Редакцияот 09.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

 I чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

ТОКТОМ

09.04.2025-ж №60

Ижарага жер тилкесин берүү жөнүндө

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын    2025-жылдын 03-апрелиндеги №5-протоколунун негизинде, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

  1. Садыр Аке айыл аймагынын Григорьевка айылынын чыгыш тарабында

жайгашкан Чоң-Ак-Суу көчөсүнүн оң жагынан аянты 100м2 болгон жер тилкесин коммерциялык багытта Джекшеналиева Вольмира Намазалиевнага убактылуу пайдаланууга ижарага берилсин.

  1. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана

мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

  1. Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

Н. Молдакматовго  милдеттендирилсин.

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш

жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                                      А.А. Мамытов   

Жиберилди: Иш кагаздарына-1, айыл өкмөткө-1, Обл юст.-2.