Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-майы № 277
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Ченем жаратуу ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада:
- 75-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эгерде мыйзам алдындагы актынын долбоорунда жумуш орундарын түзүү каралган болсо, анда жаңы жумуш орундарынын пландалуучу саны, аларды түзүү мөөнөттөрү, жайгашкан жерлери жана талап кылынуучу адистиктер тууралуу маалыматты чагылдыруу зарыл.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-майындагы № 37 (3693) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |