Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 4-февралындагы № 4/5
Кум-Дөбө айыл аймагында 2025-2027-жылдарга турак-жай имараттарына салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Пайдаланууга берилген турак жайлардын имараттарына Кум-Дөбө айыл аймагы боюнча төлөмдү киргизүү туралуу Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгынын катынын негизинде даярдалган айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379, 380, 409 беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кум-Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагы боюнча пайдаланууга берилген турак жайлардын имараттарына Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин талаптарына ылайык 1 чарчы метр аянтка 8 сом 41 тыйын сомдон ашпаган төлөм киргизилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
К. Ыбышов |