ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 20 (кезектүү) сессиясы
2024-жылдын 15-февралы № 3
Гавриловка айыл өкмөтүнүн акы төлөнүүчү кызматтарынын тизмесин бекитүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.А.Абадбековдун мусулмандардын мүрзөсүнө акы төлөнүүчү кызматтын тарифин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагынын мусулмандардын сөөгүн коюу үчүн жер бөлүнүп берилгенде төлөнүүчү кызматтарынын тизмеси бекитилсин:
- Жергиликтүү тургундар -1000 (Бир миң) сом;
- Шопоков шаарынын тургундары - 1000 (бир миң) сом;
- Сокулук районунун тургундары - 10000 (он миң) сом;
- Башка райондордун тургундары каттоосу жок - 20000 (жыйырма миң) сом.
- 10-20 жыл жашаган Гавриловка айылынын, Шопоков шаарынын тургундары - 1000 (бир миң) сом.
2.Токтом “Элдик трибуна” райондук газетасына чыгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Б.Карымшаковага жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Т. Ибраимов |