Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ
05.02.2025-ж №13
Садыр Аке айыл аймагындагы S=47га, S=105га жер тилкелери
жөнүндө
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты
Бурабаев Бактыбек Джумакадыровичтин сунушун карап, талкуулап жана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалык байланыштар боюнча” жана “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” комиссияларынын 2025-жылдын 04-февралындагы биргелешкен жыйынын №1-протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын түштүк-батыш тарабындагы №520 жана
№523 контурдагы идентификациялык код 2-03-09-0002-0662 S=47га, идентикациялык код 2-03-09-0002-0663 S=105га жалпы S=152га айдоо жер тилкеси бош катталбаай тургандыгына байланыштуу Садыр Аке айыл аймагынын АЖМФ жерлеринин реестрине киргизилип тийиштүү кагаздары даярдалсын.
Григорьевка айылынын кыймылсыз мүлк бирдигине бирдейлештирилген коду 2-03-09-0002-0662 жайгашкан айыл чарба багытындагы S=47га сугат айдоо аянты 2025-жылдын 1-апрель айына чейин ачык жана айкын соодалардын негизинде айыл чарба товар өндүрүү үчүн 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
аймагынын Григорьевка айылынын кыймылсыз мүлк бирдигине бирдейлештирилген коду:2-03-09-0002-0663 жайгашкан айыл чарба багытындагы S=105га сугат айдоо аянты 2025-жылдын 1-апрель айына чейин ачык жана айкын соодалардын негизинде айыл чарба товар өндүрүү үчүн 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
башчысы Н.Молдакматовго милдеттендирилсин.
5. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана
Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин
төрагасына жана “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамытов
Жиберилди: Иш кагаздарына-1, Айыл өкмөт-1, Обл.юст.-2.