КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 22-майы ПЖ № 163
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында, мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу үчүн, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
II бөлүмдө:
- 4-главанын 6-пунктунун "Башкы кызмат орду" тобунун "Б-А" категориясындагы "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин аймактык органдары" графасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары рангындагы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси (*****)";
- 1-4-главаларга эскертүүдө:
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"(*****) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгына ылайык пилоттук долбоор ишке ашырылып жаткан райондорду кошпогондо.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |