Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 4-февралындагы № 4/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын, 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2026-2027- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VII - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын
айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2026-2027-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча финансы-экономикалык жана социалдык онуктуруу болумунун башчысы Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер тармагынын аткарылышы49 244,9 мин сомго, чыгашалар тармагы 41 720,1 мин сом өлчөмүндө аткарылганы бекитилсин.
2. 2025-жылга Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 37620,2 мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 21 596,7 мин сом, теңдештирүү грант 16023,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2025-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Подох. салыгы- 14 616,0 миң сом
Патент салыгы- 348,5 миң сом
Кыймылсыз мүлккө салык- 62,4 миң сом
Огород салык- 700,8 миң сом
Айыл чарба эмес багыттагы салык- 250,0 миң сом
Роялти- 851,5 миң сом
Лицензия- 200,0 мин сом
Жайыт акысы- 800,0 миң сом
ФПС аренда акысы- 650,0 мин сом
Тазалык жыйым - 17,5 мин сом
Атайын каражат- 2820,0 миң сом
Отчисление на развитие 280,0 мин сом
Баары - 21 596,7 миң сом
- теңдештирүүчү грант- 16 023,5 мин сом.
Жалпысы- 37 620,2 мин сом.
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга чыгымдар бөлүгү:
- башкаруу аппаратына- 24 223,2 мин сом.
- агартуу тармагына- 7 512,7 мин сом
- маданият тармагына- 5 084,3 мин сом.
-жайыт- 800,0 мин сом.
Баары- 37 620,2 мин сом өлчөмүндо бекитилсин.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2026-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 41 382,2 мин сом жана чыгымдар бөлүгү 41 382,2 миң сом суммасында, ошондой эле 2027-жылга киреше бөлүгү 45 144,2 миң сом жана чыгымдар бөлүгү 45 144,2 иң сом суммасында бекитилсин.
4. 2025-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспектор А.Касмалиеваларга, Кум-Добо МИ жетекчиси Б.Мондурбаевге тапшырылсын.
5. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго жана финансы-экономикалык жана социалдык онуктуруу болумунун башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү комитетине тапшырылсын.
Төрага | К. Ыбышов |