Редакцияот 09.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

 I чакырылышынын кезексиз V сессиясы

ТОКТОМ

09.04.2025-ж №58

Техникалардын кызмат акысын бекитүү

жөнүндө

 

Садыр Аке айыл өкмөтүнүн алдындагы “Келечек” муниципалдык ишканасынын сунушунун жана Садыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясын 2025-жылдын 4-апрелиндеги 4-протоколунуннегизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

1.     Садыр Аке айыл аймагы боюнча техникаларга болгон кызмат акысы

төмөнкүдөй бекилсин:

 

·       Грейдер:

Айыл тургундарына кызмат акысы 3000 сом 1 мото/час;

Башка жактарга кызмат акысы 3800 сомдон жогору 1 мото/час;

·       Экскаватор:

Айыл тургундарына кызмат акысы 2800 сом 1 мото/час;

              Башка жактарга кызмат акысы 3500 сомдон жогору 1 мото/час;

·       Камаз “FAW”:

             Айыл тургундарына кызмат акысы 150 сом 1км;

             Башка жактарга кызмат акысы 200 сомдон жогору 1км;

·       Жүктөгүч (Погрузчик):

             Айыл тургундарына кызмат акысы 2300 сом 1 мото/час;

             Башка жактарга кызмат акысы 3000 сомдон жогору 1 мото/час;

 

 

 

·       Карьер кызмат акысы башка айыл аймактарга:

 

Хового жүктүү акысы 1000 сом; карьерный 1000 сом;

Камазга жүктөө акысы 700 сом; карьерный 600 сом;

ЗИЛге жүктөө акысы 400 сом; карьерный 300 сом;

 

·       Карьер кызмат акысы айыл аймактын тургундарына:

Хового жүктүү акысы 800 сом; карьерный 800 сом;

Камазга жүктөө акысы 600 сом; карьерный 400 сом;

ЗИЛге жүктөө акысы 300 сом; карьерный 300 сом;

 

2.     Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана

мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3.     Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

Н. Молдокматовго  милдеттендирилсин.

 

4.     Токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, финансы, экономика,

инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                      А.А. Мамытов   

Жиберилди: Иш кагаздарына-1, айыл өкмөткө-1, Обл юст. -2.