Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ
05.02.2025-ж №11
Багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участогун которуу
(трансформация) жөнүндө» №145 мыйзамынын, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын, “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чыккан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 04-февралындагы биргелешкен жыйынынын №1 протоколунун жана Кашат айылынын тургуну К.Абдрахмановдун кайрылуусунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын Кашат айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан №552
контурундагы айыл чарба багыьындагы жайыт S=1,20га жер тилкеси “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана
Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы
Н.Молдакматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин жер,
агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.А. Мамытов
Жиберилди; Иш кагаздарына-1, Айыл өкмөткө-1. РМА-1, обл.юст – 2.