Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 29-апрели № 88
Улуттук санарип валютасынын - санарип сомунун Кыргыз Республикасындагы укуктук статусунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. Граждандык укук объектилеринин түрлөрү
Граждандык укук объектилерине буюмдар, анын ичинде акчалар жана баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, санарип сомдор, башка мүлк, анын ичинде мүлктүк укуктар; жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр; корголуучу маалымат; интеллектуалдык иштин натыйжалары жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттары (интеллектуалдык менчик), ошондой эле башка материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар кирет.";
2) 35-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төлөмдөр Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр (анын ичинде санарип сом менен эсептешүүлөр) түрүндө жүзөгө ашырылат.";
3) 89-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин фирмалык аталыштарында "санарип сом" жана "санарип сом платформасы" деген сөздөрдү пайдаланууга тыюу салынат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-пункт "нак акчасыз тартипте" деген сөздөрдөн кийин "(анын ичинде санарип сомдор менен)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Санарип сомдор менен эсептешүүлөр санарип сом платформасында Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 103-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы "тыйындар" деген сөздөн кийин ", санарип сомдор жана санарип тыйындар" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 105-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган санарип сом платформасына кошулат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарын эсепке алуу жана бөлүштүрүү боюнча анын түздөн-түз катышуучусу болуп саналат.".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 303-1-берене менен толукталсын:
"303-1-берене. Санарип сомду кабыл алуудан баш тартуу
Кыргыз Республикасынын санарип сомун төлөөгө кабыл алуудан баш тартуу -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
5-берене.
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-берененин он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө сатып алуучунун төлөм системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык төлөм карталарын, санарип сомду, электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн багытталган жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандоосун чектөөгө. Сатуучулардын (аткаруучулардын) тизмеги, ошондой эле ага ылайык сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын, санарип сомдорду, электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) өздөрүндө орнотууга милдеттүү болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;".
6-берене.
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 25-34-пункттар менен толукталсын:
"25) санариптик эсеп - төлөм системасынын катышуучулары үчүн санарип сом платформасынын оператору тарабынан ачылуучу атайын эсеп;
26) санариптик капчык - санарип сом платформасынын катышуучулары аркылуу пайдалануучулар үчүн ачылуучу санарип сомдун эсеби;
27) санарип сом платформасы - адистештирилген программалык камсыздоо, ал аркылуу санарип сом платформасынын оператору, санарип сом платформасынын катышуучулары жана санарип сом платформасынын пайдалануучулары санарип сом менен операцияларды жүргүзүү үчүн платформанын эрежелерине ылайык өз ара аракеттенишет;
28) санарип сом платформасынын оператору - Улуттук банк, ал санарип сом платформасынын операторунун санарип сом платформасынын катышуучуларынын алдындагы алардын санариптик эсептеринде эсепке алынуучу санарип сомунун суммасындагы милдеттенмелеринин өлчөмүн чагылдыруучу санариптик эсепке алуу жазууларын түзүү жолу менен санарип сом платформасынын катышуучуларынын санарип сомдорун чыгарат жана эсепке алат (санарип сомдун калдыгын түзүү);
29) санарип сом платформасынын эрежелери - санарип сом платформасына жеткиликтүү болуу шарттарын белгилөөчү жана ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган башка жоболорду камтуучу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары;
30) санарип сом платформасын пайдалануучу - санарип сомдорду пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн төлөм системасынын катышуучусунун тиркемеси аркылуу санариптик капчык ачкан жеке жак, юридикалык жак же жеке ишкер;
31) санарип сом платформасынын түздөн-түз катышуучулары - санарип сом платформасында санариптик эсептери бар банктар жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы;
32) санарип сом платформасынын кыйыр катышуучулары - банк менен келишимдин алкагында санарип сом платформасына жеткиликтүү болуу инфратүзүмүн камсыз кылуучу төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары;
33) санарип сомду оффлайн-төлөө - бул интернет-байланыш жок болгон же жогорку ылдамдыктагы байланыш жетиштүү кошулбаган/үзгүлтүккө учураган, коммуникациялык байланыш өчүп калган учурда санариптик капчыктын бир пайдалануучусунан башка санариптик капчыкка төлөм жүргүзүүлөр жана которуулар;
34) санарип сом платформасындагы смарт-контракттар - санарип сом платформасынын катышуучуларынын санариптик келишими.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:
"3-1-берене. Санарип сом платформасында төлөмдөрдү уюштурууга талаптар
1. Санарип сомду пайдалануу менен төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз иштөөсүн уюштуруу жана камсыз кылуу максатында санарип сом платформасынын оператору санарип сом платформасынын иштөө эрежелерин, техникалык регламентин белгилейт жана алардын сакталышын контролдойт. Санарип сом платформасынын эрежелери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) санарип сом платформасынын операторунун жана катышуучуларынын функцияларын;
2) санарип сом платформасынын катышуучуларына жана пайдалануучуларына талаптарды;
3) санарип сом платформасынын катышуучуларына жана пайдалануучуларына санарип сом платформасына жеткиликтүүлүктү берүү, алардын санарип сом платформасына жеткиликтүү болуусун токтотуп туруу, кайтадан улантуу жана токтотуу тартибин;
4) санариптик капчыктарды ачууда жана операцияларды жүргүзүүдө санарип сомдун пайдалануучусун идентификациялоо, верификациялоо жана аутентификациялоо тартибин;
5) санарип сомдор менен операциялардын түрлөрүн жана аларды жүргүзүү тартибин, ошондой эле колдонулуучу эсептешүү формаларын;
6) санарип сом платформасынын иштөө тобокелдиктерин жана үзгүлтүксүздүгүн башкаруу тартибин (мындан ары - санарип сом платформасынын үзгүлтүксүз иштөөсү);
7) санарип сом платформасынын катышуучулары үчүн маалыматтарды коргоону камсыз кылууга карата талаптарды;
8) талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди жөнгө салуу тартибин;
9) санарип сом платформасынын катышуучуларынын жана операторунун укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, санарип сом платформасынын эрежелеринин сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу тартибин.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн санарип сом платформасынын эрежелери санарип сом платформасынын иштөөсүн уюштуруу жана камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка жоболорду камтуусу мүмкүн.
3. Санарип сом платформасынын эрежелери Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат.";
3) 10-берене "электрондук капчыктарды" деген сөздөрдөн кийин ", санариптик капчыктарды" деген сөздөр менен толукталсын;
4) төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-берене менен толукталсын:
"15-1-берене . Санарип сомдор менен эсептешүүлөрдүн аякташы
1. Пайдалануучунун санариптик капчыгынан санарип сомдорду которуу боюнча операция алуучунун санариптик капчыгына санарип сомдор чегерилген учурда аяктайт.
2. Санарип сомдорду пайдалануу менен жүргүзүлүүчү операциялар боюнча милдеттенме алар пайдалануучунун санариптик капчыгынан эсептен чыгарылган жана каражаттарды алуучунун санариптик капчыгына/эсебине чегерилген учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.
3. Оффлайн-төлөмдөрдүн аякташы эки этапта болот:
1) локалдык аяктоо (алдын ала аяктоо): каражаттар бир оффлайн-санариптик капчыктын эсебинен чыгарылып, башкасына чегерилген учурда транзакция түзүлүштүн деңгээлинде аяктады деп эсептелет. Бул эки түзүлүштүн ортосунда оффлайн-транзакция жүргүзүлгөн учурда болот;
2) финалдык аяктоо: аяктоо санарип сом платформасында транзакция катталгандан кийин анын толук бүткөндүгүн ырастайт.
Транзакция санариптик капчыктын түзүлүшүнүн же башка санариптик алып жүрүүчүнүн эс тутумунда жазылат жана санарип сом платформасынын оператору менен синхрондоштурууну күтөт.".
7-берене.
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
48-берененин 1-бөлүгүндө:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) кардарлардын тапшырмасы боюнча санариптик капчыкты ачуу жана санарип сомдор менен операцияларды жүргүзүү;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын:
"16-1) санарип сомдорду пайдалануучуларга санариптик капчыктарды ачуу, аларды накталай жана/же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу санарип сомдорду жайылтуу, ошондой эле аларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү;".
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 20-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |