерге үймөктөргө 3 метрден жакын эмес жакын келүүгө уруксат берилет.
441. Автомобилдин кузовуна түздөн-түз тоют жүктөлүп жаткан учурда кыймылдаткычты өчүрүү керек. Автомобиль токтогон жерди кароодон жана түтүн чыгуучу түтүккө жакын чөптү (саманды) жыйноодон кийин гана кампадан чыгууга уруксат берилет.
442. Кесек тоют кампаларында өрт чыккан учурда өчүрүү үчүн 50 м3 кем эмес суунун запасын камсыз кылуу зарыл.
443. Түшүмдү жыйноонун алдында дан кампаларынын жана дан кургатуучу жайлардын пайдаланууга жарактуулугу текшерилет. Аныкталган бузулуулар данды кургатуу жана кабыл алуу башталганга чейин четтетилет.
444. Дан кампалары өзүнчө турган имараттарга жайгаштырылат. Алардын дарбазалары сырты көздөй ачылгандай жасалат жана асты тосулбайт.
445. Данды төгүп сактоо учурунда анын үстүнөн каптоонун күйүүчү конструкциясына, ошондой эле чырактарга жана электр зымдарына чейинки аралык 0,5 метрден кем эмес болууга тийиш.
Данды оюк аркылуу ташуучу жерлерде өрткө каршы тосмолорго отту өткөрбөй турган түзүлүштөр орнотулат.
446. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) дан менен кошо башка бир материалдарды жана жабдууларды сактоого;
2) кампа жайларынын кыймылдаткычтары ичинин күйүүчү дан тазалоочу жана башка машиналарды колдонууга;
3) кампанын эки тарабынан дарбазалары жабык учурда көчмө механизмдерде иштөөгө;
4) катуу отун менен иштеген кургаткычтарды тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар менен, ал эми суюк отун менен иштегендерди –факелдин жардамы менен тутандырууга;
5) температураны контролдоо приборлору жана от өчкөндө отунду берүүнү өчүрүүчү автоматика, электр менен же ансыз күйгүзүү системасы бузук кургаткычтарда иштөөгө;
6) данды транспортердук лентанын деңгээлинен жогору үймөктөөгө жана лентанын транспортердун конструкциясына сүрүлүшүнө жол берүүгө.
447. Кургаткыч иштеп жатканда дандын температурасын контролдоо ар бир 2 сааттан кечиктирбестен сынамдарды алуу аркылуу ишке ашырылат.
Кургаткычтын жүктөөчү-түшүрүүчү механизмдерин чаңдан жана дандан тазалоо ал иштегенден кийин бир сутка өткөндө жүргүзүлөт.
448. Көчмө кургаткыч агрегат дан кампасынын имаратынан 10 метрден кем эмес аралыкка орнотулат.
Кургатуучу мештер орнотулган учурда учкун чыгышына жол бербөө зарыл. Түтүн чыгуучу түтүктөр учкунду өчүргүчтөр менен жабдылат, ал эми алар күйүүчү конструкциялар аркылуу өткөн жерлерге өрткө каршы бөлүктөр орнотулат.
449. Дан кампаларында данды желдетүүдө желдеткичтерди күйүп кетүүчү дубалдардан 2,5 метрден кем эмес аралыкта орнотуу керек. Аба чыгаруучу жолдор күйбөгөн материалдардан жасалат (6).
450. Кургаткычтардагы механизмдердин подшипниктери жана башка сүрүлүүчү бөлүктөрү эксплуатациялоо боюнча нускамага ылайык дайыма майлап туруу зарыл.
451. Дан кургаткыч иштеп жаткан убакта тейлеген адамдар анын иштешин дайыма контролдоп турууга тийиш.
452. Механизацияланган дан кампаларында төмөнкүлөр зарыл:
1) төмөнкү ташуучу галереяны күйбөгөн материалдан жасоо жана натыйжалуу желдетүүнү камсыз кылуу;
2) төмөнкү ташуучу галереядан сыртка чыгуучу жерлерди экиден кем эмес санда жасоо. Көп секциялуу кампаларда төмөнкү ташуучу галереядан сыртка чыгуучу жерлерди бири-биринен 60 метрден ашык эмес жайгаштырууга;
3) отко туруктуулугу III жана IV даражада болгон кампаларда жогорку конвейердик галереяны (аянтчасын) күйүүчү материалдардан жасоого, ал эми отко туруктуулук даражасы I жана II болгон имараттарда күйбөгөн гана материалдардан жасоого уруксат берилет.
453. Өндүрүштүк жана кампа жайларынын кыймылдаткычтары ичинен күйүүчү машиналар менен жабдууларды колдонууга таптакыр тыюу салынат.
454. Дан сактоо үчүн аянты 1200 м2 ашпаган, күйүүчү материалдардан өзүнчө турган бастырмаларды курууга уруксат берилет.
455. Дандын өз-өзүнчө партияларын бөлүү үчүн стандарттуу жыгачтан жасалган дан тосмолорун колдонуу зарыл.
456. Кампанын кошо орнотулган бункерлери менен дубалдарынын ортосунда өтмөктөр болгон учурда, алардын туурасы 0,7 метрден кем эмес болууга тийиш.
457. Бардык имараттарда жана жайларда жылытуучу элементтери ачык электр жылытуучу приборлорду пайдаланууга, ал эми жарылуу-өрт коркунучу бар жайларда электр жылытуучу приборлордун бардык түрлөрүн пайдаланууга тыюу салынат.
458. Продукцияны каптарда, баштыктарда, кутуларда сактоо үчүн кампаларда штабелдердин бийиктиги каптардын жогорку катары менен тосмонун же каптоонун чыгып турган элементтеринин ортосунда, ошондой эле электр тармактарынын, чырактардын ортосунда 1 метрден кем эмес ачык жер калтыруу аркылуу аларды электр жүктөгүч менен белгиленген бийиктикке тоскоолдуксуз жыюуну эске алып колдонулат.
Идиштеги продукция поддондордо же стеллаждарда сакталат.
459. Наабайканаларда жана макарон чыгарган ишканаларда ун салынган каптарды жыюуда туурасы төмөнкүлөрдөн кем болбогон өтмөктөрдү жана жүрүүчү жолдорду калтыруу зарыл:
1) штабелдердин ортосунда – 0,8 метрден кем эмес;
2) штабелдерден дубалга чейинки аралык – 0,7 метр;
3) электр жүктөгүчтөр үчүн өтүүчү жерлер – 3,0 метр;
4) көтөрүлүүчү платформасы бар тележкалар үчүн өтүүчү жерлер – 2,0 метр.
460. Данды кабыл алуучу жана данды кайра иштетүүчү ишканаларда кампанын ар бир тарабынан продукцияны идиште сактоо үчүн өтмө жолдору бар экиден дарбаза болушу зарыл.
461. Үстү жылмакай жылытуучу приборлор колдонулат жана аларды чаңдан системалуу тазалап туруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай бийиктикке жайгаштырылат.
§ 4. Жыгач материалдары сакталуучу кампалардын өрт коопсуздугу
462. Жыгач материалдары сакталуучу кампалар үчүн сакталган материалдардын чектүү көлөмүн, өрткө каршы ажырымдарды жана штабелдердин ортосундагы, ошондой эле штабелдер менен коңшу объекттердин ортосундагы өтмөктөрдү көрсөтүү менен штабелдерди жайгаштыруу пландары иштелип чыгат.
463. Штабелдердин ортосундагы өрткө каршы ачык жерлерге жыгач материалдарын, жабдууларды жыйнап коюуга тыюу салынат.
464. Штабелдерге бөлүнгөн жер чөп-чардан, күйүүчү таштандыдан жана калдыктардан тартып топуракка чейин тазаланууга тийиш же калыңдыгы 0,5 метрден кем эмес кум, топурак же шагыл катмары менен жабылышы керек.
465. Ар бир кампа үчүн штабелдерди, баланс үймөгүн, чамындыларды жыйноо боюнча чараларды аныктоо аркылуу, ишкананын кызматкерлерин жана техникасын тартуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен өрттү өчүрүүнүн оперативдүү планы иштелип чыгат. Жыл сайын жазгы-жайкы өрт коркунучу бар мезгил башталардын алдында план ишкананын бардык нөөмөттөрүнүн кызматкерлерин тартуу менен иштелип чыгат. Жайкысын кампанын аймагын мезгил-мезгили менен сугарып туруу зарыл.
466. Кампаларда өрттү өчүрүүнүн алгачкы каражаттарынан тышкаркы, пункттарды өрттү өчүрүүнүн оперативдүү пландарында аныкталган санда өрт өчүрүүчү техниканын ар кандай түрлөрүнүн запасы менен жабдуу зарыл. Жыгач материалдары сакталган кампаларда өрттү өчүрүү үчүн суунун зарыл болгон запасын камсыз кылуу керек.
467. Кампада жыгач материалдарын сактоо менен байланышпаган иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
468. Жыгач материалдары сакталган кампаларда жумушчулар үчүн тиричилик жайларын өрткө каршы ажырымдарды сактоо менен өзүнчө имараттарда гана жасоого жол берилет.
Мындай жайларды жылытуу үчүн заводдо өндүрүлгөн гана электр жылытуучу приборлорду колдонууга уруксат берилет.
469. Кыймылдаткычтары ичинен күйүүчү лебедкалар кесиле элек устундардын штабелдеринен 15 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылат.
Лебедкалардын айланасындагы аянтты кесинди калдыктардан, жыгачтын кабыктарынан жана башка күйүүчү калдыктардан жана таштандылардан тазалап туруу зарыл. Кыймылдаткычтарга куюу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдар бир челектен ашпаган санда жана лебедкадан 10 метрден кем эмес жана жакынкы штабелден 20 метрден кем эмес аралыкта сакталат.
470. Жабык кампалардын полдору жана бастырмалардын астындагы аянттар күйбөгөн материалдардан салынат.
§ 5. Көмүр сактоо боюнча кампа объекттеринин өрт коопсуздугу
471. Көмүр сактоо үчүн аянттарды агын суу же жер астынан чыккан суу каптабагандай кылып пландаштыруу зарыл.
472. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жаңы казылган көмүрдү бир айдан ашык жатып калган көмүрдүн эски үймөгүнүн үстүнө жыюуга;
2) өзүнөн өзү күйүп кете турган очоктору даана байкалган көмүрдү кампаларга кабыл алууга;
3) күйүп жаткан көмүрдү транспортер лентасы менен ташууга жана аларды темир жол транспортуна же бункерге жүктөп жөнөтүүгө;
4) көмүр штабелдерин жылуулук булактарынын (буу өткөргүчтөр, ысык суу түтүктөрү, ысык аба каналдары) үстүнө, ошондой эле төшөлгөн электр кабелдеринин жана мунай-газ түтүктөрүнүн үстүнө жайгаштырууга.
473. Көмүрдү жыюуда жана сактоодо штабелдерге жыгачтын, кездеменин, кагаздын жана башка күйүүчү материалдардын түшүшүнө жол берилбейт.
Ар кандай маркадагы көмүр өзүнчө штабель болуп жыйналат.
474. Узакка сактоо үчүн кампага түшкөн көмүрдү мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө аларды вагондордон түшүрүүгө жараша штабель кылып жыйноо зарыл. Түшүрүлгөн көмүрдү эки суткадан ашык формасыз үймөктөп жана иретсиз сактоого тыюу салынат.
Штабелдер менен регламенттик иштерди аткаруу, ошондой эле механизмдердин жана өрт өчүрүүчү машиналардын өтүшү үчүн штабелдердин төмөнкү бетинин чегинен тосуп турган тосмого же крандын алдындагы жолдордун фундаментине чейинки аралык 3 метрден кем эмес, ал эми рельстин башынын тышкы чегине же авто жолдун четине чейинки аралык – 2 метрден кем эмес камсыз кылынат.
475. Кампаларда боорлоруна контролдук темир түтүктөрдү жана термометрлерди орнотуу же башка коопсуз ыкма менен көмүр штабелдериндеги температураны системалуу контролдоону камсыздоо зарыл.
Температура 60 °C жогору ашып кеткенде температура жогорулап кеткен жерлердеги штабелдерди тыгыздап, ысып кеткен көмүрдү алып салуу же температураны төмөндөтүү боюнча башка коопсуз методдорду колдонуу керек.
476. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) штабелдерде көмүрдү түздөн-түз суу менен өчүрүүгө же муздатууга. Күйүп жаткан көмүр аны штабелден чыгарып алгандан кийин гана суу менен өчүрүлөт;
2) өзүнөн өзү күйүп кеткен көмүрдү муздатылган же өчүрүлгөндөн кийин кайрадан штабелге салууга.
§ 6. Күйүүчү булалуу материалдар (жип, кездеме, кебез, аркан, кагаз) сакталуучу кампалардын өрт коопсуздугу
477. Бардык булалуу материалдар жабык кампаларда сакталууга тийиш. Айрым бир учурларда гана бастырманын астындагы ачык аянтчаларга сактоого уруксат берилет.
478. Булалуу материалдардын таңгактарын түшүрүүдө, жүктөөдө же жыюуда алардын металл таңгагын жүк түшүргөн илмектер менен чабууга жол берилбейт.
479. Штабелдеги буланын массасын 300 тоннадан ашырууга тыюу салынат.
480. Штабелдин өлчөмдөрү 22х11 метрден ашпагандай, бийиктиги боюнча – 8 метрден ашпагандай болушу керек.
481. Уюкта алтыдан ашпаган штабель же бастырма болушу зарыл, мында штабелдердин ортосундагы ажырым 15 метрден кем эмес, бастырмалардын ортосундагы ажырым – бардык багыттар боюнча 20 метрден кем болбошу керек.
482. Топто төрттөн ашпаган уюк (24 штабель же бастырма) каралат, уюктардын ортосундагы ажырым – 30 метрден кем болбоого тийиш.
483. Сектордо төрттөн ашпаган топтор (96 штабель же бастырма) каралат, топтордун ортосундагы ажырым – бардык багыттар боюнча – 50 метрден кем болбойт.
484. Секторлордун ортосундагы ажырымдын 100 метрден кем болушуна тыюу салынат.
485. Булалуу материалдарды сактоо үчүн кампалар, бастырмалар жана аянтчалар ээлеген участокторду тосуу зарыл, мында тосмодон берки аралыгы 5 метрден кем болбоого тийиш.
486. Тез күйүүчү булалуу материалдарды таңгак түрүндө гана сактоого уруксат берилет. Чачылган таңгакты өзүнчө участоктордо же атайын бөлүнгөн аянтчаларда сактоо керек жана алар биринчи кезекте кайра иштетүүгө жөнөтүлөт.
487. Жабык кампаларда булалуу материалдардын таңгактарын жыюуну туурасы 2 метр болгон бир узатасынан кеткен өтмөк жана ар бир эшиктин каршысына туурасы ушундай эле болгон туурасынан өтмөктөр калгандай кылып жүргүзүү керек. Таңгактар бийиктиги боюнча таңгактын чокусунан электр чырактарына чейинки аралык 1 метрден кем болбогондой кылып жыйылат.
488. Өндүрүштүк калдыктарды чийки зат жана даяр продукция менен бирге сактоого тыюу салынат.
489. Ачык аянттардагы булалуу материалдардын штабелдерин жабуу, ал эми бастырмаларды бардык тарабынан брезент менен чоюп жабуу зарыл.
490. Булалуу материалдарды автомашиналар, тракторлор (сүйрөткүч) менен ташуу учурунда брезент менен жабуу керек. Аларды ташып баратканда тамеки чегүүгө тыюу салынат.
491. Жабык кампалардын жана бастырмалардын астындагы өтмөктөр, ошондой эле ачык аянттардагы штабелдердин ортосундагы ажырымдар бош болууга тийиш.
492. Булалуу материалдар сакталган бастырмаларга жана штабелдерге учкунду өчүргүчү жок темир жол жана автотранспортунун 5 метрден жакын, ал эми тракторлордун – 10 метрден жакын келүүсүнө тыюу салынат. Мындай жерлерге чектөөчү устундарды коюу зарыл. Булалуу материалдар сакталган жабык кампаларга, бастырмаларга жана штабелдерге автотранспорттун жакын келүүсү түтүн чыгуучу түтүгүнө каршы тарабы менен жүргүзүлөт, мында үн басаңдаткычы бузугу жок учкун өчүргүч менен жабдылат.
12-глава. Транспорт объекттеринде өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Автомобиль транспортундагы өрт коопсуздугу
493. Ачык токтотуучу жайларда транспорт каражаттарын майда-барат оңдоону жана учурдагы техникалык тейлөөнү катуу жердеги аянтчаларда жүргүзүүгө уруксат берилет.
494. Транспорт каражаттарын майда-барат оңдоо жана күндөлүк тейлөө жүргүзүү үчүн ар бир аянтчада өрткө каршы инвентардын топтому менен өрт өчүрүү тактасын орнотуу зарыл.
495. Гараж жайларын жана транспорт каражаттары токтотулган ачык аянтчаларды өрт чыккан учурунда же башка өзгөчө кырдаалдарда аларды эвакуациялоого тоскоол келтирүүчү предметтер жана жабдуулар менен тосууга тыюу салынат.
496. Гараждардын жайлары жана транспорт каражаттары токтотулган ачык аянтчалар таза кармалууга тийиш. Агып кеткен күйүүчү-майлоочу материалдар кум менен жабылат жана дароо тазаланат.
497. Көп батирлүү турак жай имараттарына, коомдук имараттарга кошо курулган гараж-токтоочу жайларга күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоого тыюу салынат. Башка гараждарда бензин жана дизель отуну үчүн – 20 килограммдан ашпаган, майлар үчүн – 5 килограммдан ашпаган кошумча сандагы күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоо тыгыз жабылган металл идиште гана жүргүзүлүүгө тийиш.
498. Автомобилдер токтотулуучу жайларды аба желдетүүнү айкалыштыруу аркылуу суу же аба менен жылытуу керек. Гараждарды кайтаруучу жайларда заводдо өндүрүлгөн үстү жылмакай жергиликтүү жылытуучу приборлорду пайдаланууга жол берилет.
499. Транспорт токтотулуучу жайларда, бастырманын астында жана ачык аянтчаларда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) транспорт каражаттарын жайгаштыруу планынын ченеминен ашып кеткен санда коюуга, автомобилдер менен имараттардын (курулмалардын) ортосундагы аралыкты азайтууга;
2) чыгуучу дарбазаларды жана өтмөктөрдү тосууга; темир, термиттик, ширетүү, сырдоо жана жыгач иштетүү жумуштарын аткарууга, ошондой эле тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды пайдалануу менен тетиктерди жууп-тазалоого;
3) май куюлган бактан, отунду берүүчү системадан тамган учурда май куюлган бактардын оозун ачык, ошондой эле электр жабдууларынын системасы бузук транспорт каражаттарын калтырууга;
4) транспорт каражаттарына күйүүчү-майлоочу материалдарды куюуга, ошондой эле аларды канализацияга же тегерегиндеги аймакка төгүүгө. Иштетилген күйүүчү-майлоочу материалдарды, фильтрлерди, чүпүрөктөрдү чогултуу күйбөгөн материалдардан жасалган, капкагы жабылган сыйымдуулуктарга жүргүзүлөт;
5) аккумуляторлорду түздөн-түз транспорт каражатында кубаттоого, ошондой эле бул максаттар үчүн ыңгайлаштырылбаган жайларда кубаттоого;
6) кыймылдаткычтарды ачык от менен жылытууга, ачык от булактарын жарык тандыруу үчүн пайдаланууга;
7) тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктарды, ошондой эле күйүүчү газдарды ташуу үчүн транспорт каражаттарын жалпы токтотуучу жайларга коюуга;
8) тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар куюлган сыйымдуулуктарды сактоого.
500. Газ түрүндөгү отун менен иштеген транспорт каражаттарын пайдаланууда:
1) газ берилүүчү системасы техникалык жактан бузук (жылчыктуу) транспорт каражаттарын жабык жайга токтотууга тыюу салынат;
2) жабык жайда транспорт каражатын “өз кыймылы менен” жүргүзүүгө тыюу салынат;
3) транспорт каражаттарын токтотуу үчүн багытталган жайларда суюлтулган көмүр суутек газын агызууга тыюу салынат;
4) кышкы убакта транспорт каражаттары гаражга коюлбаганда жана температура өтө төмөн болгондо кыймылдаткычты алдын ала жылытуу жана газ коммуникацияларындагы тоңду эритүү ысык суунун, буунун же ысык абанын жардамы менен жүргүзүлөт;
5) басымды контролдоо, газды иштеп чыгуу, кыймылдаткычты жылытуу, отундун ар кандай түрлөрүнө которуу жана газды чабыштыргычка берүү менен байланышкан системалар оң абалда күтүлүүгө тийиш. Суюлтулган көмүр суутек газ баллондорундагы сактоочу капкакчалар, ошондой эле отундун берилишин блоктоону камсыз кылуучу электр магниттик капкакчалар оң абалда гана эксплуатацияланууга тийиш. Баллондорду текшерүү 2 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек;
6) жабык гараждарда-токтотуучу жайларда жана абанын температурасы 25 C° ашкан башка от жагылуучу жайларда суюлтулган көмүр суутек газын пайдаланууга жана сактоого тыюу салынат;
7) жабык гараждарда-токтотуучу жайларда кыймылдаткычты аралыктан от алдырууга тыюу салынат.
501. Транспорт каражаттарын (жекече транспорттон тышкары) токтотуу үчүн жайларды жана ачык токтотулуучу аянтчаларды 10 техника бирдигине 1 трос (штанга) эсебинде сүйрөтүүчү тростор жана штангалар менен камсыз кылуу зарыл.
502. Аккумулятордук батареяларды кубаттоо процессинде төмөнкү талаптарды сактоо зарыл:
1) учкундун чыгышына жол бербөө үчүн зымдардын батареянын клеммаларына ишенимдүү тутуштырылышын текшерүү;
2) батареялардын банкаларынын капкагын ачып коюу;
3) кубаттоо тогун жүргүзүү жана кубатталган аккумуляторлорду аба желдеткич иштеп жатканда гана сактоо;
4) өзүнчө аккумуляторлордон өткөргүчтөрдү кубаттоо тогу өчүрүлгөндө гана өчүрүү;
5) бузулган өткөргүчтөрдү дароо жаңысына алмаштыруу.
503. Аккумулятордук станциялардын кубаттоочу жайларында каңдоо иштери же каңдоочу лампаны пайдалануу менен жасалуучу иштер жай жакшылап желдетилген шартта, батареяларды кубаттоо токтотулгандан кийин 2 сааттан эрте эмес жүргүзүлүүгө тийиш. Каңдоо же каңдоочу лампа менен иштеген учурда жайды тынымсыз желдетип туруу зарыл. Каңдоо жүргүзүлгөн жер жайдын технологиялык жабдууларынан отко туруктуу калкан менен тосулат.
504. Аккумулятордук станциялардын жайларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тамеки чегүүгө, от чыгарууга, электр жылытуучу приборлорду пайдаланууга;
2) кислоталарды, щелочторду же электролитти бир нөөмөткө жете тургандан ашык санда сактоого.
505. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтер, участоктор жана бөлүмдөр сырткы дубалдарында терезе оюктары бар, отко туруктуулук даражасы IIден төмөн болбогон атайын жабдылган бир кабаттуу имараттарда жайгаштырылат жана чектеш өндүрүштүк жайлардан өрткө каршы дубалдар менен тосулуп турат. Жууп-тазалап жана сырдай турган цехтерден чектеш жайларга чыгуучу жерди аба кепилденген киргидей тамбур-шлюз аркылуу жасоо керек.
506. Имараттардын жогорку кабаттарына сырдоочу цехтерди чектеш жайлардан өрткө каршы дубалдар менен тосулган жана тепкич аянтчаларына өзүнүн чыгуучу жери бар, тышкы дубалдарды бойлой жайгашкан өзүнчө бөлүнгөн жайларда жайгаштырууга уруксат берилет.
507. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтерди көп кабаттуу имараттардын подвал, цоколь жана биринчи кабаттарына жайгаштырууга тыюу салынат.
508. Сыр даярдоочу бөлүмдөр сырткы дубалында терезе оюгу, өз алдынча эвакуациялык чыгуучу жери бар жайга жайгаштырылууга жана чектеш жайлардан күйбөгөн дубалдар менен изоляцияланууга тийиш.
509. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтердин, ошондой эле сырды даярдоочу бөлүмдөрдүн полдору күйбөйгөн, электр өткөргөн, эриткичтерге туруктуу болгон жана учкун чыгарбаган материалдардан жасалууга тийиш.
510. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтердин дубалдарынын 2 метрден кем эмес болгон бийиктеги ички беттери булгануудан оңой тазалануучу күйбөгөн материал менен беттелет.
511. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтердин, лак-сыр лабораторияларынын жана сыр даярдоочу бөлүмдөрдүн жайларын өз алдынча механикалык аба желдеткичтер менен жана сырдоочу камералардан, малма ванналардан, куя турган түзүлүштөрдөн, кол менен сырдоочу посттордон, кургатуучу камералардан, жууп-тазалоочу жана үстүнкү бетинин майын кетирүүчү участоктордон жергиликтүү аба желдеткич менен жабдуу зарыл. Жарылуу коркунучу бар концентрациялардын пайда болушун алдын алуу үчүн аталган жайларга автоматтык газ анализаторлору орнотулат.
512. Жууп-тазалоочу, сырдоочу цехтерде жана сыр даярдоочу бөлүмдөрдө жылытуучу приборлордун үстүнкү бети жылмакай болууга жана 95 °С жогору ысыбоого тийиш. Кырдуу радиаторлорду колдонууга уруксат берилбейт.
513. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтерде, лак-сыр лабораторияларында жана сыр даярдоочу бөлүмдөрдө жарылуудан коргой тургандай жасалган электр жабдууларын жана чырактарды пайдаланууга жол берилет.
Электр менен иштеген түзүлүштөр, кнопкалуу электр магниттик иштеткичтер жууп-тазалоочу жана сырдоочу жайлардан тышкары орнотулууга тийиш.
514. Жууп-тазалоочу, сырдоочу цехтердин жана сыр даярдоочу бөлүмдөрдүн көчмө технологиялык жабдуулары (шатылары, стремянкалары, такталары, кол арабалары ж.б.) урунганда жана сүрүлгөндө учкун чыгарбай турган коргоочу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.
515. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтердин, сыр даярдоочу бөлүмдөрдүн жана лак-сыр лабораторияларынын жайлары дайыма таза жана иреттүү күтүлүүгө тийиш. Жайлар, жабдуулар жана жумуш орундары бир нөөмөттө 1ден кем эмес жолу нымдуу ыкма менен тазаланат.
Төгүлгөн лак-сыр материалдары жана эриткичтер таарындынын жардамы менен өз убагында тазаланууга жана суу менен жуулууга тийиш.
Полду жууну, дубалдарды жана жабдууларды сүртүүнү өрт коркунучу жок техникалык жуучу суюктуктар менен жүргүзүү зарыл. Бул максаттар үчүн өрт коркунучу бар органикалык эриткичтерди колдонууга тыюу салынат. Аарчыган материалдар колдонуудан кийин жабылуучу атайын металл ящиктерге чогултулат жана ар бир нөөмөттүн аягында жайдан белгиленген жерге чыгарылат.
Лак-сыр материалдарынан бошогон идиш бошогонуна жараша цехтен чыгарылат жана атайын бөлүнгөн аянтчаларда капкактары тыгыз жабылган абалда чогултулат.
516. Жууп-тазалоо жана сырдоо процессинде статикалык электр кубатын чыгаруу үчүн бардык технологиялык жабдуулар, сыр чачыраткычтар, эриткичтер, лактар жана сырлар үчүн өткөргүч түтүктөр (жумшак шлангдар), ошондой эле сырдалуучу же жууп-тазалануучу айрым бир түйүндөр, тетиктер жана буюмдар ишенимдүү жерлетилет.
517. Адамдарда статикалык электр кубатынын пайда болушун алдын алуу жана чыгаруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) жумушчулар менен кызматчыларга синтетикалык материалдардан жана жибектен жасалган кийим кийүүгө, ошондой эле шакек жана билериктерди тагынууга тыюу салуу;
2) цехтин секичелеринде жана жумушчу аянттарында жерлетилген зоналарды жасоону кароо;
3) эшиктердин туткаларын, тепкичтердин кармоочторун, приборлордун саптарын жерлештирүү;
4) жумушчуларды ток өткөргөн бут кийим жана антистатикалык билериктер менен камсыз кылуу;
5) жумушчуларды жылаңач колу менен жерлештирилген металл предметтерди же жабдууларды кармоо жолу менен өзүндөгү статикалык электр кубатын мезгил-мезгили менен чыгарып турууга, бирок өрт коркунучу бар органикалык эриткичтердин же сырлардын жанында жасабоого милдеттендирүү.
§ 2. Электр мобилдин өрт коопсуздугу
518. Кубаттоо системасында (азыктандыруу түзүлүшү жана кубаттоо жабдуулары) бузулуу же суунун таасиринин белгилери, бөтөн нерсе, металл клеммаларда жана транспорт каражаттарын кубаттоо үчүн портто коррозиянын, даттын издери болбошу керек.
519. Башка автомобилдердин туташтыргыч кабелдерин аларды колдонуу боюнча техникалык нускамаларга (документтерге) ылайык аларды тышкы энергия булагынан иштетүү үчүн колдонууга болот.
520. Тиричилик тармагынан кубаттоодо тандалган розетка жана өтмө кабель транспорт каражатынын өзгөрүлмө тогунун кубаттоо розеткасынын табличкасында көрсөтүлгөн номиналдык токту көтөрө алышы керек.
521. Электр тогуна учуроону же кыска туташуудан өрт чыгышын болтурбоо үчүн чынжырга туташууну ажыраткыч орнотуу жана жерлештирилген суу өткөрбөс разетканы колдонуу зарыл.
522. Электр мобилди жакшы желдетилген жерде кубаттоо керек.
523. Жүрүү алдында автомобилди кубаттоо үчүн порттон (кубаттоо жабдуулары) өчүрүү керек.
524. Электр транспорт каражатын кубаттоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) кубаттоо үчүн портко тийүүгө;
2) кубаттоо жабдууларына нымдуу кол менен же сууда туруп тийүүгө;
3) кубаттоо үчүн эскирген жабдууларды колдонууга;
4) электр жабдууларында бузулуулар болсо, кубаттоо түзүлүшүн колдонууга (ысып кетүү, мүнөздүү жытты чыгаруу);
5) электр мобилди түнү бою кароосуз кубаттоого калтырууга;
6) өндүрүүчү заводдун документтеринде көрсөтүлгөндөн жогору же төмөн номиналдагы сактагычтарды колдонууга;
7) тез тутануучу предметтердин жанына токтотууга (саман, түшкөн жалбырак, макулатура же чүпөрөк);
8) чагылган болуп жатканда кубаттоого;
9) туташтыргыч кабелдин жана кубаттоо портунун туташтыргычтарын (вилка), аларда суу, дат же бөтөн нерселер болгон учурда пайдаланууга;
10) тиешелүү квалификациясы жок адамдар тарабынан электр түзүлүшүн ачууга же модификациялоого;
11) кубаттоо иштебей калышын жана өрттүн чыгышын болтурбоо үчүн кубаттоо жабдууларын жана тиешелүү портторду модификацияоого жана демонтаждоого.
§ 3. Темир жол транспортундагы өрт коопсуздугу
525. Кол жүк сакталган камералардагы жана багаждык бөлүмдөрдөгү стеллаждар күйбөгөн материалдардан гана жасалууга тийиш. Антресолдорду жасоого тыюу салынат.
526. Паровоз деполорунда жана локомотивдер (паровоздор) запасынын базаларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) паровоздорду оту өчө электе депого коюуга, ошондой эле аларды сормо зонттордун чегинен тышкаркы токтотмолордо жагууга;
2) депонун токтотмолорунда жана белгиленбеген жерлерде отунун жана күлүн тазалоого;
3) тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар, коркунучтуу жана башка күйүп кетүүчү жүгү бар кыймылдуу курамды паровоздун отун тазалай турган жерден 50 метрден кем аралыкта токтотууга;
4) тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар толтурулган цистерналарды, ошондой эле алдын ала буулап тазалабастан аталган суюктуктардан бошогон цистерналарды депонун токтотмосуна токтотууга;
5) отунду жана майды түздөн-түз бокстарда (токтотмолордо) чакага, идишке жана көмөкчү сыйымдуулуктарга агызууга;
6) тепловоздорго отун жана май куюуну технологиялык процессте белгиленбеген жерде жүргүзүүгө;
7) отун куюлуучу бактардын оозун ачык калтырууга.
527. Шлак жыйноочу канавалар күйүүчү материалдар сакталган кампалардан, ошондой эле отко туруктуулук даражасы IV жана V болгон имараттардан 50 метрден кем эмес аралыкка жайгаштырылат. Мештерди тазалоочу жерлердеги шлакка жана көөгө суу куюлушу жана дайыма тазаланып турушу керек.
528. Жууп-буулап тазалоочу станцияларга (пункттарга) бөлүнгөн аянтчалар темир жолдон, жакынкы станциялык жолдордон 30 метрден кем эмес, ал эми коңшу темир жол имараттарынан жана курулмаларынан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
Цистерналарды тазалоо жүргүзүлүүчү аймактын участоктору мунай продукттарынын жерге сиңип кетишин болтурбоочу катуу жабуу менен камсыз кылынышы керек.
529. Цистерналарды аларды тазалоочу жерлерге жеткирүүнү учкун өчүргүч менен жабдылган тепловоздор менен гана жүргүзүү зарыл. Цистерналарды берүүдө экиден кем эмес төрт октуу вагондорго бөгөт коюлат. Тепловоздордун тазалай турган жерлерге 20 метрден жакын келүүсүнө тыюу салынат.
530. Жууп-буулап тазалоочу станцияларга (пункттарга) тазалоого берилүүчү цистерналардын агызуучу приборлору, калпактарынын жана жүктөөчү люктарынын капкактары жабык болууга тийиш. Тазаланган цистерналар бузугу жок бекитүүчү арматура менен жабдылат.
531. Темир жолдор, эстакадалар, өткөргүч түтүктөр, күйүүчү газ, тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар толтурулган резервуарлар, цистерналар агызууда жана толтурууда статикалык электрди буруп кетүү үчүн ишенимдүү жерлештирүү менен камсыз кылынышы зарыл.
532. Метал көчмө жана жылдырма шатылардын кошулган жерлери жез илмектер жана резина жаздыкчалар менен жабдылууга тийиш.
533. От казандардын жана цистерналардын ичин аккумулятордук фонарлар менен гана жарык кылууга уруксат берилет. Фонарды цистернанын тышынан гана күйгүзүп жана өчүрүү керек.
534. Эстакадаларды жана аянтчаларды мунай продукттарынын калдыгынан тазалоону жана ысык суу менен жууну бир нөөмөттө 1 жолудан кем эмес жүргүзүү зарыл.
535. Жууп-буулап тазалоочу станциялардын (пункттардын) аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жарылуудан корголбогон фонарларды, лампаларды жана чырактарды пайдаланууга;
2) кара металлдан же урунганда учкун чыгаруучу башка материалдардан жасалган инструменттерди пайдаланууга;
3) темир жолдордун, имараттардын жана курулмалардын үстүнөн аба аркылуу электр зымдарын өткөрүүгө;
4) цистернанын от казанынын ичинде пластиналар же мыктар кагылган бут кийимди пайдаланууга;
5) тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктардын калдыктарын суу жана конденсант менен кошо жалпы канализация тармагына жана ачык канаваларга төгүүгө;
6) цистернага адамдарды түшүрүү үчүн көчмө болот шатыларды, ошондой эле болот кагылган жыгач шатыларды колдонууга;
7) каралуучу цистерналардын ичине же тышкы бөлүгүнө аарчыган материалдарды калтырууга;
8) локомотивдерди тазалоочу депого жана эстакаданын астына киргизүүгө.
536. Темир жолдордун бөлүү тилкелерин бутак-сутактардан, кесинди калдыктардан жана бадалдардан, эски шпалдардан жана башка күйө турган таштандылардан таза кармоо зарыл. Аталган материалдар бөлүү тилкелеринен өз учурунда ташылып кетүүгө тийиш.
537. Жолго төгүлгөн тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктарга кум, топурак төгүп, бөлүү тилкесинен чыгаруу зарыл.
538. Шпалдар жана устундар перегондордо, станцияларда жана звено жыйноочу базаларда убактылуу сакталганда штабель болуп жыйылууга тийиш.
Штабелдин астындагы аянтча жана аймак 3 метрден кем эмес аралыкта кургаган чөптөн жана башка күйүүчү материалдан тазаланууга же айдалууга тийиш.
539. Шпалдардын жана устундардын штабелдери курулуштардан жана курулмалардан 30 метрден кем эмес, поезддердин уюшкандыкта жүргөн жолунан – 10 метрден кем эмес, башка жолдордон – 6 метрден кем эмес аралыкта жана электр берүү жана байланыш линияларынын огунан таянычтын бир жарымдан кем эмес бийиктигиндеги аралыкта жолго параллель жыйналууга тийиш. Шпалдардын штабелдеринин ортосундагы ажырым 1 метрден кем эмес, ал эми штабелдердин ар бир жубунун ортосундагы ажырым 20 метрден кем эмес болушу керек.
540. Чөптү, саманды жана отунду көпүрөдөн, темир жол курулмаларынан жана поезддердин уюшкандыкта жүргөн жолунан, ошондой эле электр берүү жана байланыш линияларынын зымынын астынан 50 метрден кем аралыкка жыюуга тыюу салынат.
541. Бөлүү тилкесине от жагууга жана кургак чырпыктарды, кесинди материалдарды күйгүзүүгө, ошондой эле куураган бутактар менен бадалдарды калтырууга тыюу салынат.
542. Көпүрөлөрдүн астындагы 50 метр радиустагы жер участоктору куураган чөптөн, бадалдардан, бутак-сутактардан, күйүүчү таштандыдан дайыма тазаланып турууга тийиш.
543. Көпүрөлөрдө жана темир жолдо, алардын алдында жана аларга жакын жактарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) материалдар сакталуучу кампаларды, кемелер, плоттор, баржалар жана кайыктар үчүн токтотуучу жайды салууга;
2) керосин фонарларына жана бензомоторлуу агрегаттардын бактарына май куюуга;
3) аралык курулуштарды жана башка конструкцияларды мунай продукттарынан тазаланбаган абалда сактоого;
4) көпүрөлөрдүн астына куураган чөптү, ошондой эле бадалды жана башка күйүүчү материалдарды жагууга.
544. Темир жол машина станцияларынын вагондорун токтотуучу темир жол өрт чыккан учурда жүрүүчү курамды чыгарып кетүүнү жана чогултууну камсыз кылуу үчүн которгуч жебелер менен жабдылууга тийиш.
545. Өндүрүштүк устаканалар, мектептер, балдар мекемелери жайгашкан вагондор турак үйлөрдөн 10 метрден кем эмес өрткө каршы ажырымдар менен өз-өзүнчө топтор кылып коюлууга тийиш.
546. Темир жол машина станциялары жайгашкан жерлерде жасалма жана табигый суу менен камсыздоо булактары болбогон учурда вагондордун ар бир тобуна (15–20 бирдик) 50 м3 эсеп менен темир жол цистерналарында же башка идиштерде өрт өчүрүү муктаждыгы үчүн суунун запасын түзүү зарыл.
547. Ар бир көчмө түзүмдү өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды чакыруу үчүн жакынкы темир жол станциясы менен телефон байланышы менен камсыз кылуу зарыл. Темир жол машина станцияларынын вагондорун токтотуучу пункттарда өрт жөнүндө кабарлоочу белги орнотулат.
§ 4. Суу транспортундагы өрт коопсуздугу
548. Кемелердин экипаждарынын бардык мүчөлөрү, ошондой эле кемеде иштөөчү же кеме ишине байланыштуу милдеттерди аткаруучу башка адамдар өрт коопсуздугунун эрежелерин билүүгө жана аткарууга, өрткө каршы күрөшүүнүн практикалык көндүмдөрүн билүүгө, ал эми өрт чыккан учурда кеменин тревога боюнча расписаниесине ылайык аракеттенүүгө милдеттүү.
549. Кемелердеги жүргүнчүлөр өрткө каршы режим менен тааныштырылышы керек жана өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого тийиш.
550. Бардык өрт кырсыктары жөнүндө, себептери жана адамдарды куткаруу жана өрттү өчүрүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө кеменин капитаны жакын жерде жайгашкан өрт коопсуздугу жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын диспетчердик кызматына, ошондой эле кеменин ээсине маалымдоого милдеттүү.
551. Ишке жаңыдан кирип жаткан экипаждын бардык мүчөлөрүнө аларды кемеге жөнөтүүнүн алдында алгачкы өрткө каршы нускама өткөрүлөт. Кемеге келгенден кийин түздөн-түз жумуш ордунда баштапкы өрткө каршы инструктаж өткөрүлөт. Ушундай эле инструктаж кеменин расписаниеси боюнча милдеттерди өзгөртүүдө да өткөрүлөт. Кайталоочу өрткө каршы инструктаж экипаждын бардык мүчөлөрү менен жыл сайын навигация башталардын алдында өткөрүлөт.
552. Жарылуучу, өрт коркунучу бар жүктөрдү ташуучу кемелерде экипаждын мүчөлөрү ушул главаны кошумча окуу менен, кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча өрткө каршы даярдыктан өткөрүлөт.
553. Өрт кырсыктарына каршы күрөшүү боюнча практикалык аракеттерди иштеп чыгуу максатында кемелерде ай сайын машыгуулар, ал эми жүргүнчү ташуучу кемелерде айына эки жолу машыгуулар өткөрүлүп турат. Өрткө каршы күрөшүү машыгуулары кеменин капитаны бекиткен өрт өчүрүү планынын варианттарынын бирине ылайык жүргүзүлүшү керек.
554. Ар бир кеменин башкаруу рубкасында, машина бөлүгүндө, турак бөлмөлөрүнүн коридорлорунда, ар бир палубада көрүнөө жерлерде башкаруу постторунун, өрт крандарынын, өрткө каршы инвентардын, ар кандай бөлүктөргө жана палубага жетүү каражаттарынын эвакуациялоо жана чыгуу жолдору көрсөтүлгөн, күйүүчү май цистерналарынын өткөргүч түтүктөрүн аралыктан жабуу жерлери көрсөтүлгөн пландары илинип турушу керек.
555. Өрттү өчүрүү түзүлүштөрүн колдонуу тартиби жөнүндө нускамалар түзүлүштөрдү башкаруу постторунун бөлмөлөрүндө илинип турушу керек, алардын көчүрмөлөрү башкаруу рубкасынын авариялык папкасында болууга тийиш.
556. Кемеде тамеки чегүүгө атайын белгиленген жайларда гана уруксат берилет. Тамеки чегүүчү жайлар суусу бар металл урналар менен жабдылышы керек жана “Тамеки чегүүчү жай” деген жазуу жазылат.
557. Кемелерде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды, чүпүрөктөрдү ачык жана күйүүчү тарада, ал эми чийки жана май, бензин, керосин, лак, эритүүчүлөр сиңирилген өзү күйүп кетүүгө жөндөмдүү материалдарды – тобу менен, түктөрдө жана боолордо; боёкторду, лактарды, эритүүчүлөрдү жана башка тез тутануучу суюктуктарды – майлоочу кампалардан тышкары, ошондой эле чүпүрөктөр жана башка була материалдар менен бирге сактоого;
2) жылытуучу жана тиричилик электр каражаттарынын жанында, буу түтүктөрүндө кийимдерди, күйүүчү нерселерди жана материалдарды сактоого жана кургатууга;
3) ички траптардын астына күйүүчү материалдарды сактоо кампасын жайгаштырууга;
4) өтүүчү жолдордо, негизги жана кошумча чыгуучу эшиктерди, өрттү өчүрүү каражаттарына келүүчү жолдорду тосууга, өтүүчү жолдордо кошумча жабдууларды жана инвентарды жайгаштырууга, ал эми оңдоп-түзөө мезгилинде күйүүчү газдардын, суюктуктардын жана кычкылтек өткөргүч түтүктөрүн жана жеңчелерин жайгаштырууга;
5) отту ачык (жалын, шам) колдонууга;
6) колдо жасалган электр жылытуучу каражаттарды колдонууга.
558. Авариялык чыгуучу эшиктин үстүндө авариялык электр кубаттуулук булагына кошулган, “Чыгуу” деген күйүп турган табло орнотуу керек.
559. Кемеде сутканын кайсы убагында болбосун бардык бекитилүүчү жайларга кирүү мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бекитилген эшикте ачкыч бөлмөнүн ички жагынан кулпунун ичинде калтырылбоого тийиш.
Эвакуациялоо жолунда жайгашкан эшиктерди кулпу менен бекитүүгө тыюу салынат.
560. Кемеде адамдар (экипаждын мүчөлөрү, жүргүнчүлөр, кеме оңдоочу уюмдардын персоналы) болгон учурда эвакуациялоо жолдору дайыма жарык болуп турууга тийиш.
561. Кемени оңдоо мезгилинде адамдарды эвакуациялоону бузуучу, траптарды жана торлорду убактылуу алып салууда кеменин жайларынан кошумча эвакуациялык жолдор каралышы керек.
562. Өрт чыккан учурда капитан дароо кырсык болгон жана кошуна жайлардан адамдарды эвакуациялоо, өрттүн очогун текшерүү жана аны өчүрүү боюнча чараларды көрөт.
563. Кемедеги өрттү өчүрүү өрттүн жайылуу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кеменин өрттү өчүрүү планына ылайык уюштурулат.
564. Кемедеги өрткө каршы күрөшүүнүн алгачкы чаралары катары капитан төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралган, жарылуу коркунучу бар, өрт тез жайылган жайларда жана багыттарда (эвакуациялоо жолдорун) сугаруу, суу чачыратуу стационардык системаларын жана суу тоскучтарын, эгер бар болсо ишке киргизүү, башка стационардык өрт өчүрүү системаларын жана өрткө каршы каражаттарды колдонууга даяр кылуу;
2) өрттүн очогун дароо жылчыксыз жабуу, авариялык бөлүктүн желдетүү системасын токтотуу, өрттүн жана түтүндүн жайылуусуна жол бербөөчү башка чараларды көрүү, аракеттерди өрттүн очогун чектөөгө жана өчүрүүгө багыттоо;
3) өрт болгон райондо электр энергиясын өчүрүү;
4) жүктү жана материалдык баалуулуктарды өрттөн коргоо боюнча чараларды көрүү;
5) өрттү өчүрүүгө катышкан адамдарды өрттүн кооптуу факторлорунан, электр тогунан жабыркоодон, өрт өчүрүүдө колдонулуучу каражаттардын жагымсыз таасиринен коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу.
Өрттүн кооптуу факторлору ченемдик укуктук актылардын жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын автомобиль, темир жол, электр жана суу транспорту жана жолдору чөйрөсүндөгү эрежелеринин негизинде аныкталат.
565. Жүргүнчүлөрдү куткаруу шашылыш чара катары каралууга тийиш жана өрткө каршы күрөшүү боюнча негизги аракеттер менен бир учурда уюштурулушу керек.
Адамдардын өлүмүнө же кеменин кыйроосуна алып келүүчү коркунуч туулган учурда, ошондой эле күчтөр жана каражаттар адамдарды сактоо жана өрттү өчүрүү боюнча ишти бир учурда аткарууга жетишсиз болсо, авариялык топтордун бардык курамын адамдарды куткарууга колдонуу керек.
§ 5. Аба транспортундагы жана аларды тейлеген
объекттердеги өрт коопсуздугу
566. Аба кемелерин оңдоочу ангар курулмаларынын жана корпустарынын дарбазалары механикалык иштеткичи менен жабдылып, жеңил ачылышы керек жана бир же эки адамдын күчү менен кол менен ачылуучу туткасы болууга тийиш.
Дарбазалардын күйүп кетүүчү конструкциялары өрттөн корголушу керек (атайын эритме менен же өрттөн коргоочу боёк менен капталат).
Аба кемелерин оңдоочу ангар курулмаларын жана корпустарын күйүүчү пластик жана органикалык материалдар менен жылуулоого тыюу салынат.
567. Ангар курулмаларында жана оңдоо корпустарында турган бардык аба кемелери эки чекитте жерлетилүүгө тийиш.
568. Монтаждоочу аянтчалар, тактайлар, шаты, тепкичтер күйүп кетпөөчү материалдардан даярдалууга тийиш, аларды аба кемелеринен тез алып салуу мүмкүндүгү каралышы керек.
Майланышып калган тактайлар өз убагында жаңыларына алмаштырылууга тийиш.
569. Аба кемелерин ангар курулмаларына жана оңдоо корпустарына киргизүүгө кыймылдаткычтары өчүрүлгөн соң 20 мүнөттөн эрте эмес, бактары күйүүчү майлардан бошотулгандан, аккумуляторлору жана кычкылтек баллондору чыгарылгандан кийин гана уруксат берилет, ал эми кычкылтек системасын кычкылтектен бошотуу керек.
Аба кемелерине жакын жайгашкан ангар курулмаларында жана оңдоо корпустарында ишкананын күзөт кызматына өрт жөнүндө шашылыш байланышуу үчүн түз телефондор же баскычтуу сигнализация орнотулушу керек.
570. Ангар курулмаларында жана оңдоо корпустарында турган аба кемелери аларды тез эвакуациялоо үчүн сүйрөтүүчү жабдыктар жана каражаттар менен камсыздалууга тийиш.
Домкраттарга же бош турган шассилерге коюлган аба кемелери арткы катарларга жайгаштырылышы керек. Эвакуациялоого мүмкүн болбогон аба кемелери стационардык өрт өчүрүү орнотмолору менен корголууга тийиш.
571. Ар бир ангар курулмасы же оңдоо корпусу үчүн өрт учурунда аба кемелерин коргоонун жана эвакуациялоонун пландары иштелип чыгып, көрүнөө жерлерге илиниши керек, аларда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:
1) атайын кызматтарды чакыруу тартиби;
2) аба кемелерин эвакуациялоонун тартиби жана кезеги;
3) эвакуациялоого мүмкүн болбогон аба кемелерин коргоо боюнча аракеттер;
4) колдонулуучу өрт өчүрүү жана курулуш конструкцияларын коргоо каражаттары;
5) эвакуациялык сүйрөтүүчү каражаттар жана алардын жайгашкан жери;
6) аба кемелерин эвакуациялоо үчүн адамдардын санынын эсеби, аларга жумуш убагында жана жумуш эмес убакта кабарлоо ыкмасы;
7) эвакуациялана турган аба кемелерин жайгаштыруучу аянтчалар.
Жумушчуларды өрт учурунда көрүлүүчү аракеттерге үйрөтүү боюнча машыгуулар кварталына бирден кем эмес жолу өткөрүлүүгө тийиш.
572. Ангар курулмаларында жана оңдоо корпустарында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) күйүп кетүүчү конструкциялардан жана материалдардан антресолдорду жана тосмолорду орнотууга;
2) аба кемелерине күйүүчү жана майлоочу материалдарды куюуга;
3) кыймылдаткычтарды жылытууга, жүргүзүүгө жана сынап көрүүгө;
4) сырдоо иштерин жүргүзүүгө;
5) аба кемелеринде ачык отту колдонууга жана ширетүү иштерин жүргүзүүгө;
6) күйүүчү майлоочу, лак, боёк материалдарын жана кислоталарды сактоого;
7) түтүн чыгуучу түтүктөрүндө учкун өчүргүчтөр менен жабдылбаган атайын техникалардын кирүүсүнө;
8) дарбазаларды жана эвакуациялык эшиктерди тосууга;
9) кыймылдаткычтарды, түйүндөрүн жана тетиктерди өрт коркунучу бар органикалык эриткичтер менен жууп-тазалоого.
573. Аба кемелерин токтотуучу жерлердин айланасындагы (50 метрден кем эмес радиустагы аралыкта) аймак дайыма кургак чөптөрдөн, таштандылардан, күйүүчү материалдардан тазаланып турушу керек. Калган күйүүчү майларды жана колдонулган майларды агызуу үчүн атайын идиштер, ал эми колдонулган аарчуучу материалдарды (чүпүрөктөрдү) чогултуу үчүн – тыгыз жабылуучу капкагы менен металл ящиктер орнотулууга тийиш.
Аарчуучу материалдар, калган жана колдонулган майлар нөөмөт аяктагандан кийин жыйналышы керек.
574. Токтоочу жайда, анын ичинде ангарда жана оңдоо корпустарында турган бардык аба кемелери дайыма жерлетилүүгө тийиш. Аба кемелерин токтотуучу жерлердин технологиялык жабдууларынын комплектинде стационардык жерлетүүчү тростору жок аба кемелерин жерлетүү үчүн бир башы учталган жана экинчи башында кыскычы бар алып жүрмө жерлетүүчү тростор болушу керек. Учтар жана кыскычтар трос менен ширетүү же каңдап бириктирилет. Болт менен кошууга тыюу салынат.
575. Аба кемелерин токтотуучу жайларда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) күйүүчү майды, майды жана башка оңой өрттөнүүчү жана тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды жерге төгүүгө. Төгүлүп кеткен учурда аларга тез арада кум себилип, тазаланууга тийиш;
2) атайын бөлүнгөн жайлардан тышкары жерде тамеки чегүүгө;
3) иштеп жаткан механизация каражаттарын жана технологиялык жабдууларды, ошондой эле аэродромдук электр кубаттуулугунун булагына кошулган аба кемелерин кароосуз калтырууга;
4) алгачкы өрт өчүрүү каражаттарысыз кыймылдаткычтарды жүргүзүүгө же башка иштерди аткарууга.
576. Аба кемелеринде күйүүчү жана өрт коркунучу бар заттарды колдонуу менен аткарылган бардык иштер (май куюу, күйүүчү май, май, кычкылтек жана гидравликалык системаларды жууп-тазалоо жана сыноо; кыймылдаткычтарды жууп-тазалоо; органикалык эриткичтерди, желимди жана герметикти колдонуу менен аткарылган жумуштар) ушул жумуштардын өрт коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу адамдын жетекчилиги астында аткарылышы керек.
Күйүүчү заттарды колдонуу менен иш жүргүзүлгөн зоналарда башка иштерди бирге жүргүзүүгө тыюу салынат. Бул мезгилде аба кемелери өчүрүлүшү керек.
577. Аба кемелеринде күйүүчү заттарды колдонуу менен аткарылуучу иштерди баштоонун алдында төмөнкүлөр аткарылууга тийиш:
1) аба кемесин өчүрүү;
2) аба кемесин жерлетүүчү контурга кошуу, жерлетүүнүн учу контур менен ишенимдүү кошулгандыгын тактоо, аба кемесине буксирдик сүйрөтүүчүнү кошуу;
3) желдетүү үчүн жана өрт болгон учурда адамдарды эвакуациялоо максатында аба кемесиндеги бардык эшиктерди, терезелерди жана люктарды ачуу;
4) иштеп жаткан зонада жарылуудан корголгон көчмө желдетүү орнотмолорун орнотуу;
5) жумуш орундарында өрт өчүрүү каражаттарын орнотуу, алдын ала алардын иштөөсүн текшерүү.
578. Аба кемесиндеги иштерге керектелүүчү күйүүчү заттар жумуш орундарына технологиялык шарттар менен чектелген өлчөмдө даяр түрүндө, атайын орнотмолордо, идиштерде же тарада жеткирилүүгө тийиш.
Күйүүчү заттар үчүн тара учкундарды чыгарбаган материалдардан жасалып, анын конструкциялык аткарылышы суюктуктардын төгүлүүсүнө жол бербеши керек.
Күйүүчү заттарды жумуш ордунда даярдоого же эриткичтер менен аралаштырууга тыюу салынат.
579. Жарылуу коркунучу бар зоналарда, ошондой эле күйүүчү май, гидравликалык жана кычкылтек системаларында күйүүчү заттарды колдонуу менен иштерди жүргүзүүдө пайдаланган кол инструменттери учкун чыгарбоочу материалдардан даярдалышы керек.
Кычкылтек системаларын тейлөө үчүн колдонулуучу инструменти таза, майлардан тазаланган болуп, башка иштер үчүн колдонулбашы керек.
Жарылуу коркунучу бар зоналардын классификациясы энергетика чөйрөсүндөгү эрежелер менен аныкталат.
580. Көтөрүп жүрмө чырактарды жана электр инструменттерин электр тармагына аба кемесинен тышкары жерде кошуу керек.
Жарылуу коркунучу бар зоналарда күйүүчү май, гидравликалык жана кычкылтек системалары менен иштөө үчүн көтөрүп жүрүүчү чырактар жарылуу коркунучу жок болуп жасалышы керек. Жарылуу коркунучу бар зоналарда электр инструменттерин колдонууга тыюу салынат.
Көтөрүп жүрмө чырактардын жана электр инструменттеринин оң абалда болуусу айына бирден кем эмес жолу, ошондой эле ишке берүүнүн алдында текшерилүүгө тийиш.
581. Аба кемелеринде отко байланыштуу иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Ширетүү иштерин жүргүзүү зарыл болгон учурда, тетиктер жана түйүндөр чечилип, аларды ширетүү атайын бөлмөлөрдө жүргүзүлүшү керек.
582. Аба кемелеринин кычкылтек системасы менен иштөөдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) ушул эле учурда аба кемесинде кандайдыр бир башка иштерди жүргүзүүгө;
2) кычкылтек жабдуусунан 25 метрден аз радиуста жалын чыгаруу булактарын колдонууга;
3) кычкылтек системасында кычкылтек басымы болгон учурда өткөргүч түтүктөрдү чечүү иштерин жүргүзүүгө;
4) электр өткөргүчтөрдүн боосун кычкылтек системасынын өткөргүч түтүктөрүнө тийгизүүгө же бекитүүгө.
583. Гидравликалык системага май куюу, жууп-тазалоо жана сыноо иштери атайын гидравликалык стендде жабык ыкма менен май куюунун борттогу штуцерлери аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. Жумуштарды аткаруу үчүн атайын чыгаруучу элементтерди, шаймандарды жана инструменттерди гана колдонуу зарыл.
Гидравликалык системага май куюу, жууп-тазалоо жана сыноо учурунда аба кемесинде башка иштер жүргүзүлбөшү керек.
Жылжып чыгуу байкалган учурда гидро суюктуктардын берилишин дароо токтотуу керек. Май куюу, жууп-тазалоо жана агызуу процессинде гайкаларды тартууга, бекитүүгө же системанын башка оңдоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
584. Аба кемелерине күйүүчү майды бортунда жүргүнчүлөр жок учурда куюу керек. Бортунда жүргүнчүлөр болгон кезде, аба кемесинин командиринин уруксаты менен орто аралык аэропорттордо (токтоо убагы чектелген, токтоо жайы аэровокзалдан алыс болуп, метеошарттар начарлаган учурда) күйүүчү майды кошумча куюуга уруксат берилет.
585. Бортунда жүргүнчүлөр болгон кезде күйүүчү майды кошумча куюу учурунда төмөнкүдөй талаптар аткарылууга тийиш:
1) жүргүнчүлөргө жарыкты өчүрбөө же күйгүзбөө, тутандыргыч, ширеңкелерди колдонбоо, тамеки чекпөө же башка жол менен от чыгарбоо керектигин эскертүү;
2) майды кошумча куюунун алдында эшиктердин жарыгы жана “ТАМЕКИ ТАРТПА” деген жарык таблолору күйүп турушу керек;
3) аба кемесинин негизги чыга бериштеринин ар биринде траптар орнотулушу керек жана аларга эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыздоо керек;
4) жүргүнчүлөрдү эвакуациялоону жетектөө зарылдыгы болгон учурда, ар бир эшиктин жанында борт коштоочу же экипаждын мүчөсү болууга тийиш.
Эгерде майды кошумча куюу учурунда аба кемесинин ичинде күйүүчү майдын буулары, агышы жана жерге төгүлгөнү байкалса, бардык жүргүнчүлөр дароо эвакуацияланууга, ал эми коркунуч жоюлганга чейин аба кемесине майды кошумча куюу токтотулууга тийиш.
Бортунда жүргүнчүлөр болгон кезде майды кошумча куюучу жерде аэродромдун өрт өчүрүү каражаттары жана өрттөн куткаруу бөлүктөрү болууга тийиш.
586. Күйүүчү май жерге төгүлгөндө, ошондой эле аба кемесинин ичинде жарылуу коркунучу бар аралашма табылган учурда же башка өрт коркунучу жаралган кезде, май куюу (агызуу) дароо токтотулуп, өрт коопсуздугунун бардык мүмкүн болгон чаралары көрүлүшү керек.
Май куюп (агызып) жаткан адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) май куюуну (агызууну) токтотууга жана электр кубаттуулукту өчүрүүгө;
2) май куюучу (агызуу) шлангдарды аба кемесинен ажыратууга;
3) аэропорттун өрттөн куткаруу кызматын же жакынкы калктуу пункттун өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын чакырууга;
4) май куюучу каражаттарды аба кемесинен 75 метрден кем эмес аралыкка алыстатууга;
5) аба кемесинин сыртынан жана ички көңдөйүнөн күйүүчү майды алып салууга, ал эми күйүүчү май жерге төгүлгөн учурда – төгүлгөн жерди өрт өчүрүүчү көбүк менен алдын ала каптатып, аба кемесин башка токтоочу жайга сүйрөп кетүүгө;
6) төгүлгөн күйүүчү майды суунун, таарындынын, кумдун же чүпүрөктүн жардамы менен тазалоого.
587. Аба кемелерин көтөрүп жүрмө же көчмө май куюу каражаттарынын жардамы менен май куюуда төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
1) май куюу каражатын жерлетилген күйүүчү май идишинин жана аба кемесинин ортосунда куюучу жана бөлүштүрүүчү жеңчелеринин узундугун эске алуу менен орнотууну;
2) май куюу каражатын жерлетүүнү;
3) май куюу каражаты менен аба кемесинин ортосундагы потенциалдарды ийилчээк металл тросу менен кошуу аркылуу теңдештирүү;
4) тростун башын күйүүчү май идишине кошуу жолу менен “куюу жеңчесинин башы – күйүүчү майдын идиши” электр байланышын камсыздоону;
5) кыймылдаткычтардын, электр жабдуулардын, үн басаңдаткычтардын, учкун өчүргүчтөрдүн жана көчмө май куюу каражаттарынын башка учкун чыгарууга жана ысытууга жөндөмдүү булактарынын иштешин дайыма контролдоп турууну.
588. Аба кемесинин кыймылдаткычын жүргүзүү жана сынап көрүүнүн алдында алгачкы өрт өчүрүү каражаттарынын даярдыгын, ошондой эле токтоочу жайдагы башка аба кемелеринин коопсуз жайгашканын текшерүү керек.
589. Жаңыдан орнотулган кыймылдаткычты биринчи жолу иштетүүнү жана сынап көрүүнү милдеттүү түрдө өрткө каршы автомобилдин өрттөн куткаруу бөлүгү болгондо гана жүргүзүү зарыл.
590. Аба кемелеринин кыймылдаткычтарын жүргүзүү жана сынап көрүү учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) технологияда каралган өзгөчө учурлардан тышкары аба кемесинде кандайдыр бир иштерди аткарууга;
2) май куя турган оозунан күйүүчү майдын, майдын жана атайын суюктуктардын болушун текшерүүгө;
3) аба кемесинин кабинасын калтырууга же башкаруу пультун алаксып таштоого;
4) аба кемесин жүктөөгө (жүгүн түшүрүүгө), жүргүнчүлөрдү отургузууга (түшүрүүгө).
591. Кыймылдаткычты жүргүзүүдө (сынап көрүүдө) өрт чыккан учурда, аны дароо өчүрүп, борттогу же жердеги өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу керек.
§ 6. Жарылуу коркунучу бар жана өрт коркунучу бар заттарды жана материалдарды ташуудагы өрт коопсуздугу
592. Кооптуу жүктөрдү ташууда жүктүн сакталышын жана ташуу коопсуздугун камсыз кылуучу, жүктүн төгүлүп жана чачылып кетишине жол бербеген бекем, сынбай турган тара жана таңгактар гана пайдаланылууга тийиш.
593. Күйүүчү газды, тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды ташыган автоцистерналар ишенимдүү жерлетүү менен, өрт өчүргүчтөр, кийиз, салмагы 25 кг кем эмес кум толтурулган идиштер менен жабдылып, жүктүн кооптуулугунун даражасына ылайык марка коюлушу керек, ал эми түтүн чыккан түтүктөрү оң абалдагы учкун өчүргүчтөр менен жабдылууга тийиш.
594. Тез тутануучу, уу чыгарган, көздү ачыштырган, дат бастыруучу буу же газ бөлүп чыгарган, аба жана ным менен кошулганда коркунуч келтирген жарылуу, өрт коркунучу бар жүктөр, ошондой эле кычкылдантуу касиетине ээ болгон жүктөр жылчыксыз таңгакталууга тийиш.
595. Айнек идиштеги кооптуу жүктөрдү бекем ящиктерге же тордомолорго (жыгач, пластмасса, металл) салып бекитип, бош жерин тийиштүү күйбөгөн жана суюктукту соруп алган материалдар менен толтуруу керек.
Бийиктиги оозу тыгындалган бөтөлкөлөр менен банкалардан 0,05 метр жапыз ящиктерди жана тордомолорду пайдаланууга тыюу салынат. Майдалап ташууда айнек идиштеги кооптуу жүк бекем жабылуучу капкактуу жыгач ящиктерге салынууга тийиш.
596. Металл же пластмасса банкалардагы, бидондогу жана канистрдеги кооптуу жүктөр кошумча түрдө жыгач ящиктерге же тордомолорго салынууга тийиш.
597. Ар башка топтогу кооптуу жүктөрдү, ошондой эле чогуу ташууга уруксат берилбеген бир топко кирген айрым кооптуу жүктөрдү бир вагонго же контейнерге жүктөөгө тыюу салынат.
598. Вагонго кислота куюлган идиштерди жүктөгөндө, аны тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар куюлган таранын каршы тарабына коюу зарыл. Вагондогу бардык таралар бири-бирине тыгыз жайгаштырылып жана бекем бекитилүүгө тийиш.
599. Уулуу газдар жана тез тутануучу уулуу газдар менен баллондор, ошондой эле ушул газдардан бошотулган баллондор контейнерлерде же вагондордо гана, заттар менен материалдарды чогуу сактоо боюнча талаптарды сактоо менен ташылат.
600. Күйүүчү жана уулуу газ баллондорду сактагыч калпакчаларын бир тарапка каратып, горизонталдык абалда жүктөө зарыл.
Бардык баллондордо коргой турган алкакчалары болгондо жана баллондор оодарылып же жыгылбай турган шартта гана газ баллондорду вертикалдык абалда ташууга уруксат берилет. Жүк эшикти көздөй ооп жыгылуусуна жол бербөө максатында эшиктердин оюктары калыңдыгы 40 миллиметрден кем болбогон тактай менен тосулат.
Тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар стандарттуу жылчыксыз жана пломбаланган челектерде ташылышы керек.
Изопропил нитратын жана саминди ташуу үчүн вагондорду жүгү барда да, жүгү жокто да жүк жөнөтүүчүнүн (жүк алуучунун) адистери коштоп жүрүүгө тийиш.
601. Сыйымдуулугу 10 литр жана андан ашык тез тутануучу жана күйүүчү суюктук толтурулган айнек тараны тордолгон корзиналарга же жыгач тордомолор менен тосулган абалда жайгаштыруу керек, ал эми 10 литрге чейинки айнек таралар бекем жыгач ящиктерге салынып, козголбой тургандай кылып материалдар төшөлөт, алар катуу урунууга жол бербейт жана талкаланган учурда аккан суюктукту соруп алат.
602. Жарылуу, өрт коркунучу бар заттарды ташууда транспорт каражатында, ошондой эле бул заттарды камтыган ар бир жүк ордунда коопсуздук белгилери коюлат.
603. Автотранспортто жарылуу, өрт коркунучу бар заттардын чоң партиясын калктуу пункттардын аймагынан ташып өтүүдө жүк ташуунун коопсуздук талаптарын так сактоо менен түнкүсүн гана жүргүзүлүүгө тийиш.
604. Жарылуу, өрт коркунучу бар заттарды ташууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тез тутануучу суюктуктарды жана күйүүчү газ толтурулган цистерналарды калктуу конуштун аймагынан күндүзгү убакта ташып өтүүгө;
2) унааны булкуп, тез токтотууга;
3) күйүүчү газ толтурулган баллондорду коргой турган башмаксыз ташууга;
4) транспорт каражатын кароосуз калтырууга.
605. Жалпы көлөмү 3 м3 ашкан суюлтулган көмүр суутек газын калктуу пункттардын аймагында газ куюучу көчмө станциялардан сатууга тыюу салынат.
606. Жарылуу, өрт коркунучу бар жана өрт коркунучу бар заттарды жана материалдарды жүктөгөн жана түшүргөн жер төмөнкүдөй жабдылууга тийиш:
1) иштөө шартында өрт коопсуздугун камсыз кылган атайын жабдуулар (мамыча, тосмо, трап, замбил) менен. Мында айнек идиштер үчүн уясы бар кол арабаларды же атайын замбилдерди пайдалануу керек. Айнек идишти эки адам көтөрө тургандай туткалары бар оң абалдагы корзиналар менен ташууга уруксат берилет;
2) өрт өчүрүү жана авариялык жагдайларды жоюу каражаттары менен;
3) оң абалдагы стационардык же убактылуу жарык бергичтер менен.
607. Жарылуу, өрт коркунучу бар жана өрт коркунучу бар жүктөрдү жүктөп-түшүргөн жерлерде отту ачык пайдаланууга тыюу салынат.
608. Пайдаланылуучу жүк жүктөөчү-түшүрүүчү механизмдер оң абалда болууга тийиш.
609. Жүк жүктөөнү же түшүрүүнү күтүп жаткан айдоочуларга жана машинисттерге, ошондой эле жүктү жүктөп, түшүрүп жаткан учурда транспорт каражатын кароосуз калтырууга тыюу салынат.
610. Жарылуу, өрт коркунучу бар жана өрт коркунучу бар заттар менен материалдарды жүктөөгө коюлган транспорт каражаттары (вагондор, кузовдор, чиркегичтер, контейнерлер) оң абалда болууга жана бөтөн нерселерден тазаланууга тийиш.
611. Тара (таңгак) бузулганы, заттар чачылып же төгүлгөнү байкалганда бузулган тара (таңгак) дароо алып салынат, пол тазаланып, төгүлгөн же чачылган жарылуу, өрт коркунучу бар жана өрт коркунучу бар заттар жыйналат.
612. Жарылуу, өрт коркунучу бар жана өрт коркунучу бар жүктү жүктөп-түшүргөн учурда жумушчулар таңгагындагы марка белгилеринин жана эскерткен жазуулардын талаптарын сактоого тийиш.
613. Автомобилдин кыймылдаткычы иштеп турганда, ошондой эле жаан учурунда, эгерде заттар менен материалдар сууга тийгенде от алып кетиши мүмкүн болсо, жарылуу, өрт коркунучу бар жана өрт коркунучу бар заттар менен материалдарды жүктөөгө-түшүрүүгө тыюу салынат.
614. Вагондордогу, контейнерлердеги жана автомобилдердеги жарылуу, өрт коркунучу бар жана өрт коркунучу бар жүктөр кыймыл учурунда оодарылбашы үчүн бекем бекитилиши керек.
§ 7. Автомай куюучу станциялардын өрт коопсуздугу
615. Автомай куюучу станциялардын ишканаларынын жетекчилери ушул бөлүмдүн жоболорунун негизинде өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча нускаманы иштеп чыгууга тийиш, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) мунай продукттарын кабыл алуу тартиби, аларды сактоо жана керектөөчүлөргө берүү шарттары;
2) аймакты күтүү тартиби;
3) өрт өчүрүү каражаттарын күтүү, аларды аракетке келтирүү жана өрт чыкканда өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүн чакыруу эрежелери;
4) май болгон материалдарды жана кумду жыйноо, сактоо жана жок кылуу, атайын кийимди сактоо, жайларды жыйноо жана технологиялык жабдууларды тазалоо тартиби;
5) автомай куюучу станциялардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү.
616. Автомай куюучу станцияда өрт коркунучу чыккан учурда технологиялык системанын (өрткө каршы коргоо системасына электр берүүдөн башка) электр берүүсү өчүрүлүп, объектти эксплуатациялоону токтото туруу менен анын аймагын транспорт каражаттарынан жана келүүчүлөрдөн бошотуу жана өрт коркунучу бар жагдайды жоюуга киришүү зарыл.
617. Күйүүчү май көп эмес төгүлгөндө май чыккан жерди дароо токтотуп, өрт коркунучу бар кырдаалды жоюуга киришүү керек. Чоң аянтка күйүүчү май төгүлгөндө бүткүл аянт аба-механикалык көбүк менен жабылат жана күйүүчү май авариялык резервуарга толугу менен төгүлгөнгө чейин көбүктү калыңдатып кармап туруу керек.
618. Күйүүчү май автоцистернага жакын жерде төгүлгөндө автоцистернанын кыймылдаткычын от алдыруу жана аны автомай куюучу станциянын аймагынан алып кетүү (эгерде бул адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирбесе) төгүлгөн күйүүчү май күйө баштаганда же өрт чыгарбоо үчүн төгүлгөн кум тазалангандан кийин гана жүргүзүлөт. Күйүүчү май чоң аралыкка төгүлсө автоцистерна май төгүлгөн жерди айланып өтүп, автомай куюучу станциянын аймагынан дароо чыгып кетүүгө тийиш.
619. Автоцистернанын жабдуулары күйө баштаса, ар биринин көлөмү 50 литрден кем болбогон күкүмдүү өрт өчүргүчтөрдүн жана автоцистернанын штаттык өрт өчүргүчтөрүнүн жардамы менен өрттү өчүрүүгө киришүү керек, ал эми төгүлгөн май күйө баштаса, кошумча түрдө ар биринин көлөмү 100 литрден кем болбогон аба-көбүк чачуучу өрт өчүргүчтөрдүн жардамы менен өрттү өчүрө баштоо керек.
620. Автомай куюучу станциялардын бардык кызматкерлери жана автоцистерналардын айдоочулары өрткө каршы атайын даярдыктан өтүшөт, ал өрткө каршы инструктаждан (өрт-техникалык минимум боюнча алгачкы жана кайталанган сабактардан) турат.
621. Имараттар менен курулмалардын ортосундагы өрткө каршы ачык жерлерди ар кандай заттарды жана материалдарды жыйноо, транспорт каражаттарын жайгаштыруу жана капиталдык, ошондой эле убактылуу объекттерди куруу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
622. Автомай куюучу станциялардын аймагы боюнча транспорт каражатынын кыймылы бир багыттуу болууга тийиш. Мында өзүнчө кире турган жана чыга турган жерлер камсыз кылынат.
623. Автомай куюучу станциялардын аймагындагы жолдор, суу ала турган жана алгачкы өрт өчүрүү каражаттарына жетүүчү жолдор дайыма бош болушу зарыл. Кышкысын жолдор жана өтмөктөр кардан тазаланып турат.
624. Колдонулган аарчуучу материалды жана мунай продукттары сиңген кумду жыйноо үчүн капкагы бекем жабылуучу металл ящиктер коюлушу керек. Аарчуучу материалдар жана мунай продукттары сиңген кум автомай куюучу станциялардын чегинен чыгарылып, жумасына бирден кем эмес жолу жок кылынып турат.
625. Автомай куюучу станциялардын аймагында тамеки тартууга катуу тыюу салынат.
626. Автомай куюучу станциялар үчүн төмөнкүлөрдү көрүнөө жерге илип коюу зарыл:
1) өрт коопсуздугу үчүн жооптуу адамдардын аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн такталарды;
2) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн телефон номерлерин;
3) өрт коопсуздугунун чаралары боюнча нускамаларды;
4) колдонгон жайларды, эвакуациялык чыгуучу эшиктерди, өрт өчүрүү жана сигнализация каражаттары жайгашкан жерлерди көрсөтүү менен имараттын пландарын.
627. Автомай куюучу станциянын аймагынан күйүп жаткан транспорт каражатын шашылыш эвакуациялоо үчүн автомай куюучу станциялар узундугу 3 метрден кем эмес унаа сүйрөтүүчү катуу штанга менен камсыз кылынат.
628. Автомай куюучу станциялар коопсуздук белгилери жана жол белгилери, анын ичинде тамеки тартууга жана ачык отту пайдаланууга тыюу салган, жүргүнчүлөрдүн жана май куюлуп жаткан транспорттун кыймылын жөнгө салуучу белгилер менен камсыз кылынат.
629. Автомай куюучу станциянын имараты борбордук жылытуу системасы менен жабдылат.
Автомай куюучу станциялардын ичинде күйүүчү конструкцияларга жана материалдарга чейинки аралыкты сактоо менен заводдо өндүрүлгөн май менен жылыган электр жылуулук приборлорун коюуга уруксат берилет. Жылуулук приборлоруна жана ар түрдүү өткөргүч түтүктөргө күйүүчү материалдарды (атайын кийимди, аарчуучу материалды) жайып коюуга, ошондой эле жылуулук приборлоруна кийимдерди жана бут кийимди кургатууга тыюу салынат.
Автомай куюучу станциянын аймагында жана имаратында жылытуучу орнотмолорду жана ачык от жагыла турган түзүлүштөрдү колдонууга тыюу салынат.
630. Тейлөөчү персоналдын атайын кийими металл шкафтарда илинген бойдон сакталат.
631. Автомай куюучу станциялар өрт жайылып кетиши мүмкүн болгон айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген жерге, токойго, паркка ж.б. жакын жайгашкан учурда автомай куюучу станциялардын чек арасынын периметри боюнча үстүнөн от жайылбаган материалдардан жасалган жер үстүнөн каптама каралууга же туурасы 5 метрден кем эмес айдалган жер тилкеси болууга тийиш.
632. Автомай куюучу станциялардын технологиялык жабдуулары төмөнкүлөргө шайкеш келүүгө тийиш:
1) долбоордук, техникалык-эксплуатациялык документтерге жана техникалык шарттарга ылайык келүүгө;
2) оң абалдагы контролдоочу жана жөнгө салуучу приборлор болушу керек;
3) жылчыксыз болууга.
633. Төмөнкү учурларда технологиялык жабдууларды эксплуатациялоого тыюу салынат:
1) күйүүчү май төгүлсө;
2) контролдоочу жана жөнгө салуучу приборлор болбогондо, бузулганда, өчүрүлгөндө же текшерүү мөөнөтү өтүп кеткенде;
3) ар кандай бузулуусу аныкталганда.
634. Негизги жана көмөкчү технологиялык жабдуулар статикалык электрден корголушу керек.
635. Жарылуу коркунучу бар аралашмалар пайда болушу мүмкүн болгон зоналарда иштегенде кийимден жана бут кийимден учкун чыгарбай турган коопсуз инструменттерди колдонуу зарыл.
636. Колдонуудан чыккан резервуарларды ташуу, ордунан жылдыруу, орнотуу, оңдоо ичиндеги күйүүчү майдан толук тазаланып, суунун буусу менен буулантып, жылуу суу менен жууп, инерттүү газ менен үйлөтүп жана газ анализатордун жардамы менен жарылуу коркунучу бар аралашмалардын калбагандыгын текшергенден кийин гана ишке ашырылууга тийиш.
637. Автомай куюучу станциянын технологиялык системаларынын жылчыксыздыгын пневматикалык сыноодон өткөрүү үчүн күйбөгөн газдарды (азот, көмүр кычкыл газы) пайдалануу зарыл. Жабдуулардан жылчык табылган учурда автомай куюучу станцияны эксплуатациялоону токтото туруу зарыл.
638. Автомай куюучу комплекстердин аймагында, имараттарында, курулмаларында, жайларында, технологиялык системаларында оңдоо иштерин жүргүзүүгө коргоо объектинин жетекчиси жазуу жүзүндөгү уруксатты тариздейт.
639. Автоцистерналардан күйүүчү майды агызуу жабык схема боюнча аткарылат. Резервуарлардын жана автоцистерналардын аба чыгаруучу түзүлүштөрүн кошпогондо, күйүүчү майдын буусунун айлана-чөйрөгө чыгышына жол берилбейт.
640. Автоцистерналардан күйүүчү майды агызууда резервуардагы күйүүчү майдын деңгээли ченелет жана коргоочу түзүлүштөрдүн оң абалда болуусу текшерилет. Агызуу процессин автомай куюучу станциянын кызматкерлери жана автоцистернанын айдоочусу контролдоого тийиш.
641. Резервуардагы күйүүчү майдын түрүн (бензин – дизель май) алмаштырууда кийинкиси мурда сакталган продукттан жакшылап тазаланат жана резервуардын корпусуна же жер астындагы резервуарларга туташкан түтүктөрдүн көрүнөө жерине сакталып турган күйүүчү майдын түрү көрсөтүлгөн жазуу калтырылат.
642. Автомай куюучу станцияга күйүүчү май толтурулган автоцистерналар кирген учурда анын аймагындагы бардык транспорт жана бөлөк адамдар чыгарылат. Автомай куюучу станцияда бир учурда эки же андан ашык автоцистернанын болушуна тыюу салынат.
643. Автоцистерналардан күйүүчү майды агызууну автомай куюучу станциянын экиден кем эмес кызматкери төмөнкү шарттар аткарылган учурда жүргүзүүгө тийиш:
1) май куюучу аянтта автоцистерналар үчүн ар биринин көлөмү 100 литрден кем эмес эки көчмө өрт өчүргүч орнотулганда;
2) автоцистерналардын май куюучу аянтынан мунай продукттарынан булганган атмосферадагы жаан-чачынды агызып кетүүчү лоток тосулганда жана куюлган күйүүчү майды авариялык резервуарга бурган өткөргүч түтүк ачылганда;
3) автоцистерна жерлетилгенде.
644. Жезден жасалган ийилчээк жерлетүүчү өткөргүч дайыма автоцистерналардын корпусуна жалгашып турат жана учунда жерлетүүчү түзүлүшкө туташтырып турган түзүлүшү (кыскыч, бурамалуу уч) болот.
Жерлетүүчү өткөргүчтү автоцистернанын боёлгон жана булганган металл бөлүктөрүнө туташтырууга тыюу салынат.
645. Транспорт каражатына автомай куюучу станцияда май куйган учурда:
1) мотоцикл менен мотороллердин кыймылдаткычтары өчүрүлөт, алар колонкалардан 15 метрден кем эмес аралыкта от алдырылышы жана токтотулушу керек;
2) кыймылдаткыч от алдырылганга чейин айдоочу же автомай куюучу станциянын тейлөөчү персоналы транспорттун мунай продуктунан булганган жерин кургата сүртүүгө тийиш;
3) жерге төгүлгөн мунай продуктуна кум чачылат, ал эми май сиңген кум жана аарчуучу материалдар капкагы бекем жабылган металл ящиктерге чогултулуп, жумуш күнү бүткөндөн кийин май куюучу станциянын аймагынан чыгарылып кетет;
4) май куюуга токтогон автомобиль менен анын артында кезекте турган автомобилдин аралыгы 1 метрден кем эмес болууга тийиш.
646. Автомай куюучу станцияда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) кыймылдаткычы иштеп жаткан транспорт каражатына май куюуга;
2) эгерде бул колдонуп жаткан технологиялык системанын техникалык шарттарында жана техникалык-эксплуатациялык документтеринде каралбаса, транспорт каражатынын жер астындагы резервуарлардын үстүнөн өтүшүнө;
3) чагылган учурунда жана атмосферада разряддардын пайда болуу коркунучу болгон убакта резервуарларга күйүүчү майды толтурууга жана керектөөчүлөргө берүүгө;
4) автомай куюучу станциянын аймагына учкун өчүргүч менен жабдылбаган тракторлордун киришине;
5) автомай куюучу станциянын жабдууларын, имараттарын жана курулмаларын оңдоого түздөн-түз байланышпаган оңдоо иштерин жүргүзүүгө;
6) жүргүнчүлөрү бар транспорт каражатына (төрттөн кем эмес эшиги бар жеңил автомобилдерди кошпогондо) май куюп берүүгө;
7) жардыргыч заттар, кысылган жана суюлтулган күйүүчү газдар, тез тутанган жана күйүүчү суюктуктар, тез күйүүчү материалдар, уулуу жана радиоактивдүү заттар жана башка кооптуу заттар жана материалдар жүктөлгөн транспорт каражатынын киришине (май куюудан тышкары).
647. Автомай куюучу станциялар өрт чыккан учурда өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды дароо чакыруу үчүн телефон же радио байланышы, ошондой эле үндү катуу чыгаруучу система менен камсыздалышы зарыл.
648. Бардык автомай куюучу станциялар өрттү өчүрүү мүмкүнчүлүгүнө, өрттүн аянтына жана классына жараша ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде келтирилген санда өрт өчүргүчтөр менен жабдылууга тийиш.
649. Өрт өчүргүчтөр жайгаштырылган жерге тийиштүү көрсөтүүчү белгилер коюлушу керек.
§ 8. Автомобиль газын толтуруучу станциялардын
өрт коопсуздугу
650. Автомобиль газын толтуруучу станцияларда газ баллондуу автомобилдерде орнотулган баллондорду гана толтурууга жол берилет.
651. Техникалык күбөлөндүрүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен баллондорду толтурууга тыюу салынат. Баллондордун газ менен толтурууга жарамдуулугу атайын бланктарда “Баллондор текшерилди” деген штамп жана аларды текшерүүгө жооптуу адамдын колу коюлуп ырасталышы керек.
652. Эгер газ куюучу колонкалардагы газдын басымы 1,6 МПадан жогору болсо, автомобиль баллондорун толтурууга тыюу салынат.
653. Жабдууларды монтаждоо-демонтаждоодо суюлтулган газды куюп алууга жана куюуга тыюу салынат. Насостук-компрессордук бөлүмдүн желдеткичтери жабдууларды монтаждоо жана демонтаждоо учурунда иштеп турушу керек.
654. Автомобиль газын толтуруучу станциялардын аймагында демонтаждалган жабдууларды оңдоого, ошондой эле аны эксплуатациялоо менен байланышпаган башка иштерди аткарууга тыюу салынат.
655. Автомобиль газын толтуруучу станциялардын жарылуу коркунучу бар бөлмөлөрүндө нөөмөтүнө бирден кем эмес жолу абага талдоо жүргүзүү керек.
656. Автомобиль газын толтуруучу станциялардын аймагында от иштерин жүргүзүүдө баллондорду газ менен толтурууга жана автоцистерналардан суюлтулган газды агызууга тыюу салынат.
657. От иштерин жүргүзүү учурунда насостук-компрессордук бөлүмдүн желдеткичи иштеп турушу керек. Эгерде абада газдын болушу байкалган болсо, от иштери дароо токтотулушу керек.
658. Автомобиль газын толтуруучу станциялардын аймагында жана имаратында тамеки тартууга тыюу салуучу эскертүүчү белгилер жана жазуулар илинип турушу керек.
659. Суюлтулган газдын өткөргүч түтүктөрүн жерлетүүнүн токту буруп кетүүчү катары колдонууга тыюу салынат.
660. Суюлтулган газ үчүн жер алдындагы резервуарлар суюктуктун деңгээлинин көрсөткүчтөрү, манометрлер, сактагыч клапандар жана сынам алуучулар менен жабдылышы керек.
Манометрлер жана сынамдарды алуу үчүн штуцерлердин ички диаметри 3 миллиметрден ашык болбошу керек.
Резервуарларда экиден кем эмес сактагыч клапандар, алардын алдына карап чыгуу үчүн эки клапандын бирин өчүрүүгө мүмкүндүк берген, үч жолдуу кранды орнотуу керек.
661. Сактагыч клапандардан газды кайрууну эч кандай арматурасы болбогон свечалар аркылуу аткаруу зарыл.
Бир үйлөөчү свечага (свечанын бийиктиги 3 метрден кем болбошу керек) бир нече сактагыч клапандарды кошууга болот.
662. Компрессорду ишке киргизүү үчүн өткөргүчтүн ремендери таза кармалышы керек. Шкивдер жана ремендин жанындагы бардык металл предметтер жерлетилип, өткөргүчтүн ременин тосмолоону ременден 20 см кем эмес аралыкта орнотуу зарыл.
663. Ички карап чыгууларды жана оңдоолорду өткөрүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
1) резервуарды газдан толугу менен бошотуу;
2) резервуарды тыгындарды орнотуу жолу менен суюк жана буу фазаларынын өткөргүч түтүктөрүнөн бөлүп салуу;
3) резервуарды буу же инерттик газ менен үйлөп тазалоо;
4) үстүнкү ачык люк болгондо резервуарды суу менен толтуруу;
5) гидравликалык сыноолорду өткөрүү;
6) резервуарды суудан бошоткондон жана желдеткенден кийин анын төмөнкү бөлүгүнөн абанын сынамын алуу.
Эгерде сынамда газдын өлчөмү, анын тутануунун төмөнкү чегинин 20 %ынан ашпаса, анда дем алуу органдарын коргоону эске алуу менен оңдоого же ичин карап чыгууга киришүүгө болот.
664. Автоцистерналарды жерлетүү аталган Эрежелердин 644-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
665. Автомобилдер суюлтулган газды куюп алуу үчүн анын кыймылдаткычына кошулуп иштеген насостор менен жабдылган жана түтүн чыгуучу түтүгүндө оң абалдагы учкун өчүргүчү болгон учурларды кошпогондо, автоцистерналарды бошотууда анын кыймылдаткычы өчүрүлүшү керек.
666. Автомобиль газын толтуруучу станциялардын бардык жайлары автомай куюучу станциялардай эле алгачкы өрт өчүрүү каражаттары менен камсыз болушу керек, ал эми ар бир телефон аппаратынын жанында авариялык-куткаруу бөлүмдөрүнүн телефон номери көрсөтүлгөн табличка илинип турушу керек.
§ 9. Мобилдик автомай куюучу станциянын өрт коопсуздугу
667. МАКС автомобилинин кабинасы күйүүчү май куюлган идиштери бар бөлүктө күйбөгөн тосмо менен бөлүнүшү керек.
668. МАКС автомобилинде 100–200 мм узундукта жерге тийип турган электростатикалык чыңалуудан арылтуу үчүн жерлетүүчү түзүлүш болушу керек.
669. Өрт өчүрүү максаттары үчүн МАКС автомобилинде суюк мотор майынын (СММ) идиштеринин үстүндө өз алдынча же күч менен иштетилген модулдар, өрт өчүрүүчү генераторлор орнотулушу керек, ошондой эле экиден кем эмес өрт өчүргүч (ОП-5, ОУ-5), 1,5x2 м өлчөмүндөгү өрткө каршы кездеме жайгаштырылышы керек.
670. МАКСка орнотулуучу СММ идиши статикалык кубатты нейтралдаштыруучу материалдан жасалып, автомобилдин кузовуна бекем бекитилиши керек.
671. Күйүүчү май идишиндеги ашыкча басымдын көбөйүшүнө жол бербөө үчүн, сыртка чыгарылуучу аба өткөрүү клапандарды орнотуу зарыл.
672. Аба өткөрүү клапаны МАКС суюк мотор майын куйган идиштин айланасын желдетүүнү камсыз кылуу менен үстүнө орнотулушу керек. Аба өткөрүү клапанынын конструкциясы МАКС оодарылып кеткенде күйүүчү майдын суюк фазасы ал аркылуу өтүп кетпешин камсыз кылууга тийиш.
673. Идиштин күйүүчү май бөлүгүндө топтолгон СММ бууларын желдетүү максатында жарылуу жана өрт коопсуздугу жок аткарылуучу мажбурлап жана табигый желдетүү орнотмосун камсыз кылуу зарыл.
674. Күйүүчү майды куюучу пистолеттин туткасы майга туруктуу жана антистатикалык болушу керек, ал эми шлангдардын узундугу 3 м ден кем эмес болушу керек.
675. Төгүлгөн суюктуктун жайылып кетүүсүн алдын алуу үчүн СММ идишинин алдына капталынын бийиктиги 20–30 мм кем эмес металл идиш орнотуу зарыл.
676. МАКСта “Кооптуу жүк” деген таанып билүү белгилери болушу керек.
677. МАКС автомобилинин сигнал берүүчү жана эскертүүчү түзүлүштөрүнүн контакттары (арткы жарык блогу) бекем болушу керек, жандырганда учкун пайда болбошу жана электр зымдары ысып кетпеши керек.
678. Арткы жарык блогунун чөнтөктөрү капкактар менен жылчыксыз жабылышы керек.
679. Электр кубаттуулук кабелдеринин жана сигналдык кабелдердин кошуучу туташтыргычтары кокусунан ажырап калуусуна жол бербөөчү механикалык бекиткичтери болууга тийиш. СММ берүү линиясынын насосторуна электр берүүнү авариялык өчүрүү МАКСтын технологиялык бөлүгүнөн жана айдоочунун кабинасынан камсыздалууга тийиш.
680. МАКСта автомобилдин электр кубаттуулугун берүүнү борборлоштурулган өчүрүүнү караштыруу зарыл.
681. Курьер айдоочу нөөмөткө киришүүдө электрстатикалык чыңалуу келип чыкпаган жумушчу кийимди, учкун чыгарбаган жабык бут кийимди (темир такасыз, таманында мыксыз) кийүүгө милдеттүү.
682. Алмашуучу курьер айдоочудан МАКС автомобилин кабыл алууда автомобилдин бардык техникалык түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын иштөөсүн текшерүү камтылган күн сайын техникалык тейлөөнү жүргүзүү зарыл:
1) автомобилдин кыймылдаткычынан май чыкпагандыгын, майдын деңгээлин жана муздатуучу суюктукту карап текшерүү;
2) токтотуучу системадагы суюктуктун деңгээлин;
3) шинадагы басымдын деңгээлин;
4) автомобилдин сигнал берүүчү кабарлоочу каражаттарынын иштөө жөндөмдүүлүгүн;
5) өз алдынча иштеп кетүүчү өрт өчүргүчтүн болушун жана анын оң абалда болуусун;
6) алгачкы өрт өчүрүү каражаттарынын толуктугун жана оң абалда болуусун (корпусту сырткы кароо, пломбанын бардыгын, манометр боюнча тийиштүү басымдын деңгээлин);
7) мобилдик жабдуунун түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын кошулган жерин СММ агып кетпөөсүнө визуалдык текшерүү;
8) статикалык электр тогун буруп кетүүчү түзүлүштүн болушу жана оң абалда болуусу;
9) мажбурлап жана табигый желдетүү системасынын абалы жана иштеши;
10) коопсуздук белгилеринин болушун жана абалын (авариялык токтотуу белгиси);
11) автомобилдин техникалык бөлүгүнүн чатырына орнотулган аба соргучтун оң абалда болуусун;
12) МАКС автомобилинин техникалык бөлүгүндөгү күйүүчү майды таркатуучу колонканын башкаруу пультунун оң абалда болуусун жана ишке жарамдуулугун.
683. МАКС автомобилин эксплуатациялоодо курьер айдоочу Өрт коопсуздугунун жана коопсуздук техникасынын эрежелеринин талаптарын сактоого тийиш, атап айтканда:
1) МАКС автомобилинин идиштерине күйүүчү май куюуда кыймылдаткычты өчүрүү, автомобилди токтотууга коюу, алгачкы өрт өчүрүү каражатын колдонууга даярдоо, ошону менен бирге автомай куюучу станциянын күйүүчү май таркатуучу колонкасынын түтүкчөсүн кароосуз калтырбоо;
2) куюштуруу иштерин жүргүзүүдө СММ төгүлбөгөн таза жана антистатикалык атайын кийим кийүү;
3) күйүүчү майдын идишине СММ төгүлүп кетпеши үчүн толтурула турган күйүүчү майдын так көлөмүн билүү;
4) СММ төгүлүп кеткен учурда төгүлгөн суюктукту кургак чүпүрөк менен сүртүп, колдонулган чүпүрөктү автомай куюучу станцияда орнотулган атайын металл кутучага салуу;
5) кардарды түнкүсүн тейлөөдө курьер айдоочу жарыкты чагылдыруучу жилет кийүүгө, зарыл учурда жарылуудан корголгон конструкцияда жасалган аккумулятор менен иштеген фонарларды колдонууга, мында фонарды күйгүзүү жана өчүрүү, жардыруу коркунучу бар зонадан тышкары жүзөгө ашырылат;
6) алгачкы өрт өчүрүү каражаттарын колдонууну билүү, алардын тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрүн, арналышын жана иштөө принцибин билүү;
7) кардардын автомобилине май куюу максатында МАКС автомобилин МАКС күйүүчү май бөлүштүрүүчү колонкасынан кардардын май куюла турган унаасынын май куючу идишинин оозуна чейинки аралык 5 метрден ашпагандай орнотуу зарыл;
8) кардардын автомобилине май куюуда МАКСтын техникалык бөлүгүнө жакын жерге ОП-5 өрт өчүргүчүн коюу зарыл.
684. МАКС автомобилин эксплуатациялоодо курьер айдоочуга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) башка транспорт каражаттарына эл көп топтолгон жерлерде (коомдук транспорттун аялдамаларында, соода, оюн-зоок, коомдук имараттардын жанында), жер астындагы унаа токтотуучу жайларда СММ куюуга;
2) МАКС автомобилинин салонунда, ошондой эле кардардын автомобилине май куюп жатканда тамеки тартууга;
3) СММны пластик же айнек тараларга куюуга;
4) МАКС автомобилинин күйүүчү май системасы тоңуп калган учурда жылытуу үчүн ачык оттун булагын пайдаланууга.
685. Өрт (тутануу) болгон учурда өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды (өрт-куткаруу кызматын) чакыруу жана алгачкы өрт өчүрүү каражаттарын (өрт өчүргүчтөрдү, өрткө каршы кездемелерди ж.б.) колдонуу менен өрттүн очогун жоюуга киришүү зарыл.
686. Күйүүчү май куюлуп жаткан учурда кардардын автомобилинен өрт чыккан учурда, 619-пунктка ылайык аракеттенүү, май куюуну дароо токтотуу, күйүүчү май куюучу түтүгү бар шлангды чыгарып, ороп жыйноо, МАКС автомобилин коопсуз аралыкка айдап чыгуу жана кардардын автомобилин өчүрүүгө жардам көрсөтүү керек.
687. МАКС автомобилин убактылуу токтотуучу жайлар үчүн аянтчалардын жайгашкан жери май куюучу станцияга жакын жайгашып, автомобилдер үчүн ачык токтотуучу жайларды долбоорлоо үчүн курулуш ченемдеринде белгиленген талаптарга жооп бериши керек, мында май куюучу станциянын жер астындагы резервуарына чейинки аралык кеминде 15 м же болбосо компания тарабынан аныкталган ачык унаа токтоочу жайларда (шаардык жана айылдык калктуу конуштардын турак жайларынан тышкары) болушу керек.
688. МАКС автомобилинин май куюучу идиштерине суюк мотор майын куюу Кыргыз Республикасынын май куюучу жайларда транспорт каражатына май куюуда өрт коопсуздугунун ченемдеринин талаптарына жана эрежелерине ылайык жалпы негизде салттуу май куюучу станцияларда жүргүзүлөт.
689. MАКС идиштерине СММ толтуруу МАКС паспортунда көрсөтүлгөн цистернанын толук сыйымдуулугу боюнча аныкталышы керек.
690. Мобилдик май куюучу станцияларды шаарлардын, калктуу конуштардын турак жайларына, жеке турак үйлөрдүн жана коомдук имараттардын аймагына токтотууга (парковка) тыюу салынат.
§ 10. Электр кубаттоочу станциялардын өрт коопсуздугу
691. Электр мобилдер үчүн кубаттоочу инфраструктураларды имараттарда жайгашкан автомобиль токтотуучу жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.
692. Ачык аймактардагы электр мобилдерди кубаттоочу станциялар, алгачкы өрт өчүрүү каражаттары менен камсыздалышы керек (өрт өчүргүч ОП-50 (1 даана), ОУ-10 (2 даана), мында өрт сигнализациясы системасы иштегенде электр мобилдерди кубаттоочу инфраструктура автоматтык түрдө өчүрүлүшү керек.
693. Электр мобилдерди кубаттоочу инфраструктураларды көп май куюучу станциялардын аймагында орнотууга тыюу салынат.
13-глава. Өндүрүш багытындагы объекттердин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Өндүрүш объекттериндеги өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
694. Уюмдун жетекчиси өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар заттар жана материалдар менен иштөөдө таңгактарында же коштоочу документтеринде көрсөтүлгөн маркалоонун жана эскерткен жазуулардын талаптарынын сакталышын камсыз кылат.
Бири-бири менен кошулганда тутануусу, жарылышы же күйүүчү жана уу газдарды (аралашмаларды) пайда кылышы мүмкүн болгон заттарды жана материалдарды бирге колдонууга, сактоого жана ташууга тыюу салынат.
695. Жабдуулардын пландуу-алдын алуучу оңдоо жана профилактикалык кароо долбоордо жана объекттик (цехтик) нускамаларда каралган өрт коопсуздугунун чаралары көрүлгөндө жана белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
696. Желдетүү түзүлүштөрдүн (шкафтардын, сырдоочу, кургатуучу камералардын), аппараттардын жана өткөргүч түтүктөрдүн конструкциясы өрт коркунучун чыгарган катмарлардын топтолушуна жол бербейт жана өрт коопсуздугунун ыкмаларын колдонуп аларды тазалоо мүмкүндүгүн камсыздайт. Тазалоо иштери уюмдун жетекчиси бекиткен графикке ылайык жүргүзүлөт.
697. Технологиялык жабдууларга, өткөргүч түтүктөргө жана башка жерлерге орнотулуучу учкун өчүргүчтөр, учкун тоскучтар, отту кармоочу, тосуучу, чаңды жана металлды кармоочу жана статикалык электр тогунан коргоочу системалардын жарылууга каршы түзүлүштөрү иштей турган абалда болууга тийиш.
698. Жабдууларды, буюмдарды жана тетиктерди жууп, майын кетирүү үчүн күйбөй турган техникалык жуугуч каражаттар, ошондой эле өрт чыгарбай турган коопсуз орнотмолор жана ыкмалар пайдаланылат.
699. Жөө адамдар жүргөн тоннелдерге жана өтмөктөргө күч кабелдерин, газ, кислота, тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар өтүүчү түтүктөрдү жайгаштырууга тыюу салынат.
700. Транзиттик электр тармагын, ошондой эле күйүүчү газдарды, тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды өткөрүү түтүктөрүн кампалар жана өндүрүштүк жайлар аркылуу тартууга болбойт.
701. Жарылуу коркунучу бар участоктордо, цехтерде жана жайларда учкун чыгарбаган материалдардан жасалган же жарылуу коркунучун келтирбеген инструменттер колдонулат.
702. Уюмдун жетекчиси жайлардын дубалдарын, шыптарын, полун, конструкцияларын жана жабдууларын чаңдан, таарындыдан жана күйүүчү таштандылардан тазалоону камсыздайт.
Тазалоонун мезгилдүүлүгүн уюмдун жетекчиси белгилейт. Тазалоо чаңдын чыгышына жана жарылуу коркунучу бар чаң, аба аралашмаларынын түзүлүшүнө жол бербей турган ыкмалар менен аткарылат.
703. Тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды, күйүүчү газдарды жумуш орундарына берүү борборлоштуруп жүргүзүлөт. Аз сандагы тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды жумуш орундарына атайын коопсуз тарада жеткирүүгө уруксат берилет.
704. Өрткө каршы дубалдардагы жана тосмолордогу технологиялык оюктар отту тосо турган түзүлүштөр менен корголот.
705. Жарым фабрикаттарды тарасыз ташуу үчүн шахта көтөргүчтөрүнүн жүктөөчү түзүлүштөрү жүктөө учурунда гана ачылуучу тоскучтар менен жабдылат.
706. Өрткө каршы эшиктердин өзү жабыла турган механизмдери оң абалда болууга тийиш. Отту тоскон түзүлүштөр жумуш күнү аяктагандан кийин жабылат.
707. От тоскучтардын оң абалда болуусу дайыма текшерилип турат жана анын отту өчүргөн тетиктери тазаланат, ошондой эле мембраналык клапандары текшерилет. Текшерүү мөөнөтү бекитилген цех көрсөтмөлөрүндө белгиленет.
708. Күйүүчү суюктук колдонулган гидравликалык системаларда бактагы майдын деңгээлин контролдоо коюлат.
Системадагы майдын басымы паспортто каралгандан жогору болушуна жол берилбейт.
Гидравликалык системалардан май чыгып жатканы байкалганда, аны дароо четтетүү зарыл.
§ 2. Жыгач иштетүү өндүрүшүндөгү өрт коопсуздугу
709. Жыгач тилүүчү рамаларды, устундарды тилүүчү, фрезердик-тилүүчү жана башка станоктор менен агрегаттарды төмөнкүлөр орун алганда иштетүүгө жол берилбейт:
1) араа тосмого тийип турганда;
2) тиштери жетишсиз же текши эмес жана ири кылдары (заусенцы) чабылган арааны колдонууда;
3) майлоо жана муздатуу системалары бузулганда;
4) муздатуу системасындагы басым паспорттогудан төмөн болгон учурда жыгач тилүүчү раманын автоматтык түрдө токтотулушун камсыз кылуучу түзүлүшсүз иштетилгенде жана муздатуу, майлоо системалары бузулган учурда;
5) тилүүчү рамкасы кыйшайып кеткенде, жылдыргычтары бошоп жана туура эмес багытталганда;
6) подшипниктер 70 °C ашык ысып кеткенде.
710. Чийки затты бутоочу машинага берген конвейерлер металл предметтер тийип кеткен учурда конвейерлерди автоматтык түрдө токтотуучу жана үн аркылуу белги берүүчү металл тапкычтар менен жабдылат.
711. Бутоочу машинанын куйгучун тазалоо үчүн металл предметтерди колдонууга тыюу салынат.
712. Иштетүүгө кете турган технологиялык чамындылар, ошондой эле таарындылар пресске киргенге чейин металл тапкычтар аркылуу өткөрүлөт.
713. Жыгач таарындыларынан жасалуучу такталар үчүн жылмалоочу станоктордун алдында сигнализация жана блоктолгон жылдыруучу түзүлүштөр менен жабдылган металл тапкычтар орнотулат.
714. Майдаланган жыгач чамындылары барган бункерлер жана калыпка салуучу машиналар аспирация системасы менен жабдылат, ал идиштин ичин копшуп турат жана толуп кеткендиги жөнүндө белги берген датчиктер менен жабдылат.
715. Ысык иштетилүүчү пресстин, жүктөп жана аны түшүрүп турган этажеркалардын үстүндө желдетүүчү зонт орнотулат, ал плиталар кошулуп жана ажырап жаткан учурда бөлмөгө чаңдын жана газдын бөлүнүп чыгышын жокко чыгарат.
716. Барабан кургаткыч жана кургак чамындылар жана чаң бункерлери өрттү автоматтык түрдө өрт өчүрүүчү жана жарылууга каршы орнотмолор менен жабдылат.
717. Таарындыларды жана чаңдаган материалдарды жөнөтүү системасы оттун жайылышына жол бербей турган шаймандар жана отту өчүрүү үчүн люктар менен жабдылат.
718. Аспирациялык жана пневмотранспорттук системалардан жыгачтын чаңын жана башка жарылууга кооптуу чаңды жыйноо үчүн идиштер оң абалдагы, жарылууга каршы түзүлүштөр менен жабдылат.
719. Таарынды жыгач плиталарын жылуулук менен иштетүүчү камералар суткасына бирден кем эмес жолу чайырлардын жана жыгачтын пиролиз продукттарынын калдыктарынан, чаңдан жана башка калдыктардан тазаланып турат.
Таарынды жыгач плиталарын жылуулук менен иштетүүчү камералардан жарылуу коркунучу бар газдарды чыгарып туруу үчүн ар бир 15 мүнөт сайын желдетүүчү түтүктүн тоскучтарын 2–3 мүнөткө ачып туруучу автоматтык түзүлүштөр болушу зарыл.
Көпшөк таарындылар толтурулган жеткире пресстелбеген плиталарды жылуулук менен иштетүүгө тыюу салынат.
720. Өзүнөн өзү күйүп кетишине жол бербөө үчүн жылуулук менен иштеткенден кийин жыяр алдында плиталар айлана-чөйрөдөгү абанын температурасына жеткиче ачык буфердик аянтчаларда муздатылат.
721. Иштетүү камераларындагы жана май ванналарындагы температура автоматтык түрдө контролдонууга тийиш.
722. Жагуучу газ пайдаланылган кургатуучу барабандар учкун тоскучтар менен жабдылат.
723. Катмарлуу жыгач пластиктерди кесүүгө жана пресстелгенден кийин аларды бөлүктөргө бөлүп тилүүгө технологиялык регламентте белгиленгенден эрте эмес убакытта жол берилет.
724. Иш аяктагандан кийин муздата турган күйүүчү суюктук толтурулган ванналардын капкактары жабылат.
725. Күйүүчү суюктук толтурулган сиңирүүчү, чыңдоочу жана башка ванналар имараттын тышында жайгашкан жер астындагы идиштерге суюктукту авариялык агызуучу түзүлүштөр менен жабдылат.
Ар бир ванна жарылуу коркунучу бар аралашманы соруп алгыч менен жабдылат.
726. Мөөнөтү менен иштетилген кургатуучу камералар жана калориферлер ар бир жолу өндүрүштүк таштандыдан жана чаңдан тазаланып турат.
727. Буу жана газ камераларынын желдетүү каналдары өрт чыкканда жабылып калуучу атайын капкакчалар (шиберлер) менен жабдылат.
728. Газ менен кургатуучу камералар желдетүү токтоп калган учурда жагылуучу газдын келишин автоматтык түрдө токтоткон оң абалдагы түзүлүштөр менен жабдылат.
Газ менен кургатуучу камералардын алдына кургатуучу камерага учкунду өткөрбөй турган учкун тоскучтар орнотулат.
Газ менен кургатуучу түзүлүштөрдүн боровдорунун, учкун тоскучтарынын техникалык абалы дайыма текшерилип турат. Боровдордун сырткы катмарында жарака жана иштебеген учкун тоскучтар болгондо кургатуучу орнотмолорду эксплуатациялоого тыюу салынат.
729. Катуу жана суюк күйүүчү май менен иштеген газ менен кургатуучу камералардын көөсү айына экиден кем эмес жолу тазаланып турат.
730. Күйүүчү май жагылуучу-кургатуучу бөлүктөр кургатуучу агенттин температурасын контролдоо үчүн оң абалдагы приборлор менен жабдылат.
731. Майда жыгач буласынан жасалган плиталар үчүн кургатуучу камералар жыгач калдыктарынан суткасына бирден кем эмес жолу тазаланып турат.
Конвейер 10 мүнөттөн ашык токтоп калганда, кургатуучу камераны жылытуу токтотулат.
Кургатуучу камерада от чыкканда калориферлердин желдеткичтерин өчүрүүчү жана стационардык өрт өчүрүү каражаттарын иштетүүчү түзүлүштөр менен жабдылат.
732. Чийки зат, жарым фабрикаттар жана сырдалган даяр буюмдар үчүн кургатуучу камералар (жайлар, шкафтар) температурасы жол берилген деңгээлден өтүп кеткенде жылытууну өчүрө турган автоматика менен жабдылат.
733. Жыгачты жогорку жыштыктагы ток менен кургатуу үчүн штабелдерге жыюудан мурда ал жерде металл предметтердин жоктугу текшерилет.
§ 3. Агломерациялык өндүрүштө жана металлдашкан чорлорду өндүрүүдөгү өрт коопсуздугу
734. Өчүрүлбөгөн акиташ отко туруктуулук даражасы IIден төмөн болбогон атайын жайда сакталат, жерден полдун бийиктиги 0,5 метрден кем болбоого тийиш.
735. Металлдашкан чор сакталуучу жер нымдын тийүүсүнөн ишенимдүү корголууга тийиш.
736. Сапат талаптарына жооп берген металлдашкан чор кургак инерттүү газды берүү системасы менен жабдылган бункерден түшүрүлөт. Бункердеги ашыкча басым 200 Па кем эмес (суу мамысы 20 миллиметр) болууга тийиш.
737. Температурасы 100 °C ашкан чорлор атайын түзүлүш менен аянтка ташталат. Ошол эле учурда лентага суу берүү зарыл.
738. Аянтка ташталган чорлор жүктөгүчтөрдүн жардамы менен 0,5 метрден ашпаган катмар менен төшөлөт жана суу көп куюлат.
739. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) өчүрүлбөгөн акиташты нымдуу жана күйүүчү материалдар менен бирге нымдуу бөлмөлөрдө сактоого;
2) катып калган акиташты жумшартуу үчүн сууну колдонууга;
3) температурасы 100 °C ашкан ысык агломератты берүүгө (аны контролдоо администрация тарабынан ишке ашырылат);
4) оңой күйгөн (резинабитум, синтетика) материалдардан транспортер ленталарын колдонууга;
5) ным чорлорду кампага ташууга;
6) транспорт галереяларында, чор кайнаган, майдаланган, кайра жүктөлгөн жана түшүрүлгөн жерлерде металлдашкан чаңдын 5 миллиметрден ашык катмарланып топтолушуна.
§ 4. Домна, болот эритүү, электр менен болот эритүү жана ферро эритүү өндүрүшүндөгү өрт коопсуздугу
740. Домна, болот эритүүчү мештерде, конвертерлерде, миксерлерде, сузгучтарда жана эриген металл үчүн башка сыйымдуулуктарда футеровканын абалы жана тууралыгы текшерилет.
741. Чоюн, шлак чыгарууда жана болот, ферро эритмелерин куюуда суу же нымдуу материалы бар сузгучту, калыпты жана башка идиштерди пайдаланууга тыюу салынат. Куюучу жерди технологиялык регламентте каралбаган күйүүчү материалдардан арылтуу керек.
742. Куюучу машиналарды башкаруучу пульттар, оодаруучу машиналардын кабиналары, болотту үзгүлтүксүз куюуну башкарган пункттар жана эриген металлды жана шлакты чыгаруу жерине жакын жайгашкан башка башкаруу пульттары металл тор менен тосулган, жылуулукту сиңирүүчү айнек менен айнектелген жана экиден кем эмес эшиги бар күйбөөчү материалдан жасалат.
743. Куюучу жерге жакын жайгашкан кабелдик тоннелдерге, май жер төлөлөрүнө кире бериштер, ошондой эле эритилген металл ташылуучу жерлер эриген металлдын түшүп кетишинен бийиктиги 300 миллиметрден кем эмес отко туруктуу босоголор менен тосулат.
744. Металл, шлак куюучу жерлердеги жана башка жогорку температурадагы зоналардагы электр механизмдеринин, электр жабдууларынын жана гидроприводдордун түзүлүштөрү механикалык бузулуулардан, нур менен келүүчү жылуулуктун таасиринен, ошондой эле аларга эриген металлдын жана шлактын чачырашынан корголот.
§ 5. Прокат, түтүк прокат жана метиз өндүрүшүндөгү өрт коопсуздугу
745. Башкаруу жана борборлоштуруп майлоо системаларынын май өткөргүчтөрү күйбөй турган материалдардан жасалат.
746. Гидропривод системалары май өткөргүчтөрү үзүлгөндө жылдыргычтарды автоматтык түрдө тосуу үчүн атайын түзүлүш менен жабдылат.
747. Майлоо жана гидравлика системасын эксплуатациялоодо майдын агып кетиши жокко чыгарылат. Ар бир кезмет сайын май чыккан жерлер таарынды же чүпүрөк менен тазаланып турат.
748. Системада өсүмдүк майларын жана жаныбарлардын майларын майлоо үчүн колдонулганда, бул азыктарга малынган текстилдик же булалуу материалдардын өзүнөн-өзү күйүп кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган чараларды көрүү керек.
749. Май чарбасын эксплуатациялоодо ар кандай ачык от булагын колдонуу, май куюучу жайларда жана май толтурулган жабдуулардын жанында учкун чыгаруу жокко чыгарылат.
750. Май сактоочу жер төлөлөр жана кабелдик тоннелдер аларга жумуш аянтчасынан ширенди, учкун жана башка тутантуучу нерселер түшүп кетишине жол бербөө үчүн жабык кармалууга тийиш.
751. Өрт чыккан учурда тоннелдердин жана май сактоочу жер төлөлөрдүн желдетүүчү түзүлүштөрүн автоматтык түрдө өчүрүү камсыз кылынат.
752. Подшипник тетиктерин расконсервациялоочу ванналар, ошондой эле мазут куюлган бактар цехтин имаратынын сыртында жайгашкан күйүүчү суюктуктарды төгүү үчүн авариялык идиштер менен камсыз кылынат.
753. Жарылуу коркунучу бар коргоочу газдарды колдонгон участоктордо жарылуу коркунучу бар концентрациялардын болушун алдын алуучу технологиялык автоматика оң абалда болушу керек.
754. Автоматика кол менен иштетилүүчү жылдыргычты белгилөө менен инерттүү газды коё берүүчү түзүлүш менен кайталанат.
755. Коргоочу чөйрөнүн басымы төмөндөгөндө коргоочу газда термикалык иштетүүчү орнотмолордун иштөөсүнө тыюу салынат.
756. Травилдөөчү бөлүмдөрдө, суутек бөлүнүп чыгуучу участоктордо электр жабдуулары жана желдетүүчү системалар жарылуудан сактагыдай жасалышы керек.
757. Металлды термикалык иштетүүдө коргоочу газы жок эриген натрий ваннасын колдонууга тыюу салынат. Натрий ваннасына суу же нымдуу материалдардын киришине жол берилбейт.
758. Титан жана анын эритмелеринен жасалган түтүктөрдү станоктордо иштетүүгө (кесүүгө) кесүүчү зонада муздатуучу эмульсияны колдонуу менен уруксат берилет.
759. Титан эритмелеринен жасалган түтүктөрдү термикалык иштетүүдө темир оксиди менен байланышуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат. Мындай түтүктөрдү өндүрүүдө селитра ванналарын колдонууга уруксат берилбейт.
760. Жумуш орундарында титандын жана анын эритмелеринин таарындыларын, кырындыларын жана башка калдыктарын сактоого тыюу салынат. “Титан калдыктары” деп белгиленген контейнерлер атайын желдетилип турган кургак бөлмөдө сакталат. Бул жайда күйүүчү суюктуктарды, химикаттарды жана башка күйүүчү материалдарды сактоого тыюу салынат.
761. Капталган метиз буюмдарын коррозияга каршы каптоонун өзүнөн-өзү жалындоо температурасынан ашкан температурага чейин ысытууга тыюу салынат.
§ 6. Сырдоо, чайкоо, майсыздандыруу жана жуу үчүн цехтердин, участоктордун, түзүлүштөрдүн өрт коопсуздугу
762. Тетиктерди жуу, ошондой эле нитронун негизиндеги, бензинге жана башка оңой тутануучу суюктуктардын катмарларын колдонуу менен сырдоо, лактоо өзүнчө жайларда же өрт өчүрүүнүн натыйжалуу каражаттары жана эвакуация жолдорунун көрсөткүчтөрү менен камсыз болгон обочолонгон өндүрүштүк участоктордо жүргүзүлүшү керек.
763. Сырдоо цехтеринин (участокторунун) боёк даярдоочу бөлүмдөрү сыртка өз алдынча чыгуу жолдору менен камсыз кылынат.
764. Жеңил от алуучу каражаттарды колдонуу менен сырдоо жана жуу иштери жүргүзүлүүчү жайлардын полдору урганда учкун пайда болбогон күйбөй турган материалдардан жасалууга тийиш.
765. Бөлмөлөрдүн дубалдарынын бийиктиги 2 метрден кем эмес ички беттери күйбөй турган, булгануудан оңой тазалануучу материал менен капталышы керек.
766. Сырдоо жумуштары, тетиктерди жуу сырдоочу шкафтардан, ванналардан, камералардан жана кабиналардан жергиликтүү соргучтары бар агымдуу жана соруучу желдетүү иштеп жаткан учурда гана жүргүзүлөт. Түзүлүштөрдүн иши, ошондой эле нитронун негизиндеги, бензинге жана жеңил тутануучу суюктуктарга каптоолорду колдонуу менен сырдоо, жуу, лактоо, жуу жана майсыздандыруу операциясына берүү системасы желдетүү системасы менен тосулат.
767. Сырдоочу шкафтардын, камералардын жана кабиналардын соруучу вентиляциясын суу чачкычтарсыз (гидравликалык чыпкаларсыз) же күйүүчү сырлар менен лактардын бөлүкчөлөрүн кармоо үчүн башка натыйжалуу түзүлүштөрсүз эксплуатациялоого тыюу салынат.
768. Каналдын кире беришинде жайгашкан гидравликалык чыпкаларда сорулуучу абаны милдеттүү тазалоо менен полдогу торлордо камерасыз сырдалуучу орнотмолор үчүн каналдарды кошпогондо, кирүүчү жана соруучу желдетүүчү каналдарды полдун алдында орнотууга тыюу салынат.
Тордун астындагы чуңкур туруктуу деңгээлин автоматтык түрдө сактоо менен бийиктиги 0,5 метрден кем эмес суу катмары толтурулат.
769. Лактоочу-сырдоочу материалдар жээктелген түстүү металлдардан жасалган металл поддондордогу жумушчу идишке куюлат.
770. Кезмет аяктагандан кийин сырдоочу жабдуулар желдетүү иштеп турганда күйүүчү калдыктардан күн сайын тазаланып турушу керек.
771. Үстүнкү бетин нитро боёктордун калдыктарынан тазалоодо металл конструкцияларына урунууга жана түстүү металлдан жасалбаган кыргычтарды колдонууга жол берилбейт.
772. Кабиналарда жана аба соргучтарда сырдын катмарларын күйгүзүү үчүн отту колдонууга тыюу салынат.
773. Өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү белгиленбеген лактоочу-сырдоочу материалдарды, эриткичтерди, жуучу жана майсыздандыруучу суюктуктарды колдонууга тыюу салынат. Бул материалдар тиешелүү талдоо, алардын өрт коркунучтуу касиеттерин аныктоо жана коопсуз пайдалануу үчүн чараларды иштеп чыккандан кийин гана колдонулат.
774. Буюмдарды жана тетиктерди жуу жана майсыздандыруу үчүн күйбөй турган курамдар, пасталар, эриткичтер жана өрткө карата коопсуз техникалык жуучу каражаттар колдонулууга тийиш.
775. Валиктерди клеттен чыгаргандан кийин кирден тазалоо жабык механикалаштырылган жуугуч камерада жүргүзүлөт.
776. Шелочтуу ваннанын жарылуусуна жол бербөө үчүн бетине көмүр, көө, майлоочу материалдардын тийишине жол берилбейт.
777. Каустикалык соданы, селитраны, кошумчаларды сактоо атайын жабдылган бөлмөдө каралышы керек.
778. Кислоталарды сактоочу жайлар кокустан төгүлгөн кислоталарды дароо нейтралдаштыруу үчүн даяр бор, акиташ же сода эритмелери менен камсыз кылынат.
779. Лактоочу-сырдоочу материалдар колдонулуучу жерге даяр түрүндө берилүүгө тийиш. Лактардын жана сырлардын бардык түрүн даярдоо жана аралаштыруу өрткө каршы талаптарга жооп берген атайын бөлүнгөн жайда же ачык аянтчада жүргүзүлөт.
780. Электростатикалык талаасы бар сырдоочу камераларда абаны соруучу желдетүү өчүрүлгөндө электростатикалык талаанын түзүлүшүнөн чыңалуу автоматтык түрдө чыгарылат.
781. Полду, дубалды жана жабдууларды күйүүчү эриткичтер менен жууганга болбойт. Полго төгүлгөн лактоочу-сырдоочу материалдар жана эриткичтер дароо тазаланууга тийиш.
782. Технологиялык шарттары боюнча же көлөмү чоң болгондуктан желдеп туруучу камераларда же шкафтарда кургатууга болбой турган сырдалган буюмдарды кургатууну желдетүү жана автоматтык өрт өчүрүү каражаттары менен жабдылган участокто уюштуруу зарыл.
783. Лактоочу-сырдоочу материалдар куюлган идиштер жылчыксыз жабылууга жана имараттардан жана курулмалардан 20 метрден кем эмес аралыкта жайгашкан атайын аянттарда сакталууга тийиш.
§ 7. Жеңил өнөр жай ишканаларындагы өрт коопсуздугу
784. Ишкананын аймагы жана өндүрүштүк аянттары күйө турган таштандыдан жана калдыктардан күн сайын тазаланууга тийиш. Ишкананын аймагында күйүүчү калдыктарды, булаларды, жиптерди, чаңды ачык ыкма менен сактоого тыюу салынат. Аларды жыйноо үчүн капкактуу металл үкөктөр коюлушу керек. Калдыктар атайын жабдылган автомобилдерде жана чаңдын алдын алуучу идиштерде системалуу түрдө чыгарылат. Булалуу материалдарды брезент менен жаппай ташууга катуу тыюу салынат.
785. Чийки затты, жабдууларды жана материалдарды имаратка жакын сактоого тыюу салынат.
786. Зарыл болгон учурда чийки заттарды, жабдууларды жана материалдарды сактоо атайын жабдылган ачык аянттарда же сактоочу жайлар менен имараттардын, курулмалардын ортосундагы ажырымдар сакталган шартта бастырмалардын астында жүргүзүлүүгө тийиш.
787. Аймактарды жашылдандыруу үчүн гүлдөгөн учурда бариктерин, була заттарын чыгаруучу жана уругу түшүүчү бак-дарактарды тигүүгө, ошондой эле аларды өрткө каршы атайын ачык аралыктарга отургузууга тыюу салынат.
788. Бардык өндүрүштүк жайларды дайыма таза кармап, чийки зат, даяр продукция жана жабдуулар менен толтуруп салбоо керек. Сакталып турган чийки заттын жана даяр продукциянын саны кезметте керектелүүчү-жасалуучу (өндүрүштүн күнү-түнү процессинде – суткалык) сандан ашпоого тийиш.
789. Өндүрүштө колдонулган күйүүчү жана тез от алып кетүүчү суюктуктар жылчыксыз жабылган металл идиште кезметтеги (күнүмдүк иштин үч кезметтүү режиминде – суткалык) керектөөдөн ашпаган санда сакталышы керек.
790. Күн сайын пайдаланылуучу технологиялык жабдуулар (чийки затты баштапкы кайра иштетүү цехтеринде – нөөмөттө 1 жолудан кем эмес), ал эми электр жабдуулары, шамдар, электр өткөргүчтөр, өрткө каршы коргоонун техникалык каражаттары (өрттү кабарлагычтар), курулуш конструкциялары, анын ичинде жабуулары жумасына бир жолудан кем эмес аларга түшкөн күйүүчү чаңдан тазаланууга тийиш. Ошол эле учурда чаң тазалоочу каражаттарды колдонуу керек.
791. Үйлөтөөрдөн жана тазалоодон мурда технологиялык жабдууларды өчүрүү керек.
792. Технологиялык жабдуулардын кошулган жерлери жана туташуулары жакшылап жабылып, өндүрүштүк жана кампа жайларындагы аба өткөргүчтөрдүн туташкан жерлери күйбөс материал менен же Г1 тобундагы материалдар менен гана жылчыксыз бүтөлөт, алардын классификациясы тиешелүү курулуштук ченемдер жана эрежелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
793. Цехтерде учма эриткичтер пайдаланылган жерлер жергиликтүү буу соргуч жана кармап калгычтарга берүүчү системалар менен жабдылат.
794. Желдеткичтердин авариялык режиминин үн сигнализациясы жана резервдик агрегаттарды автоматтык түрдө күйгүзүү системасы оң абалда кармалып, мезгил-мезгили менен текшерилип турушу керек.
795. Булалуу материалдарды, күйүүчү катуу заттарды майдаланган (тууралган) түрүндө баштапкы кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу технологиялык линиялар, машиналар жана аппараттар башка заттарды кармап калуу (ажыратуу үчүн оң абалда болгон шаймандар (таш тоскучтар, магниттик коргоочу) менен камсыздалууга тийиш.
796. Материалдардын от алып кетүү же жарылуу коркунучу бар аралашмалардын жарылуу коркунучу түзүлгөн жайларда тышкы бетинин температурасы 45 °C жогору болгон түтүк өткөргүчтөрдүн, жабдуулардын, челектердин, продукт өткөргүчтөрдүн сырткы беттери күйбөй турган материал менен капталган, оңой менен күйбөөчү оң абалдагы ысыкты тосуучу изоляциясы менен жабдылууга тийиш.
797. Иштеп жатканда статикалык электр заряддарынын топтолушу мүмкүн болгон технологиялык жабдууларды колдонуу жакшы антистатикалык түзүлүштөр менен гана жүргүзүлүшү керек.
798. Продуктуларды майдалоочу, суюлтуучу, тароочу, чаңдатуучу жана чачыратуучу аппараттар, челектер, агрегаттар, башка жабдуулар менен металл конструкциялары аркылуу кошулбаган өзүнчө турган машиналар, аппараттар, агрегаттар жакшылап жерлештирилүүгө тийиш.
799. Өндүрүштүк жана кампа жайларынын ичинде ичтен күйүүчү кыймылдаткычы бар машиналарды жана жабдууларды колдонууга тыюу салынат.
800. Валдардын жана подшипниктердин ысып кетишинин жана кыйшаюусунун алдын алуу үчүн алар мезгили менен, кезметте кеминде бир жолу текшерилүүгө тийиш.
801. Жабдуулардын чегиндеги электр зымдарын агрессивдүү чөйрөдөн коргоо зарыл. Металл жеңчелер жабдуулардын кыймылсыз бөлүктөрүнө бири-биринен 400 миллиметрден алыс эмес жайгашкан атайын бириктиргич темирлер менен бекитилүүгө тийиш.
802. Желдетүү жана пневмо-транспорттук түзүлүштөрдү пландуу-алдын алуучу оңдоолорду күнүмдүк кароого киргизүү зарыл. Бардык түзүлүштөр ар бир оңдоодон кийин ишкананын жетекчиси дайындаган жооптуу адам тарабынан көрсөткүчтөрүн өлчөө жана паспортторуна белги коюу менен текшерилип турууга тийиш.
803. Желдетүүчү түзүлүштөр күйүүчү жана жарылуу коркунучу бар заттарды өткөрүүчү өндүрүштүк жайларда бардык металл аба өткөргүчтөр, өткөргүч түтүктөр, абаны соруп чыгаруучу түзүлүштөрдүн чыпкалары жана жабдуулары экиден кем эмес жерге туташтырылышы керек.
804. Абасында тез от алган же жарылуу коркунучу бар заттар (газ, буу, чаң) болушу мүмкүн болгон жайларда орнотулган желдеткичтердин конструкциясы жана материалдары, ошондой эле желдетүү системаларынын башка жабдуулары учкун пайда болуу мүмкүндүгүн болтурбоого тийиш.
805. Өрткө каршы тосмолор коюлган жерлерде орнотулган аба өткөргүчтөрдүн от тутандырбоочу автоматтык түзүлүштөрү (капкакчалары, шиберлери, клапандары) оң абалда болууга жана иштөө жөндөмдүүлүгү айына 1 жолудан кем эмес текшерилип турууга тийиш.
806. Желдеткичтерден жана аба үйлөткүч машиналардан кийин жайгашкан чаңды гравитациялык тундуруучу сыйымдуулуктарды (аспирациялык шахталарды, чаң тундуруучу камераларды) эксплуатациялоого тыюу салынат.
807. Чийки зат, өндүрүш калдыктары жана өндүрүштүк чаң, даяр продукция күйө баштаганы байкалары менен дароо өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана коргоо объектинин өрткө каршы ыктыярдуу түзүмүнө билдирилет. Тейлөөчү персоналды эвакуациялоо боюнча чара көрүлөт, бардык жабдуулар токтотулат жана токтон ажыратылат, ишкананын жетекчилигине кабар берилет.
808. Авария алдындагы коркунучтуу факторлор пайда болгондо бардык транспорттук жабдуулар токтотулат жана кылдат текшерилет. Аны иштетүү бузулуу себептерин аныктап, чечкенден кийин гана жүргүзүлүшү керек
809. Технологиялык линия автоматтык түрдө токтогондо ишти токтотууга сигнал берген түзүлүштү аныктап, анын иштеп кетүү себебин табуу жана жоюу зарыл. Кийинки иштетүүнүн алдында технологиялык линия материалдардан бошотулат жана бузугу оңдолот.
810. Тутануу очоктору жоюлгандан кийин бардык аба өткөргүчтөр, чыпкалоочу камералар, чаң камералары (чаң жер төлөлөрү), ошондой эле технологиялык машиналар кылдаттык менен тазаланганга чейин желдетүүчү жана пневмотранспорттук түзүлүштөрдү иштетүүгө тыюу салынат.
811. Өрттү өндүрүштүн чаң түрүндөгү калдыктарын көздөй суунун агымын компакттуу багыттап өчүрүүгө тыюу салынат.
14-глава. Айыл чарба багытындагы объекттердин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Айыл чарба өндүрүшүнүн объекттериндеги өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
812. Жаныбарлар жана канаттуулар үчүн жайларда устаканаларды, кампаларды, автотранспортту, тракторлорду, айыл чарба техникаларын токтотуучу жайларды уюштурууга, ошондой эле фермаларды тейлөө менен байланышпаган кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
Бул жайларга түтүн чыгуучу түтүгү учкунду өчүргүч менен жабдылбаган тракторлордун, автомобилдердин жана айыл чарба машиналарынын кирүүсүнө тыюу салынат.
813. Сүт товар фермаларында 20 жана андан ашык баш мал болгон учурда аларды тобу менен байлоо ыкмасын колдонуу зарыл.
814. Фермалардын чатырларында кесек тоют сактаган учурда төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
1) чатырын күйбөй турган материалдан жасоо;
2) жыгачтан жасалган шыптарды жана күйүүчү жылуулагычты чатыр тарабынан 3 см калыңдыкта чопо шыбагы же күйбөй турган жылуулагыч менен коргоо;
3) чатырдагы электр зымдарын механикалык бузулуудан коргоо;
4) морлордун тегерегин 1 метр аралыкта тосуу.
815. Көчмө ультрафиолет орнотмолору жана алардын электр жабдуулары күйүүчү материалдардан 1 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылышы керек.
816. Кыркын пунктунда жүндүн кезметтеги кыркылгандан ашык топтолушуна жана өткөөлдөр жана чыгуучу жолдор жүн салынган түктөр менен тосулуп калышына тыюу салынат.
817. Аммиак селитрасы полу күйбөй турган, шыпсыз бир кабаттуу, отко туруктуулугу I же II даражадагы өз алдынча имараттарда сакталууга тийиш. Күчтүү таасир этүүчү кычкылдандыргычтар (магний жана кальций хлораттары, суутек перекиси) отко туруктуулугу I, II жана III даражадагы имараттардын өзүнчө бөлмөлөрүндө сакталат.
818. Фермаларды жана башка айыл чарба коргоо объекттерин ийне жалбырактуу породалардагы токойлордун жанына, курулуштар менен токой массивдеринин ортосунда жайгаштырууда жазгы-жайкы өрт коркунучу бар мезгилде бульдозерлердин, соколордун жана башка кыртышты иштетүүчү шаймандардын жардамы менен түзүлүүчү өрткө каршы коргоочу тилкелер каралат.
819. Айыл чарба ишканаларынын аймагында (эгерде бул айыл чарба өндүрүшүнүн ушул участогунун технологиясы менен байланышпаса), ошондой эле пахта, зыгыр буласынан, кендир жана башка күйүүчү материалдарды сактоочу жана кайра иштетүүчү жайларда ачык отту (отту, факелди) колдонууга тыюу салынат.
§ 2. Аралаш тоют чыгаруучу заводдордун жабдууларын пайдалануудагы өрт коопсуздугу
820. Жем туурагычтардын балкаларында жараканын жана башка кемчиликтердин болушуна жол берилбейт.
821. Учкун чыкпашы үчүн балканы жем туурагычтын башка конструкцияларына тийгизүүгө жол берилбейт.
822. Жем туурагычты иштетүү кылдаттык менен текшерилгенден кийин гана жүргүзүлөт, анда башка бир нерселер жана майдаланылган продуктулар болбошу керек. Жем туурагычты иштеткенге чейин ротордун балкаларынын толуктугу, бекитилиши жана туташуулары жана электердин бүтүндүгү текшерилиши керек.
823. Бузук жери аныкталса, бузулуунун себептерин жоюу үчүн жем туурагычты дароо токтотуу керек. Баштоодо жем туурагыч бош иштетилет, андан кийин майдалануучу зат салына баштайт.
824. Гранулдагычты иштетүүдөн мурда төмөнкүлөр текшерилет:
1) металл буюмдардын киришине жол бербөө үчүн магниттик коргоонун болушу жана абалы;
2) машинада бөтөн предметтердин жоктугу, механизмдердин жана приборлордун оң болушу.
825. Гранулдагыч үчүн заводдо жасалган коопсуздук штифтери гана колдонулушу керек.
Аларды өлчөмдөрү жана механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталбаган металл стержендер менен алмаштырууга болбойт.
§ 3. Ун жана акшак тартуучу заводдорду эксплуатациялоодогу өрт коопсуздугу
826. Валиктүү станоктордун иштөө учурунда төмөнкүлөр камсыз кылынууга тийиш:
1) механизмдин (автоматтык башкарылган валиктүү станоктор үчүн) бир калыпта иштеши, ошондой эле жарык сигнализациясынын оң абалда болушу;
2) валиктин бүткүл узундугу боюнча данды же продуктуну берүүнүн үзгүлтүксүздүгү жана бирдейлиги.
827. Станокторду продуктусуз, валиктери кабышкан, кыйшайып жана огунан тайыган абалда иштетүүгө жол берилбейт.
828. Калбырлоочу машиналардын, таш ылгагычтардын, сепараторлордун кузовдорунда чаңды өткөрбөгөн материалдардан жасалган, чыгаруучу түтүктөр менен бекем туташтырылган ийкемдүү бириктиргичтерди гана пайдалануу зарыл.
829. Кебектен арылтуучу машинаны бөркүн чыгарып, бузук керме түзүлүштөрдө быдырлуу дисктерин бош бекитип же кургатуучу тегеректерсиз иштетүүгө тыюу салынат.
830. Кебектен арылтуучу жана жылмалоочу машиналардын дисктеринде, валиктеринде жана декаларында жаракалардын же бузуктардын болушуна жол берилбейт. Андай бузуктар болсо, ошондой эле дисбаланс болсо, кебектен арылтуучу машинаны эксплуатациялоого тыюу салынат.
831. Валик-дека станогунун барабанынын иштөөчү жылчыгын жана орнотулушун контролдоо керек.
832. Электр энергиясы берилбей калганда электромагниттик сепараторлор электромагниттерге продукту берүүнү токтотушун алдын ала караштыруу зарыл.
§ 4. Нан бышыруучу ишканалардын өрт коопсуздугу
833. Суюк отун менен иштеген мештерге отун от жагылуучу жайдын сыртында өзүнчө бөлмөлөрдө жайгашкан чыгымдоочу челектерден берилет.
834. Мештерге от жагуу жана эксплуатациялоо ишкананын жетекчиси бекиткен нускамага ылайык жүргүзүлүшү керек.
835. Каналдуу мештердин от жагылуучу жана газ өткөргүчтөрүнүн жогору жагына жарылуудан сактоочу коопсуздук клапандары орнотулат, бир жарылуу клапанынын минималдуу аянты – 0,05 м3.
836. Мештер жылуулукту жана газ түрүндөгү заттарды кетирүү үчүн желдетүүчү шаймандар менен жабдылышы керек. Соруучу желдетүүчү шахталарды тазалоо ишкананын жетекчиси бекиткен график боюнча жүргүзүлөт.
837. Газ түрүндөгү же суюк отун менен иштеген мештерде төмөнкүдөй авариялык жагдайларда отун берүүнү автоматтык түрдө токтотуучу түзүлүш каралат:
1) от жагылуучу жайга суюк отундун жана күйгүзүүчү түзүлүштөргө абанын берилишин токтотуу (суюк отун менен иштеген мештер үчүн);
2) жылытуу системасында ысытуучу газдардын жол берилген температурасынан ашып кетүүсү;
3) конвейердин токтошу.
838. Авариялык учурда бышып жаткан тамакты чыгаруу үчүн мештер кол менен иштетилүүчү резервдик механизм менен камсыздалат.
839. Меш толук эмес жүктөлгөндө температура режими көзөмөлдөнүп, анын ысып кетишине жол берилбейт жана бардык продукция чыкканга чейин меш байкоосуз калтырылбайт.
840. Мештин конвейери кезмет сайын күкүмдөн тазаланууга тийиш.
841. Нан бышуучу калыптарды жана табактарды тазалоочу жабдуу күкүмдөрдү жана чаңды жыйноочу түзүлүш менен камсыздалат.
Майлоочу түзүлүш майды чачыратпоону жокко чыгаруу менен каралат.
Металл калыптар жана табактар атайын ылайыкталган мештерде гана кызытылат. Калыптарды өндүрүштүк мештерде кызытууга тыюу салынат.
§ 5. Айыл чарба продукциясынын технологиялык процесстериндеги өрт коопсуздугу
842. Жабдуулар өндүрүмдүүлүгү жана максаты боюнча технологиялык схеманын талаптарына ылайык пайдаланылат.
843. Дан эмес продуктуларды (шротторду, күнжараларды, гранулданган чөп унун) силостордо жана эгин элеваторлорунун бункерлеринде кабыл алууга жана сактоого тыюу салынат.
844. Жүгөрү даны имараттын тышына орнотулган тик шахталык кургаткычтарда гана кургатылат.
845. Жүгөрү данын сактоодо аны көп которуштурууга болбойт.
846. Күрүчтүн, таруунун, гречканын кабыгы сыйымдуулугу акшак заводунун 1–2 сутка иштөөсүнө жеткен бункердик типтеги кампаларда сакталууга тийиш.
Кабыктарды ачык аянтта жана бастырманын астында сактоого жол берилбейт.
847. Ишканага түшкөн шроттордун партиясынан лаборатория үлгүлөрдү тандап алат жана бензиндин канча калганына карата тандап контролдоо жүргүзүлөт.
Бензин жыттанган шротторду жүктөөгө тыюу салынат.
848. Эгин, күнжара жана шрот сакталган бардык силостор сөзсүз түрдө температураны аралыктан контролдоочу түзүлүштөр менен милдеттүү түрдө жабдылат.
849. Күнжараларды жана шротторду сактоого коюуда тышкы абанын температурасынан 5 °Cден ашык эмес температура каралышы керек.
850. Температурасы жана нымдуулугу жогору болгон шрот жана күнжара биринчи кезекте иштетилүүгө тийиш, калган учурларда күнжараларды жана шротторду иштетүүнүн кезектүүлүгү ишканага келип түшкөнүнө жараша белгилениши керек.
851. Өзү тутанып кетүүсү мүмкүн болгон күнжараны, шротту жана башка ун түрүндөгү чийки заттарды өзүнүн идишинен башка бош идиштерге мезгил-мезгили менен которуштуруу камсыз кылынат. Мындай которуштуруу бункерлерде жана силостордо чийки затты үзгүлтүксүз сактоонун жол берилүүчү мөөнөттөрүнүн негизинде иштелип чыккан план-график боюнча жүргүзүлөт.
852. Эндей сакталган гранулданган чөп же тоюттук ундун температурасы жогорулап, өз алдынча тутануу белгилери байкалганда мындай партиянын температурасы күн сайын текшерилүүгө тийиш. Ундун мындай партиясы биринчи кезекте сатылат.
853. Өндүрүш калдыктарын ташуу үчүн өзү түшүрүүчү, механикалык транспортту жана чаңдын чыгышына жол бербеген пневмотранспортту пайдалануу зарыл.
854. Көп жатып чапташып калган продуктуларды сактоо жана чыгарууну камсыз кылуу үчүн силостордун (бункерлердин) атайын конструкциялары жана чыгарууну жеңилдетүүчү жүк түшүрүүчү механизмдер пайдаланылат.
§ 6. Дан өсүмдүктөрүн жыйноодогу жана айыл чарба продукциясына тоют камдоодогу өрт коопсуздугу
855. Түшүм жыйноо башталганга чейин ага тартылган бардык адамдар өрткө каршы инструктаждан өтүүгө тийиш, ал эми жыйноочу агрегаттар жана автомобилдер өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары (бардык типтеги комбайндар жана тракторлор – эки өрт өчүргүч, эки шиш күрөк жана эки шыпыргы) менен жабдылууга, оң абалдагы учкун тоскучтар менен жабдылууга жана жөнгө салынган азыктандыруу, от алдыруу жана майлоо системасы болууга тийиш.
856. Кылкандуу эгин талаалары бышып жетилердин алдында токой массивдерине, талаа тилкелерине, автомобиль жана темир жолдорго жанаша турган жерлеринде туурасы 4 метрден кем эмес тилке чабылып, айдалышы керек.
857. Дан эгиндерин жыйноо дан массивдерин 50 гектардан ашпаган аянттарга бөлүүдөн башталууга тийиш. Участоктордун ортосунда туурасы 8 метрден кем эмес аянттар чабылып, дароо жыйналат. Чабылган жерлердин ортосу эни 4 метрден кем эмес айдалат.
858. Убактылуу талаа станы эгин талаасынан, кырманга 100 метрден жакын жайгаштырылбашы керек. Талаа стандарынын, кырмандардын аянттары туурасы 4 метрден кем эмес тилке менен айдалат.
859. Аянты 25 гектардан ашык жыйналып жаткан эгин талааларына жакын жерде өрт чыккан учурда күйүп жаткан зонаны айдоо үчүн сокосу бар трактор болот.
860. Кырмандар имараттарга жана курулмаларга 50 метрден, ал эми эгин талаасынан 100 метрден кем эмес аралыкта жайгашат.
861. Талаа шарттарында мунай продуктуларын сактоо жана май куюу кургак чөптөн, күйүүчү таштандылардан тазаланган жана туурасы 4 метрден кем эмес тилке менен себилген атайын аянттарда же агындылардан, чөп жана саман үймөгүнөн, эгин талааларынан 100 метр аралыкта жана курулуштардан 50 метрден кем эмес аралыкта айдоо аянттарында жүргүзүлөт.
862. Дан эгиндерин жыйноо жана тоют даярдоо мезгилинде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тракторлордун, өзү жүрүүчү шассилердин жана автомобилдердин капотсуз же капотторун ачып иштешине;
2) кыймылдаткычтын радиаторлорундагы чаңды күйгүзүү үчүн каңдоочу лампаларды колдонууга;
3) автомашиналарга түнкүсүн талаа шартында май куюуга.
863. Айыл чарба ишканаларынын жетекчилери өскөн чөптү, орулган эгиндин калган сабактарын, саманды өрттөө боюнча иштерди (мындан ары – аңызды өрттөө) өрт коопсуздугунун төмөнкү чараларын сактоо менен жүргүзөт:
1) аңызды өрттөөнүн алдында кызматкерлерге, ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо, өрт өчүрүү ыкмалары жөнүндө инструктаж өткөрүлөт;
2) аңызды өрттөө учурундагы жооптуу адамдар дайындалат;
3) токой массивдерине жанаша участоктордо аңызды өрттөө иштери учурунда жумуш жүргүзүлгөнгө чейин бир сутка мурда токой ээлерине маалымат берилет;
4) аңызды өрттөө учурунда өрт өчүрүүчү каражаттар менен жабдылган патрулдук посттор: бир өрт өчүрүүчү автоцистерна же ылайыкташтырылган техника, сокосу бар бир трактор, өрт өчүргүчтөр, күрөктөр коюлат;
5) аңызды өрттөө алдында өрттөлүүчү айыл чарба жайларынын аймагы туурасы 8 метрден кем эмес тилке менен айдалат жана аянты 25 гектардан ашпаган участокторго бөлүнөт;
6) өрттөлүүчү участокторго жанаша жайгашкан токой массивдери, жыгач бөлгүчтөр, талаа коргоочу тилкелер жана жашылдандыруу көчөттөрү туурасы 8 метрден кем эмес айдалат;
7) аңызды өрттөө шамалдын ылдамдыгы секундасына 5 метрден ашпаган учурда, айдалган участоктордо, жооптуу адамдардын жана жумушчулардын контролунда жүргүзүлөт;
8) өрттүн тез жайылышын болтурбоо максатында аңызды күйгүзүү шамалга каршы тараптан башталат;
9) аңызды өрттөө аяктагандан кийин өрттөлгөн аймактын периметри кылдаттык менен текшерилип чыгат, чок калган жана от өчпөй турган жерлер аныкталат жана өчүрүлөт, кайра тутанып кетишине жол бербөө үчүн 3 саат бою күзөттү коюу камсыз кылынат.
§ 7. Чөп унун даярдоодогу жана сактоодогу өрт коопсуздугу
864. Чөп унун даярдоо үчүн агрегаттар бастырманын астына же жайларга орнотулушу керек. Бастырманын жана күйүүчү материалдан жасалган конструкциялары отко чыдамдуу заттар менен иштетилет.
865. Күйүүчү май куюлуучу челек агрегат турган бөлмөнүн сыртына орнотулушу керек. Күйүүчү майдын түтүктөрү экиден кем эмес вентиль менен жабдылат (бири – агрегатка, экинчиси – челектин түбүнө коюлат).
866. Кургаткыч барабанда продукттун күйүшү аныкталганда, өрткө чейин 150 кг кем эмес өлчөмдө даярдалган продукт жана өрттү жок кылгандан кийин алынган 200 кг кем эмес биринчи продукт жалпы сактоочу жайга коюлбайт, бирок коопсуз жерге өзүнчө жайгаштырылат жана 48 сааттан кем эмес көзөмөлдө сакталат.
867. Даярдалган жана баштыкка салынган ун температурасын төмөндөтүү үчүн кеминде 48 саат бастырманын астында турушу керек.
868. Унду өзүнчө турган кампада же өрткө каршы дубалдары жана шыбы, ишенимдүү желдеткичтери бар жайда, башка заттар менен материалдардан бөлөк сактоо зарыл.
869. Кампага нымдын киришине жол берилбейт. Унду үйүп сактоого тыюу салынат.
870. Ун салынган мүшөктөр бир катарга экиден мүшөк кылып бийиктиги 2 метрден ашпаган штабелдерге жыйылат. Катарлардын ортосундагы өтмөктөр 1 метрден кем эмес, ал эми дубалды бойлой – 0,8 метр болот.
871. Сакталып турган ун өзүнөн-өзү күйүп кетпеши үчүн анын температурасын мезгил-мезгили менен контролдоп туруу зарыл.
§ 8. Пахтаны жыйноодо, ташууда, кургатууда, сактоодо жана алгачкы иштетүүдө өрт коопсуздугу
872. Пахта жыйноочу кампания башталганга чейин ага тартылган бардык адамдар өрткө каршы инструктаждан өтөт, ал эми пахта жыйноочу машиналар, тракторлор, пахта ташуучу автомобилдер өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары менен жабдылат (пахта жыйноочу машиналар – эки өрт өчүргүч, эки шиш күрөк жана өлчөмү 2х2 метр болгон кийиз, тракторлор, автомобилдер – бир өрт өчүргүч, бир шиш күрөк), оң абалдагы учкун өчүргүч менен жабдылат жана жөнгө салынган азыктандыруу, от алдыруу жана майлоо системалары менен камсыз кылынат.
873. Пахта бышып жетилердин алдында талаалар токойлорго, талааларга, автомобиль жана темир жолдорго жанаша жайгашкан жерлерде жээктери 4 метрден кем эмес тилкеде чабылууга жана айдалууга тийиш.
874. Пахта жыйноодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) пахта талаасында тамеки чегүүгө жана от чыгарууга;
2) бункери пахтага толгон пахта жыйноочу машинаны талаага калтырууга, талаадан май куюуга;
3) гидравликалык системасы жана электр жабдуулары бузулган, учкун тоскучтары жок пахта жыйноочу машиналарды пайдаланууга;
4) пахта жыйноочу машинаны пахта кургатуучу аянтка токтотууга.
875. Пахта эндей ташылганда үстүнө брезент жабуу зарыл. Автомашинанын кузовунун же чиркегичтин полунда жылчыктардын болушуна жол берилбейт.
876. Тракторлорду, автомобилдерди, пахта жыйноочу машиналарды токтотуучу жер, аларды оңдоо, майлоо жана май куюу пахтаны табигый жол менен кургаткан аянттан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылышы керек.
877. Пахтаны табигый кургатуу үчүн аянтчаларды турак үйлөрдөн, коомдук имараттардан, оңдоочу устаканалардан 150 метрден кем эмес аралыкта, ал эми жогорку вольттогу жана төмөнкү вольттогу электр линияларынан – мамычаларынын 1,5 метрден кем эмес бийиктигинде жайгаштыруу зарыл.
878. Пахтаны табигый кургатуу үчүн аянтты сырткы өрт өчүрүү максаттары үчүн 50 м3 кем эмес эсептик көлөмдөгү суу менен камсыз кылуу керек.
879. Чийки пахтаны табигый кургатуу үчүн аянтчаларды асфальттоо же калыңдыгы 5 сантиметрден кем эмес чопо төшөө менен тыгыздоо керек. Пахтаны жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кургатууга тыюу салынат.
880. Технологиялык жабдуулардагы чаңдын чыгышын болтурбоочу түзүлүштөр (герметизация тетиктери, чаңды соргучтар) оң абалда болууга тийиш.
881. Жабдууларга жана курулуш конструкцияларына топтолгон пахтанын чаңын, ошондой эле топтолгон пахтаны кезмет сайын бир жолудан кем эмес алып тазалап туруу керек.
882. Ташты, металлды жана башка нерселерди кармап кала турган түзүлүш оң абалда болууга тийиш.
883. Агрегаттарды авариялык токтогондон кийин иштетүү мүчүлүштүктөр оңдолгондо гана ишке ашырылышы керек.
884. Тасмалуу транспортёрдун кардан валдары жана ремень аркылуу кыймылга келүүчү бөлүктөрү айлануучу тетиктерге пахта тийбегидей бузугу жок капкактар менен жабылат.
885. Пахта жыйноочу машиналардын кыймылдуу тетиктери жана валдарынын моюндары пахта чаңынан жана булалардан тазаланууга тийиш. Тазалоонун мезгилдүүлүгү айыл чарба ишканасынын жетекчиси тарабынан белгиленет.
886. Тасма үзүлгөн, ошондой эле жумушчу органдар элеватордун капталына урунган учурда элеватордун кыймылдаткычын автоматтык түрдө коргоочу түзүлүштүн бузук болушуна жол берилбейт.
887. Элеватордун каптоосу бардык периметри боюнча жабуунун тыгыздыгын (жылчыксыздыгын) камсыз кылуучу ишенимдүү бекиткичтери жана ийкемдүү төшөмдөрү бар оңой ачылуучу люктар менен жабдылышы керек.
888. Транспортёрлор төмөнкү лентадан пахтаны алып салуу үчүн оң иштеген атайын түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
889. Пневмотранспорт системасына кирген машиналарды жана аппараттарды жерлештирүү оң абалда болушу керек. Пахтаны желдеткич аркылуу механикалаштырып таратууга тыюу салынат.
890. Топтордогу үймөктөрдүн ортосунда 15 метрден аз, ал эми үймөктөрдүн топторунун ортосунда 30 метрден аз өрткө каршы ажырымдардын болушуна жол берилбейт.
891. Үймөктөрдү бузганда пахта ташыган машиналар, механизмдер жана автопоезддер бири-биринен 30 метр аралыкта гана орнотулууга тийиш.
892. Машиналар менен агрегаттарда пайда болуучу бузуктарын оңдоо аларды өчүрүп жана үймөктөн 5 метрден кем эмес алыстаткандан кийин гана жүргүзүлөт.
893. Кургатуучу түзүлүштү иштетүүдө төмөнкүлөрдү камсыз кылуу зарыл:
1) жылуулук менен жабдуу каражаттарынын (жылуулук генераторлорунун) оң абалда болушу;
2) жылуулук чыгаруучу түзүлүштөрдө контролдук-өлчөөчү приборлордун жана коопсуздук автоматикасынын көйгөйсүз иштөөсү;
3) шнек токтоп калганда барабандын кыймылдаткычынын өчүрүлүшүн камсыз кылуучу барабандын электр кыймылдаткычынын жана бургучтун ишин блоктоо;
4) кургатуу камерасынын жана азыктандыргычтын ток бергичтин жылчыксыздыгы;
5) барабандын секциясын жана шнекти пахтадан системалуу тазалоо.
894. Пахтаны кургатуу үчүн колдонулган жылуулук чыгаруучу түзүлүштөр обочо жайларда күйбөс конструкциялардан жасалууга тийиш.
895. Кургатуучу түзүлүштүн иштешине туруктуу көзөмөл жүргүзүлүшү керек. Чыккан жеринде пахтанын температурасын 70 %дан ашык көтөрүүгө тыюу салынат. Кургатуучу барабандан саргарган пахта чыкканда дароо пахтаны берүү токтотулуп, жылуулук бергич жана механизмдер өчүрүлөт, ал эми кургатуучу барабандан түшкөн пахта күйө баштаган учурда кургаткыч дароо токтотулат, түтөгөн пахта өчүрүлөт жана чыгарылат.
Кургаткычтын ишин пахтанын ысып же күйүп кетүү себеби кылдаттык менен текшерилип жана жоюлгандан кийин гана улантуу керек.
896. Пахта таңгакталып гана сакталат. Ачылган таңгактар ар бир кезметтин акырында кайра таңгакталат.
897. Пахта таңгакталып ачык аянтта сакталганда пахтанын стандарттуу штабелинин өлчөмү: узундугу 22 метр, туурасы 11 метр жана бийиктиги 8 метрден ашпоого тийиш.
898. Ачык аянттагы жыйылган пахтанын штабелдеринин баары брезент менен жабылышы керек.
899. Пахтанын чатырларынын астына туурасы 2 метрден кем эмес кайчылаш өтмөктөрдү калтыруу менен төшөө керек: полдун аянты 300дөн 600 м2 чейин болсо – бир өтмөк, полдун аянты 1200 м2 болсо – үч өтмөк, полдун аянты 1800 м2 болсо, бирдей аралыктар аркылуу төрт өтмөк. Пахтанын бийиктиги жогору жактан чатырдын кыркасына же фермалардын төмөнкү белине чейинки аралык 1 метрден кем болбошу үчүн төшөлөт.
900. Пахтаны жабык кампаларга жайгаштыруу ар бир эшиктин каршысындагы туурасы 2 метрден кем эмес узатасынан өтүүчү бир өткөөл жана туурасынан өтүүчү өтмөктөрдү калтыруу менен товар коюучу жайларда жүргүзүлүүгө тийиш. Периметри боюнча дубалдарды бойлото туурасы 1 метрден кем эмес өтмөк калтырылат.
Кампа жайларынын ичинде кандайдыр бир тосмолорду жана конторкаларды орнотууга тыюу салынат.
901. Автомашиналар менен тракторлор жабык кампаларга, бастырмаларга жана пахта жыйылган штабелдерге түтүн чыккан түтүктүн каршы тарабы менен токтотулушу керек, мында түтүн чыккан түтүктөрү учкунду тоскучтар менен сөзсүз түрдө камсыз кылынышы керек.
Транспорт каражаты пахта жыйналган бастырмалар менен штабелдерге 3 метрден жакын токтотулушуна тыюу салынат.
902. Пахта заводдорунда жана кабыл алуучу пункттарда 2400 тоннадан ашык пахта сакталган учурда жогорку басымдагы өрткө каршы суу түтүктөрү каралышы керек.
Пахтанын көлөмү 2400 тоннага чейин болгондо өрттү көлмө-сайлардагы суу менен өчүрүүгө уруксат берилет.
903. Пахта тазалоочу заводдордо, пахта камдоочу пункттарда өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды чакырууга мүмкүнчүлүк берген телефон байланышы болушу зарыл.
§ 9. Атканалардын жана жем сактоочу жайлардын өрт коопсуздугу
904. Атканалардын жайлары эки же андан көп өзүнчө ачылуучу дарбазалар менен жабдылышы керек, алардын алдына босоголорду, тепкичтерди, чуңкурларды жасоого тыюу салынат.
Аттарды чыгаруу үчүн арналган жайлардын дарбазаларын жана эшиктерин сыртка гана ачуу каралууга тийиш. Дарбазалар оңой ачыла турган илгичтер менен гана жабылат. Кыш мезгилинде дарбазалардын жана атканалардын эшиктеринин алдындагы бардык аянтчалар системалуу түрдө кардан тазаланууга тийиш.
905. Атканалардын жайларында өрт чыккан учурда аттарды бир эле учурда коё берүүгө жана күркөдөн чыгарууга мүмкүндүк берүүчү түзүлүштөр каралышы зарыл.
906. Атканалардын жайлары аларды чыгаруу жана байлоо үчүн зарыл болгон тизгин, жүгөн, жабуулар жана башка шаймандар менен жетиштүү санда камсыз кылынышы керек.
907. Аттарга тоют даярдоо үчүн жайлар аткананын башка жайларынан күйбөй турган материалдардан жасалган конструкциялар (дубалдар жана жабуулар) менен бөлүнүшү керек.
908. Атканаларда электр зымдары ачык, изоляторлорго, кабелдерге, болот түтүктөргө же кабелдерге салынат. Чаңдан жана нымдан корголбогон электр жарык берүүчүлөрдү гана колдонууга уруксат берилет.
Токту бөлүштүрүүчү такталар, өчүргүчтөр, сактагычтар тамбурларга же аткананын тышкы дубалдарына күйбөй турган материалдардан жасалып орнотулушу керек.
909. Аткананын ичине жемдин суткалык запасы болуучу жемкана, ошондой эле төшөлгөлөрдү сактоочу жай салууга уруксат берилет.
Жемдин негизги запасы атайын кампаларда сакталууга тийиш.
910. Жемкана, ошондой эле төшөлгөлөр сакталуучу жер башка бөлмөлөрдөн өрткө каршы тосмолор менен бөлүнүп турууга жана өзүнүн эшиктери болууга тийиш.
911. Атканадан аттарды ийгиликтүү эвакуациялоо үчүн өрт чыккан учурга карата жылкыларды эвакуациялоонун планын иштеп чыгуу зарыл.
912. Атканада электр тармагын эксплуатациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) электр өткөргүчтөрүн мал турган жердин үстү менен өткөрүүгө;
2) электр зымдарынын астына чөп, саман жыйноого;
3) атканалардын жайлары аркылуу транзит менен электр өткөргүчтөрүн жана кабелдерди өткөрүүгө;
4) кубаттуулугу жарык бергичтин ошол түрү үчүн жол берилген чектен ашык лампаларды колдонууга;
5) чырактарды зымдарга түз илүүгө.
913. Атканалардын жайларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) автотранспорт токтоочу жайларды, кампаларды, устаканаларды уюштурууга, ошондой эле жаныбарларды тейлөөгө байланышпаган кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө;
2) ичинен күйүүчү кыймылдаткычтары бар, чыккан түтүктөрү учкун кармагычтар менен жабдылбаган транспорт каражаттарынын кирүүсүнө;
3) автоматтык жабуу үчүн дарбазаларга булактарды жана блокторду орнотууга;
4) бөлмөлөрдү жарыктандыруу үчүн керосин лампаларын, шамдарды жана бузулган электр лампаларын колдонууга;
5) убактылуу мештерди уюштурууга;
6) чөптү, тоютту, төшөнчүлөрдү тамбурларда жана өтмөктөрдө, аткананын чатырларында сактоого;
7) тамеки чегүүгө жана ачык отту колдонууга.
15-глава. Мунай продуктуларын камсыз кылуучу ишканалардын өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Мунай продуктуларын камсыз кылуучу ишканалардагы өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
914. Мунай базаларынын, мунайды куюучу жана сордуруучу станциялардын аймагы бийиктиги 2 метрден кем болбогон күйбөгөн материалдан жасалган тосмо менен курчалууга тийиш.
915. Ишкананын аймагынын бош аянттарында жазы жалбырактуу дарактарды жана бадалдарды тигүүгө, ошондой эле газондорду өстүрүүгө уруксат берилет. Резервуарларды тегерете тосулган жалдын ичине дарактарды жана бадалдарды отургузууга тыюу салынат.
916. Корголуучу объектинин аймагында от жагууга, таштандыларды, калдыктарды күйгүзүүгө, факелдерди, керосин чырактарын жана башка ачык от булактарын колдонууга тыюу салынат.
917. Автотранспорт каражаттарынын корголуучу объектинин аймагы боюнча өтүшү бекитилген жүрүү схемасына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
918. Тамеки чегүү үчүн бөлүнгөн жерлерге “Тамеки чегүү үчүн жер” деген жазууну илип, суу куюлган идиш же кум салынган үкөк, ошондой эле 5 литрлик өрт өчүргүч менен жабдылышы керек.
919. Мунай базаларында жана мунай жана мунай продуктуларын сордуруучу станцияларда өрт өчүрүүчү каражаттардын техникалык абалы туруктуу контролдонууга тийиш.
920. Катып калган мунай продуктусун, өткөргүч түтүктөрдөгү музга айланган жана кристалл-гидрат тыгындарды ысык суу, буу, ысытылган кум жана өрт чыгарбоочу башка ыкмалар менен эритүү керек.
921. Жарылуу-өрт чыгуу коркунучу бар зоналардагы жумуштар учкун чыгарбай турган аспаптар менен аткарылууга тийиш. Жез ачкычтарды жана аспаптарды пайдаланган учурда жез менен капталган жерлеринин бүтүндүгүнө жана анын өз убагында калыбына келтирилишине көзөмөл жүргүзүлүшү керек.
Өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар зоналарды классификациялоо энергетика тармагындагы эрежелер менен аныкталат.
922. Статикалык электр зарядынын пайда болушуна жол бербөө үчүн урунганда учкун чыгарбаган материалдардан жасалган жана жерге туташтыргыч менен жабдылган сынамык алгычтар колдонулууга тийиш. Жерлештирүү өткөргүчтөрү резервуардын чокусундагы жерлештирүүчү клеммаларга бекитилет.
923. Резервуарлардын понтондорун иштетүүдө понтонду статикалык электрден сактоо үчүн ийилчээк перемычкалардын (ток өткөргүчтөрдүн) оң абалы камсыз кылынышы керек.
924. Резервуарлардын ички бетин пирофордук катмарлардан жана коррозия продуктуларынан тазалоо уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген график боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек.
925. Резервуарды тазалоодо чыккан кир жана тунмалар мунай продуктуларын сактоочу жайдан чыгарылганга чейин нымдуу болушу керек.
926. Резервуарлардагы пирофордук катмарлардын сынамыктары уюмдун жетекчисинин уруксаты боюнча гана атайын даярдалган адамдар тарабынан алынууга тийиш.
§ 2. Электр техникалык түзүлүштөрдүн, автоматташтыруу
жана байланыш каражаттарынын өрт коопсуздугу
927. Ишканалардын аймагы тышкы арыктандыруу менен камсыз кылынат, ал тейлөөчү персонал дайыма боло турган пункттарда күйгүзүлүүгө тийиш.
928. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жарылуу коркунучу бар зоналарда даярдоочу завод берген жарылуудан коргоо белгиси жок электр жабдууларын эксплуатациялоого;
2) жарылуудан корголгон электр жабдууларын бузулган коргоо системасы менен иштетүүгө;
3) жарылуудан корголгон электр жабдууларынын конструкциясын өзгөртүүгө;
4) электр берүү линияларын жарылуу-өрт коркунучу бар зоналардын үстүнөн жана бул зоналардан электр берүү линияларынын мамычаларынын бийиктигинен 1,5 тен аз аралыкта алып өтүүгө;
5) бузулган (тешиги, кесиги, жаракасы бар) шланг кабелдерин пайдаланууга;
6) күйүүчү газдарды, суюктуктарды камтыган технологиялык түтүктөрдү, ошондой эле коррозиядан коргоо үчүн изоляция менен капталган түтүктөрдү жерлештирүү жана жерлештирүүчү өткөргүчтөр катары пайдаланууга.
929. Электр жабдууларын сактоо үчүн жерлештирүү, чагылгандан коргоо, статикалык электрден сактоо үчүн жерлештирүүнүн жалпы контуру каралышы керек.
930. Чагылгандан коргоочу түзүлүштөрдү текшерүүнү жылына кеминде бир жолу ал сезон башталардын алдында жүргүзүү зарыл, мында кароолордун жана өлчөөлөрдүн жыйынтыктары чагылгандан коргоочу түзүлүштөрдү эксплуатациялоо журналына жазылат.
931. Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган учурда ишкана тышкы электр тармактарынан ажыратылышы керек. Кайра күйгүзүү газ анализаторунун жардамы менен жарылуудан корголбогон электр жабдуулары орнотулган бөлмөлөрдө жана сырткы түзүлүштөрдө жарылуучу аралашма жок экендиги аныкталгандан кийин гана жүргүзүлүшү керек.
932. Жарылуу жана өрт коркунучу бар цехтердеги приборлорду оңдоо ширетүүнү, каңдоону жана отту же жогорку температураны пайдалануу менен байланышкан башка жумуштарды колдонбостон муздак ыкма менен гана жүргүзүлүүгө тийиш. Иштеп жаткан технологиялык аппараттар жана түтүк өткөргүчтөр менен байланышкан автоматтык контролдоо жана жөнгө салуу приборлорун майда, учурдагы оңдоого приборлорду технологиялык түзүлүштөрдөн өчүргөндөн жана басымды алып салгандан кийин гана уруксат берилет. Ошондой эле ачык отту колдонууга тыюу салынат.
933. Жарылуу коркунучу бар жайларда орнотулган автоматика каражаттарын оңдоодо, сыноодо жана текшерүүдө кадыресе (жарылуудан корголбогон) аткарылышы бар жабдууларды кыска мөөнөткө колдонууга ок атуу иштерин жүргүзүүгө коюлган бардык талаптар аткарылган шартта гана уруксат берилет.
§ 3. Магистралдык мунай продуктуларын өткөргүчтөрдүн линиялык бөлүгүнүн өрт коопсуздугу
934. Мунай продуктуларын өткөргүчтөрдүн трассасынын бардык жерине оңдоочу жана авариялык бригадалардын транспортунун жана механизмдеринин эркин өтүшүн камсыз кылуу зарыл.
935. Магистралдык өткөргүч түтүктүн трассасында мунай продуктусу жер бетине чыгып кеткени аныкталганда, линиядагы кыдырып текшергичтер бул жөнүндө мунай сордуруучу станциянын диспетчерлерине дароо билдирүүгө жана алардын көрсөтмөсү боюнча аракеттенүүгө тийиш. Суюктук чыгып жаткан жер 20 метр радиуста тосулуп жана коопсуздуктун эскертүү белгилери илинүүгө тийиш. Түнкүсүн авария болгон жер кызыл жарык сигналдары (жарылуудан корголгон фонарлар) менен жарыктандырылат.
936. Суюктук калктуу конушка, темир жолго, шоссе жолдорго жана башка курулуштарга жакын жерде чыгып жатканы аныкталганда линиялык кыдыруучулар оңдоо-калыбына келтирүү бригадасы келгенге чейин суюктук чыгып жаткан жерден айланып өтүүнү уюштурушуп, жергиликтүү администрацияларга жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирип, элге ачык отту пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө кабарлоого, ошондой эле мунай продуктулары чыгып жаткан жерге бөтөн кишилердин барышына жол бербөөгө тийиш.
937. Авария болгон жерди өрт өчүрүүчү каражаттар менен камсыз кылуу, зарыл болсо күзөт уюштуруп жана мунай продуктуларынын башка коммуникациялар менен тармактарга өтүшүнө жол бербей турган чаралар көрүлүүгө тийиш. Газдуулук канча экени такай контролдонот.
938. 5 метр радиустагы аварияны жоюу жайы чөптөн тазаланып, топурак мунай заттарына сиңген жерлер тазаланып, топурак менен толтурулат.
939. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар тракторлорду, автомобилдерди жана башка агрегаттарды мунайзаттар төгүлгөн жерден 30 метрден кем эмес аралыкта токтотууга уруксат берилет.
940. Өткөргүч түтүктүн үстүнөн 0,3 метр жана ага жетпеген тереңдикте, ошондой эле газ топтолгон чуңкурларда же кудуктарда ачуу жумуштары урунганда учкун чыгарбаган аспаптар менен гана аткарылууга тийиш.
941. Калктуу пункттагы мунай продуктулары өтүүчү трассага “Мунай продуктусун өткөргүч” деген жазуусу бар белги коюлат жана мунай продуктусу жердин үстүнө чыкканы аныкталган учурда кайрылуучу телефондун номери жазылууга тийиш.
942. Мунай продуктуларын өткөргүч түтүктүн абалына көз жүгүртүп, ошондой эле өткөргүч түтүктү эксплуатациялоо процессинде пайда болгон бузулган жерлерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү атайын приборлор жана жабдыктар менен такай контролдонот.
§ 4. Мунай продуктуларын сордуруучу насостук станциялардын өрт коопсуздугу
943. Насостук станциялардын жайларында насостордун жана өткөргүч түтүктөрдүн жылчыксыздыгына туруктуу контроль жүргүзүлүүгө тийиш. Насостордун сальниктеринен жана өткөргүч түтүктөрдүн кошулган жерлеринен мунай продуктуларынын чыгып кетиши дароо оңдолот.
944. Ичтен күйүүчү кыймылдаткычтарды жайгаштыруу үчүн жайлар насостор жайгашкан жерден газды өткөрбөөчү, күйбөй турган дубалдар менен тосулушу зарыл. Жеңил от алып кетүүчү суюктуктар үчүн насостор коюлган жайларда жалпак ремендүү кыймыл бергичтерди пайдаланууга тыюу салынат.
945. Насостор жайгашкан жердеги полдор жана лотоктор дайыма суу менен жуулуп турууга тийиш. Мунай продуктуларынын топтолушуна жол бербөө керек. Төгүлгөн мунай продуктуларын кетирүү үчүн насос жабдуулары коюлган жайлар резина шлангдары бар суу түтүк менен жабдылат. Насостун канализацияга агып кирген жерлериндеги гидравликалык бекиткичтер системалуу түрдө текшерилип турат.
946. Сүрүлүп туруучу бөлүктөрдүн майланышына, подшипниктердин, сальниктердин жана насостордун температурасын байкоого алуу зарыл. Насостордун туура иштөөсүнүн режимин бузган кандайдыр бир бузуулар байкалганда, аны токтотуп, бузугун оңдоо керек.
947. Мунай продуктуларын убактылуу көчмө айдатуучу станциялар менен өткөрүүдө төмөнкүдөй чаралар сакталууга тийиш:
1) станция магистралдык өткөргүч түтүктүн трассасынан 25 метрден жакын эмес жайгаштырылат жана ачык, тегизделген аянтка орнотулат, ал эми айдатуучу агрегаттар иштеген учурда титирөөнү жана жылышып кетүүнү болтурбоочу металл алкактарга бекем бекитилет;
2) насостон мунай чыга баштаса, мунай продуктуларынын ичтен күйүүчү кыймылдаткычтарга киришине жол бербөө үчүн кыймылдаткычтар насостордон металл жабуу менен тосулат;
3) кыймылдаткычтардын түтүн чыгуучу түтүктөрү ысыкты өткөрбөгөн күйбөс материал менен капталат, учтары жерге казылган бункерлерге түшүрүлөт;
4) мунай продуктуларынын чыгып кетиши мүмкүн болгон жерлер (өткөргүч түтүктүн туташкан жерлери жана насостордун сальниктүү бириккен жерлери) агып чыккан мунай продуктусун коопсуз жерге буруу үчүн дренаждык түзүлүштөр менен жабдылат;
5) станцияны токойлуу жерге жайгашкан учурда сордуруучу агрегаттардын айланасы жалбырактуу дарактарда 20 метр радиуста, ийне жалбырактуу дарактарда 50 метр радиуста тазаланат жана туурасы 4 метрден кем эмес минералдашкан тилке менен курчалат, ал эми анын аймагы бактардан, чамындылардан, кургак чөптөн тазаланат;
6) резервдеги күйүүчү майды сактоочу жер сордуруучу станциядан кеминде 30 метр аралыкта жайгашат, чөп-чары тазаланат жана туурасы 4 метрден кем эмес минералдашкан тилке менен курчалат.
948. Убактылуу сордуруучу станция иштеп жаткан учурда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) үн басаңдаткычы бузук кыймылдаткычты эксплуатациялоого;
2) жарык берүү үчүн ачык типтеги шамчырактарды пайдаланууга (бул максатта жарылбай турган электр аккумулятордук фонарларды колдонуу керек);
3) ачык отту колдонууга, тамеки чегүүгө, ширетүү жана башка өрт коркунучу бар иштерди жүргүзүүгө;
4) урунганда учкун чыгарган аспапты пайдаланууга.
949. Ар бир убактылуу насостук станцияда магистралдык түтүктөрдүн трассаларында өрт өчүрүү учурунда суунун запасы жана өрт мотопомпасы каралышы керек.
§ 5. Темир жол агызуучу-куюучу эстакадалардын өрт коопсуздугу
950. Агызуучу-куюучу курулмалар жайгашкан мунай базаларынын жана куюучу пункттардын (станциялардын), магистралдык продуктуларын өткөргүчтөрдүн аянттарында авария болгон учурда жана төгүлгөндө жыйноочу жер же өндүрүштүк канализация менен гидравликалык бекиткичтер аркылуу бириктирилген суюктукту агызуучу лотокторго же арыктарга тоскоолдуксуз агууну кароо зарыл.
951. Агызуучу-куюучу түзүлөштөрдүн эки тарабында же өзүнчө турган темир жолдордогу көтөргүчтө сигналдык белгилер – контролдук мамычалар коюлууга тийиш, алар үчүн тепловоздордун кирүүсүнө тыюу салынат.
952. Агызуучу-куюучу маршруттарды бош турган темир жол эстакадаларына берүүнү мунай базаларынын персоналы контролдоого тийиш. Токтотуучу башмактарды темир жол транспортунун кызматкерлери орнотот. Агызуучу-куюучу түзүлмө жайгашкан темир жолдордо тепловоздордун жүрүшүнө тыюу салынат.
953. Агызуучу-куюучу түзүлмөлөр, өткөрүү түтүктөрү жана түтүктүү арматура үзгүлтүксүз текшерүүдөн жана пландуу-эскертүүчү оңдоодон өткөрүлөт. Байкалган бузуулар жана суюктук аккан жерлери токтоосуз оңдолушу керек. Агызуучу түзүлмөнүн бузулган бөлүгү өчүрүлүшү керек.
954. Темир жол цистерналарын сорттоо жана бири-биринен чечүү агызуучу жана куюучу эстакаданын чегинен тышкары жүргүзүлүүгө тийиш. Мунай продуктуларын агызуу-куюу операцияларында эстакадада атылып чыккан буунун температурасы 61 °C жетпегенде манёвр иштерин аткарууга жана кийинки маршрутту бошогон жолго салууга тыюу салынат. Жылчыксыз агызуу түзүлмөнүн жардамы менен жүргүзүлгөн агызуу операцияларынын учурунда мунай продуктулары куюлган темир жол цистерналарын бошогон эстакадага берүүгө уруксат берилет.
955. Темир жол цистерналарындагы суюктукту агызуу жана куюу жана андан чыгаруу тегиз, бир калыпта аткарылышы керек. Агызуучу-куюучу түзүлмөлөрдүн аймагында металл башмактуу темир жол цистерналарын токтотууга жана фиксациялоого тыюу салынат. Бул максаттар үчүн жыгач төшөлгөлөр же учкун чыгарбаган металлдан жасалган башмактар колдонулат.
956. Жеңил тутануучу суюктуктарды куюуда же агызууда цистерналардын люктарынын капкактарын жапканда, шлангдарды жана башка приборлорду темир жол цистерналарына туташтырууда соккулар болбошу керек. Куюу жана агызуу операцияларында колдонулуучу аспап урганда учкун чыгарбай турган материалдан жасалууга тийиш. Куюп жатканда, шлангдын учу цистернанын түбүнө чейин түшүрүлүшү керек; чачырабаш үчүн суюктуктун деңгээлинде куюу керек. Цистерналардын люктарынын капкактарына резина кыпчыткычтар коюлат.
957. Атмосфералык электр тогунун разряды учурунда мунай продуктуларын куюуга жана агызууга тыюу салынат.
958. Агызуучу-куюучу операциялар учурунда жергиликтүү жарыктандыруу үчүн жарылуу коркунучу жок аккумулятордук фонарларды колдонуу зарыл.
959. Темир жолдогу агызуучу-куюучу эстакадада жеңил тутануучу мунай продуктулары үчүн өткөөл көпүрөчөлөр буроолору көрүнбөгөн жыгач жаздыкчалар менен жабдылат.
960. Темир жол цистерналарын ордунан жылдыруу жана агызуучу жана куюучу жерге жеткирүү үчүн рычаг катары темир ломдорду жана башка темир буюмдарды колдонууга тыюу салынат. Темир жол цистерналары лебёдкалардын жардамы менен гана жылдырылууга тийиш.
961. Техникалык кароодон өткөн белгилери жок, ошондой эле мунай продуктуларын куюуга тоскоол болгон агып кетүү жерлери же башка ачык бузугу бар темир жол цистерналарын кабыл алууга тыюу салынат.
962. Мунай продуктуларын агызуу же куюу алдында бардык которуучу вентилдердин, жылдыргычтардын тууралыгы, ошондой эле агызуучу-куюучу түзүлүштөрдүн тууралыгы, шлангдардын же телескопиялык өткөрүү түтүктөрүнүн кошулган жерлеринин жыштыгы текшерилиши керек.
963. Темир жол цистерналарынын люктарын ачууда жана шлангдарын ордуна коюуда бул операцияларды жасаган адамдар люктун жел келген тарабында турууга тийиш.
964. Темир жол цистернасына суюктукту куюп жатканда аккан жерлери байкалса, аны толук четтетмейин бул цистернага куюуну дароо токтотуу керек. Эгерде агууну токтотууга мүмкүн болбосо, цистерна куюлган мунай продуктусунан бошотулат жана жөнөткөн станцияга кайтарылат.
965. Темир жол цистерналарынын бузулган төмөнкү куюучу шаймандарын конструкциясында каралбаган учкун чыгаруучу аспаптар менен ачууга тыюу салынат. Агызуучу-куюучу коллекторго цистернанын төмөнкү агызуучу шайманы цистернанын дөңгөлөктөрүнүн астына башмактар (жөлөктөр) орнотулуп жана локомотив бул жолдон алынгандан кийин гана туташтырылууга тийиш.
966. Мунай продуктусу темир жол цистерналарына куюлуп бүткөндөн кийин куюучу эстакадалардын үстүндө жайгашкан шлангдар, көтөргүчтөр жана коллекторлор мунай продуктуларынан бошотулуп, ал эми темир жол цистерналарынын люктары жылчыксыз жабылууга тийиш.
967. Темир жол цистерналарындагы агызуучу-куюучу түзүлмөдөгү катып калган мунай продуктулары буу менен, ошондой эле бул максаттарда эксплуатацияга берилген атайын жылыткычтар менен гана жылытылышы керек. Ачык отту пайдаланууга тыюу салынат.
968. Темир жол цистерналарындагы илээшкек мунай продуктуларын буу шайманы менен жылытууда аталган шайман 0,5 метрден кем эмес тереңдикке мунай продуктуларынын ичине толук чөгөрүлгөндөн кийин гана ишке киргизилет. Жылытып жаткан убакта мунай продуктуларынын температурасын жогорулатуу менен аны кеңейтүүдө цистерналардан чыгып кетүүнү болтурбоо үчүн кароо керек.
Электр жылыткычтары менен жылытып жаткан учурда мунай продуктуларын вагон-цистерналардан куюп алууга тыюу салынат.
969. Тез от алган мунай продуктуларынын төмөнкү куюлушу жылчыксыз куюу шаймандары аркылуу гана жүргүзүлүүгө тийиш.
970. Электрлешкен темир жолдордо жайгашкан агызуучу-куюучу эстакадалардын темир жолдорунда эки бөлүп турган жик: биринчиси– агызуу фронтунун чегинен тышкары, экинчиси – туюктун жебесинин жанында орнотулууга тийиш.
971. Төмөнкү температуранын шартында темир жол системаларына куюу бул цистерналарды абанын температурасы алда канча жогору болгон райондорго ташып барганда мунай продуктунун көлөмүнүн кеңейишин эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
972. Темир жолдорду, эстакадаларды, өткөрүү түтүктөрүн, телескоп түтүктөрүн жана шлангдардын учтарын жерге туташтыруу керек. Жерге туташкан түзүлүштөрдүн каршылыгы жылына 1 жолудан кем эмес текшерилет.
973. Темир жол эстакадаларынын эвакуациялык жана жумушчу шатыларын оң абалда кармоо керек.
974. Темир жол эстакада туюктарынын аягына орнотулган лебедкалар оң абалда болууга тийиш. Мунай продуктуларын агызуучу жана куюучу операцияларды жүргүзүүдө лебедканын тросу жандырылган абалда болууга тийиш.
§ 6. Мунай продуктуларын бөлүштүрүп жана майдалап куюп берүүчү авто куюучу эстакадалардын өрт коопсуздугу
975. Куюучу түзүлүштөр жайгашкан оперативдүү аянтчаларды катуу төшөлмөлөр менен жабдуу жана ар кандай суюктуктардын гидравликалык бекиткич аркылуу өндүрүштүк-агызма канализацияга же атайын топтогучка үзгүлтүксүз агып чыгышын камсыздоо зарыл.
976. Бир эле убакта оперативдүү аянтчада турууга жол берилген автомашиналардын санын уюмдун жетекчиси белгилөөгө тийиш.
977. Аймакка жана оперативдүү аянтчага бузук автомобилдердин киришине, ошондой эле ишкананын аймагында аларды оңдоого тыюу салынат.
978. Мунай продуктуларын ташуу үчүн дайындалган автоцистерналар куюучу эстакаданын жерге туташтырылган контуруна бириктирүү үчүн жерге туташтыруучу түзүлүштөр менен жабдылышы керек; автоцистерналардын үн басаңдаткычтары учкун тоскучтар менен жабдылат жана кыймылдаткычтын же радиатордун астына алдыга карай жайгаштырылат. Автоцистерналар 100–200 мм узундукта жерге туташтыруучу чынжыр жана эки өрт өчүргүч, өрткө каршы кийиз, кургак кум толтурулган челек жана күрөк менен камсыздалышы керек.
979. Ишкананын кире беришинде жана мунай продуктуларын куйган аянтчада ишкананын персоналы автоцистерналардын бузук эместигин жана өрт өчүрүүчү каражаттар менен камсыз болгондугун текшерүүгө тийиш.
980. Автоцистернага мунай продуктулары анын кыймылдаткычы иштебей турганда куюлууга тийиш. Мында айдоочу куюу процессин контролдоп турат. Автоматтык түрдө куюу учурунда айдоочу бул система үчүн инструкцияда каралган аракеттерди аткарат. Кыймылдаткыч иштеп турганда мунай куюуга кыймылдаткычты от алдыруу кыйынчылык келтирген төмөн температуранын шартында гана уруксат берилет.
981. Өрт чыккан учурда автоцистернаны буксировкалоо үчүн авто куюучу эстакаданы трос же штанга менен камсыз кылуу зарыл.
982. Куюп бүткөндөн кийин куюучу шлангдар (учтуктар) андан мунай продуктулары толук куюлгандан кийин автоцистернанын оозунан чыгарылууга тийиш. Автоцистернанын оозу урунбагыдай кылып этияттык менен жабылат.
983. Автоцистерналардын айдоочуларына мунай продуктуларын ташууда өрт коопсуздугун сактоо боюнча чаралар жөнүндө инструктаж (күбөлүктөрдү берүү менен) өткөрүлөт.
984. Мунай продуктусун ашыра куюуга (толуп төгүлүүгө) жол берилген учурларда куюлуп жаткан автоцистернанын кыймылдаткычын от алдырууга тыюу салынат.
985. Мунай продуктуларын идишке куюп берүүнү ишкананын тейлөөчү персоналы гана ишке ашырат. Мунай продуктуларын берүүнүн алдында тейлөөчү персонал куюлууга арналган идишти карап чыгууга тийиш. Бузулган идишке мунай продуктуларын куюуга тыюу салынат.
986. Иштелип чыккан мунай продуктуларын жыйноочу жана жүктөп жөнөтүүчү пункттарды, ошондой эле регенерациялык түзүлүштөрдү мунай продуктуларын чекене жөнөткөн зонага жайгаштыруу зарыл. Мунай продуктуларын кабыл алуу жана жөнөтүү ишкананын персоналы тарабынан же алардын катышуусунда жүргүзүлөт.
987. Дүрт күйүү температурасы 120 °C жана андан төмөн болгон иштетилген мунай продуктулары үчүн агызуучу-куюучу түзүлүштөр жабык сакталууга тийиш.
988. Көө толуп кетишине жол бербөө үчүн кернейлүү мештин жана куб түрүндөгү орнотмонун мору суткасына бир жолудан кем эмес тартипте суунун буусу менен үйлөтүлүп турат.
§ 7. Аянтчанын ичиндеги, технологиялык өткөрүү түтүктөрүнүн жана түтүктүү арматуранын өрт коопсуздугу
989. Мунай базалардын, куюучу жана сордуруучу станциялардын өткөрүү түтүктөрүнө технологиялык схемалар түзүлөт, аларда ар бир өткөрүү түтүгүнө белгилүү бир белги, ал эми тиреген арматурага номер коюлат. Тейлөөчү персонал аварияда жана өрт учурунда жылдыргычтарды иштете билүү үчүн өткөрүү түтүктөрүнүн технологиялык схемасы менен таанышат.
990. Орнотулган арматурасы менен технологиялык өткөрүү түтүктөрү эксплуатацияга берүү алдында кошулган жерлеринин бекемдигин жана жыштыгын текшерүүгө гидравликалык сыноодон өткөрүлүүгө тийиш.
991. Жердин үстүндөгү өткөрүү түтүктөрүнүн жана мамыларынын коркунуч келтирип салаңдап калышына жана деформацияланышына жол бербөө үчүн алардын бекиткичтеринин абалы дайыма көзөмөлдө болот. Өткөрүү түтүктөрүнүн, асмалардын жана мамылардын бузугу дароо четтетилип турууга тийиш.
992. Сүрүүдө же түтүктүн тулкусуна урунганда учкун чыгаруучу болот зымдардын жана башка шаймандардын жардамы менен өткөрүү түтүгүндө пайда болгон тыгындарды тазалоого тыюу салынат.
993. Өткөрүү түтүктөрүн жана жылдыргыч түйүндөрүн ачык от менен жылытууга тыюу салынат. Бул максатта буу, ысык суу же ысык кум гана, ошондой эле заводдон жасалган электр жылыткычтары пайдаланылат.
994. Мунай продуктулары толтурулган өткөрүү түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
§ 8. Мунай газ өнөр жай объекттеринин өрт коопсуздугу
995. Скважиналарды бургулоо, сыноо, капиталдык оңдоо үчүн жер үстүндөгү жабдуулар, чыгындыларга каршы түзүлүштөрдүн бутактары, контролдоочу станциялар, өндүрүштүк жана турак жайлар, кампа жайлар, кирүүчү жолдор, вертолет аянтчалары ар бир конкреттүү район үчүн шамалдын басымдуулук кылган багытын эске алуу менен жайгаштырылууга тийиш.
996. Орнотмого бөлүнгөн аймакты жер үстүндөгү жана жер астындагы өткөрүү түтүктөрүнөн, кабелдерден бошотуп, дарактардан, бадалдардан, чөптөрдөн тазалоо керек.
Транспорттун жана өрт техникасынын орун которушу үчүн жердеги курулмалардын айланасында жазылыгы 10-12 метр келген аянтчалар каралууга тийиш.
Аймакты пландаштырууда суюктуктарды куйган жеринен жана жер үстүндөгү курулуштардан атайын амбарларга (тутмаларга) агызып кетүүчү жолдор каралууга тийиш.
997. Курулмалардын калканчтары күйбөгөн материалдардан жасалат. Башка учурларда конструкциясы өрттөн коргоочу состав менен иштетилет.
998. Күйүүчү майлардын идиштери жана орнотмолору жер үстүндөгү жайлардан, жабдуулардан, өткөрүү түтүктөрүнөн 20 метрден кем эмес алыстыкта жайгаштырылууга тийиш. Күйүүчү майлардын орнотмолору насостор, сыйымдуулугун өлчөгүчтөр, эскертүүчү жана тыюу салуучу белгилер менен жабдылышы керек. Алар орнотулган жерлерге келе турган жолдор салынат жана күйүүчү-майлоочу материалдардын сакталган көлөмүнө жараша тосмо менен тосулат.
999. Арматура же аппараттарды бириктиргичтер орнотулган жерлерден тышкары, жарылуу өрт коркунучу бар технологиялык системалардын өткөрүү түтүктөрүндө фланец жана разъемдук бириктиргичтерди пайдаланууга жол берилбейт. Жарылуу коркунучу бар технологиялык системаларда жумшак шлангдарды колдонууга тыюу салынат.
1000. Күйүүчү продуктуларды сордурган насостордун жана компрессорлордун соруучу жана кызытуучу линияларында бекитүүчү, кесип салуучу жана сактоочу түзүлүштөрдү орнотууну кароо зарыл.
1001. Күйүүчү-майлоочу материалдардын жана мунай продуктуларынын чыгып жатканы, жылчык пайда болгондугу, агып жаткандыгы байкалган учурда бузулган жерди дароо оңдоп, мунай аккан жерлер кылдат тазаланышы керек.
1002. Күйүүчү-майлоочу жана тез от алуучу материалдарды жарылуу өрт коркунучу бар курулмалардын ичине сактоого тыюу салынат.
1003. Өрт өчүрүүчү каражаттар өрт коркунучу бар жерлерге (күйүүчү майлардын түзүлүштөрүнүн күч жана насос блогу, электр станциясы, скважиналардын оозу) жакын жайгаштырылууга тийиш.
1004. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычтардын түтүнү чыккан линиялар скважиналардын оозунан 15 метрден, тосмо дубалдан (түптөлгөн жерден) 5 метрден жана чатырдын (бастырманын) чокусунан 1,5 метрден кем эмес алыстыкта жайгаштырылат. Түтүн чыгуучу түтүктөрдү кыймылдаткычтын, түптөлгөн жердин, төшөлмөнүн астына салууга тыюу салынат.
Түтүн чыгуучу линия дубал, тосмо, чатыр (бастырма) аркылуу өткөн жерлерге түтүктүн үч диаметринен кем эмес жылчык калтыруу керек. Ушул жерге ысык өтпөгөн төшөмө жана күйбөгөн тоскуч коюлат.
Түтүн чыгуучу линиялар учкун тоскучтар менен жабдылат.
1005. Төмөн температураларда тоңуп калышы мүмкүн болгон жабдуулар жана өткөрүү түтүктөрү ачык отту колдонууга жол бербей турган жылуулагычтар менен камсыз кылынат.
1006. Өрт жана жарылуу коркунучу бар жайларда, газ чыгуу коркунучу бар түптөлгөн жерлердин астында, күйүүчү-майлоочу материалдарды, мунай продуктуларын, күйүүчү заттарды жана реагенттерди сактоо үчүн сыйымдуулуктарга жакын жерде ачык от колдонууга жана тамеки чегүүгө тыюу салынат.
Тамеки чегүү үчүн өрт коопсуздугу сакталган зонада атайын жабдылган жерди караштыруу жана ал жерди тийиштүү жазуу менен белгилөө зарыл.
1007. Газданган учурда, күйүүчү-майлоочу материалдар, мунай продуктулары менен булганган жерде газ, от менен жана ширетүү иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
1008. Күч, бургулоо жана мунай алуучу жабдуулар, коргоо объектинин сактоочулары жана аймагы дайыма өрт чыкпагыдай коопсуз абалда кармалууга, күйүүчү-майлоочу материалдардын жана мунай продуктуларынын төгүлүүсүнөн үзгүлтүксүз корголууга тийиш.
§ 9. Газды кайра иштетүү өнөр жай объекттеринин өрт коопсуздугу
1009. Жарылуу коркунучу бар аралашмалардын топтолушу мүмкүн болгон заводдун аймагынын участокторунда автомашиналардын, тракторлордун, мотоциклдердин өтүшүнө тыюу салынат. Мындай участоктордо өтүүгө тыюу салган белгилер орнотулууга тийиш.
1010. Жарылуу өрт коркунучу бар цехтердин жана түзүлүштөрдүн аймагына автомашиналардын, тракторлордун, көтөрүүчү-транспорт жана курулуш механизмдеринин киришине мүмкүн болгон токтотуучу жайларды, жүрүү маршруттарын жана коопсуздук чараларын көрсөтүү менен уюмдун жетекчисинин уруксаты боюнча гана жүзөгө ашырылууга тийиш.
1011. Жарылуу коркунучу бар жайларда жана газ коркунучу бар жерлерде темир такалуу бут кийим менен иштөөгө тыюу салынат.
1012. Жарылуу коркунучу бар цехтерде транспорт арабаларынын дөңгөлөгүн урунганда учкун чыгарбаган металл же резина шиналары менен жабдуу зарыл. Канализациянын карай турган кудуктарынын капкактары дайыма жабык болууга жана 10 см катмарда кум менен жабылууга тийиш.
1013. Өрт учурунда өнөр жай канализациясынын тармагы боюнча оттун таралышына жол бербөө үчүн атайын кудуктардын ичине гидравликалык бекиткичтерди орнотуу зарыл. Ар бир гидравликалык бекиткичте аны түзүп турган суунун катмары 0,25 метрден кем эмес бийиктикте болууга тийиш.
1014. Гидравликалык бекиткичтер технологиялык аппаратура коюлган жайлардан, технологиялык түзүлүштөрдүн аянтчаларынан, топтолгон жана өзүнчө турган резервуарлардан, жылдыргыч түйүндөрдөн, аппараттардын тобунан, насостон, отканалардан, агызып-куюучу эстакадалардан чыгуучу бардык жерлерге орнотулат. Гидравликалык бекиткичтин конструкциясында аны тазалоого ыңгайлуулук каралган.
1015. Канализацияларды бузук же туура эмес жасалган гидравликалык бекиткичтер менен, ошондой эле мындай бекиткичтерсиз пайдаланууга тыюу салынат.
1016. Жарылуу өрт коркунучу бар продуктуларды канализациялык системаларга агызууга тыюу салынат. Бул максаттарда атайын сыйымдуулуктар каралууга тийиш.
1017. Канализацияга агызганда өндүрүштүк агын суулардын температурасы 40 °Cден ашпоого тийиш.
1018. Жарылуу коркунучу бар өндүрүштүк жайларга орнотулган желдетүүчү системалардын металл аба өткөргүчтөрү жерге туташтырылууга тийиш.
1019. Желдеткичи иштебеген жабдууну иштетүүгө тыюу салынат.
1020. Күйүүчү жана жарылуу коркунучу бар газ менен иштеген аппаратура жана коммуникация жайгашкан жабык жайларда желдетүүчүнүн сутка бою иштешин камсыз кылуу керек.
1021. Зыяндуу же жарылуу коркунучу бар аралашмалардын кокустан интенсивдүү бөлүнүшү мүмкүн болгон өндүрүштүк жайларда механикалык авариялык желдеткичтерди орнотууну караштыруу керек.
1022. Датчик-газоанализаторлордун таасири астында автоматтык түрдө иштөөчү авариялык-механикалык желдетүүнү, мындан тышкары өндүрүштүк жайдын тышкы эшигинде жайгашкан кнопкалардын жардамы менен аралыктан иштөөчү авариялык желдетүүнү камсыздоо керек.
1023. Өндүрүштүк жайда өрт чыккан учурда желдетүү системасы өчүрүлүшү керек.
1024. Жарылуу өрт коркунучу бар өндүрүштүк жайларды ысык сууну, бууну жана жылуу абаны пайдаланган борборлоштурулган системалар менен жылытуу зарыл.
1025. Өрт чыккан учурда жана анын тарап кетүү коркунучунда аба менен жылытуу системасы дароо өчүрүлүүгө тийиш.
1026. Темир жол цистерналарын толтуруу үчүн эстакадалардын куюучу көтөргүчтөрү жерге туташтырылууга тийиш. Темир жол рельстери агызып-куюучу фронттун чегинде өз ара электр менен бириктирилет жана электр тартуучу тармактын жерге туташтыруусу менен байланышпаган жерге туташтыруучу түзүлүшкө кошулат.
1027. Күйүүчү газдар толтурулуп жана куюлуп жаткан автоцистерналар жерге туташкан түзүлүшкө кошулууга тийиш. Жерге туташтыруучу зым катары кесилиши 6 мм2 кем болбогон ийилгич (көп кылчалуу) жез зым пайдаланылат.
1028. Резина шлангдардын металлдан жасалган учтары жана тез чечиле турган түзүлүштөрү шлангдын тышынан же ичинен оролгон ийилгич (көп кылчалуу) жез зымдын жардамы менен жерге туташтырылууга тийиш. Жерге туташтырган зымдын экинчи учу продукт өткөргүчтүн металл бөлүгүнө туташтырылат.
1029. Чагылгандан коргоочу түзүлүштөрдү жылына бир жолудан кем эмес карап чыгуу зарыл. Жерге туташтыруучу түзүлүштөрдүн каршылыгын өлчөө 12 жылда бир жолу жүргүзүлөт.
§ 10. Факель чарбасын эксплуатациялоодогу өрт коопсуздугу
1030. Факелдер аралыктан тутандырылууга тийиш.
1031. Иштеп жаткан бардык факелдерди кезметтеги күйгүчтөр менен камсыз кылуу зарыл.
1032. Факелдин айланасындагы 50 метрден кем эмес радиустагы аймак тосулууга жана эскерткич белгилер менен белгиленүүгө тийиш.
1033. Факелдин аймагындагы тосмолордун чегинде кудуктарды, чуңкурчаларды жана башкаларды казууга болбойт.
1034. Факелдик түтүккө кирер алдында газ түтүктөрүндө карап көрүүгө жана оңдоого жеткиликтүү болгон от тоскучтарды орнотуу зарыл.
1035. Магистралдык-факелдик түтүктө жалпы сепаратор каралууга тийиш, ал факель мамычасынан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгашат. Факелдик түтүктү сепаратор тарапка жантайтып жайгаштыруу зарыл.
1036. Жалпы факелдик системага төмөнкүлөрдү багыттоого тыюу салынат:
1) жабдууда күйүүчү газдын топтолушу тутануунун төмөнкү чегинен 50 %дан төмөн болгондо жабдууну үйлөткөндөн кийинки инерттүү газды;
2) аппараттардан жана түтүктөрдөн сүрүп чыгарылган абаны, ошондой эле таза инерттүү газды;
3) бузулууга, кычкылданууга, полимерлешүүгө, жылуулукту бөлүп чыгарууга ыңгайлуу жана факель газ түтүгүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн чектөөгө жөндөмдүү болгон продуктуларды.
16-глава. Газ чарбасында өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
1037. Газ түтүктөрүн куруу, монтаждоо, эксплуатациялоо, газ отунун колдонуучу агрегаттарды жана шаймандарды тейлөө боюнча иштерге, газды жиберүү боюнча, ошондой эле күйүп бүткөн продуктуларды жиберүү үчүн түтүн чыгуучу түтүктөрдү орнотуу жана эксплуатациялоо боюнча иштерге газ чарбасында коопсуз иштөө методдоруна үйрөнгөн жана уюмдун жетекчиси бекиткен комиссияга экзамен тапшырган жумушчулар жиберилет.
1038. Коомдук максаттагы жана тиричилик тейлөө ишканаларында газ шаймандарынын жанында көрүнүктүү жерде ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен түзүлгөн газды туура жана коопсуз пайдалануу боюнча нускамалар илинип турушу керек.
Көрсөтүлгөн объекттерде газ чарбасына жооптуу тараптар газ шаймандарын эксплуатациялоо менен байланышкан кызматкерлерди газ шаймандарын коопсуз колдонуу боюнча инструктаждан өз убагында өткөрүүгө милдеттүү.
1039. Турак үйлөргө газ жогору турган уюм бекиткен нускама боюнча аларга жашоочулар киргенге чейин жиберилиши керек.
Эгерде газ турак үйлөргө жашоочулар киргенден кийин жиберилсе, газ чарбасы турак жай-эксплуатациялык уюмдарды жана ошол үйлөрдүн тургундарын газ жиберилүүчү күн жана тургундардын үйлөрүндө болушунун зарылдыгы жөнүндө маалымдашы керек.
1040. Театрлардын жана кинотеатрлардын буфеттеринде жана кафелеринде газ жабдууларын орнотууга тыюу салынат.
Дарылоочу, амбулатордук-бейтапкана мекемелеринде, бала бакчалардын жана яслилердин ашканаларында өрткө каршы аралыкты сактоо менен өзүнчө имараттарда жайгаштырылган тамак даярдоо кызматтарынын, борбордук даярдоочу бөлмөлөрүндө, лабораторияларда жана стоматологиялык бейтапканаларда гана борборлоштурулган газ менен камсыздоону кароого болот.
1041. Желим-кездеме материалдан газ түтүктөрү бир кесиндиден жасалып, 10 метрден ашпаган узундукта жана атайын скобалардын жардамы менен дубалга бекитилиши керек. Түтүктөр дубалдар, эшиктер, терезелер аркылуу өтпөшү керек. Газ түтүктөрүнө, шаймандарга, редукторго кошулган жерлерде түтүктөр гофраланган учтуктарга кийилип, ишенимдүү жана жылчыксыз кошулууну камсыздоочу металл каамыттардын жардамы менен бекитилиши керек. Зым каамыттарын колдонууга тыюу салынат.
1042. Газ түтүктөрү күйүп бүткөн ысык продуктулар жана ысытылган же эритилген металл менен тийишүү мүмкүндүгү бар жерлерге, ошондой эле коррозиялык-активдүү суюктуктардын төгүлүшү же чачырашы мүмкүн болгон жерлерге төшөлбөшү керек, газ түтүктөрүн ачык жылуулук нурдануусунан да коргоо зарыл.
1043. Газ түтүктөрүн лифттердин шахталары, желдеткич шахталар жана каналдар, ошондой эле түтүн чыгуучу түтүктөр аркылуу өткөрүүгө тыюу салынат.
1044. Адам өтүүчү жерлерде газ түтүктөрү полдон тартып түтүктүн түбүнө чейин санаганда 2,2 метрден кем эмес бийиктикте жайгаштырылышы керек.
1045. Жылытуу үчүн колдонулуучу газдык сыйымдуу суу жылыткычтар, чакан көлөмдөгү жылытуучу от казандары жана күйүп бүткөн продуктуларды түтүн чыгаруучу түтүккө жөнөткүчү менен башка жылытуучу газ шаймандары, ошондой эле жылытуучу жана жылытуучу-бышыруучу мештер коопсуздук автоматикасына ээ болушу керек.
1046. Газга ылайыкталган жылытуучу мештердин от жагуучу эшикчелери коридор тарапта же адамдардын узак убакыт болуусуна ылайыкталбаган башка бөлмөдө жайгаштырылышы керек.
1047. Газга ылайыкталган мештердин от жагуучу эшикчелери чыккан бөлмөлөр желдеткич каналга же форточкасы бар терезеге, же сыртка чыгуучу, ашканага (тамбурга) чыгуучу эшикке ээ болушу керек. Мештин от жагуучу эшикчесинин алдында туурасы 1 метрден кем эмес өтмө болушу керек.
17-глава. Курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Курулуш аймактарынын, имараттардын жана жайлардын өрт коопсуздугу
1048. Курулуш аянтындагы өрткө каршы аймакта жайгашкан бардык курулуштар жана курулмалар курулуш башталганга чейин бузулууга тийиш.
1049. Курулуштун аймагындагы өндүрүштүк, кампа жана көмөкчү имараттар жана курулмалар курулуш уюмунун долбоорунун курамында иштелип чыккан башкы планга ылайык жайгаштырылууга тийиш.
1050. Аянты 5 гектар жана андан ашкан курулуш аймагында аянттын карама-каршы тараптарынан экиден кем эмес кире турган жолу болушу зарыл. Мындай жол жылдын бардык учурунда өрт өчүргөн автомашиналардын өтүшү үчүн жарактуу болгондой жасалышы керек. Кире турган дарбазанын жазылыгы 4 метрден кем болбоого тийиш.
Курулуш аянтына кире берген жерде курулуп жаткан жана көмөкчү имараттардын жана курулмалардын кире турган жолдорунун, эшиктердин, суу булактарынын, өрт өчүрүү жана байланыш каражаттарынын чийилген пландары илинип коюлууга тийиш.
1051. Курулуп жана пайдаланылып жаткан бардык имараттарга (анын ичинде убактылуу имараттарга да), өрт өчүрүүчү суу булактарына, өрт өчүрүү шаймандарына, курулуш материалдары, конструкциялар жана жабдуулар ачык сакталган жерге эркин кирүү камсыз кылынууга тийиш.
Курулуп жаткан имараттарга алып баруучу жолдор негизги курулуш иштери башталганга чейин бүткөрүлүшү зарыл.
1052. Имараттардын ортосундагы өрткө каршы ылайыкталган ачык жерлерди материалдарды, жабдууларды, таңгакталуучу идиштерди сактоого жана автомобилдердин туруучу жайына пайдаланууга тыюу салынат.
Түтүктөрдү же кабелдерди жол аркылуу орнотууда аны өткөрө турган жерлер, көпүрөчөлөр же убактылуу айланып өтүүчү жерлер салынат. Оңдоо иштерин жүргүзүү же жолдорду, өтмөктөрдү убактылуу жабуу тууралуу өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жакын жердеги бөлүмүнө дароо билдирүү зарыл.
1053. Күйүүчү материалдардын ачык кампалары ээлеген аянттар, ошондой эле күйүүчү материалдардан жасалган өндүрүштүк, кампа жана көмөкчү курулуштар кургак чөптөн, түшкөн жалбырактан жана күйүүчү таштандыдан тазаланат.
1054. Ачык аянтчаларда сакталган күйүүчү курулуш материалдары, буюмдар жана конструкциялар, ошондой эле күйүүчү таңгактагы жабдуулар жана жүктөр аянты 100 м2 кем эмес жерде тизилип же тобу менен жайгаштырылууга тийиш.
1055. Айрым блок-контейнерлер жана тиричилик вагончолору 10дон ашпаган санда топтоштурулуп жайгаштырылууга тийиш. Мындай курулмалардын топторунун ортосундагы жана алардан башка курулуштарга чейинки аралык 15 метрден кем болбошу керек.
Убактылуу курулуштар курулуп жаткан жана башка имараттардан 15 метрден кем эмес аралыкта же өрткө каршы туюк дубалдардын түбүндө жайгашат.
Өрткө каршы аралыктар Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
1056. Курулуп жаткан имараттарда ушул бөлүмдүн жоболору сакталган шартта убактылуу устаканаларды жана кампаларды жайгаштырууга уруксат берилет (күйүүчү заттар жана материалдар сакталган, кымбат жана баалуу жабдуулар сакталган, ошондой эле күйүүчү таңгактагы жабдуулар сакталган кампаларды, күйүүчү материалдарды иштеп чыгуу менен байланышкан өндүрүштүк жайлар менен жабдууларды кошпогондо).
Курулуп жаткан имараттарда күйүүчү полимер жылуулагычтар менен корголбогон металл түркүк конструкциялардан жана панелдерден жасалган убактылуу кампаларды, устаканаларды жана административдик-тиричилик жайларын жайгаштырууга тыюу салынат.
1057. Аянты 300 м2 жана андан ашык ашканалардын кире беришине же корголуучу жайдын ичине үн жана жарык сигналын чыгаруу менен өрттү автоматтык сигнализациялоо менен жабдылууга тийиш.
1058. Өчүрүлбөгөн акиташ өзүнчө турган жабык кампада сакталууга тийиш. Мындай жайлардын полу жерден 0,2 метрден кем эмес деңгээлге көтөрүлүүгө тийиш. Өчүрүлбөгөн акиташты сактоодо ага нымдын тийишине жол берилбейт.
Акиташты өчүрүү үчүн чуңкурлар ал сакталган кампадан 5 метрден кем эмес жана башка имараттардан жана кампалардан 15 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылат.
1059. Коргоо объекттерин реконструкциялоодо, кеңейтүүдө, техникалык жактан кайра жабдууда, капиталдык оңдоодо жана кезеги менен пайдаланууга берүүдө курулуп жаткан бөлүгүн иштеп жаткан бөлүгүнөн 1-типтеги убактылуу өрткө каршы тосмолор жана 3-типтеги тосмолор менен бөлүү зарыл. Мында имараттардын жана курулмалардын бөлүктөрүнөн адамдарды коопсуз эвакуациялоо шарттарынын бузулушуна тыюу салынат.
1060. Курулуп жаткан имараттарды, убактылуу курулмаларды, ошондой эле көмөкчү жайларды баштапкы өрт өчүрүү каражаттары менен камсыз кылуу зарыл.
1061. Өрткө каршы ички суу түтүгү жана өрт өчүрүүнүн долбоордо каралган автоматтык системалары коргоо объектисин салуу менен бир эле мезгилде монтаждалууга тийиш.
Өрткө каршы суу түтүгүн жасалгалоо иштери башталар алдында, ал эми өрт өчүрүүнүн жана сигнализациянын автоматтык системаларын жөндөө иштери башталган учурда ишке киргизүү керек.
1062. Долбоордо каралган өрт өчүрүүчү деполор биринчи кезекте курулат.
1063. Негизги курулуштарды жана курулуш базасын куруп баштаганга чейин өрт техникасын жана ыктыярдуу өрткө каршы түзүлүштөрдү жайгаштыруу үчүн атайын жылытылган жайлар каралууга тийиш.
§ 2. Курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү тартиби
1064. Бийиктиги 3 кабат жана андан ашык имараттарды курууда тепкичтер тепкич аянтчасы менен бир мезгилде монтаждалууга тийиш.
1065. Тепкич аянтчаларында жыгач шатылар эки кабаттан ашпаган имараттарда гана колдонулат.
1066. Күйбөгөн тепкичтер курулуш мезгилинде бузулуудан коргоо үчүн күйүүчү материалдар менен капталат.
1067. Долбоордо каралган тышкы өрт шатылары, көтөргүчтөр курулуп жаткан имараттын чатырындагы кургак түтүктөр жана тосмолор тиреп турган конструкцияларды монтаждагандан кийин дароо эле орнотулууга тийиш.
1068. Бийик имараттардан жана курулмалардан адамдарды эвакуациялоо үчүн күйбөгөн материалдардан экиден кем эмес шаты курулуштун бүтүндөй мезгилине коюлууга тийиш.
1069. Күйүүчү материалдардан жасалган калыптарды бир учурда үч кабаттан ашырбай монтаждоо керек. Бетон тийиштүү бекемдикте катыгандан кийин жыгач калыптар жана шатылар имараттан алынып ташталат.
1070. Имараттардын жана курулмалардын ичинде күйүүчү заттар жана материалдар менен бир эле мезгилде ачык отту колдонуу менен байланышкан курулуш-монтаждоо жумуштарына тыюу салынат.
1071. Металл конструкцияларынын отко туруктуулук чегин жогорулатуу максатында аларды коргоо боюнча иштер имаратты салуу менен бир эле мезгилде жүргүзүлүүгө тийиш.
1072. Имараттарда күйүүчү материалдар болгон учурда дубалдардагы жана тосмолордогу оюктар аркылуу өрттүн таралышына жол бербөө боюнча чара көрүү зарыл (ички жана тышкы дубалдардын жиктерин жана кабаттардын ортосундагы тосмолорду бүтөө, отко туруктуулуктун талап кылынган чегин камсыз кылуу менен инженердик коммуникациялар өткөн жерлердин жылчыктарын бүтөө).
1073. Күйүп кетүүчү жылуулагычтарды коюу жана гидроизоляциялык төшөлмөлөрдү орнотуу, цемент-кум аралашмасынан катмарлоо, коргой турган шагыл катмарын төшөө, күйүүчү жылуулагычтарды колдонуу менен тосуучу конструкцияларды монтаждоо аянты 500 м2 ашпаган жана оңой күйбөй турган жылуулагычтардын аянты 1000 м2 ашпаган участоктордо жүргүзүлүүгө тийиш.
1074. Өндүрүштүк имараттарда темир бетон плиткаларына 30 миллиметрден кем эмес күйүп кетүүчү жылуулагычтарды пайдаланууда цемент-кум аралашмасынан катмарлоо, темир бетон плиткаларынын ортосундагы жикти жакшылап бетондоо зарыл.
1075. Өндүрүш жайларында күйүүчү жылуулагычтын жана чатырды жаба турган түрүлгөн материалдардын санын кезметтик керектөөдөн ашык санда сактоого тыюу салынат.
1076. Күйүп кетүүчү жылуулагыч курулуп жаткан имараттын тышында өзүнчө турган жайда же атайын аянтчада сакталууга тийиш.
Иш кезмети аяктагандан кийин пайдаланылбай калган күйүп кетүүчү жылуулагычты, ошондой эле жылуулагычтары бар монтаждалбаган панелдерди жана үйдүн чатырын жаба турган түрүлгөн материалдарды имараттын ичинде же үстүндө, ошондой эле өрткө каршы ачыктарда калтырууга тыюу салынат.
1077. Күйүүчү жылуулагычтары бар панелдердин металл каптамдары бузулганда аны механикалык бириктиргичтердин (бурамалардын) жардамы менен оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүүгө тийиш.
1078. Полимердик жылуулагычтары бар панелдерди монтаждоо, полимердик жылуулагычтарды орнотуу, чатырын жабуу боюнча иштер башталганга чейин долбоордо каралган бардык тосмолор жана имараттан чыгуулар (тепкич аянтчаларынан, тышкы шатылар боюнча) салынууга тийиш. Өрт чыкканда билдирүү үчүн кире беришке телефон же башка байланыш каражаттарын орнотуу зарыл.
1079. Аянты 1000 м2 жана андан ашык жерге үйдүн чатырын күйүүчү жылуулагычтарды колдонуу менен салган учурда өрт өчүрүү максаттары үчүн убактылуу өрткө каршы суу түтүгүн кароо керек.
1080. Үйдүн чатырында гидро жана буу изоляциясы, панелдерди күйүүчү жылуулагычтар менен монтаждоого байланышкан иштерди жүргүзүүдө электр менен ширетүү жана башка отту колдонгон жумуштарды аткарууга тыюу салынат.
Ачык отту колдонуу менен байланышкан бардык иштер күйүүчү жана оңой менен күйбөй турган материалдарды колдонгонго чейин аткарылууга тийиш.
1081. Калың катмарлуу түрүлгөн материалдарды эрите турган агрегаттар темир бетон плиталар жана күйбөй турган жылуулагыч каптамдар колдонулган учурда гана пайдаланылууга тийиш.
1082. Үйдүн чатырындагы агрегаттарга күйүүчү май куюу эки өрт өчүргүч жана кум салынган үкөк менен камсыз кылынган атайын жайда жүргүзүлүшү керек. Агрегаттарга куюлуучу майды жана алардын бошоп калган идиштерин үйдүн чатырында сактоого тыюу салынат.
§ 3. Мастика, битум, полимер жана башка күйүүчү заттар жана материалдар менен иштөөдөгү өрт коопсуздугу
1083. Жарылуу-өрт чыгуу коркунучун туудурган буу бөлүп чыгарган күйүүчү заттар менен иштеген (күйүүчү курамды даярдоо жана аны пайдалануу) жайлар жана жумушчу зоналар абаны соруп тазалай турган желдетүү менен камсыз кылынышы зарыл.
1084. Күйүүчү заттарды пайдаланууда алардын санын кезметтик керектөөдөн ашырып жиберүүгө тыюу салынат. Күйүүчү заттар куюлган идиштерди пайдалануу алдында гана ачып, иш бүткөндөн кийин бекем жабуу жана кампага тапшыруу керек.
Күйүүчү заттар куюлган идиштер жаңы курулуш жайларынан тышкары атайын бөлүнгөн жерде сакталууга тийиш.
1085. Күйүүчү заттардын калдыктарын атайын жабык идишке жыйнап жана атайын бөлүнгөн жерге таштоо керек.
1086. Полду күйүүчү заттар менен сырдоо бул иштерге жооптуу болгон адамдын байкоосу астында 100 м2 ашпаган аянтта табигый жарык менен жүзөгө ашырылышы керек. Иштер жайлардын эшигинен алыс турган жерлерде башталат, ал эми коридорлордо жайлардагы иш аяктагандан кийин улантылат.
1087. Желим, мастика, анын ичинде синтетикалык чайырлардан жасалган лак, сыр материалдарын колдонуу жана плитка түрүндөгү, түрүлгөн полимер материалдарын чаптоо иштери бардык курулуш-монтаждоо жана санитардык-техникалык жумуштар аяктагандан кийин имараттын ичин биротоло сырдоо алдында жасалууга тийиш.
1088. Күйүүчү заттарды пайдалануу менен иш жүргүзгөндө учкун чыгарбай турган материалдардан (алюминий, жез, пластмасса, коло) жасалган аспаптарды колдонуу керек. Күйүүчү заттар менен иштегенде колдонулуучу аспаптар жана жабдуулар ачык аянтта же желдеткичи бар жайда жууп-тазаланат.
1089. Күйүүчү заттар жана материалдар менен (түрүлгөн, плитка түрүндөгү, эпоксиддик чайырлар, күйүүчү заттарды камтыган мастикалар) иштерди өрт-техникалык минимум программасы боюнча окуудан өткөн жана иш баштоо алдында өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө инструктаж берилген адамдар жүргүзөт.
Күйүүчү заттар жана материалдар менен иш жүргөн жайларды өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары – 100 м2 аянтка эсептелген эки өрт өчүргүч жана кийиз менен камсыз кылуу зарыл.
1090. Күйүүчү суюктуктар желдеткич менен жабдылган күйбөгөн материалдардан салынган өзүнчө турган курулуштарда, ошондой эле терезелери жана өз алдынча эвакуациялык эшиктери бар обочо жайларда сакталат.
1091. Өрт коркунучу бар заттар жана полимер материалдар менен иштөө курулуштун өрткө каршы абалы үчүн жооптуу болгон адамдардын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
1092. Изоляциялык жана битумдук мастикалар капкактары күйбөгөн материалдардан жасалган бекем жабылган бузугу жок атайын казандарда эритилет жана жылытылат. Казандар сыйымдуулугунун 3/4 ашырбай толтурулат. Казанга кургак толтургуч куюлат.
Битумду кайнатуучу казанды үйдүн чатырында орнотууга тыюу салынат.
1093. Битум казанын ачык абага орноткон учурда анын үстүнө күйбөгөн материалдардан бастырма салынат. Казандын жанында өрткө каршы каражаттардын комплекти (өрт өчүргүчтөр, күрөктөр жана кургак кум) болууга тийиш. Мастиканы жана битумду кайнатуучу жана жылытуучу жер бийиктиги 0,3 метрден ашпаган тосмо менен курчалат. Казандын от жагылган оозун күйбөй турган материалдан ачылып-жабылма капкакча менен жабдуу зарыл. Битумдук курам жылытылып жаткан казанды кароосуз калтырууга болбойт.
1094. Мастиканы жана битумду эритүү жана жылытуу жайы атайын бөлүнгөн аянтчада жана төмөнкүдөй аралыкта жайгашат:
1) отко туруктуулук даражасы V, IV болгон имараттардан жана курулмалардан 30 метрден кем эмес;
2) отко туруктуулук даражасы III болгон имараттардан жана курулмалардан 20 метрден кем эмес;
3) отко туруктуулук даражасы I жана II болгон имараттардан жана курулмалардан 10 метрден кем эмес.
1095. Мастика отко төгүлүп жана күйүп кетпеши үчүн казанды жантайтып, анын оттун үстүндө жайгашкан кыры карама-каршы жагынан 5-6 см бийик болгондой жайгаштыруу керек.
1096. Жумуш бүткөндөн кийин казандын оту өчүрүлүп, суу куюлат.
1097. Суюлтулган газ менен иштеген учурда экиден ашпаган газ баллондору иштеп жаткан казандардан 20 метрден кем эмес аралыкта күйбөй турган материалдардан жасалган желдетилген шкафтарда сакталууга тийиш.
1098. Мындай шкафтар дайыма кулпу салынып сакталышы керек.
1099. Жайлардын ичиндеги битум курамы электр менен жылый турган челектерде ысытылат. Жылытууда ачык отту колдонууга тыюу салынат.
1100. Битум мастикасы менен иштөөдө, алар:
1) ысык битум мастикасы жумуш ордуна (кабаттарга) капкагы бекем жабылган атайын металл челектерде механизацияланган катмар менен жеткирилүүгө тийиш. Капкактары челек жыгылганда ачылып кетпей турган бекитүүчү түзүлүштөр менен камсыз кылынат. Мастиканы үстү ачык идиште ташууга тыюу салынат;
2) курулуш конструкциясына насос менен тикесинен бекитилген болот түтүктөр боюнча агызбай жеткирилет. Горизонталдык участокторго мастиканы ысыкка чыдамдуу шланг аркылуу берүүгө уруксат берилет.
1101. Жылытылган битум жыгач аралаштыргыч менен гана аралаштырылат.
1102. Битумду эриткичтер менен аралаштырылган жерден 50 метр радиуста ачык отту пайдаланууга тыюу салынат.
§ 4. Ширетүү иштерин жүргүзүү учурундагы өрт коопсуздугу
1103. Ширетүү жана башка ачык отту колдонуу менен жүргүзүлгөн иштер ушул бөлүмдүн жоболоруна ылайык аткарылат.
1104. Ширетүү жана башка от иштери жүргүзүлгөн жер төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) туруктуу – бул максаттар үчүн атайын жабдылган цехтерде, устаканаларда же ачык аянтчаларда уюштурулган иштер үчүн;
2) убактылуу – от иштери курулуп же реконструкцияланып жаткан имараттарда, турак үйлөрдө жана башка курулмаларда, жабдууларды оңдоо же курулуш конструкцияларын монтаждоо максатында ишканалардын аймагында уюштурулган жайларда жүргүзүлгөн учурда.
1105. От иштерин колдонуунун туруктуу жайларын 10дон ашык посттордо уюштурууда (ширетүүчү, кесүүчү устаканалар) борборлоштурулган электр жана газ менен жабдуу каралат.
1106. 10дон ашык ширетүүчү посттору бар ширетүүчү устаканаларда ар бир пост үчүн кычкылтек жана күйүүчү газ толтурулган бирден запас баллондун болушуна уруксат берилет. Запас баллондор күйбөгөн материалдардан жасалган тосмолордун ичинде же устаканага улап салынган атайын жайларда сакталат.
1107. Ширетүү иштери туруктуу жүргүзүлгөн жайлардын полу күйбөгөн материалдардан жасалат. Тетиктерди алдын ала ысытпастан, ширетүү жүргүзүлгөн жайларда күйбөгөн негизге туурасынан кесилген жыгачтан пол салууга уруксат берилет.
1108. Ширетүү жана башка от иштерин белгиленген тартипте техникалык минимумдан өткөн жана өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча зачет тапшырган адамдар өткөрөт.
1109. Ачык аянтчаларда жана атайын устаканаларда от иштерин жүргүзүүнүн туруктуу жери уюмдун жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
1110. Убактылуу электр менен ширетүү жана башка от иштерин жүргүзгөн жай уюмдун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана аныкталат.
1111. Курулуш аянтчаларында жана өрт жагынан коопсуз болгон жерлерде өрт-техникалык минимумдун программасын жана ушул Эрежелердин жоболорун өздөштүргөн тийиштүү квалификациясы бар адистер гана жазуу жүзүндө уруксат албастан от иштерин жүргүзүшөт.
1112. Убактылуу (бир жолку) от иштерин жүргүзүүгө уруксат иш кезметине гана берилет. Эгерде бир нече кезмет же күн бою ушундай эле иштер жүргүзүлө бере турган болсо, коргоо объектинин администрациясынан кайталап уруксат алуу талап кылынбайт.
Мындай учурларда аталган иштердин орду кайталап каралгандан кийин ар бир кийинки иш кезметине администрация тарабынан мурда берилген уруксат ырасталат, бул туурасында тийиштүү жазуу жазылат. От иштерине өз учурунда контролдоону камсыз кылуу максатында курулуштун администрациясынан мындай иштерге уруксат аталган иштер жүргүзүлөр алдында ыктыярдуу өрткө каршы түзүлгөн мекемеге берилет.
1113. От иштери жүргүзүлө турган жер өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары (өрт өчүргүч, кум толтурулган үкөк жана күрөк, суу куюлган чака) менен камсыз кылынат. Коргоо объектинде ички өрткө каршы суу түтүктөрү бар болсо, от иштери жүргүзүлүп жаткан жерге өрт крандарынан жеңчелер тартылат. От иштерине тартылган бардык жумушчулар өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын иш жүзүндө пайдаланууну билүүгө тийиш.
1114. От иштерин жүргүзүүгө жооптуу адам иш ордунда өрт өчүрүү каражаттарынын бар экендигин текшерет.
1115. Өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар жайларда от иштерин туруктуу жүргүзгөн жерди жайгаштырууга тыюу салынат.
1116. От иштерин жүргүзүү каралган технологиялык жабдуулар төмөнкү жол менен жарылуу-өрт коопсуздугу абалына келтирилет:
1) жарылуу коркунучу бар заттардан арылтуу;
2) колдонуудагы коммуникацияларды өчүрүү (от иштерин жүргүзүүгө даярдык көрүү үчүн пайдаланылуучу коммуникацияларды кошпогондо);
3) алдын ала тазалоо, жууп чыгуу, буулантуу, желдетүү, сорбция, флегматизация иштери.
1117. Технологиялык жабдуулардын ичиндеги буулантуу үчүн берилүүчү суу буусунун температурасы күйүүчү буунун (газдын) өз алдынча от алуу температурасынын 80 % барабар деп кабыл алынат.
1118. Технологиялык жабдуулар андагы буу (газ) от алып кетүү чегине жетпегенде же электростатикалык коопсуз режимде болгон учурда жуулат.
1119. От иштери жүргүзүлгөн жерлер, жабдуулар жана коммуникациялар буу жана чаң аба аралашмалары жарылуу коркунучун түзбөй турган жана тутануу булактарына жол бербей турган ыкма менен тазаланат.
1120. Металлдын ысыган бөлүкчөлөрү жанаша жайгашкан жайларга, коңшу кабаттарга түшүшүнө жол бербөө максатында бардык карай турган, технологиялык жана башка люктар (люкчалар), тосмолордогу, дубалдардагы жана бөлүп турган жерлердеги желдетүүчү, монтаждык жана от иштери жүргүзүлүүчү башка оюктар (тешиктер) күйбөй турган материалдар менен жабылат.
1121. От иштери жүргүзүлүп жаткан жерлер күйүүчү заттардан жана материалдардан тазаланат.
1122. От иштери жүргүзүлүп жаткан жайларда, аларды башка жайлар менен бириктирген бардык эшиктер, анын ичинде тамбур шлюздардын эшиктери жылчыксыз жабылат. Терезелер жылдын мезгилине, бөлмөнүн температурасына, от иштеринин узактыгына, көлөмүнө жана коркунуч даражасына жараша мүмкүн болушунча ачык болот.
1123. Жарылуу коркунучу бар аралашмалардын топтолушу мүмкүн болгон жерлерди от иштерин жүргүзүү алдында желдетүү керек.
1124. Конструкцияларында күйүүчү материалдар пайдаланылган имараттардагы жана жайлардагы ширетүү жана кесүү иштери жүргүзүлүүчү жер күйбөгөн материалдан туташ тосмо менен бөгөлөт. Мында тосмонун бийиктиги 1,8 метрден кем эмес, ал эми тосмо менен полдун ортосундагы жылчык – 0,5 метрден ашпагандай болушу керек. Ысыган бөлүкчөлөр учуп түшүшүнө жол бербөө үчүн жылчыктар көзөнөктөрүнүн өлчөмү 1,0 х 1,0 миллиметрден ашпаган күйбөгөн материалдан жасалган тор менен тосулат.
1125. От иштери башталар алдында жана иштеп жатканда аталган иш жүргүзүлүп жаткан технологиялык жабдуулардын буу-газ-аба чөйрөсүнүн абалы жана коркунучтуу зонадагы абал контролго алынат.
Коркунучтуу зонада же технологиялык жабдууда күйүүчү заттар көбөйүп же флегматизатордун топтолушу буулардын (газдардын) жарылуу коопсуздугунун жол берилген чектүү концентрациясынын маанисине чейин төмөндөп кеткен учурда от иштери дароо токтотулат.
1126. Технологиялык жабдуулардын люктарын жана капкактарын ачууга, продуктуларды түшүрүүгө, которуштурууга жана куюуга, аларды ачык люктар аркылуу жүктөөгө, ошондой эле от иштери жүргүзүлүп жаткан жерде газдын жана чаңдын көбөйүп кетишинен улам өрттүн чыгышына жана жарылууга алып келиши мүмкүн болгон операцияларга тыюу салынат.
1127. Иштеги тыныгууларда, ошондой эле иш кезметинин акырында ширетүүчү аппаратура электр тармагынан өчүрүлөт, шлангдары суурулат жана күйүүчү суюктуктар менен газдардан бошотулат, ал эми каңдоочу лампалардын басымы толугу менен түшүрүлөт.
1128. Иш бүткөндөн кийин бардык аппаратура жана жабдуулар атайын бөлүнгөн жайга (ордуна) ташылып барат.
1129. От иштерин жүргүзүүдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) бузук аппаратура менен ишке киришүүгө;
2) күйүүчү сырлар (лактар) менен жаңы эле сырдалган конструкцияларда жана буюмдарда от иштерин жүргүзүүгө;
3) май, бензин, керосин жана башка күйүүчү суюктуктар менен булганган кийимди жана кол каптарды пайдаланууга;
4) ширетүүчү кабиналарда кийим-кече, тез от алган жана күйүп кетүүчү суюктуктарды жана башка күйүүчү материалдарды сактоого;
5) шакирттердин, өрт коопсуздугунун техникасы боюнча квалификациялык күбөлүгү жана талону болбогон кызматкерлердин өз алдынча иштешине;
6) электр зымдарынын кыстырылган, суюлтулган жана аралаштырылган газ толтурулган баллондор менен тийишип кетишине;
7) күйүүчү жана уу чыгаруучу заттар толтурулган, ошондой эле басым астында жана электр чыңалуусунда турган аппараттарда жана коммуникацияларда иш жүргүзүүгө;
8) от иштери менен бир учурда үйдүн чатырындагы гидроизоляцияны жана буу изоляциясын орнотууга, күйүүчү жана оңой менен күйбөй турган жылуулагычтар менен панелдерди монтаждоого, күйүүчү лактарды, желимдерди, мастикаларды жана башка күйүүчү материалдарды колдонуп полдорду каптоого жана жайларды жасалгалоого;
9) жабык сыйымдуулуктарда жана жайларда ичинде электр ширетүүчү менен газ ширетүүчүнүн (газ менен кескич) бир убакта иштешине.
1130. Күйүүчү жана оңой менен күйбөй турган жылуулагычтар менен жеңил металл конструкциялардан жасалган имараттардын элементтеринде от иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
1131. Курулуп жаткан муздаткычтардагы электр менен ширетүү иштери күйүүчү материалдардан жасалган катмардан (шыбак, бетон же армобетон беттемелери) бошотулган жана өрткө каршы тилкелери бар камераларда жана бөлмөлөрдө жүргүзүлөт.
1132. Коомдук жана турак жай имараттарын капиталдык оңдоодон жана реконструкциялоодон өткөрүүдө от иштери күйүп кетүүчү конструкциялардын күйүшүнө жана учкундардын чачыроосуна каршы чаралар көрүлгөндөн кийин аткарылат.
1133. Өндүрүштү жана от иштерин жүргүзүүнү токтотпостон ишкананын администрациясы цехтерди капиталдык оңдоодон жана реконструкциялоодон өткөрүүдө бул мезгилге өрт коопсуздугун күчөтүү планын иштеп чыгат.
1134. Өрт коркунучу көбүрөөк жерлерде, от иштеринин көлөмү чоң болгондо, ошондой эле бийикте иштегенде өрт өчүрүүчү посттор (тейлөөчү персоналдан, ыктыярдуу өрткө каршы түзүлүштөрдөн) коюлат.
Бийикте иштеген жумушчуларда электроддук күйүктөрдү чогултуу үчүн металл кутулар каралат.
Катуу шамалда бийиктеги от иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
1135. Уюмдун жетекчиси же өрт коопсуздугу үчүн жооптуу башка кызмат адамы убактылуу от иштери аяктагандан кийин 3-5 сааттын аралыгында ал жерди текшерүүнү камсыздайт.
1136. Изоляциясы жок же изоляциясы бузулган зымды, ошондой эле стандарттуу эмес коргоо аппараттарын колдонууга тыюу салынат.
1137. Ширетүүчү зымдар престөөнүн, ширетүүнүн, каңдоонун же атайын кыстыргычтардын жардамы менен туташтырылат. Электр зымдарын электроддорду кармоочуга, ширетилүүчү буюмга жана ширетүүчү аппаратка кошуу эбелектүү бурама менен бекитилген жез кабель учтуктарынын жардамы менен жүргүзүлөт.
1138. Ширетүүчү аппаратка, бөлүштүргүч щиттерге жана башка жабдууларга, ошондой эле ширетүү иштери жасалып жаткан жерге туташтырылган зымдар жакшылап изоляцияланат жана зарыл жерлерде жогорку температурадан, механикалык же химиялык таасирлерден корголот.
1139. Электр менен ширетүүчү машиналардын кабелдери (зымдары) кычкылтек түтүктөрүнөн 0,5 метрден кем эмес аралыкта, ал эми ацетилендин жана башка күйүүчү газдардын түтүктөрүнөн 1,5 метрден кем эмес аралыкта жайгашат.
Айрым учурларда газ түтүгү корголгон металл түтүктүн ичинен өткөрүлгөн шартта көрсөтүлгөн аралыктын кыскартылышына уруксат берилет.
1140. Ширетилип жаткан буюмду ширетүүчү ток булагы менен кошкон артка өткөргүч катары ар кандай профилдеги болот же алюминий шиналары, ширетүүчү плиткалар, стеллаждар жана ширетилип жаткан конструкциянын өзү колдонулат. Мында алардын кесилиши ысытуунун шарттары боюнча ширетүүчү токтун коопсуз өтүшүн камсыз кылышы керек.
1141. Артка өткөргүч катары пайдалануучу айрым элементтерди өз ара кошуу буроолордун, струбциндин же кыскычтардын жардамы менен жасалат.
1142. Жарылуу, өрт коркунучу болгон имараттарда жана курулмаларда электр менен ширетүү иштерин жүргүзүүдө ширетилип жаткан буюмдан тартып ток булагына чейинки артка өткөргүч изоляцияланган гана зымдан жасалат, изоляциянын сапаты боюнча ал электроддорду кармоочуга туташтырылган түз өткөргүчтөн кем болбоого тийиш.
1143. Ички темир жолдорду, жерге туташтыруу же нөлдөн түшүрүү зымдарын, ошондой эле имараттардын, коммуникациялардын металл конструкцияларын жана технологиялык жабдууларды кайта өткөргүч катары пайдаланууга тыюу салынат.
1144. Ширетүүчү генераторлор жана трансформаторлор, ошондой эле ачык абада орнотулган бардык көмөкчү шаймандар жана аппараттар нымга каршы изоляция менен жабык жерде жана күйбөгөн материалдардан жасалган бастырмалардын астында болууга тийиш.
1145. Кол менен ширетүү үчүн электр кармагычтын конструкциясы ишенимдүү кыскыч жана электроддорду тез алмаштыргыч менен камсыз кылынат, ошондой эле иште убактылуу тыныгуу болгондо же ал кокусунан металл буюмдарына түшкөндө анын корпусунун ширетилип жаткан тетикке кыска туташуу мүмкүнчүлүгүн болтурбайт. Электроддорду кармоочтун туткасы күйбөгөн диэлектр жана ысыкты өткөрбөгөн материалдардан жасалат.
1146. Ширетүүдө заводдон жасалган, ширетүүчү токтун номиналдык өлчөмүнө ылайык келген электроддор колдонулат.
Электроддорду алмаштырууда алардын калдыгы (күйүгү) ширетүү иштери жүрүп жаткан жерге коюлган атайын металл үкөккө салынат.
1147. Электр менен ширетүүчү түзүлүш иштеп жаткан учурда жерге туташтырылат. Ширетүүчү түзүлүштөрдөгү негизги электр менен ширетүүчү жабдууларды жерге туташтырууда тышкары буюмга бараткан өткөргүч (артка өткөргүч) туташтырылган ширетүүчү трансформатордун экинчи оромунун кыстыргычы түздөн-түз жерге туташтырылат.
1148. Агрегат жана ишти баштоочу аппаратура күн сайын иш бүткөндөн кийин тазаланат. Ширетүүчү жабдууну техникалык тейлөө жана пландуу-алдын алып оңдоо графикке ылайык жүргүзүлөт.
1149. Электр ширетүү иштерин жарылуу, өрт коркунучу бар зоналарда жүргүзгөндө:
1) конструкциясында догоону (“Разряд” түрүндөгү ток берүү булагы) кайталап кызыткан учурда электрод менен ширетилүүчү буюмдун ортосундагы чыңалууну жогорулаткан импульстук генераторлору бар туруктуу ток булактары же убактылуу токтун атайын булактары пайдаланылат;
2) өрт коркунучу бар зоналарда чаңдан тазалоо үчүн оор болгон жерлер 1 литр аралашманы 1 м2 жерге эсептөө менен эки пайыздуу көбүрткүч аралашма менен тазаланат;
3) тикесинен жана шыптык абалда ширетүү диаметри 4 миллиметрден ашпаган электроддор менен аткарылат. Мында ширетүүчү токтун өлчөмү төмөнкү горизонталдык абалда ширетүүдөн 20 %дан төмөн каралат;
4) электр менен ширетүүчү түзүлүштү иштетүү алдында электроддорду кармоочуда электроддун жоктугу текшерилет.
1150. Туруктуу ширетүү иштери күйбөй турган материалдардан жасалган конструкциялары менен атайын бөлүнгөн ширетүүчү устаканада жүргүзүлөт, ал жерде ацетилен генераторлору, кычкылтек баллондору жана ширетүү посттору үчүн өзүнчө жайлар бар. Ацетилен генераторлору үчүн бөлүнгөн жайлар желдетүү жана жеңил алып салууга боло турган конструкциялар менен камсыз кылынат. Жер төлө жайларына генераторлорду коюуга тыюу салынат.
1151. Көчмө ацетилен генераторлорун пайдаланууга уруксатты карамагында бул генераторлор турган коргоо объектинин администрациясы берет.
1152. Көчмө ацетилен генераторлору ачык аянтка коюлат. Алардын убактылуу иштөөсүнө жакшы желдеген жайларда уруксат берилет.
1153. Ацетилен генераторлору от иштери жүрүп жаткан жерге, ошондой эле компрессорлор менен желдеткичтер абаны соруп жаткан жерге 10 метрден жакын жайгаштырылбайт жана айланасы тосулуп коюлат.
1154. Ацетилен генератору орнотулган жерге “Башкаларга кирүүгө болбойт – өрт чыгат”, “Тамеки чегүүгө болбойт”, “От чыгарууга болбойт” деген тактачалар илинип коюлат.
1155. Иш бүткөндөн кийин көчмө генератордогу кальций карбиди иштетилет. Генератордон чыгарыла турган акиташ калдыгы ушул максатта даярдалган идишке салынат жана ылай чуңкурга же атайын бункерге төгүлөт.
1156. Ачык ылай чуңкурлардын чети тосулуп коюлат, ал эми жабыктары күйбөгөн тосмолор, сормо желдеткич жана ылайды алып кетүү үчүн люктар менен жабдылат.
1157. Ылай турган жерден 10 метр аралыкта тамеки чегүүгө жана ачык от колдонууга тыюу салынат, бул туурасында тийиштүү тыюу салуучу белгилер илинет.
1158. Аппаратуранын, күйүүчү бөлүктүн, кескичтердин жана редукторлордун туташтыруучу ниппелдериндеги газ-уулоочу шлангдар ниппелдин узатасы боюнча экиден кем эмес жеринен оромонун же жумшак байлоочу зымдын жардамы менен бекем бекитилет.
Суу бекиткичтеринин ниппелдерине шлангдар жылчыксыз кийгизилет, бирок бекитилбейт.
1159. Кальций карбиди кургак, желдетилген жайда сакталат.
Кальций карбидин сактоочу кампаларды жер төлө жайларына жана төмөн жайгашкан суу каптап кетүүчү жерлерге жайгаштырууга тыюу салынат.
Механизацияланган кампаларда кальций карбиди салынган барабандар тикесинен үч катар коюлуп сакталат, ал эми механизация болбогон жерде узатасынан коюлуп үчтөн ашпаган катарга жана тикесинен коюлганда эки катардан ашырбай сакталат. Барабандардын кабаттарынын ортосуна калыңдыгы 40–50 миллиметр болгон тактай коюлат.
Кальций карбиди салынган барабандар штабелдерге жыйылгандан кийин алардын ортосундагы аралыктын жазылыгы 1,5 метрден кем болбоосу каралган.
1160. Кальций карбидинин орто аралыктагы кампасы болбосо, ацетилен орнотмолору жайгашкан жайларда бир эле учурда 200 килограммдан ашпаган кальций карбидин сактоого уруксат берилет, булардын ичинен бирден ашык барабанды ачык коюуга болбойт.
1161. Кальций карбидинин ачылган барабандары суу өткөрбөгөн капкактар менен корголот.
1162. Кальций карбиди салынган барабандар сакталган жана ачылган жерде тамеки чегүүгө, от чыгарууга жана учкун чыгара турган аспаптарды колдонууга тыюу салынат.
1163. Газ баллондору оозу бурап бекитилген сактоочу капкакчалары менен гана сактоого коюлат жана ташылат. Баллондорду ташыган учурда түртүлүүлөргө жана урунууларга жол берилбейт. Ширетүү иштери жүрө турган жерге баллондор атайын кол араба, замбил, чана менен жеткирилет.
1164. Газ баллондору сактоодо, ташууда жана колдонууда күндүн нурунан жана башка жылуулук булактарынан корголот.
1165. Бөлмөлөргө коюлган баллондор жылытуучу приборлордон жана мештерден – 1,5 метрден кем эмес аралыкта, ал эми ачык от жагылган жылуулук булактарынан 10 метрден кем эмес жерге жайгаштырылат.
Газ күйгөн жерден (горизонтал боюнча) аны коё берүүчү рампа (топтошкон) түзүлүштөрүнө чейинки аралык – 10 метрден, ал эми кычкылтек же күйүүчү газ толтурулган өзүнчө баллондорго чейинки аралык 5 метрден кем болбоого тийиш.
Кычкылтек баллондорун жана күйүүчү газ толтурулган баллондорду, ошондой эле кальций карбидин, сырларды, майларды бир жерге сактоого тыюу салынат.
1166. Ширетүүчү устаканага бештен ашпаган кычкылтек жана бештен ашпаган ацетилен запас баллондорун жайгаштырууга болот.
Иш ордунда экиден ашпаган: жумушчу жана запас баллондун болушуна уруксат берилет.
1167. Кычкылтек же күйүүчү газ баллондору бошогондон кийин аларга карата да толтура баллондорго колдонгон сыяктуу эле коопсуздук чаралары колдонулат.
1168. Газ менен ширетүү же газ менен кесүү иштери жүргүзүлгөндө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тоңуп калган ацетилен генераторлорун, өткөргүч түтүктөрдү, бурамаларды, редукторлорду жана ширетүү түзүлүштөрүнүн башка тетиктерин ачык от же ысыган нерселер менен жылытууга;
2) кычкылтек баллондорунун, редукторлордун жана башка ширетүүчү жабдуулардын ар түрдүү майлар, май кийимдер жана чүпүрөктөр менен аралашып кетүүсүнө жол берүүгө;
3) бир суу бекиткичинен эки ширетүүчүнүн иштешине;
4) ашыкча гранулданган кальций карбидин жүктөөгө же аны аппараттын көзөнөгүнө темир зымдын жардамы менен түртүп киргизүүгө, ошондой эле карбид чаңында иштөөгө;
5) кальций карбидин ным корзинага же суу болгон учурда газ топтогучта жүктөөгө, ошондой эле генераторлор “карбидге суу” принцибинде иштеп жатканда алардын көлөмүнүн жарымынан ашыгына карбид салынган корзиналарды жүктөөгө;
6) кычкылтектүү күйүүчү газдын шлангын жана күйүүчү газдардын кычкылтек шлангын үйлөтүүгө, ошондой эле иш учурунда шлангдарды өз ара алмаштырууга;
7) узундугу 30 метрден ашкан шлангдарды, ал эми монтаждоо иштеринде 40 метрден ашкан шлангдарды колдонууга, аларды колдонууга белгиленген тартипте жазуу жүзүндө уруксат берилгенден кийин гана жол берилет;
8) газ өткөн шлангдарды толгоого, бүктөөгө же кыстырууга;
9) газ чогулган жерде ацетилен болгон учурда генераторду көчүрүүгө;
10) ацетилен генераторлорундагы газдын басымын атайлап көбөйтүү жолу менен же кальций карбидин бир учурда жүктөөнү көбөйтүү менен ацетилен генераторлорунун иштешин күчөтүүгө;
11) кальций карбиди салынган барабандарды ачуу үчүн жез аспаптарды, ошондой эле ацетилен аппаратурасын каңдоочу катары жана ацетилен менен иштөө мүмкүн болгон башка жерлерде жезди колдонууга.
§ 5. От менен иш жүргүзүүдөгү өрт коопсуздугу
1169. Кесүү иштеринде бензин жана керосин колдонулса, жумуш орду электр менен ширетүү иштериндегидей эле тартипте уюштурулат. Өзгөчө көңүл тез от алган жана күйүүчү суюктуктарды төгүп албоого жана туура сактоого, кесүү режимин жана күйүүчү май куюлган челектерди туура сактоого бурулат.
1170. Бензин жана керосин менен кесүү жумуштары жүргүзүлгөн жерде күйүүчү майдын запасы кезметтик керектөөдөн ашпаган өлчөмдө сакталат. Күйүүчү май от иштери жүргүзүлгөн жерден 10 метрден кем эмес аралыкта урунбай турган жана бекем жабылган атайын идиште сакталат.
1171. Бензин жана керосин менен кесүү жумуштары жүргүзүлгөндө башка аралашмалар жана суу кошулбаган күйүүчү май колдонулат. Челекти күйүүчү май менен анын көлөмүнөн 3/4 ашык толтурууга тыюу салынат.
1172. Күйүүчү май куюлган челек бузулбашы жана жылчыксыз жабылышы керек. Челекте манометр, ошондой эле ичиндеги басымдын 5 атмосферадан ашып кетишине жол бербей турган сактоочу клапан болот.
10 атмосфера басымга суу менен текшерилбеген, күйүүчү суюктук аккан челектерди же бузук насосту колдонууга тыюу салынат.
1173. Бензин менен кесүү иштерин баштоонун алдында анын бүткүл арматурасынын оң иштеши, ниппелдердеги шлангдардын бекем бекитилиши, бүктөмө гайкалардагы жана бөрктөрдөгү миздин тууралыгы текшерилет.
1174. Кескичтин бууланткычын жумуш ордунда куюлган тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктарды тутандыруу аркылуу жылытууга тыюу салынат.
1175. Күйүүчү май куюлган челек кычкылтек баллондорунан жана ачык оттон 5 метрге жетпеген жана жумуш ордунан 3 метрге жетпеген аралыкта болууга тийиш. Мында челекти иш учурунда ага жалын же учкун тийбегендей жайгаштыруу керек.
1176. Бензин жана керосин колдонуп кесүү иштерин жүргүзүүдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) күйүүчү май куюлган челектеги абанын басымы кескичтеги кычкылтектин жумушчу басымынан ашып кетишине;
2) кескичтин бууланткычын кызарып кеткиче ысытууга, ошондой эле иш учурунда кескичтин бөркүн жогору каратып тикесинен илип коюуга;
3) кескичке кычкылтек же күйүүчү майды берип жаткан шлангды бүктөп, толгоп же кыстырууга;
4) кычкылтек шлангын кескичке бензинди же керосинди берүү үчүн пайдаланууга.
1177. Каңдоо иштерин жүргүзүүдө жумуш орду күйүүчү материалдардан тазаланат, ал эми 5 метрге жетпеген аралыктагы күйүүчү материалдардан турган конструкциялар күйбөгөн материалдардан жасалган экрандар менен корголот же суу төгүлөт.
1178. Каңдоочу лампалар толугу менен оң болууга тийиш жана текшерүүнүн жыйынтыгын жана датасын атайын журналга жазуу менен бир айда бир жолудан кем эмес бекемдиги жана жылчыксыздыгы текшерилип турат. Мындан тышкары контролдук, гидравликалык сыноолор жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
1179. Ар бир каңдоочу лампа заводдук-гидравликалык сыноонун жыйынтыгы жана жол берилүүчү жумушчу басымы көрсөтүлгөн паспорт менен камсыздалат. Лампалар берилген басымга жараша жөндөлгөн пружиналуу сактоочу клапандар менен жабдылат.
1180. Каңдоочу лампаларга күйүүчү май толтуруу жана аларды тутандыруу бул максатта атайын бөлүнгөн жайда жасалат. Лампаларды толтурууда күйүүчү майдын төгүлүп кетишине жана ачык отту колдонууга жол берилбейт.
1181. Каңдоочу лампадан жалындын чыгышына жол бербөө үчүн лампага куюлуучу күйүүчү май башка бир аралашмалардан жана суудан тазаланат.
1182. Каңдоочу лампанын жарылуусуна жол бербөө үчүн төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) керосин менен иштеген лампаларга бензин же керосин менен бензиндин аралашмасын куюуга;
2) паспортто көрсөтүлгөн жумушчу басымдан ашырып аба толтуруу менен лампанын резервуарындагы басымды жогорулатууга;
3) лампанын резервуарынын 3/4 көлөмүнөн ашырып күйүүчү май куюуга;
4) лампа күйүп жатканда же али муздай электе аба чыгарган бураманы жана май куюучу тыгынды ачып салууга;
5) ачык оттун жанында лампаны оңдоого, ошондой эле ага күйүүчү май куюп же андан башка идишке куюштурууга, тамеки чегүүгө.
§ 6. Жылытуу түзүлүштөрүн жайгаштыруудагы, пайдалануудагы жана имараттын ичин кургатуудагы өрт коопсуздугу
1183. Мобилдүү (инвентардык) имараттарды жылытуу үчүн буу жана суу калориферлерин, ошондой эле заводдо жасалган электр жылыткычтарын пайдалануу керек.
1184. Тамбурлардагы кургаткычтардын түзүлүшүн имараттын чыга бериш жерине жасоого тыюу салынат.
1185. Курулуш иштери жүрүп жатканда полимер жылыткычтуу металл конструкциялуу имараттарда от жагуучу түзүлүштөрдү имараттын тышына же өрткө каршы дубалдын сыртына жайгаштыруу менен аба же суу аркылуу жылыткан системалар гана колдонулат.
1186. Инфракызыл нур менен иштей турган көчмө жана стационардык түзүлүштөр оту өчкөндө газ берүүнү токтотуп коё турган автобөгөттөө менен жабдылышы зарыл.
1187. Полго орнотулуучу инфракызыл нур чыгарган газ менен иштеген көчмө түзүлүштөр жылышпай турган атайын төшөлмө менен камсыз кылынат. Газ баллон түзүлүштөн жана башка жылытуучу приборлордон – 1,5 метрден кем эмес, ал эми электр эсептегичтерден, токту өчүргүчтөрдөн, розеткалардан жана башка электр приборлорунан 1 метрден кем эмес аралыкта жайгашуусу керек.
Жалын чыккан жерден күйүүчү материалдардан жасалган конструкцияга чейинки аралык 1 метрден кем болбоого тийиш.
Кургатуучу жердин эң алыскы бурчунан тартып туташтырган жерге чейинки аралык 30 метрден ашпоосу керек. Түзүлүш газ тармагынан көбүрөөк алыстап кетсе, болот түтүктөрдөн убактылуу газ түтүгү өткөрүлөт, ал эми ага күйүүчү жерди кошуу жумшак шлангдар аркылуу жасалат.
Жумшак шлангдар туташтыруунун жылчыксыздыгын камсыз кылуучу бурамалуу жана гайкалуу хомуттардын жардамы менен редукторго жана өткөргүч түтүккө туташтырылууга тийиш. Жумшак шлангдар бүктөлбөстөн жана кесилбестен 2 метрден кем эмес бийиктик аркылуу өткөрүлөт.
1188. Инфракызыл нур чыгарган газ күйгөн түзүлүш иштеп жаткан жерге күйүүчү заттарды жана материалдарды сактоого, ошондой эле аларды колдонуу менен иштөөгө тыюу салынат.
1189. Инфракызыл нур чыгарган отту колдонууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) иштеп жаткан түзүлүштү кароосуз калтырууга;
2) керамикасы бузулган, ошондой эле жалын туура эмес чыгып жатканы байкалган күйгүчтү пайдаланууга;
3) эгерде бөлмөдө газ жыттанганда түзүлүштү пайдаланууга;
4) күйгүчтүн жылуулук чыгарган жалынын күйүүчү материалдар, газ баллондору, газ түтүктөрү, электр зымдары турган жакка бурууга;
5) газ түзүлүшүн бир эле учурда катуу отун менен жылый турган түзүлүштөр менен бирге пайдаланууга.
§ 7. Суюк жана газ түрүндөгү отун менен иштеген жылуулук генераторлорун монтаждоо жана пайдалануудагы өрт коопсуздугу
1190. Абаны жылытуучу түзүлүштөр курулуп жаткан имараттан 5 метрден кем эмес аралыкта жайгашууга тийиш.
200 литрден ашпаган көлөмдө отун үчүн сыйымдуулук колдонулат жана абаны жылыткычтан 10 метрден кем эмес жана курулуп жаткан имараттан 15 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылат. Аба жылыткычка келүүчү отун металл түтүк аркылуу берилет.
Отун өткөргүчтөрдүн бириккен жерлери жана арматурасы заводдо даярдалып, отун акпагандай болууга тийиш. Отун толтурулган багынан чыккан отун өткөргүчтө өрт же авария учурунда орнотмого отун берүүнү токтото турган бурама вентиль коюлат.
1191. Газ отуну менен иштеген орнотмону монтаждоодо жана эксплуатациялоодо:
1) жылуулук чыгаруучу орнотмолордо заводдун паспорту бар стандарттуу күйгүчтөр коюлат;
2) күйгүчтөр үзгүлтүксүз туруктуу жалын чыгарып турат жана агрегаттын жылуулук чыгаруусун зарыл болгон жөнгө салуунун чегинде күйгүчтүн ичин көздөй өтпөйт;
3) жылуулук чыгаруучу орнотмолор коюлган жердеги желдетүү абаны саатына үч жолу алмаштыра алат.
1192. Жылуулук чыгаруучу орнотомолорду эксплуатациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) отунду өткөргүчтөрдөн жылчык чыккан орнотмодо иштөөгө, форсунканын корпусу жылуулук чыгаруучу орнотмо менен жылчыксыз бириктирилбесе, жайда күйгөн продукттун жытынын таралышы менен түтүн чыккан жердин бузугу болсо, электр кыймылдаткычтары жана иштетүүчү аппаратура бузук болсо, ошондой эле электр кыймылдаткычынын жылуулуктан коргогучу жок болсо жана башка бузуктары болсо;
2) жөнгө салынбаган (отун туура эмес күйгөн) форсунка менен иштөөгө;
3) отун өткөргүчтөрдү туташтыруу үчүн резина же полихлорвиниль шлангдарын жана муфталарын колдонууга;
4) орнотмонун жана анын отун толтурулган багынын жанына күйүп кете турган тосмо коюуга;
5) отун өткөргүчтөрдү ачык жалын менен жылытууга;
6) кыска мезгилге токтотулган жылуулук чыгаруучу орнотмону аба менен үйлөтпөстөн иштетүүгө;
7) жумушчу аралашманы карай турган көзөнөкчө аркылуу тутандырууга;
8) жылуулук чыгаруучу орнотмо иштеп жаткан учурда шамдардын электроддорунун ортосундагы жылчыкты жөнгө салууга;
9) аба тарткан коллекторлордо коргой турган торчосу болбогон учурда жылуулук чыгаруучу орнотмону иштетүүгө.
§ 8. Электр калориферлерин монтаждоодо жана эксплуатациялоодо өрт коопсуздугу
1193. Заводдо гана жасалган, сигнализациясы жана блокировкасы туура иштеген, желдеткичи иштебегенде жылытуучу элементтерге электр энергиясын бербеген жана чыккан абанын температурасын контролдогон автоматикасы бар жана электр, жылуулук чыгарууну коргоо каралган жөнгө салгычы бар электр калориферлерин монтаждоого жана эксплуатациялоого жол берилет.
1194. Электр калориферин монтаждоо, ишке даярдоо, иштетүү даярдаган заводдун паспортунда баяндалган тартипте ишке ашырылууга тийиш.
1195. Электр калориферинин корпусу менен желдеткичтин ортосундагы жумшак кыстыргы үчүн күйүүчү материалдарды колдонууга тыюу салынат.
1196. Электр калориферлерин эксплуатациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) сигнализацияны же блокировканы өчүрүүгө;
2) электр калориферинен чыккан абанын температурасы аны даярдаган завод белгилегенден жогорулап кетишине жол берүүгө;
3) желдеткичи иштебеген электр калориферин иштетүүгө (орнотмону ар бир жолу иштетүү алдында блокировкасы текшерилип турат);
4) кийимди же башка күйүүчү материалдарды электр калориферине же ага жакын кургатууга;
5) электр калорифери орнотулган жайга күйүүчү заттарды жана материалдарды сактоого.
§ 9. Өрткө каршы суу менен жабдууну, өрт өчүрүү жана байланыш каражаттарын күтүү
1197. Туруктуу иштеген тышкы суу түтүк тармагын салуу жана өрт өчүрүүчү гидранттарды орнотуу, ошондой эле өрттө колдонулган суу көлмөлөрүн жана башка суу булактарын куруу негизги курулуш иштери башталганга чейин өрт өчүрүү үчүн аларды пайдаланууга боло тургандай эсеп менен жүргүзүлүүгө тийиш.
1198. Суу менен жабдуучу туруктуу булактардын курулушу негизги курулуш иштери башталганга чейин аяктабаган учурларда убактылуу өрткө каршы суу түтүктөрү салынууга же өрт өчүргөн резервуарлар коюлууга тийиш.
1199. Өрт өчүргөн убактылуу резервуарлардын (көлмөлөрдүн) сыйымдуулугу, алардын саны, курулуучу коргоо объектинде жайгаша турган жери долбоордук документтерде аныкталат.
1200. Курулуш аймагында жайгашкан жасалма суу көлмөлөрү жылууланууга жана өрт өчүрүүчү автомобилдердин бурулушу үчүн 12x12 метр аянттагы кирүүчү жолдор менен камсыздалууга тийиш. Эгерде курулушка жакын жерде табигый суу булактары (көл, көлмө, суу) болсо, өрт өчүрүүчү автомобилдер үчүн пирстерди жасоо зарыл. Кышкысын ал жерде “тоңбой турган” көлчүктөр жасалууга тийиш.
1201. Ички өрткө каршы суу түтүктөрү жана өрт өчүрүүчү автоматтык системалар коргоо объектин көтөрүү менен бир эле учурда монтаждалууга тийиш. Өрткө каршы суу түтүгү жасалгалоо иштери башталганга чейин пайдаланууга берилет. Ал эми өрт өчүрүүчү автоматтык системалар жана сигнализациялар ишке берүү алдындагы иштери башталган учурга (кабелдик курулмаларда кабелдерди төшөгөнгө чейин) бүткөрүлөт.
1202. Курулуп жаткан имараттар, убактылуу курулмалар, ошондой эле көмөкчү жайлар өрт өчүрүүчү баштапкы каражаттар менен камсыз кылынат.
1203. Курулуп жаткан ар бир коргоо объектинде өрт өчүрүүчү бөлүктөрдү чакыруу үчүн байланыш каражаты болууга тийиш. Курулуш аймагында сутканын каалаган учурунда байланыш каражаты менен камсыз кылуу жеткиликтүү. Ар бир телефондун аппаратында (радиостанцияда) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды чакыруунун тартиби жөнүндө тактайчаны, өрт учурунда жумушчу персоналдын аракети жөнүндө эскерткичти, өрткө каршы мамлекеттик эмес түзүлүштөрдүн күжүрмөн бөлүктөрүнүн тизмесин, өрт өчүрүү үчүн күч жана каражаттарды тартуу тартибин илип коюу керек. Курулуш аймагынын көрүнүктүү жерлерине айгай үн сигналын бере турган каражаттарды (коңгуроо, сирена) орнотуу, анын жанына “Өрт сигналы” деген жазууну илип коюу керек.
18-глава. Энергетика объекттеринде өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Энергетика объекттеринде өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
1204. Энергетикалык ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) бардык инженердик-техникалык кызматкерлердин, жумушчулардын жана кызматчылардын ушул Эрежелерди үйрөнүүсүн жана аткаруусун уюштурууга;
2) өрт өчүрүүчү-техникалык комиссияны жана ыктыярдуу өрт өчүрүүчү дружинаны түзүүгө, ошондой эле ушул Эрежелерге ылайык алардын ишин үзгүлтүксүз камсыздоого;
3) аймакта, өндүрүштүк жайларда (цехтерде, лабораторияларда, устаканаларда, кампаларда ж.б.), ошондой эле административдик жана көмөкчү жайларда өрткө каршы катуу режим орнотууга;
4) ишкананын персоналы жана подрядчы уюмдар тарабынан жабдууларды оңдоодо, реконструкциялоодо жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө ширетүү жана башка өрт коркунучу бар иштерди уюштуруунун жана өткөрүүнүн конкреттүү тартибин аныктоого;
5) ар бир өндүрүштүк участок жана жайлар боюнча өрт коопсуздугуна жооптуу кызмат адамдарын дайындоого;
6) ишканада өрт коопсуздугунун абалын, өрт өчүрүүчү техникалык каражаттардын, суу менен жабдуу, байланыш системаларынын жана өрткө каршы коргонуучу башка орнотмолордун иштеп жаткандыгын үзгүлтүксүз текшерүү тартибин белгилөөгө. Өрткө алып келүүчү кемчиликтер табылганда аны жоюунун зарыл чараларын көрүүгө.
1205. Отун-энергетикалык комплексинин ар бир ишканасында ишкананын жетекчиси өрт коопсуздугу боюнча төмөнкүдөй документтерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш:
1) өрт өчүрүү орнотмолорун тейлөө боюнча нускаманы;
2) өрт сигнализация орнотмолорун тейлөө боюнча нускаманы;
3) ишканада өрт өчүрүүнүн оперативдүү планын;
4) персоналдын өрткө каршы машыгуу өткөрүү, окутуу жана билимин текшерүү, өрттөн коргоо системасына техникалык көзөмөл жүргүзүү пландарын жана графиктерин, ошондой эле башка документтерди.
1206. Электр станцияларынын жана подстанцияларынын аймагында чөптү үзгүлтүксүз чаап жана ташып кетүү зарыл.
Ишкананын аймагында жана ага чектеш аянтта 100 метрден жакын жерге кургак чөп сактоого тыюу салынат.
1207. Негизги жана көмөкчү жабдууларда бардык иштер механизация каражаттарын, шаймандарды, демонтаждалган жабдууларды, калдыктарды жана материалдарды жумуш ордунан жыйноо, буу өткөргүчтөрдүн изоляциясын калыбына келтирүү, өрт коопсуздугу жана эмгек коопсуздугу боюнча иш-чараларды аткаруу аяктагандан кийин гана отун-энергетикалык орнотмолорду иштетүүгө киришүүгө уруксат берилет.
§ 2. Катуу отунду чаң түрүндө даярдоо жана жагуу үчүн орнотмолордун өрт коопсуздугу
1208. Жаңыдан монтаждалган же капиталдык оңдоодон өткөн чаң даярдоочу орнотмолорду ишке киргизүү кабыл алуу актысына кол коюлгандан кийин жана уюмдун жетекчиси тарабынан дайындалуучу, бул орнотмолорду иштетүү жана эксплуатациялоо тажрыйбасы бар жооптуу адамдын жетекчилиги менен гана жүргүзүлүүгө тийиш.
Эксплуатациялоого берер алдында негизги жана көмөкчү жабдуулар түйүндөр боюнча байкоо, сынап иштетип көрүү же куру жүргүзүү менен комплекстүү байкоо жүргүзүлүүгө тийиш.
1209. Жабдууларды сынап иштетүү алдында же комплекстүү сынап көрүүдө башкаруу, коргоо, блокировка жана байланыш каражаттары иштетилүүгө, ошондой эле алдын ала сактоочу орнотмолор текшерилүүгө жана өрт өчүрүү каражаттары ишке даярдалууга тийиш.
1210. Орнотмолор ишке киргизилгенге чейин өткөргүч түтүктөрдүн жана жабдуу элементтеринин бардык ысыган үстүнкү беттерин күйбөй турган жылуулук өткөрбөс материалдар менен обочолонтуу боюнча иштер аяктоого тийиш.
Ысык өткөргүч түтүктөрдөгү жана жабдуулардагы жылуулук обочолонуусу кабелдик линияларга жана мунай заттары менен күйүүчү газдары бар өткөргүч түтүктөргө 3 метрден жакын жайгашкан жерлери кошумча металл же башка күйбөй турган каптамдары болууга тийиш.
1211. Чаң даярдоочу орнотмону иштетүү, анын ичинде оңдоодон кийин иштетүү бардык оңдоо, обочолонтуу жана жөнгө салуу иштери толук бүтүп, байкалган кемчиликтери, өзгөчө жарылуу өрт коопсуздугу жагындагы кемчиликтери жоюлгандан кийин, ошондой эле курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштеринде колдонулуучу курулуш шатылары жана башка шаймандар алып салынгандан кийин гана жүргүзүлүүгө тийиш.
1212. Чаң даярдоочу орнотмо иштегенде анын алдын ала сактай турган түзүлүштөрүнүн бүтүндүгү тышын карап чыгуу жолу менен кезметтеги персонал тарабынан кварталына 1 жолудан кем эмес текшерилип турууга тийиш.
Бардык алдын ала сактоочу клапандар чаң даярдоочу орнотмо системасында болуп өткөн жарылуудан (тарсылдактан) кийин текшерилип турууга тийиш.
1213. Чаң системасынын алдын ала сактоочу түзүлүштөрүнүн оозу жайгашкан жердин каршысына жаңы кабелдик трассаларды 10 метрден жакын жайгаштырууга тыюу салынат.
Көрсөтүлгөн аралыктан өткөн кабелдик трассалар 5 метрден кем эмес узундуктагы металл кожухтар (кутулар) менен корголууга же алдын ала сактоочу клапандарда тоскуч калканчтар орнотулууга тийиш.
1214. Жайларды жана жабдууларды тазалоо үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турууга тийиш, анткени топтолгон чаңдын сапырылуусу чоң коркунуч келтирет. Сууну майда кылып чачыратып чаң чыкпагандай нымдаштырып колдонууга уруксат берилет.
1215. Чаң даярдоочу орнотмонун кадыресе иштешин камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) жайларга жана жабдууларга тамчылаган же күйгөн отундун жана башка жалын чыгарган булактардын түшүшүнө жол бербөө;
2) жабдуудагы чаңдатуу очогун дароо жок кылуу;
3) жайдын ичинде жана курулуш конструкцияларында отундун чаңынын жана тутанган (күйгөн) очокторунун пайда болушуна жол бербөө;
4) системага инерттүү же түтөгөн газдарды берүү жолу менен кислороддун көлөмдүү концентрациясын (16 %дан аз) чаң даярдоочу орнотмолор менен жабдууларда төмөндөтүү боюнча техникалык иш-чараларды аткаруу;
5) чаң даярдоочу орнотмолорго туруктуу контроль жүргүзүү жана алардын ишинин технологиялык режимин сактоо, өзгөчө чаң системаларын иштетүүдө жана токтотууда, ошондой эле чаң-аба кошулмасынын температурасынын жол берилген деңгээлден жогорулашына алып келүүчү отунду берүүдөгү үзгүлтүктөр болгон учурда.
1216. Чаңдаган бункерлерде, тегирмендерде жана башка чаң даярдоочу жабдууларда өрт өчүрүү үчүн бууну колдонууга өзгөчө бир учурларда, бул иште чаңды нымдаштырууга жана чаң топтогон буу казандын механизмдеринин иштебей калышына, ошондой эле өз алдынча тутанып кетүүнүн жана жарылуунун булагы болуп саналган чаңдын жабышуусуна жана топтолушуна алып келбеген шартта гана уруксат берилет.
1217. Чаң даярдоочу орнотмо иштеп жатканда люктарды жана башка оюктарды ачууга тыюу салынат.
Чаңдын сапырылып кетишинин жана жарылуу кырдаалынын пайда болушунун, ошондой эле отундун түтөгөн очокторунун чачырашынын алдын алуу максатында чаң даярдоочу орнотмо токтогон учурда люктарды жана оюктарды этияттык менен ачуу керек.
1218. Жайларда, ошондой эле чаң даярдоочу орнотмолордун өзүндө ширетүү жана башка өрт чыгуу коркунучу бар иштер ушул Эрежелерде баяндалган өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо менен аткарылууга тийиш.
1219. Чаң даярдоочу жабдуунун ичинде жана тышында тутанган жалынды жана өрттү өчүрүү үчүн чаңдын кошумча сапырылып учуусун пайда кыла турган суу жана көбүк өрт өчүрүүчү каражаттарын (компакттуу чачыратуу менен) колдонууга тыюу салынат.
Өрт өчүрүүчү крандар сууну чачыратып берген өрт өчүрүүчү стволдор менен комплекттелүүгө тийиш.
§ 3. Энергетика объекттеринин от казан орнотмолорунун өрт коопсуздугу
1220. Төмөнкү учурларда от казанга от жагуу операциясын баштоого тыюу салынат:
1) технологиялык жабдуулардын номиналдык режимди камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген, ошондой эле өрт чыгарышы мүмкүн болгон кемчиликтери болсо;
2) от казандын ишинин негизги параметрлерин аныктоочу контролдоо-өлчөөчү приборлор (анын ичинде каттай турган) иштебегенде;
3) башкаруу чынжырында, ошондой эле от казанды токтотууда иштөөчү технологиялык коргоодо жана блокировкалоодо бузуктары болсо.
1221. Желдетүү учурунда бекитүүчү жана жөнгө салуучу аппараттар от жакканда, газ жүргүзгөндө, аба өткөргөндө жана күйгүчтөрдө желдетилбеген (токтоп калган) зоналардын түзүлүшүнүн алдын алууну камсыз кылгыдай, ошондой эле жарылуу коркунучу бар аралашмалардын от казан системасына түшүшүнүн алдын алгыдай абалда орнотулууга тийиш.
1222. Арматуранын сальниктеринин, форсункалардын же өткөргүч түтүктөрдүн бузулушунан улам аккан же тамчылаган мазутка кум чачылууга жана дароо тазаланууга тийиш. Мазут аккан жерди жакшылап сүртүп салуу керек.
1223. От казан орнотмолорунун жарылуучу өрт коркунучун туудурган жабдууларында ширетүү жана башка өрткө кооптуу жүргүзүүгө тыюу салынат.
§ 4. Генерациялоочу энергетикалык орнотмолордун өрт коопсуздугу
1224. Энергетикалык агрегаттардын даярдыгы текшерилбесе, ошондой эле параметрлери жана контролдук көрсөткүчтөрү технологиялык инструкцияларда каралган жол берилгенден артта калса аларды иштетүүгө тыюу салынат.
1225. Май өткөргүчтөрдүн ширетилген жиктери монтаждан жана оңдоо-ширетүү жумуштарынан кийин кылдаттык менен текшерилүүгө (ультра үн дефектоскопиясы же башка методдор менен) тийиш. Заводдук ширетилген жиктерине турбинаны жасаган заводдун документтери болууга тийиш.
1226. Энергетикалык орнотмолордун май өткөргүчтөрүнүн фланецтүү бириккен жиктери үчүн жумшак жана май токтобогон материалдан жасалган, резина, полиэтилен ж.б. кыпчыткычтарды колдонууга тыюу салынат.
1227. Манометрлерди алмаштыруу, ошондой эле ар бир учурда электр станциясынын башкы инженери беките турган атайын программа боюнча жөнгө салуу иштерин жүргүзүү жана майды толуктап куюу учурларын кошпогондо, май өткөргүчтөрдө жана май системасынын жабдууларында система иштеп жатканда иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
Аталган иштер башталар алдында энергетикалык орнотмонун зонасындагы тейлөөнүн негизги белгилеринде өрт өчүрүү каражаттары иштөөгө даярдалышы керек. Зарылдыгына жараша жөнгө салуу жана которуштуруу иштери жүргүзүлүп жаткан бүткүл мезгилге ыктыярдуу өрт өчүрүү дружинасынын посттору коюлууга тийиш.
1228. Май бактарына толуктап куюу май өткөргүчтөрү боюнча борборлоштурулуп жүргүзүлүүгө тийиш.
Майды көчмө челектер менен энергетикалык орнотмолордун май куюлуучу бактарына жеткирүү жолу менен май системасын камсыз кылууга тыюу салынат.
1229. Май өткөргүчтөрүнө 10 метрден жакын жайгашкан бардык күйүүчү үстүнкү бетин күйбөй турган жылуулук изоляциясынын бүтүндүгү үзгүлтүксүз контролдонууга тийиш. Жылуулук изоляциясынын үстүнкү бетин турбиналык майдын куюлушунан жана урунуудан сактоо үчүн ага металл же башка күйбөй турган материал жабылышы керек.
1230. Буу өткөргүчтөрүнүн жылуулук изоляциясы жарым жылда кеминде 1 жолу визиалдуу каралып турууга тийиш. Жылуулук изоляциясынын көөп чыккан же катмарланган жерлери байкалса, кемчиликтер журналына жазылууга жана кийин оңдоо үчүн жабдуу менен текшерилүүгө тийиш, анткени мындай жерге майдын куюлушу жана сиңиши жалындын чыгышына алып келет.
1231. Эгерде май системасын иштетүүдө же эксплуатациялоодо май өткөргүчтөрүндө күчтүү термелүү же май системасынын бекемдигинин бузулушуна коркунуч түзүүчү гидравликалык соккулар пайда болсо, энергетикалык орнотмо авариялык түрдө токтотулууга тийиш.
1232. Турбогенератордун май куюлган багын суу менен муздатууну стационардык бөлгүч менен жабдыганда сууну бере турган бекиткич орнотмонун пломба салынган кол менен иштеткичи бул агрегаттын май куюлган багынын зонасындагы өрттөн коопсуз жерге жайгаштырылууга тийиш. Иштеткич кызыл түскө боёлууга жана “Өрт чыкканда ачуу керек”, ошондой эле “№... май багы” деп жазылган такта болууга тийиш.
1233. Суу менен муздатуу постторунун, май системасынын кароочу люктарынын, термобуулардын, энергетикалык орнотмолордун температуралык системасында коюлган электр жарык берүүчү арматура корголгон жерде болууга тийиш.
1234. Энергетикалык орнотмолор төмөнкү учурларда авариялык түрдө дароо токтотулат:
1) агрегаттын же май системасынын бузулушуна алып келүүчү, ошондой эле водороддук муздатуунун тыгыздоо системанын бузулушун жана кийинки өрттү пайда кылуучу агрегаттын, май өткөргүчтөрдүн же гидросоккулардын капыстан термелүүсү пайда болгондо;
2) газ турбина орнотмолорунда отун өткөн түтүктөрдөн отун ага баштаганда, ошондой эле от күйгөн камераларда же газ өткөргүчтөрдө жарылуу (тарсылдак) чыкканда;
3) подшипниктерден жана түптөрүндөгү тыгыздагычтардан түтүн же учкун чыкканда;
4) агрегаттын корпусунан майдын көп агуусу жайылуу жана жалын чыгаруу коркунучун келтирсе;
5) агрегаттагы майдын тутанышы же майдан обочолонуу байкалганда;
6) машина залынан өрт чыкканда жана өрттүн кооптуу факторлору тейлөөчү персоналга коркунуч келтирсе жана агрегатты кадимкидей эксплуатациялоого мүмкүн болбой калганда.
Өрттүн кооптуу факторлору архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен ченемдик укуктук актылар жана эрежелер менен аныкталат.
1235. Водород менен муздатылган машиналар авариялык токтотулган бардык учурларда төмөнкүлөр зарыл: агрегатка күч келтирбөө жана токтото баштоо; водородду атмосферага чыгаруу үчүн тосулган арматураны ачуу; бүткүл агрегаттын токтошун жана водороддун басымынын төмөндөшүн күтпөстөн, инерттүү газды борборлоштурулган системадан машинанын корпусуна берүү; байкаларлык аралыкты түзүү үчүн газ постунан водород берген өткөргүч түтүктү ажыратуу; өрт өчүрүү каражаттарын колдонууга даярдоо.
Персоналдын конкреттүү аракети жергиликтүү нускамага жана өрт өчүрүүнүн оперативдүү карточкасына түшүрүлүүгө тийиш.
1236. Бул газдарды берүүнүн борборлоштурулган системаларындагы аварияларды же аларды оңдоону кошпогондо, генератордун газ постторунда (синхрондук компенсаторлор) алардын корпусун водород же инерттүү газ менен толтуруу үчүн газ баллондорду орнотууга тыюу салынат.
1237. Түздөн-түз агрегаттардын корпустарында, аппараттарда жана водород толтурулган газ өткөргүчтөрдө өрт коркунучу бар иштерди (ширетүү, жылмалоо, каңдоо ж.б.) жүргүзүүгө тыюу салынат.
1238. Турбогенераторлордун жана синхрондуу компенсаторлордун (өрт өчүрүү түтүктөрү, туташтыргыч бөрктөр, вентилдер жана манометрлер) атайын ящиктерине, ошондой эле гидрогенераторлордо бекитүүчү клапандарга орнотулган суу берүүчү орнотмолордун техникалык абалы үзгүлтүксүз текшерилүүгө тийиш. Аталган вентилдер жана клапандар пломба коюлууга тийиш.
1239. Аба менен муздаган турбогенератордун (синхрондуу компенсатордун) жана гидрогенератордун күйүп бараткан оромун генераторлор тармактан өчүрүлгөндөн кийин өрт өчүрүүнүн көчмө каражаттарынын (өрт өчүргүчтөр, өрт крандары) жардамы менен атайын карай турган жана технологиялык люктар аркылуу кол менен өчүрүүгө персоналга уруксат берилет.
1240. Тосмолорду тиреген металл конструкцияларды ысытуу коркунучун алып келген энергетикалык орнотмолордо же көмөкчү жабдууларда өрт чыкканда коопсуздук чараларын сактоо менен аларды муздатууга карата чаралар токтоосуз көрүлүүгө тийиш.
§ 5. Дизелдик жана көчмө электр станцияларынын өрт коопсуздугу
1241. Өзүнчө турган дизелдик электр станциялары бүткүл периметри боюнча тосулууга, ошондой эле өрт өчүрүүчү техника кире турган автожолдору болууга тийиш.
Көчмө дизелдик электр станцияларын орнотууда курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык каралган имараттарга жана курулмаларга чейинки өрткө каршы ажыроолор сакталууга тийиш.
1242. Электр станциясы туруктуу телефондук же байланыштын башка түрлөрү менен камсыздалууга тийиш.
1243. Резервуарлардан май куюучу бактарга күйүүчү отунду берүү кол насостордун же электр менен иштеген насостордун жардамы менен аткарылууга тийиш.
Бактарды чака же ташуучу челектерди колдонуу менен толтурууга тыюу салынат.
1244. Персонал отун куюлган бактардын толтурулушун контролдоого милдеттүү, анда жерде май толтуруучу түтүктүн диаметринен чоң диаметрдеги куюштуруучу түтүктөр болууга тийиш. Куюштуруучу түтүк авариялык кабыл алуучу резервуар менен жылчыксыз туташтырылышы керек. Куюштуруучу түтүккө бекиткич жылдырмаларды (вентилдерди) орнотууга тыюу салынат.
1245. Оңдоо иштеринде бир нече кыймылдаткычтын түтүн чыккан түтүктөрүн жалпы бир түтүккө бириктирүүгө тыюу салынат. Бир каптоочу менен жалпы көп тарамдуу түтүк жасоого уруксат берилет.
1246. Машина залынын чегинде түтүн чыгуучу өткөргүч түтүктөрдүн жылуулук изоляциясынын оң иштеши үзгүлткүксүз контролдонот.
Суу менен муздатылуучу түтүн чыккан өткөргүч түтүктөргө жылуулук изоляциясы талап кылынбайт.
1247. Электр станциясынын имаратынын күйүп кетүүчү курулуш конструкцияларынын түтүн чыгуучу түтүктөр менен тийишкен жерлеринде өрткө каршы төмөнкүдөй зарыл иш-чаралар аткарылууга тийиш:
1) жайдын чатырындагы жана түтүн чыгуучу түтүктөр өткөн дубалдарда жылуулук изоляциясынын бар экендигине карабастан түтүн чыккан түтүктүн дубалынан 0,5 метрден кем эмес аралыкта күйбөй турган бөлгүчтөр орнотулушу керек. Түтүктөн 1 метрге чейинки аралыктагы жыгач конструкциялар өрттөн коргоочу курам менен иштетилүүгө тийиш;
2) түтүн чыккан түтүктү айланта чатырда туурасы түтүктөн 0,5 метрден кем эмес күйбөй турган материалдардан бөлгүчтөр коюлууга тийиш;
3) түтүн чыккан түтүк чатырдан 2 метрден кем эмес бийик жайгаштырылат;
4) түтүн чыккан түтүк узатасынан жайгаштырылса, анын учуна бетон же кирпичтен үн баскыч (чуңкурча) жасалып, имараттан тышкары жайгаштырылышы керек. Үн баскыч маал-маалы менен тазаланып турат.
1248. Дизелдик электр станцияларды эксплуатациялоодо агрегаттын блогунун жана түтүн чыккан түтүктүн жанындагы коллектордун тыгыздыгы жана бекемдиги үзгүлтүксүз контролдонот.
Коллектордон учкун чыкса бузулган жери оңдолгонго чейин агрегатты иштетүүгө тыюу салынат.
1249. Агрегаттарды эксплуатациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) кыймылдаткычты жеңил от алдыруу үчүн цилиндрлерине же клапандарына тез от алган суюктуктарды куюуга;
2) агрегат иштеп жатканда, ошондой эле кыймылдаткыч жана түтүн чыккан түтүк муздай электе отун багына май куюуга;
3) электр станциясынын жайындагы отун бактарын чаканын же башка идиштердин жардамы менен толтурууга;
4) ачык отту (каңдоочу лампаларды, факелдерди ж.б.) пайдалануу менен жайдагы өткөргүч түтүктөрдү, арматураны жана жабдууларды жылытууга;
5) жабдуулардын ысыган бөлүгүнө атайын кийимди кургатууга;
6) өндүрүштүк жайлардын өткөөлдөрүн жана имараттардын чыга бериш жерлерин тосууга, ошондой эле электр станциясынын атайын жайларынан тышкары жерде жабдууларды жана башка материалдарды сактоого.
1250. Агрегат төмөнкү учурларда дароо токтотулууга тийиш:
1) цилиндрлерде же подшипниктерде күчөгөн тыкылдоо жана башка үндөр пайда болгондо;
2) подшипниктерден же картерден түтүн чыкканда, ошондой эле күйгөн майдын жыты келгенде;
3) муздатуу системасында суу берүү токтогондо же муздатуу системасынын түтүн чыккан түтүгүнөн буу чыкканда;
4) айлануу жыштыгын жөнгө салгыч иштебей калганда;
5) үн баскычтан тарсылдаган үн чыкканда;
6) сүрүлгөн бөлүктөр же механизмдер майланбаганда же сапатсыз майланганда;
7) агрегаттагы отун өткөргөн түтүктөр же май түтүктөрү айрылганда;
8) жайда өрт чыгып, агрегатка же персоналга коркунуч келтиргенде.
§ 6. Электр станцияларынын жана подстанциялардын бөлүштүргүч орнотмолорунун өрт коопсуздугу
1251. Жабык бөлүштүргүч орнотмолордун жайларында жана коридорлорунда бөлүштүргүч орнотмого тиешеси жок кампаларды жайгаштырууга, ошондой эле электр техникалык жабдууларын, запастык бөлүктөрдү, күйүүчү суюктук куюлган идиштерди жана ар түрдүү газ толтурулган баллондорду сактоого тыюу салынат.
1252. Электр техникалык жабдууларын ылайдан жана көөдөн тазалоо үчүн өрт чыгарбай турган жуучу курамдар жана препараттар пайдаланылууга тийиш. Техникалык себептер боюнча атайын жууй турган каражатты колдонуу мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда бир жолку пайдалануудан ашпаган көлөмдө күйүүчү суюктуктарды (эриткичтерди, бензинди ж.б.) колдонууга уруксат берилет.
1253. Күйүүчү суюктуктарды пайдаланууда урунбаган материалдан жабылуучу идиштер гана колдонулат.
1254. Жабык бөлүштүргүч орнотмолордо ширетүү жана башка өрткө кооптуу иштерди өрткө каршы зарыл чараларды аткаргандан кийин чыгарып кетүүгө болбогон жабдууда гана жасоого уруксат берилет.
1255. Жабык бөлүштүргүч орнотмолордун кабелдик каналдары жана жер үстүндөгү ачык бөлүштүргүч орнотмолордогу кабелдик лотоктор күйбөй турган такталар менен дайыма жабылып турууга тийиш. Жабык бөлүштүргүч орнотмолордун ячейкаларына жана башка курулмаларга кабель киргизген жерлер отко туруктуулугу 0,75 сааттан кем болбогон күйбөй турган тыгыздагыч болушу керек.
1256. Ачык бөлүштүргүч орнотмонун аймагында мезгил-мезгили менен чөптү чаап жана жыйнап кетүү зарыл.
Коргоо объектинин аймагында жана тосмого жакын аянттарда кургак чөптү күйгүзүүгө тыюу салынат.
1257. Ачык бөлүштүргүч орнотмонун аймагындагы айрым участокторго декоративдик бадалчаларды же жазы жалбырактуу жапыз өскөн дарактарды, анын ичинде мөмө-жемиш дарактарын өстүрүүгө уруксат берилет, мында алар жалпы аймакты тосуп калбагандай, ал эми дарактар менен ток өткөргөн бөлүктөрдүн ортосундагы аралык электр менен тосуп коюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаргандай болууга тийиш.
1258. Жабык бөлүштүргүч орнотмонун жайындагы баштапкы өрт өчүрүү каражаттары кире бериштерге жайгаштырылышы керек. Жабык бөлүштүргүч орнотмону секцияларга бөлгөн учурда өрт өчүрүүчү посттор тамбурларга жана тепкичтердеги аянтчага жайгаштырылышы керек.
Өрт өчүрүү каражаттарынын жайгашкан жерин көрсөткөн түшүндүрүүчү белгилер жана жазуулар ачык бөлүштүргүч орнотмонун аймагындагы айлампа жолдордо болууга тийиш.
1259. Көчмө өрт өчүрүүчү техника ачык бөлүштүргүч орнотмо орнотулган жерде (өрт өчүрүүнүн оперативдүү планына ылайык) жердештирилген участоктор белгиленүүгө жана жабдылууга тийиш.
§ 7. Кабель чарбасындагы өрт коопсуздугу
1260. Бардык кабель курулмалары (кабаттар, туннелдер, шахталар, каналдар, галереялар, эстакадалар), ошондой эле жабык атайын металл коробалар же ачык жаткырылган кабель линиялары энергетика ишканаларынын кабелдик чарбасына кирет.
Уюмдун жетекчисинин буйругу менен кабель чарбасы бүтүн бойдон же участоктор боюнча кабелдик линияларды ишенимдүү эксплуатациялоону камсыз кылуу жана зарыл болгон курулуш-монтаждоо, оңдоо иштерин жана өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн тийиштүү цехтерге бекитилип берүүгө тийиш.
1261. Бардык кабель курулмасы тийиштүү цехтин начальниги бекиткен график боюнча үзгүлтүксүз каралып турушу керек.
Карап чыгуунун жыйынтыгы жана аныкталган кемчиликтер оперативдүү журналга жана жабдуулардын кемчиликтери жана жөнгө салынбоолор катталган журналга (же картотекага) түшүрүлүүгө тийиш.
1262. Кабелдик курулмалар таза кармалууга тийиш.
Кандайдыр бир кампаларды, устаканаларды орнотууга, ошондой эле материалдар менен жабдууларды, анын ичинде пайдаланылбаган кабелдерди сактоого тыюу салынат.
1263. Кабелдик курулмаларга суу жана буу, катуу отундун чаңы, май, мазут же башка күйүүчү суюктуктардын (ошондой эле алардын суу эмульсияларынын) тийгендиги байкалса, алардын келип чыгышын алдын алуу боюнча чаралар токтоосуз көрүлүшү керек.
1264. Бардык кабелдик жайлар персонал тарабынан туруктуу тейленбей турган жайларга кирет, ошондуктан алар жабык болууга тийиш.
1265. Кабелдик курулмаларда 50 метрден аз эмес аралыкта жакынкы чыгууну көрсөткөн белгилер орнотулууга тийиш.
Секциялык тоскучтардын эшиктеринен жакынкы чыгууга чейинки кыймылдын көрсөткүчү (схемасы) илинүүгө тийиш. Кабелдик курулмалардан чыгуучу люктарында орнотулууга тийиш болгон тепкич туннелден (кабаттан) өтүүгө тоскоол болбошу керек.
1266. Кабелдик курулмаларда персонал болгон учурда (айланып чыгууда, оңдоо иштеринде) өрт өчүрүү орнотмолорун конкреттүү багыты боюнча иштетүү кол менен башкарууга которулууга, ал эми персонал чыгып кеткенден кийин кайра автоматтык режимге которулууга тийиш. Бул мезгилде өрт өчүрүүчү орнотмонун иш режими өзгөргөндүгү тууралуу оперативдүү журналга жазылат.
Кабелдик курулмалардын автоматтык өрт өчүрүүчү стационардык орнотмолорун оңдоо кыска мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.
1267. Кабелдердин тышкы пластик каптамасынын (шлангдарынын) бузулганы байкалса, аларды оңдоо же бузулган участогун алмаштыруу үчүн тез арада чаралар көрүлүшү керек.
1268. Кабелдик курулмалардын секциялык тосмолорунун эшиктери өз алдынча жабылууга, жакынкы чыгуучу тарапка ачылууга жана бекем тирегич коюлууга тийиш.
Кабелдик курулмаларды эксплуатациялоодо көрсөтүлгөн эшиктер жабылган абалда турушу жана белгилениши керек.
Кабелдик жайларды желдетүү шарттары боюнча эшиктерин ачып коюуга уруксат берилет, мында курулманын тийиштүү бөлмөсүндөгү өрт сигнализациясынын импульсунан автоматтык түрдө жабылууга тийиш. Эшиктердин өзү жабылуучу орнотмону техникалык жактан бузук болбошу керек.
1269. Кабелдерди алмаштырууда же жаңы төшөөдө кабелдик трассалардын отко күйбөгөн бекемдигин калыбына келтирүү аткарылып жаткан иштерге наряд жабылганга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.
1270. Кабелдик линияларды эксплуатациялоодо жабдуулар менен жылытуу булактарынын жол берилген ченемдерден ашыкча ысып кетишине жол берилбейт.
1271. Энергетикалык ишканалардын жаңы жана кеңейтилүүчү бөлүктөрүнүн кабелдик курулмалары кабыл алуу актысын тариздөө менен эксплуатациялоого кемчиликсиз кабыл алынууга тийиш.
1272. Энергетикалык ишканалардын кабелдик курулмаларын өрткө каршы тосмолордун курулуш конструкциялары, өзү жабылган эшиктер жана башка өрткө каршы иш-чаралар аркылуу кабелдик линиялардын өткөөлүн тыгыздамайынча, ошондой эле долбоордо каралган өрт өчүрүүнүн жана өрттү аныктоонун автоматтык орнотмолору болмоюнча эксплуатациялоого кабыл алууга тыюу салынат.
1273. Реконструкция же оңдоо иштерин жүргүзүүдө күйүүчү полиэтилендик обочолонтуу менен кабелдерди колдонууга тыюу салынат.
1274. Май толтурулган кабель орнотмолоруна май киргизген жайларда ошол орнотмого тиешеси жок күйүүчү жана башка материалдарды сактоого тыюу салынат.
1275. Реконструкция жана оңдоо учурунда кандайдыр бир транзиттик коммуникацияларды кабелдик курулмалар аркылуу өткөрүүгө тыюу салынат.
§ 8. Күч трансформаторлорунун жана май реакторлорунун өрт коопсуздугу
1276. Трансформаторлорду жана май реакторлорун ишенимдүү эксплуатациялоо жана алардын өрт коопсуздугу төмөнкүдөй камсыздалууга тийиш:
1) номиналдуу жана жол берилүүчү иш режимдерин сактоо менен;
2) майдын сапатынын ченемдерин жана өзгөчө анын обочолонтуу касиеттерин жана температуралык режимдерин сактоо менен;
3) жабдууларды муздатуу, жөнгө салуу жана коргоо орнотмолорун оң абалда кармоо менен;
4) негизги жана көмөкчү жабдууларды, автоматика жана коргоо орнотмолорун оңдоону сапаттуу жасоо менен.
1277. Трансформаторлордун жана реакторлордун астындагы майды кабыл алуучу орнотмолор, май жүргүзгүчтөр (же атайын дренаждар) авария учурунда майдын агуусун жокко чыгаруу жана анын кабелдик каналдарга жана башка курулмаларга түшпөөсү үчүн иштеген абалда болууга тийиш.
1278. Майды кабыл алгычтын борттук тосмолорунун чегинде төгүлгөн шагыл таза кармалууга жана жылына 1 жолудан кем эмес жуулуп турууга тийиш.
Шагыл катуу булганса (чаң, кум) же май болуп калса, жазында жана күзүндө таза жуулушу керек.
Шагылдын бетинде мунай азыктары 3 мм кем эмес калыңдыкта катуу катмарлар пайда болгондо же өсүмдүктөр өнүп чыкканда жана аны жууганга мүмкүн болбой калганда шагыл алмаштырылууга тийиш.
1279. Майды кабыл алуучу орнотмолордун борттук тосмолору жерден 150 мм кем эмес бийиктикте бүткүл периметри боюнча ачык калтырбастан шагыл төгүлүүгө тийиш.
Трансформаторлор жана май реакторлору тоголотуп чыгарылган жерлерде борттук тосмо майдын агышын алдын алууга тийиш жана ал оңдоо учурунда кийин калыбына келтирүү менен оңой алынуучу материалдан жасалат.
1280. Трансформаторлордун май кабыл алгычтарын жана май реакторлорун борттук тосууда кабелдик каналдардын дубалын пайдаланууга (ыңгайлаштырууга) тыюу салынат.
1281. Ачык бөлүштүргүч орнотмолордо трансформаторлордон жана май реакторлорунан майды кабыл алуу үчүн авариялык сыйымдуулуктар жылына 2ден кем эмес жолу, ошондой эле катуу жааган жамгырдан, эриген кардан же өрттү өчүргөндөн кийин текшерилип турууга тийиш. Стационардык деңгээл ченегичтер ишке жарактуу абалда болууга тийиш.
1282. Трансформаторлор жана май реакторлору жабдылган стационардык өрт өчүрүүчү орнотмолор техникалык жактан иштеген абалда кармалууга жана долбоорго ылайык келүүгө тийиш.
Бул орнотмонун өткөргүч түтүктөрүнүн системасы жана бекиткен арматурасы кызыл түскө боёлууга тийиш.
1283. Өрт өчүрүүчү стационардык орнотмонун ишин жана трансформаторду же май реакторун өрт өчүрүүчү курам менен сугаруунун толуктугун текшерүү аларды өчүргөндөн (8 саатка жана андан ашык убакытка) жана оңдогондон кийин жүргүзүлүүгө тийиш.
Сыноонун жыйынтыгы оперативдүү журналга, ал эми сын пикирлер – кемчиликтерди каттоо журналына (картотекага) жазылат.
1284. Трансформатордун түтүнү чыккан түтүгү жакын жайгашкан жабдууларга жана курулмага, ошондой эле персонал өткөн жолго (30 метрден жакын) багытталбоого тийиш. Зарыл учурларда артка кайтара турган тосмо орнотулушу керек.
1285. Шагылдын үстүндө же май кабыл алгычта майдын жаңы тамчысы аныкталганда булактарын аныктоо жана иштеп жаткан жабдууда коопсуздук чараларын сактоо менен жаңы келип түшүүлөрдү болтурбоо (фланецтерди тарттыруу, жараканы ширетүү) боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.
1286. Трансформатордо (же май реакторунда) өрт чыкканда эгерде релелик коргоонун аракетинен өчүрүлбөсө, ал бардык чыңалуу тармагынан өчүрүлүүгө жана жерге киргизилүүгө тийиш. Персонал өрт өчүрүүчү стационардык орнотмону (эгерде болсо) иштетүүнү контролдоого, өрт сакчыларын чакырууга жана андан ары өрттү оперативдүү өчүрүү планы боюнча аракеттенүүгө тийиш.
1287. Трансформатордо же май реакторунда өрт чыкса, анын корпусунан майды агызууга тыюу салынат, анткени бул оттун анын оромосуна жайылышына алып келет жана өрт өчүрүүнү татаалдаштырат.
1288. Өрт техникасы орнотулган жерде жерге киргизүү жабдылууга жана белги коюлууга тийиш.
1289. Эгерде долбоордо каралган өрт өчүрүү орнотмолордун ишке толук даярдыгы камсыз кылынбаса, электр станцияларында жана подстанцияларда трансформаторлорду жана май реакторлорун эксплуатациялоого киргизүүгө тыюу салынат.
е
1-тиркеме
Өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарын аныктоо таблицасы
№ | Имараттардын, курулмалардын жана түзүлүштөрдүн аталышы | Канча аянтка эсептелген (м2) | Өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарынын аталышы | Эскертүү | ||||
Өрт өчүргүчтөр | Кум салынган ящик (сыйымдуулугу 0,5 м3 кем эмес) жана калак күрөгү | Суу куюлган челек (0,2 м3 кем эмес) жана чака | Кийиз, асбест же таар (өлчө-мү 2x1,5 м, 2x2 м кем эмес) | |||||
Күкүм-дүү (ОП-4, ОП-5) | Көмүр кычкылы (ОУ-2, ОУ-5, ОУ-8) | |||||||
Өнөр жай, айыл чарба мекемелери жана курулуучу, реконструкциялануучу, кайра профилденүүчү имараттар жана курулмалар үчүн | ||||||||
1 | Өндүрүштүк имараттардын, курулмалардын жана орнотмолордун категориялары: |
|
|
|
|
|
| Имарат-тардын, курулмалар-дын жана бөлмөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча категориялары энергетика тармагындагы эрежелер менен аныкталат |
А жана Б | 400-500 | 2 | 2 | 1 |
| 1 | ||
В | 500-600 | 2 | 1 |
|
|
| ||
2 | Мунара жана көпүрө түрүндөгү, консолдук тик тургузулган крандар, экскаваторлор жана башка чоң механизмдер | Бир механизмге | 1 | 1 (*) |
|
|
| (*) көмүр кычкылдуу өрт өчүргүчтөрдү күкүмдүү өрт өчүргүчкө алмаштырууга уруксат берилет |
3 | Эсептеп чыгуучу борборлор, машиналык эсептегич станциялар, китепканалар, архивдер жана долбоордук-конструктордук бюролор | 100 | 2 | 2 (*) |

4 | Күйүүчү суюктуктарды куюучу ыкчам аянтчалар: |
|
|
|
|
|
|
|
– идишке; | Аянтчага
| 2 |
| 1 |
| 1 | ||
– цистернага | 4 |
| 2 |
| 2 | |||
5 | Өзүнчө турган суюлтулган күйүүчү газдары бар идиштер: | Бир идишке |
|
|
|
|
|
|
– сыйымдуулугу 50 м3 чейин; |
| 2 |
| 1 |
| 1 | ||
– сыйымдуулугу 50дөн 100 м3 чейин |
| 4 |
| 2 |
| 2 | ||
6 | Суюлтулган күйүүчү газы бар чийки зат жана товардык парктар | Идиштин ар бир блогуна 1000 м3 чейин |
|
| 1 |
| 1 |
|
4 |
| 2 |
| 2 | ||||
7 | Суюк күйүүчү затты берүүчү орун (эритүүчү суюктук, лак, краска) майда жана өлчөлүп коюлган катуу күйүүчү зат | Аянтчага |
|
| 1 |
| 1 |
|
4 |
| 2 |
| 2 | ||||
8 | Темир жол төгүүчү-куюучу эстакадасы: |
|
|
|
|
|
|
|
– бир жактуу | 50 п.м | 2 |
| 1 |
| 1 | ||
– эки жактуу | 50 п.м | 4 |
| 2 |
| 2 | ||
9 | Автомобилдик төгүүчү-куюучу | 2 стоянкага | 2 |
| 1 |
| 1 |
|
10 | Өрт посту (тактасы жана шкафтар) ишкананын аянтында | 5000 м2 | 2 |
| 4 күрөк | 2 чака | 2 | Эскертүү: тактада болушу керек: лом – 2 даана, багор – 3 даана, балта – 2 даана. |
11 | Дизелдүү станциянын имараты | 1 дизелге | 2 | 1 | 1 |
| 1 |
|
12 | Куткаруучу кызматынын жана өрт депосунун имараты | 200 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
13 | Күйүүчү чатырлар же күйүүчү жылууланган жабуулар | 200 м2 чатыр аянтка | 2 |
| 1 | 1 |
|
|
14 | Автомашина токтотуучу ачык жай | 100 м2 | 2 |
| 1 |
| 1 |
|
15 | Электромотордуу | 50 м2 | 2 | 2 |
|
|
|
|
16 | Желдеткичтердин жана калориферлердин имараты | Бөлмөгө | 1 | 1 |
|
|
|
|
17 | Суу топтоочу курулма, насостук станциялар | Бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
18 | Электрстанциялары жана подстанциялар: |
|
|
|
|
|
|
|
– башкаруу пульту; | 25 м2 | 1 | 1 |
|
|
| ||
– машина залы; | Генераторго | 1 | 1 |
|
|
| ||
– электри күчтүү ички күйүүсү менен кыймылдаткыч | дизелге | 1 | 1 | 1 |
| 1 | ||
19 | Трансформаторлуу станциялар | 100 м2 | 2 | 2 | 1 |
|
|
|
20 | Аккумулятор станциясынын (цехинин) бөлмөсү | Бөлмөгө | 1 | 1 |
|
|
|
|
21 | Көчмө электростанция | Орнотмого | 1 | 1 |
|
| 1 |
|
22 | Механикалуу жана механикалык чогултуучу цехтер (устаканалар) | 600 м2 | 2 | 2 | 1 |
|
|
|
23 | Электр-газ-ширетүүчү устаканалар | 200 м2 | 2 | 2 |
|
|
|
|
24 | Жыгач иштетүүчү жыгач цехтери | 100 м2 | 2 |
| 1 | 1 |
|
|
25 | Сырдоочу жана лак краскалоочу устаканалар | 100 м2 | 2 | 2 | 1 |
| 1 |
|
26 | Компрессорлуу орнотмо | 200 м2 | 2 | 2 | 1 |
| 1 |
|
27
| Насостук станциялар: |
|
|
|
|
|
|
|
– ЖЖС сордуруучусу; | 50 м2 | 2 | 2 | 1 |
| 1 | ||
– КС сордуруучусу | 100 м2 | 2 | 2 | 1 |
| 1 | ||
28 | Иштетилүүчү отказандар: төмөнкүлөр менен |
|
|
|
|
|
|
|
| – катуу күйүүчү зат менен; | 2 мешке | 2 |
|
|
|
| |
| – суюк жана газ-сымал отун менен | 2 мешке | 2 |
| 1 |
|
| |
29
| Гараждар: |
|
|
|
|
|
|
|
– автомобиль сактоочу бөлмөлөр; | 100 м2 | 2 | 1 | 1 |
| 1 | ||
– автомобиль тейлөөчү бөлмөлөр; | 100 м2 | 2 | 1 | 1 |
| 1 | ||
– автомобиль сактоочу бастырма; | 100 м2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | ||
– автомобиль сактоочу ачык аянт | 100 м2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | ||
30 | Таратуучу май колонкалары | 1 колонкага | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
|
31 | Электрокарлар туруучу имарат | 100 м2 | 2 | 1 | 1 |
|
|
|
32 | Лабораториялар | 1 бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
33 | Өрт депосу | 100 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
34 | Контролдук-өткөрүүчү пункт | Пунктка | 2 |
|
|
|
|
|
35 | Телефондук станция жана радиотүйүн | 1 бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
36 | Тамеки чегүүчү жай |
| 1 |
|
|
|
|
|
37 | Курулуш орнотмолору | 40 п.м | 2 |
|
| 1 |
|
|
38 | Короо аянты | 200 м2 | 2 |
|
| 1 |
| 5000 м2 аянтка бир комплект өрт тактасы |
Даярдоо боюнча ишканалар, уюмдар жана мекемелер үчүн | ||||||||
| Элеваторлор | |||||||
1 | Элеватордун иш имараты | Кабатка | 1 |
|
|
|
|
|
2 | Силостун үстүндө жайгашкан кабат | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
3 | Силостун астында жайгашкан кабат | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
4 | Темир жол, суу жана автомобиль транспортторунан кабыл алуучу түзүлүш | Ар бир түзүлүшкө | 1 |
|
|
|
|
|
5 | Цех, таштандылар камерасы | 1 цехке | 1 |
|
|
|
|
|
6 | Стационардык дан кургаткыч | Кабаттарга | 1 |
|
|
|
|
|
7 | Дан кургаткычтын от жагуу бөлмөсү | Ар бир 2 мешке | 1 |
| 1 | 1 |
|
|
| Ун комбинаттары жана акшак заводу | |||||||
8 | Дан тазалоочу цех | 150 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
9 | Тарттыруу цехи | 100 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
10 | Кесүү цехи | 150 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
11 | Кургатуучу-бууга кармоочу цех | 150 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
12 | Талкалоочу цех же бөлүмчө | 100 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
13 | Унду өлчөп салуучу цех | 100 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
14 | Таштанды талкалоочу жана сорттоочу цех | 100 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
15 | Жумшак идишти оңдоочу жана кагып чыгаруучу цех | 100 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
16 | Идиштеги даяр продукцияларды көчүрүү транспорттук галереясы | Ар бир 15 п.м | 1 |
|
|
|
|
|
| Аралаш тоют заводдор жана уруктарды иштеп чыгуу заводу | |||||||
17 | Чачылма аралаш тоюттардын жана тоют кошундусун чыгаруучу цех | 150 м2 | 1 |
|
| 1(**) |
|
|
18 | Аралаш тоюттарды күкүмдөө жана майдалоо цехи | 150 м2 | 1 |
|
| 1(**) |
|
|
19 | Аралаш тоюттардын таштандысын тазалоо цехи | 100 м2 | 1 |
|
| 1(**) |
|
|
20 | Чөптүү унду даярдоочу цех | 100 м2 | 1 |
|
| 1(**) |
|
|
21 | Чөп майдалоочу цех | 100 м2 | 1 |
|
| 1(**) |
|
|
22 | Үрөн иштетүүчү заводдор жана цехтер | 150 м2 | 1 |
|
| 1(**) |
|
|
23 | Аралаш тоют дандын жана данды көчүрүүчү транспорттук галерея | Ар бир 15 п.м | 1 |
|
|
|
|
|
| Кампалар: | |||||||
24 | Идишсиз унду, аралаш тоюттарды жана акшактарды сактоочу кампалар, бөлүмчөлөр, корпустар | 150 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
25 | Идиштеги акшактын жана ундун кампасы | 100 м2 |
|
|
| 1(***) |
|
|
26 | Механизацияланган дан кампасы: |
|
|
|
|
|
|
|
– кампанын секциясы; | 100 м2 | 1 |
|
| 1(***) |
| ||
– үстүңкү транспортердук галерея; | 15 п.м | 1 |
|
|
|
| ||
– астыңкы транспортердук галерея | 25 п.м | 1 |
|
|
|
| ||
27 | Механизацияланган буудай кампага караган кургатып-тазалоочу бурана (СОБ) | Ар бирине | 1 |
|
|
|
|
|
28 | Имараттарды бириктирүүчү конвейердик галереялар жана эстакадалар | Ар бир 15 п.м | 1 |
|
|
|
|
|
29 | Механизацияланбаган дан кампасы | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
30 | Күнжара кампасы | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
31 | Аралаш тоют кампасы | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
32 | Чийки аралаш тоют кампасы | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
33 | Дан жана ун таштандысынын кампасы | 200 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
34 | Иштетиле элек жумшак идиштин кампасы | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
35 | Иштетилген жумшак идиштин кампасы | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
36 | Материалдык кампалар | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
37 | Идиштеги күйүүчү жана майлоочу материалдар кампасы: |
|
|
|
|
|
|
|
– ОЖС сактоодо; | 75 м2 | 2 | 2 | 1 |
| 1 | ||
– КС сактоодо; | 100 м2 | 2 | 2 | 1 |
| 1 | ||
38 | Резервуардык парктар КММ | Ар бир 2 резервуарга | 2 | 2 | 1 |
| 1 |
|
39 | Өзүнчө резервуар КММ: |
|
|
|
|
|
|
|
– сыйымдуулугу 100 м3 чейин; | 1 резервуарга | 1 | 1 | 1 |
|
| ||
– сыйымдуулугу 100 м3 жогору |
| 2 | 2 | 1 |
|
| ||
40 | Химикаттар кампасы | 50 м2 | 2 | 2 | 1 | 1(***) | 1 |
|
41 | Тактай кампалары | 300 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
42 | Көмүр кампасы | 500 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
43 | Чөп сактоочу бастырма | 1 бастырмага | 2 |
|
| 1 |
|
|
44 | Штабель (скирда) чөп | 1 штабелге | 2 |
|
| 1 |
|
|
45 | Чөп престөөчү орнотмо | 1 орноткучка | 2 | 1 |
| 1 |
|
|
Чийки пахта кампалары, имараттары, цехтери жана бунттары үчүн | ||||||||
1 | Көзөмөлдөө посту | Ар бир постко | 1 |
|
| 1 |
|
|
2 | Тараза посту | Ар бир постко | 1 |
|
| 1 |
|
|
3 | Кургатуучу-тазалоочу цехтер: |
|
|
|
|
|
|
|
– от жагуучу бөлүм, көмүр менен иштөөчү; | Ар бир 2 мешке | 1 |
|
| 1 |
| ||
– суюк зат менен от жагуучу бөлүм; | ошол эле | 1 | 1 |
| 1 | 1 | ||
– кургатуучу бөлүмчө; | 1 барабанга | 1 |
|
| 1 |
| ||
– тазалоочу бөлүмчө | 1 бөлүмчөгө | 1 |
|
| 1 |
| ||
4 | Перевалки | Ар бирине | 2 |
|
| 1 |
|
|
5 | Механикалык цехтер | 600 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
6 | Электр-газ менен ширетүүчү цехтер | 200 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
7 | Жыгач иштетүүчү цехтер | 100 м2 | 2 | 2 |
| 1 |
|
|
8 | Насостук станция (суу басымдуу) | Бөлмөгө | 1 | 1 |
|
|
|
|
9 | Аккумулятордук | 100 м2 | 1 | 1 |
|
|
|
|
10 | Көмүр кампасы | 500 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
11 | Тилинген тактай кампасы | 500 м2 | 4 |
|
| 2 |
|
|
12 | Трансформатордук подстанциялар (ТП) | 1 ТПга | 1 | 1 |
|
|
|
|
13 | Дизелдик электростанциялар | 1 агрегатка | 1 | 1 |
|
|
|
|
14 | Электр калкан бөлмөсү | Жайга | 1 | 1 |
|
|
| Кошумча диэлектр комплекти: килемче, кайчы, өтүк жана мээлей менен кошумча камсыз кылуу керек |
15 | Идиш кампалары жана бастырмалар | Бастырмага | 2 | 1 |
| 1 |
|
|
16 | Мунайзаттарды идиште сактоо үчүн өзүнчө жайлар | Жайга | 2 | 1 |
|
| 1 |
|
17 | Пахтаны-чийки затты сактоочу жабык кампа | 200 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
18 | Пахтаны-чийки затты сактоочу бастырма же аянтча | 300 м2 | 1 | 1 |
| 1 |
|
|
19 | Пахта чөнтөгү | 100 м2 | 1 | 1 |
| 1 |
|
|
20 | Пахта жыйноочу машина | 1 унаага | 1 | 1 |
|
| 1 |
|
21 | Пахта ташуучу поезд, пахтаны-чийки затты идишсиз ташуучу автомобиль | 1 вагонго (транспортко) | 1 | 1 |
|
|
|
|
22 | Тазалоочу цех | 100 м2 | 1 | 1 |
|
|
|
|
23 | Дизелдик, куюучу жана пресстөөчү цехтер | 100 м2 | 1 | 1 |
| 1 |
|
|
24 | Пахтаны-чийки затты сактоо үчүн аянт жана бастырмалар | 100 м2 | 2 | 1 |
| 1 |
|
|
Административдик, кызматтык-тиричилик имараттары жана жайлары үчүн | ||||||||
1 | Кызматтык бөлмөлөр: |
|
|
| 1* 1* |
|
| Бир кабатка экиден кем эмес өрт өчүргүч |
– коридордук система болгондо; | 20 п/м | 1* |
|
|
|
|
| |
– коридорсуз система болгондо | 200 м2 | 1* |
|
|
|
|
| |
2 | Массалык, чийме, жарык көчүрүүчү, ротатордук ж.б. архивдер | 100 м2 | 1 | 1* |
|
|
| Көмүр кычкылынын ордуна күкүмдүү өрт өчүргүчтү орнотууга уруксат берилет |
3 | Радиотүйүндөр | Жайга | 1 | 1 |
|
| 1 |
|
4 | Сезондуу жана курулуш иштери болуучу жерлерде адамдардын жашоосу үчүн көчмө үй-вагондор | 1 үй-вагонго | 1 |
|
| 1* |
| Жайкы мезгилде орнотулат |
5 | Нан жабуучу мештер: |
|
|
|
|
|
|
|
– катуу отун менен; | 2 мешке | 1 |
|
|
|
| ||
– суюк отун менен |
| 1 | 1 |
|
|
| ||
6 | Медпункттар: |
|
|
|
|
|
|
|
– оорулууларды кабыл алуу үчүн жайлар; | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
– дарыларды сактоо үчүн жайлар | 50 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
7 | Ашканалар жана буфеттер: |
|
|
|
|
|
|
|
– тамак ичүү үчүн жайлар; | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
– тамак даярдоо үчүн жайлар | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
8 | Цехтердеги тиричилик жайлары жана өзүнчө имараттар | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
9 | Клубдар: |
|
|
|
|
|
|
|
– сахна; | 25 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
– көрүүчү зал; | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
– кызматтык, костюмдар сакталуучу жайлар ж.б.; | 25 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
– өтмөктөр, коридорлор, вестибюлдар ж.б. | 50 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
10 | Оператордук жай | Жайга | 1 | 1 |
|
|
|
|
11 | Ийримдер үчүн жайлар | Бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
12 | Китепкана, окуу залы | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
13 | Мейманканалар, жатаканалар: |

– коридордук система болгондо; | 15 п/м | 1 |
|
|
|
|
| |
– коридорсуз система болгондо; | 100 п/м | 1 |
|
|
|
|
| |
14 | Кийим кургатуучу, кийим сактоочу жайлар | Жайга | 1 |
|
|
|
|
|
Кампалар жана кампа жайлары үчүн | ||||||||
| Жабык кампалар | |||||||
1 | Күйбөгөн катуу заттардын жана материалдардын кампалары | 500 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
2 | Суу менен өз ара аракеттенбеген күйүүчү катуу химиялык заттардын кампалары | 150 м2 | 1 |
| 1 | 1 | 1 | Жайкы мезгилде кампаларда өрткө каршы суу түтүктөрү жок учурда суусу бар челектер орнотулат |
3 | Целлюлозанын жана була материалдарынын кампалары | 200 м2 | 1 | 1 |
| 1 |
| Жайкы мезгилде кампаларда өрткө каршы суу түтүктөрү жок учурда суусу бар челектер орнотулат |
4 | Пластмассалардын жана синтетикалык каучуктун кампалары | 150 м2 | 2 | 1 |
| 1 | 1 | Жайкы мезгилде кампаларда өрткө каршы суу түтүктөрү жок учурда суусу бар челектер орнотулат |
5 | Майдаланган күйүүчү заттардын кампалары: |
|
|
|
|
|
|
|
– ачык сакталуудагы; | 200 м2 | 2 | 1 |
| 1 |
| Жайкы мезгилде кампаларда өрткө каршы суу түтүктөрү жок учурда суусу бар челектер орнотулат | |
– жабык сакталуудагы | 300 м2 | 1 | 1 |

6 | Абада жана сууга тийгенде от алуучу катуу заттардын кампалары | 100 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
|
7 | Химиялык реактивдердин кампалары | 150 м2 | 1 |
| 1 |
| 1 |
|
8 | Катуу кычкылданткычтар жана индикаторлор кампалары | 100 м2 | 1 |
| 1 | 1 | 1 |
|
9 | Күйбөөчү суюктуктардын кампалары (кислотадан тышкары) | 500 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
10 | Идиштеги күйүүчү суюктуктардын кампалары: |
|
|
|
|
|
|
|
– жалындоо температурасы 45 °C чейин; | 50 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
| |
– жалындоо температурасы 45 °C жогору | 100 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
| |
11 | Абада жана сууга тийгенде өзү күйүп кетүүчү суюктуктардын кампалары | 50 м2 | 1 | 1 |
|
|
|
|
12 | Жарылуучу заттардын жана порох кампалары | 100 м2 | 2 |
| 1 | 1 | 1 | Кампа имаратынын сыртында |
13 | Газ баллондор кампалары: |
|
|
|
|
|
|
|
– күйбөгөн газ менен; | 500 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
– күйүүчү газ менен; | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
– толтурулбаган | 300 м2 | 1 | 1 |
|
|
|
| |
14 | Кислоталар кампалары (идиште) | 200 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
|
15 | Кальций карбиди кампалары: |
|
|
|
|
|
|
|
– аралыктагы; | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
– негизги | 500 м2 | 6 |
|
|
|
|
| |
16 | Техникалык мүлк кампалары: |
|
|
|
|
|
|
|
– таңгаксыз; | 400 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
– күйүүчү таңгакта сактоодо | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
17 | Чарба кампалары: |
|
|
|
|
|
|
|
– оңой күйүүчү материалдар бар болгондо; | 200 м2 | 1 |
|
| 1 |
|
| |
– оңой күйүүчү материалдар жок болгондо | 400 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
18 | Жумшак идиштер кампалары | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
19 | Таңгакталган айнек кампалары | 400 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
20 | Идиште ЖКС жана КС сакталган жер алдындагы же жарымы жер алдындагы кампалар | 50 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
|
21 | Моделдер кампалары | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
22 | Тери, резина, тери менен резина буюмдарынын кампалары | 200 м2 | 1 |
| 1 | 1 | 1 |
|
23 | Кампалар жана сактоочу жайлар: |
|
|
|
|
|
| Жайкы мезгилде бир имаратка 4төн кем эмес бочка |
– дан, атайын өсүмдүктөр, ундар; | 200 м2 | 1 |
|
| 1 |
|
| |
– азык-түлүк, фураж; | 300 м2 | 1 |
|
| 1 |
|
| |
– чарбалык, күйүүчү материалдар болгондо; | 200 м2 | 1 |
| 1 | 1 |
|
| |
– күйүүчү газ баллондор; | 300 м2 | 2 |
|
|
|
|
| |
– булалуу күйүүчү материалдар; | 100 м2 | 1 | 1 |
| 1 |
|
| |
– уу химикаттары; | 100 м2 | 1 | 1 |
|
|
|
| |
– аммиак селитрасы, аммиак суусу жана суюк аммиак; | 100 м2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
| |
– кургак минералдык жер семирткичтер; | 500 м2 | 1 | 1 | 1 | 1 |
|
| |
– кальций карбиди | 100 м2 |
| 2 | 1 |
|
|
| |
24 | Даяр текстилдик, трикотаж жана галантерея өнөр жай продукциясынын кампалары | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
25 | Материалдык кампалар жана техникалык жабдуулар кампалары | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
26 | Ширеңке кампалары | 100 м2 | 1 |
| 1 | 1 |
|
|
27 | Жашылча сактоочу кампалар | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
28 | Турак үйлөрдө жайгашкан картошка-жашылча кампалары | Ар бир сактоочу жайга | 1 |
|
|
|
|
|
29 | Туз, колчедан жана ушул сыяктуу минералдык заттардын кампалары | 500 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
| Ачык кампалар | |||||||
30 | Кендирлер, дүмүрлөр, зыгыр, кагаздар ж.б. кампалары | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
31 | Отун кампалары | 250 м2 | 1 |
|
| 1 |
|
|
32 | Мунайзаттар куюлуучу идиштерди (челектерди) сактоо үчүн ачык аянтчалар | 300 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
|
33 | Мунайзаттарды идиште (челекте) сактоо үчүн ачык аянтчалар | 200 м2 | 2 |
| 2 |
|
|
|
34 | Штабелдердеги пахта кампалары | Ар бир штабелге | 2 |
| 1 | 1 |
|
|
35 | Тилинген жыгач материалдар кампалары | 300 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
36 | Жыгач идиштердин кампалары | 100 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
37 | Тегерек жыгач кампалары | 500 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
38 | Чым көң жана жыгач көмүрүнүн кампалары | 500 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
39 | Таш көмүр кампалары | 500 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
40 | ЖКС жана КС кампалары | 200 м2 | 2 |
| 2 |
| 1 |
|
41 | Резервуарда ЖКС жана КС кампалары | Ар бир резервуарга | 2 |
| 1 |
|
|
|
42 | Кампалар, чөп, саман пункттары | Ар бирине | 2 |
|
| 1 |
|
|
43 | Майда жыгач материалдарынын кампалары | 200 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
44 | Металл буюмдардын кампалары | 600 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
45 | Күйүүчү суюктуктар бар сырьёлук жана товардык парктар | 2 резервуарга | 2 |
| 1 |
| 1 |
|
46 | Суюлтулган газдар сырьёлук жана товардык парктар | Ар блокко 100 м3 чейин |
|
|
|
|
|
|
Коомдук имараттар үчүн | ||||||||
| Соода ишканалары | |||||||
1 | Универмагдар, өнөр жай товарлары дүкөндөрү | 100 м2 | 2 |
| 1 |
|
|
|
2 | Ири универмагдар (500 м2) | 150 м2 | 4 |
| 2 |
|
|
|
3 | Целлулоид буюмдарын сатуу боюнча өз алдынча дүкөндөр же аларга караштуу бөлүмдөр | 50 м2 | 1 |
| 1 |
|
| Бир жайга бирден кем эмес өрт өчүргүч |
4 | Тамак-ашты тез даярдоочу объекттер (гриль, фаст-фуд ж.б.) | 50 м2 же бир соода орунга | 2 |
|
|
| 1 | Бир жайга экиден кем эмес өрт өчүргүч |
5 | Тамак-ашты ачык отко даярдоо (мангал, тандыр, улуттук мештер) |
| 2 |
|
| 1 | 1 | Экиден кем эмес өрт өчүргүч |
6 | Шарап жана тиричилик химия дүкөнү | 50 м2 | 2 |

7 | Айыл чарба рыноктору жана базарлар | 15 соода орунга | 2 |
| 1 |
|
|
|
8 | Жабык базарлар (павильондор) | 100 м2 | 2 |
| 1 |
|
|
|
9 | Палаткалар жана базардан сырткары дүкөнчөлөр | Бир палаткага | 1 |
|
|
|
|
|
10 | Лифттердин машина бөлүмдөрү | Ар бир жайга | 1 | 1 |
|
|
|
|
11 | Менчик турак үйлөр, бакчадагы үйлөр жана айыл жергесиндеги башка курулуштар | Ар бир имаратка | 1 |
|
|
|
| Мындан тышкары, суу бар челек жана чакалар |
| Маданий мекемелер | |||||||
12 | Музейлер, сүрөт жана көркөм галереялар, фондду сактоочу жайлар, көргөзмө, экспозициялык жана окуу залдары, китепканалар ж.б. | 50 м2 |
| 1 |
|
|
| Ар бир жайга бирден кем эмес өрт өчүргүч |
13 | Театрлар, клубдар, маданият үйлөрү (сарайлар) сахнасы менен, цирктер: |
|
|
|
|
|
|
|
– сахна, манеж; | 25 м2 | 1 |
|
|
|
| Эки өрт өчүргүчтөн кем эмес | |
– жумушчу галереялар; | 10 п/м | 1 |
|
|
|
| Эки өрт өчүргүчтөн кем эмес | |
– сахнанын трюму жана цирктин манежи; | 50 м2 | 1 |
|
|
|
| Эки өрт өчүргүчтөн кем эмес | |
– коридорлор жана сахнага, манежге жакын өтмөктөр; | 50 м2 | 1 |
|
|
|
| Эки өрт өчүргүчтөн кем эмес | |
– кызматтык бөлмөлөр (бутафордук, костюмдук, тигүү, кассалар, желдетүүчү ж.б.); | 25 м2 | 1 |
|
|
|
| Өзүнчө бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес | |
– вестибюль, фойе, буфет; | 100 м2 | 1 |

– устаканалар (декоративдүү, живопистүү, жыгач кооздоочу); | 50 м2 | 1 |

– цирк ишканаларындагы жаныбарлар үчүн жайлар; | 50 м2 | 1 |
|
|
| 1 | Өзүнчө бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес. Атканаларда жылкыларды чыгаруу үчүн тизгиндер жана жабуулар жетиштүү болушу керек | |
– жаныбарларды жана көчмө цирктерди ташуучу автомобилдер, фургондор, темир жол вагондору ж.б.; | Көчмө каражатарынын ар бир түрүнө | 1 |

– жарык берүүчү галереялар, электр цехтери, жөнгө салгычтар | 25м2 | 1 |

– киноаппараттар бөлмөсү, проекция бөлмөсү |

14 | Маданият эстеликтери: |
|
|
|
|
|
|
|
– күйбөөчү имараттар; | 100 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
| |
– жыгачтан оймо-чиймелер | 50 м2 | 1 |
|
| 1 |
| Суусу бар челек жай мезгилинде суу түтүктөрү жок жерлерде орнотулат | |
15 | Декорация жана күйүүчү чарба материалдарынын кампасы | 50 м2 | 1 |
|
| 1 |
| Суусу бар челек жай мезгилинде суу түтүктөрү жок жерлерде орнотулат |
16 | Кир жуучу жайлар | 100 м2 | 1 |
|
|
|
| Өзүнчө бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
17 | Типографиялар | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
18 | Кондиционерлер, калорифер жана желдеткичтер бөлмөсү | Бөлмөгө | 1 | 1 |
|
|
|
|
19 | Реставрациялык устакана | Эки машинага | 1 |
| 1 |
| 1 |
|
20 | Күйүүчү суюктуктарды сактоочу жай | Бөлмөгө | 1 |
| 1 |
| 1 |
|
21 | Фильмдерди сактоочу жай | 200 м2 | 1 |
|
|
| 1 | Өзүнчө бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
22 | Жарнамаларды сактоо үчүн кампа | Бөлмөгө | 2 |
|
|
|
|
|
23 | Социалдык стационардык мекемелер, калыбына келтирүүчү борборлор, социалдык жардам борборлору, балдар үйлөрү, улгайган жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар болуучу бөлмөлөр, уктоочу корпустар | 100 м2 | 2 |
|
| 1 |
| Кабатка эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
24 | Ашкана, мончо жана кир жуучу жай, кампалар жана башка чарба курулуштары | Бөлмөгө | 1 |
| 1 | 1 |
|
|
25 | Мал чарба курулуштары | 100 м2 | 1 |
| 1 | 1 |
|
|
26 | Дарылоо жана балдарга билим берүү мекемелери |
|
|
|
|
|
|
|
27 | Жалпы билим берүү мектептери, мектеп-интернаттар, ден соолукту чыңдоочу балдар мекемелери, ясли жана балдар үйлөрү, эне жана бала үйлөрү, ооруканалардын, санаторийлердин, эс алуу үйлөрүнүн уктоочу корпустары | 100 м2 | 2 |
|
|
|
| Кабатка эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
28 | Ашканалар, кампалар | Бөлмөгө | 1 |
| 1 |
|
|
|
29 | Медициналык пункттардын жайлары (дарыкана, мед. пункттар ж.б.) | 50 м2 | 1 |
|
|
|
| Бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
30 | Клубдар, кино көрсөтүү жайлары жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн жайлар, клубдун сахнасы, эстрада | 25 м2 | 1 | 1 |
|
|
|
|
31 | Көрүү залы | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
32 | Кызматтык жана клуб бөлмөлөрү (артисттердин даараткалары, бутафорияларды жана жасалгаларды сактоо жайлары, костюмердик бөлмө, сүрөтчүнүн бөлмөсү ж.б.) | 25 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
33 | Клубдун устаканасы | 25 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
34 | Ийримдер өткөрүлүүчү бөлмөлөр | 2 чектеш бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
35 | Сүрөт бөлмөсү, кабинеттер, окуу залы, китепканалар ж.б. | 100 м2 | 1 |
|
|
|
| Бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
36 | Киноаппараттар бөлмөсү | Бөлмөгө | 1 | 1 | 1 |
|
| Ар бир кинопроекторго бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
37 | Радио түйүнү | Бөлмөгө | 1 | 1 |
|
|
|
|
38 | Коридорлор жана өтмөктөр | 10 п/м | 1 |
|
|
|
|
|
39 | Ашкана: |
|
|
|
|
|
|
|
| – түштөнүү залы; | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
– ашкана | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
40 | Муздатуучу камералары бар машина бөлүмү | 25 м2 |
| 1 |
|
|
|
|
41 | Кампалар, идиш-аяк сактоочу жай ж.б. | 2 чектеш бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
42 | Балдардын чыгармачылык үйү: |
|
|
|
|
|
|
|
– чыгармачылык ийримдер бөлмөсү; | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
– жыгач кооздоочу устакана бөлмөсү; | 50 м2 | 1 | 1 |
| 1 |
|
| |
– синтетикалык материалдарды кайра иштетүүчү бөлмө; | 25 м2 | 1 | 1 | 1 |
|
|
| |
– авто жана авиамоделдөө бөлмөсү | 25 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
| |
43 | Административдик бөлмөлөр: |
|
|
|
|
|
|
|
– коридор системасы болгондо; | 15 п/м | 2 |
|
|
|
| Кабатка эки өрт өчүргүчтөн кем эмес | |
– коридор системасы болбогондо; | 200 м2 | 2 |

44 | Жатаканалар: |
|
|
|
|
|
|
|
– коридор системасы болгондо; | 15 п/м | 1 |

– коридор системасы болбогондо; | 300 м2 | 1 |
|
|
|
|
| |
– жашоочулар үчүн жалпы ашкана | Бөлмөгө | 1 |

45 | Күйүүчү материалдар болгондо чарба кампасы | 200 м2 | 1 |
|
|
|
| Кире бериштин сыртына |
46 | Жашылча сактоочу жай | 200 м2 | 1 |
|
|
|
| Кире бериштин сыртына |
47 | Автомашиналардын ачык токтоочу жайы | 100 м2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
|
48 | Интернаттардын атайын корпустары, устаканалар, сактоочу жайлар, фильмотекалар, ашканалар, кампалар жана уктоочу корпустар | 100 м2 | 1 |
|
|
|
| Кабатка эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
49 | Окуу жайлардын алдындагы устаканалар: |
|
|
|
|
|
|
|
50 | – жыгач устачылык; | 50 м2 | 1 |

– металл иштетүүчү | 100 м2 | 1 |
| 1 |
| 1 | Өзүнчө бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес | |
51 | Облустук, райондор аралык жана райондук фильмотекалардын фильм сактоочу жайлары | Сактоочу жайга | 2 |
| 1 |
| 1 |
|
52 | Ашканалар, кампалар | Бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
Эскертүү.
Даярдоо боюнча ишканалар, уюмдар жана мекемелер үчүн:
Шилтемеде айрым жайларга, бөлмөлөргө кошумча талаптар көрсөтүлгөн.
(*) – 2ден кем эмес өрт өчүргүч;
(**) – ички өрт өчүрүүчү кран жокто;
(***) – 0 °C төмөн эмес температурада кире бериште, ар бир секциянын сыртына.
Пахта кампалары, имараттары, цехтери жана бунттары үчүн:
1. Бөлүмгө жана цехке 2ден кем эмес өрт өчүргүч болушу керек.
2. Пахта заводдорунда жана пахта даярдоочу пункттарда өрткө каршы жогорку басымдагы суу түтүктөрү менен камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр керектелет:
– 10 л/с эсебинде өрткө каршы колонкалар, өрткө каршы суунун эсептик чыгымы 2 (бири резервдик);
– 1 колонкага диаметри 66 жана 51 мм болгон суу жеңдери – 250 метр;
– 1 колонкага диаметринин чачкычы 19 жана 13 мм болгон 2 мамыча.
Коомдук имараттар үчүн:
1. Бул таблицада көрсөтүлбөгөн бөлмөлөр үчүн баштапкы өрт өчүрүү каражаттарын таблицада көрсөтүлгөн башка жайларга окшош эле, алардын өрт кооптуулугун эске алуу менен колдонуу керек.
2. Жалпы билим берүү жана балдар мекемелеринин, фермалардын, устаканалардын, гараждардын, кампалардын, башка объекттердин аянттарында же ишканалардын участокторунда таблицада көрсөтүлгөн баштапкы өрт өчүрүү каражаттары менен катар эле ар бир 5000 м2ге ушул Эрежелердин 494-пунктуна ылайык баштапкы өрт өчүрүү каражаттарынын топтому бар өрт калканы жабдылууга тийиш. Баштапкы өрт өчүрүү каражаттарынын топтому бар калкан сезондуу жана курулуш иштери жүрүп жаткан жерлерде адамдар убактылуу болгон аянттарда, ошондой эле беш же андан көп көчмө вагон-үй бар жерлерде болушу керек.
3. Өрт өчүргүчтөр жана өрт өчүрүүнүн башка каражаттары мүмкүн болушунча имарат жайлардан чыга беришинде, көрүнөө жана оңой жетүүчү жерлерде жайгаштырылууга тийиш.
4. Ченемде каралгандан аянты азыраак өзүнчө цехтер, лабораториялар, кампалар жана көмөкчү өндүрүштүк жайлар эң аз аянт үчүн каралгандай шаймандар менен камсыз кылынат.
5. Эгерде бир жалпы бөлмөдө өрт коркунучуна карата бири-биринен күйбөс дубалдар менен бөлүнбөгөн бир нече окшош эмес өндүрүштөр болсо, анда бул имарат кыйла кооптуу өндүрүштүн ченемдери боюнча өрт шаймандары менен камсыз кылынат.
6. Кыш мезгилинде ишкананын аймагына орнотулуучу өрт өчүргүчтөр жылытылган жайларга жайгаштырылышы керек, ал эми алар алып салынган жерлерге өрт өчүргүчтөр жайгашкандыгы жөнүндө белгилерди илип коюу зарыл.
2-тиркеме
Химиялык заттарды жана материалдарды сактоонун тартиби
Тобу | Заттар | Заттар | Сактоочу жайлардын түрү |
I | Жарылуучу аралашмаларды түзүүгө жөндөмдүү заттар: азот кычкыл калийи, азот кычкыл натрийи, азот кычкыл кальцийи, азот кычкыл барийи, калийдин перхлорады, бертолетов тузу ж.б. | IIа, IIв, III, IVa, IVб, V, VI | Отко туруктуу кампалардын обочолонгон бөлүмдөрү |
II
| Кысылган жана суюлтулган газдар: |
|
|
а) күйүүчү жана жарылуу коркунучу бар газдар: ацетилен, суутек, блаугаз, метан, аммиак, күкүрт суутеги, хлорметил, этилен кычкылы, бутилен, бутан, пропан ж.б.; | I, IIа, III, IVa, IVб, V, VI | Атайын отко туруктуу кампалар же ачык аба алдындагы бастырма. Жалпы кампа жайларынын обочолонгон бөлүмдөрүндө инерттүү жана күйбөөчү газдар менен бирге сактоого уруксат берилет | |
б) инерттүү жана күйбөөчү газдар: аргон, гелий, неон, азот, көмүр кычкыл газы, көмүртектүү ангидрид ж.б.; | III, IVa, IVб, V, VI | ||
в) күйүүнү кармап туруучу газдар: кычкылтек, кысылган жана суюк абалдагы аба | I, IIа, III, IVa, IVб, V, VI | Атайын отко туруктуу кампалар же ачык аба алдындагы бастырма. Жалпы кампа жайларынын обочолонгон бөлүмдөрүндө инерттүү жана күйбөөчү газдар менен бирге сактоого уруксат берилет | |
III
| Суудан жана абадан өзүнөн өзү тутануучу жана өзүнөн өзү жалындоочу заттар: |
|
|
а) калий, натрий, кальций, кальций карбиди, фосфорлуу кальций, фосфорлуу натрий, цинк чаңы, натрий кычкылы, барий кычкылы, алюминий чаңы жана күкүмү, Реней тибиндеги никелдүү катализатор ж.б. Ак же сары фосфор; | I, Ila, IIб, IIв, IVa, IVб, V, VI | Жалпы отко туруктуу кампалардын изоляцияланган бөлумдөрү. Фосфор өзүнчө суу алдында сакталат | |
б) үчэтилалюминий, диэтилалюминий хлориди, үчизобутилалюминий ж.б. | I, IIa, IIб, IIв, IIIa, IV, V, VI | Атайын отко туруктуу кампалар | |
IV
| Оңой жалындоочу жана күйүүчү заттар: |
|
|
а) суюктуктар: бензин, бензол, күкүрт көмүртеги, ацетон, скипидар, толуол, ксилол, амилацетат, жеңил чийки мунай, лигроин, керосин, алкоголдор – спирттер, эфир, органикалык майлар; | I, IIa, IIб, IIв, III, IVб, V, VI | Атайын отко туруктуу кампалар, орлор, жер төлөлөр, резервуарлар, цистерналар, металл чоң челектер | |
б) катуу заттар: целлулоид, кызыл фосфор, нафталин, күйгүзүүчү ширеңкелер | I, IIa, IIб, IIв, III, IVа, V, VI | бөлүнгөн отко туруктуу имараттар
| |
V | Жалындоого алып келүүчү заттар: бром, азот жана күкүрт кислотасы, хромдуу ангидрид, марганец кычкыл калийи | I, IIa, IIб, III, IVa, V, VI | Башка топтордогу заттардан обочолонгон |
VI | Оңой күйүүчү заттар: пахта, саман, кебез, жут, кендир, күкүрт, торф, мурда күйгөн жыгач көмүр, өсүмдүк жана жаныбарлардын көөлөрү | I, IIa, IIб, IIв, III, IVa, IVб, V | Башка топтордогу заттардан обочолонгон |
Эскертүү. Жогоруда көрсөтүлгөн таблицада саналбаган жарылуу жана өрт чыгуу коркунучу бар заттарды сактоо зарыл болгон учурда, аларды бирге сактоо жөнүндө маселе алардын жарылуу жана өрт чыгуу коркунучунун даражасы аныкталгандан кийин жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча чечилиши керек.
3-тиркеме
Өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө нускама
Ушул Нускама өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө жалпы объекттик жана цехтик нускамаларды иштеп чыгуунун, бекитүүнүн жана колдонуунун тартибин аныктайт.
1-глава. Өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө жалпы
объекттик нускама
1. Нускама ушул Эрежелердин талаптарына ылайык иштелип чыгат.
2. Нускама ишкананын жана уюмдун өрт коопсуздугу үчүн жооптуу адамдар тарабынан иштелип чыгат, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат жана ишкананын жана уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет.
3. Нускама өндүрүштүк окуу системасында окутулат жана ишканалардын, уюмдардын аймактарында жана административдик, жана өндүрүштүк жайларында атайын жабдылган такталарда илинет.
4. Нускамада төмөнкү маселелер чагылдырылышы керек:
1) аймакты, имараттарды жана жайларды, анын ичинде эвакуациялык жолдор менен күтүү тартиби;
2) жарылуучу-өрткө кооптуу заттарды жана материалдарды сактоонун жана ташуунун тартиби жана ченемдери;
3) тамеки чегүүчү, ачык отту колдонуучу жана от иштерин жүргүзүүчү жерлер;
4) күйүүчү заттарды жана материалдарды чогултуунун, сактоонун жана жок кылуунун, атайын кийимдерди күтүүнүн жана сактоонун тартиби;
5) иш аяктагандан кийин жайларды текшерүүнүн жана жабуунун тартиби;
6) өрт чыккан учурда иштеп жаткандардын милдеттери жана аракеттери.
Глава-2. Өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө цехтик
нускама
5. Нускама ушул Эрежелердин, Эксплуатациялоо боюнча нускамалардын жана буюмдарга, заттарга жана материалдарга карата техникалык шарттардын талаптарына, ошондой эле конкреттүү өндүрүш, жай, цех, участок, орнотмо үчүн өрт коопсуздугу маселелерин чагылдырган башка ведомстволук ченемдик документтерге ылайык иштелип чыгат.
6. Нускама ишкананын жана уюмдун башкы адистердин катышуусу менен тиешелүү бөлүктүн жетекчиси тарабынан иштелип чыгат жана объекттин жетекчиси (башкы инженери) тарабынан бекитилет.
7. Нускама өндүрүштүк окуу системасында окутулат жана түздөн-түз өндүрүштүк жайда, цехте, участокто, орнотмонун жанындагы эң көрүнүктүү жерде илинет.
8. Нускамада төмөнкү маселелер чагылдырылышы керек:
1) аймакты, жайларды, орнотмолорду, анын ичинде эвакуациялык жолдорду күтүү тартиби;
2) аларды сактабоо өрттүн чыгышына алып келүүчү өндүрүштүн айрым процесстери үчүн атайын иш-чаралар;
3) жарылуучу-өрткө кооптуу заттарды жана материалдарды сактоонун жана ташуунун тартиби жана ченемдери;
4) тамеки чегүүчү, ачык отту колдонуучу жана от иштерин жүргүзүүчү жерлер;
5) күйүүчү заттарды жана материалдарды чогултуунун, сактоонун жана жок кылуунун, атайын кийимдерди күтүүнүн жана сактоонун тартиби;
6) контролдоочу-өлчөөчү приборлордун алардан четтөө өрттүн чыгышына же жарылууга алып келүүчү чектик көрсөткүчтөрү.
5. Өрт чыкканда иштеп жаткандардын милдеттери жана иш-аракеттери, анын ичинде:
1) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды чакыруунун эрежелери;
2) технологиялык жабдууларды авариялык токтотуунун тартиби;
3) желдеткичти жана электр жабдууларын өчүрүүнүн тартиби;
4) өрт өчүрүү каражаттарын колдонуунун тартиби;
5) күйүүчү заттарды жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоонун тартиби;
6) бөлүктүн бардык жайларын текшерүүнүн жана өрт жарылуу коопсуз абалга келтирүүнүн тартиби.
4-тиркеме
Имараттарда жана курулмаларда өрт чыкканда адамдарды маалымдоо жана аларды эвакуациялоону башкаруу системаларын орнотууга талаптар (негизги жоболор)
Бул талаптар өрт жөнүндө имараттарда жана курулмаларда маалымдоо (мындан ары – МС) жана эвакуациялоону башкаруу системаларын (мындан ары – ЭБС) орнотууда жетекчиликке алуу зарыл болгон негизги жоболорду камтыган методикалык документ болуп саналат.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Өрт тууралуу адамдарды маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу системалары төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
1) имараттын бардык жайларында үн белгилерин, зарыл учурларда жарык белгилерин берүүнү;
2) өрт чыккан учурда оозеки билдирүү трансляциясын;
3) имараттын айрым зоналарына же жайларына өрт чыккан жер жөнүндө, жеке коопсуздугун камсыздаган эвакуациялоонун жана аракеттердин жолдору жөнүндө билдирүүлөрдү жиберүүнү;
4) эвакуациялоонун талап кылынган багытына үн жана жарык көрсөткүчтөрү менен коштоону;
5) эвакуациялык жарыкты күйгүзүүнү;
6) адамдар болушу мүмкүн бардык жайлар менен эки тараптуу байланышты.
Ар кандай багыттагы имараттардан (курулмалардан) өрт тууралуу маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу ыкмалары жана каражаттары ушул талаптардын таблицаларында келтирилген.
2. МС жана ЭБС маалымдоо ыкмасы боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт: жарык; үн; сөз; аралаш.
Жарык сигнализациясын берүүгө негизделген МС жана ЭБС өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: күйүп турган табло, жарык көрсөткүчтөрү, жарык белгилери же электр энергиясынын булагына кошулганда гана сигналдык маалымат берген башка түзүлүштөр.
Үн сигнализациясына негизделген МС жана ЭБС өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: гудокту, коңгуроонун катуу добушун, шыңгыроону, сиренаны жана электр энергиясынын булагына кошулганда гана сигналдык маалымат келген башка үн түзүлүштөрү.
Сөз сигнализацияга негизделген МС жана ЭБС өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: микрофондорду, магнитофондорду, үн күчөткүчтөрдү, катуу сүйлөгүчтөрдү.
Аралаш МС жана ЭБС өзүнө жарык, үн жана сөз сигнализациясынын түзүлүштөрүн камтыйт.
3. Башкаруу принциби боюнча МС жана ЭБС төмөнкүлөргө бөлүнөт: кол менен; жарым автоматтык; автоматтык.
4. Имаратта же курулмада өрт чыккан учурда МС жана ЭБС эвакуацияны толук ишке ашыруу үчүн керектелген убакытта, бирок эвакуациянын эсептик узактыгынан аз эмес убакыт аралыгында иштеши керек.
5. МС жана ЭБС эвакуациянын иштелип чыккан пландарын ишке ашырууну камсыз кылышы керек. МС жана ЭБС трансляциялык түйүнү жана аппаратурасы маалымдоо сигналдарын бүтүндөй имарат (курулма) боюнча бир убакытта, ал эми зарыл болгон шартта анын өзүнчө бөлүктөрүнө (кабаттарына, секцияларына ж.б.) ырааттуу жиберүүнү камсыз кылууга тийиш. Бардык адамдарды бир убакытта гана маалымдоону камсыз кылуучу системалар бул Талаптардын таблицасында көрсөтүлгөн имараттарда жана курулмаларда орнотууга уруксат берилет.
6. Үн, сүйлөө маалымдоолорунун саны, алардын орнотулушу жана кубаттуулугу адамдар болуучу бардык жайларда зарыл болгон угумдуулукта болушу керек. Маалымдагычтардын үнүн катуу чыгарган же басаңдаткан жөндөгүчтөр болбошу керек жана тармактан ажыратуучу түзүлүшсүз эле кошулушу керек.
Радиотрансляциялык түйүн объектте бар болсо, адамдарды өрт жөнүндө ал аркылуу маалымдоого уруксат берилет. Радиотрансляциялык түйүндүн түзүлүштөрү жана түйүн аппаратурасынын курамы бул Талаптарды эске алуу менен аткарылышы керек.
7. МС жана ЭБС жайгашкан жай имараттардын астынкы кабатындагы тепкичтин клеткасында кире бериште жайгашууга тийиш. Маалымдоо жана эвакуацияны башкаруу түзүлүштөрүн кубаттаган электр иштеткичтери механикалык таасирлерден жана бийик температурадан корголушу керек.
8. Жарык таблолору жана эвакуациянын багытын көрсөткүчтөр адамдарга арналгандыктан, алардын көз алдында жайгашуусу керек.
Маалымдоо жана эвакуацияны башкаруу системалары жагдай өзгөргөн учурда же эвакуациянын кадимки шарттары бузулганда, зарыл болгондо башкаруучу командаларды түзөтүүнү камсыз кылышы керек, ал үчүн магнитофондон фонограмманы трансляциялоодон сырткары оозеки маалымдоону жана микрофон аркылуу башкаруучу командаларды түз трансляциялоону кароосу керек.
9. Айрым зоналарда маалымдоону токтотуп туруу менен адамдарды бир убакта эмес эвакуациялоону уюштуруу сунушталган имараттарда орнотулган МС жана ЭБС жарык жана үн маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу сигналдары башка багыттагы сигналдардан айырмаланып турушу керек. Маалымдоо жана эвакуацияны башкаруу системаларынын аппараттык инерциялуулугу минималдуу болушу керек.
10. Ири көлөмдөгү, жогорку кабаттагы же татаал объекттик-пландык чечимдери бар коомдук имараттарда өрт жөнүндө маалымдоо жана эвакуацияны башкаруунун автоматташтырылган системаларынын түзүлүштөрү каралышы керек. ЭС жана ЭБСтин башкаруу пульту инженердик кызматтардан жана объекттин администрациясынан турган селектордук байланыш орнотмосу менен жабдылган болушу керек.
2-глава. Системаларды тандоо
11. МС жана ЭБС тибин тандоо имараттын функционалдык максаты, зал жайларынын чоңдугу, негизги контингенттин саны жана психофизикалык өзгөчөлүктөрү менен аныкталат (таблицаны караңыз).
12. Маалымдоо зонасын аныктоо үчүн баштапкы көрсөткүчтөр болуп төмөнкүлөр саналат:
1) объекттин өрт коркунучу боюнча өзгөчөлүктөрү;
2) өрттүн кооптуу факторлору жайылууга мүмкүн болгон жолдору;
3) адамдарды эвакуациялоонун шарттары.
13. Татаал көлөмдүк-пландалган түзүмү бар ири объекттерде радиотүйүн менен айкалышкан жана өрт жана эвакуацияны башкаруу жөнүндө маалымдоого арналган диспетчердик пульттар каралышы керек. Ага эвакуациялоонун шарттарын жана өрттүн себептери боюнча жагдайларды ыкчам контролдоочу түзүлүштөр кириши керек.
14. МС түрүнө карабастан (кол менен же автоматтык түрдө) долбоорду иштеп чыгуу стадиясында түзүлүштүн өз алдынча иштеп кетишине же капысынан иштеп кетишине жол бербеген түзүлүштөрдү кароо керек.
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 251 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)

693. Көп түрлүү автомай куюучу станциянын аймагында электр мобилдерди кубаттоочу инфраструктураны орнотууга төмөнкү шарттар сакталган учурда жол берилет:
1) электр кубаттоо станциясын жана электр мобилдерди токтотуу үчүн постторду жайгаштыруу үчүн аянтча суюлтулган көмүр суутек газдарынын резервуардык паркы, суюлтулган көмүр суутек газдарын агызуу түйүндөрү жана суюк отунду бөлүштүрүүчү колонка жайгашкан зонадагы жердин деңгээлинен кыйла жогору геодезиялык белгилерге ээ платформаларда (пьедесталдарда) гана долбоорлонууга тийиш. Электр кубаттоо станциясынын аянтчасы менен көп түрлүү автомай куюучу станциянын газ жабдуусунун төмөнкү чекиттеринин ортосундагы бийиктик белгилеринин айырмасы 150 мм кем болбошу керек;
2) электр кубаттоо станциясынын зонасы менен суюлтулган көмүр суутек газдарынын же компримирленген (кысылган) жаратылыш газдарынын зонасынын ортосуна монолиттик темир-бетондон же бүтүн кыштан жасалган I типтеги өрткө каршы туташ тосмо (экран) орнотулат. Тосмонун отко туруктуулугунун чеги REI 120 кем эмес болууга тийиш (көмүр суутек өртүнүн шарттарында көтөрүү жөндөмдүүлүгүн, бүтүндүгүн жана жылуулук өткөрбөө жөндөмдүүлүгүн 120 мүнөт ичинде сактоо). Коргоочу экрандын бийиктиги электр кубаттоо станциясынын жана май куюлуп жаткан ири габаритттүү электр транспортунун (электр бустар, коммерциялык электр фургондор) максималдуу долбоордук бийиктигинен кеминде 0,5 м ашык болушу керек. Экрандын туурасы өрт чыккан учурда нурлуу жылуулук агымынын түз көрүнөө таралышын болтурбастан кубаттоо зонасынын габаритттерин бардык тараптарга кеминде 1,0 м жабууга тийиш;
3) көп түрлүү автомай куюучу станциянын ачык жеринде орнотулуучу электр кубаттоо станциясынын корпусунун тышкы каптамасы ГОСТ 14254 ылайык IP54 төмөн эмес чаңдан-нымдан коргоо классына (чаңдуулугу жана жаан-чачындуулугу жогору региондор үчүн IP65 сунушталат) жана IK10 кем эмес вандалга каршы механикалык коргоо классына ээ болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
6931. Электр кубаттоо станциясын электр менен жабдууну башкаруу системасы релелик логика деңгээлинде аварияга каршы коргоонун станциялык системасы, автоматтык өрт сигнализациясынын системасы жана көп түрлүү автомай куюучу станциянын газдалуусун контролдоонун автоматтык системалары менен аппараттык түрдө интеграцияланууга тийиш.
Көп түрлүү автомай куюучу станция авариялык режимге өткөндө электр кубаттоо станцияcынын кирме шиналарына күчтүк азыктандырууну берүү 0,5 секунддан ашпаган убакыттын ичинде автоматтык түрдө токтотулууга тийиш. Төмөнкү учурларда электр кубаттоо станциясын толук авариялык өчүрүү аварияга каршы коргоо системасы тарабынан демилгеленүүгө тийиш:
1) көп түрлүү автомай куюучу станциянын аймагынын кайсыл чекитинде (дүкөн, оператордук бөлмө, отунду бөлүштүрүүчү колонканы кошкондо) болбосун жалын датчиктери, оптикалык же жылуулук өрттү кабарлагычтар менен өрттөнүү белгилерин фиксациялоо;
2) суюлтулган көмүр суутек газдарынын резервуардык паркында, копримирленген (кысылган) жаратылыш газдарынын компрессордук блокторунда же май куюу аралчаларында орнотулган газдалууну контролдоонун стационардык датчиктеринин иштеши;
3) метанды берүүнүн технологиялык өткөргүч түтүктөрдө басымдын төмөндөшү же кескин көтөрүлүшү (контурдун герметикалуулугунун жоголушу жөнүндө сигнал);
4) суюлтулган көмүр суутек газдарынын же компромирленген (кысылган) көмүр суутек газдарынын отунду бөлүштүрүүчү колонкасында акыркы өчүргүчтөрү же шлангдарды ажыратуучу датчиктеринин иштеши;
5) көп түрлүү автомай куюучу станциянын персоналынын оператордук бөлмөдөгү борбордук пультта «Жалпы авария» станциясын башкы авариялык токтотуу баскычын кол менен басышы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
6932. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) электр кубаттоо станциясынын корпустарын, чыгуучу кубаттоо мамычаларын (сателлиттерди), бөлүштүрүүчү күч шкафтарын, трансформатордук подстанцияларды жана электр мобилдер үчүн токтоочу жайларды Электр орнотмолорун орнотуу эрежелеринин классификациясы боюнча В-1А (жайлардын ичинде) жана В-1Г (сырткы орнотмолор) класстарындагы жарылуу коркунучу бар зоналардын чегинде жайгаштырууга;
2) чыңалуунун кайсы болбосун классындагы электр берүүнүн аба линияларын түздөн-түз көп түрлүү автомай куюучу станциянын (резервуардык парктар, отунду бөлүштүрүүчү колонкалар, агызуу аянтчалары) технологиялык зоналарынын үстүнөн өткөрүүгө;
3) электр кубаттоо станциясынын аймагын жана ага жанаша жайгашкан токтоочу постторду бир эле убакта бензин ташуучу (автоцистерналарды) жана газ ташуучу (суюлтулган көмүр суутек газдары үчүн автоцистерналарды) транспорттун токтоп турушу, топтолушу же өтмө транзити үчүн пайдаланууга.