Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-майы № 258
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин жоболорунун түздөн-түз колдонулушун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планында:
- 4, 14, 24, 34, 44, 54, 64, 74, 84, 94, 104, 114, 124, 134, 144, 154, 164, 174, 185, 195, 205, 213, 223, 233, 243, 253, 263, 273, 283, 293, 303, 313, 323, 333, 343, 353, 363, 373, 383, 393, 403, 413, 423, 433, 443, 453, 463, 473, 483, 493, 503, 513, 523-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "13. "Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелге жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка карата талаптар жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 013/2011) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар. ББ ТР жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган - ЭКМ, ЭМ, ЖРЭТКМ";
- 123, 125-127, 130-пункттарындагы "ЭМ, ЖРЭТКМ, ЭКМ" деген сөздөр "ЭКМ, ЭМ, ЖРЭТКМ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 17-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "17. "Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 017/2011) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар. ББ ТР жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган - ЭКМ, ССМ";
- 22-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "22. "Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө" ББ ТР (ББ ТР 022/2011) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар. ББ ТР жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган - АЧМ, ССМ";
- 25-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "25. "Эмерек продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 025/2012) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар. ББ ТР жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган - ЭКМ, ССМ";
- 29-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "29. "Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт берүүчүлөрдүн жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна коюлуучу талаптар" ББ ТР (ББ ТР 029/2012) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар. ББ ТР жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган - ССМ, АЧМ";
- 48-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "48. "Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" ЕАЭБ ТР (ЕАЭБ ТР 048/2019) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар. ЕАЭБ ТР жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган - ЭКМ, СӨМ, ЖРЭТКМ, ЭМ";
- 472, 474-476, 479-пункттардагы " ЭМ, СӨМ, ЖРЭТКМ, МЭК", "ЭМ, СӨМ, ЖРЭТКМ, ЭКМ" деген сөздөр "ЭМ, СӨМ, ЖРЭТКМ, ЭКМ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 49-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "49. Суюк жана газ түрүндөгү көмүр суутегин ташуу үчүн магистралдык өткөргүч түтүктөрүнө талаптар жөнүндө" ЕАЭБ ТР (ЕАЭБ ТР 049/2020) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар. ЕАЭБ ТР жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган - ЭМ, АКТКЧМА, ЖРЭТКМ";
- кыскартуулардын тизмесинин онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги,"; |
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин долбоорлору боюнча иштерди жүргүзүүгө тартылган министрликтердин жана ведомстволордун иш-аракеттер планында:
- кыскартуулардын тизмесинин онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги,". |
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 20-майындагы № 36 (3692) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |