Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ
05.02.2025-ж №8
Чоң-Ак-Суу куран окуу жайын убактылуу пайдаланууга
берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесинин жана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чыккан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалык байланыштар боюнча жана “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” комиссияларынын 2025-жылдын 4-февралындагы биргелешкен жыйынынын №1-протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
дарегинде жайгашкан мурунку Чоң-Ак-Суу куран жаттоо борбору “Имам Жазарий” медресесине 10 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Молдакматовго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.А. Мамытов
Жиберилди: Иш кагаздарына-1, Туруктуу комиссиясына-1. Обл.юст.-2.