Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ
05.02.2025-ж №9
«Суу бурголоочу жайга жөнүндө»
Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Булан-Сөгөттү айылынын айыл башчысы Керимбек уулу Тойчубектин кайрылуусунун жана «Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын жана “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чыккан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалык байланыштар боюнча 2025-жылдын 04-февралындагы чечиминин протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын Булан-Сөгөттү айылынын чыгыш тарабындагы №743, 744
контурда жайгашкан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргоонуунун, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясындагы S=1га жер тилкесине суу бурголоочу жайын (скважина) курууга АГЗ жасоо иштерине жумшалуучу акча каражатын келишимдин негизинде которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы
Н.А.Молдокматовго жана АГЗ жасоого кетүүчү акча каражатын которуп берүү жагы ФЭБнүн башчысы Н. Сыдыковага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин жер,
агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.А. Мамытов
Жиберилди- Иш кагаздарына-1, Айыл өкмөткө-1.Туруктуу комиссияга-1, Обл. Юст. -2.