БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Будалык айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 5-отуруму
2021-жылдын 21-декабры №5/1
Будалык айыл өкмөтүнүн аймагында, таштак жайыт жерлерге турак жай салып алган, жана мурунку жылдары турак жай курууга токтом алган жарандардын жерлерин мыйзамдаштырып жайыттан турак жай багытына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнүн аймагында, таштак жайыт жерлерге турак жай салып алган, жана мурунку жылдары турак жай курууга токтом алган жарандардын жерлерин мыйзамдаштырып жайыттан турак жай багытына которуу (трансформациялоо) максатында төмөндөгү контурда жайгашкан жерлерди трансформациялоого, Будалык айылдык кеңеши
токтом кылат
1.№1189- контурда жайгашкан 3,4га таштак жайыт жер, №1111-контурда жайгашкан 0,06га таштак жайыт жер, №179-контурда 0,02га жайыт жерлерди Алай райондук жер комиссиясынан турак жай багытына которуу суралсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага Арапбай уулу У