Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 19-майы № 98
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 390-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "55" жана "170" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "165" жана "510" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында "50" жана "170" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "150" жана "510" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "10" жана "50" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "30" жана "150" деген цифраларга алмаштырылсын;
г) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "10" жана "50" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "30" жана "150" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 494-беренеде "317-беренесинин 2-бөлүгүндө," деген сөздөрдөн кийин "390-беренесинде," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-1-беренеде:
а) он жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) он сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мониторинг жүргүзүү - фото- жана видеобайкоо аркылуу жүргүзүлүүчү жана ушул Мыйзамда белгиленген ченемдерди бузууларды табууга жана четтетүүгө багытталган ишкердик субъекттеринин ишин байкоо, чогултуу, түшүрүү, талдоо процесси, ал текшерүү болуп саналбайт жана текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп бере албайт. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин бузуулар табылган учурда монополияга каршы мамлекеттик орган, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу эскертүү берилет. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин бузуулар кайталап табылган учурда, табылган бузууларды четтетүү максатында монополияга каршы мамлекеттик орган, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлөт.";
2) 24-1-беренеде:
а) 1-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Келишим түзгөнгө чейин сатуучу (даярдоочу) керектөөчүгө товардын негизги керектөө касиеттери, сатуучунун дареги (жайгашкан жери), товардын чыгарылган жери, сатуучунун (даярдоочунун) толук фирмалык аталышы, товардын жалпы баасы (бардык кошумча төлөмдөрдү кошо алганда) жана сатып алуунун, жеткирүүнүн шарттары, колдонуу мөөнөтү, жарамдуулук мөөнөтү жана кепилдик мөөнөтү, товарга төлөөнүн тартиби, ошондой эле келишим түзүү жөнүндө сунуштун колдонулуу мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды жана "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка маалымат берүүгө тийиш.";
б) 3-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Керектөөчү товардан баш тартканда, сатуучу келишим боюнча керектөөчү төлөгөн акчалай сумманы керектөөчү тийиштүү талапты койгон күндөн тартып жыйырма бир күндөн кечиктирбестен, же болбосо сатуучу кайтарылган товарды алган күндөн тартып он төрт күндөн кечиктирбестен ага кайтарып берүүгө тийиш. Келишим боюнча керектөөчү тарабынан төлөнгөн акчалай сумма, эгерде керектөөчү кайтаруунун башка ыкмасын түз көрсөтпөсө, ал алынган ыкмада жана ошого окшош шарттарда кайтарылууга тийиш. Сатуучу акча каражаттарын кайтарып берүү мөөнөтүнүн өтүшү анын күнөөсү боюнча эмес жол берилгендиги үчүн жоопкерчилик тартпайт.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-берене менен толукталсын:
"27-1-берене. Электрондук соодадагы тыюу салынган аракеттер
1. Соодадагы тыюу салынган аракеттерден тышкары, сатуучу электрондук соодада төмөнкүлөргө укуксуз:
керектөөчүгө жалган, толук эмес, түшүнүксүз, так эмес, кош маанидеги, өз убагынан кечиккен маалыматты берүүгө;
керектөөчүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маалыматтарды бербөөгө;
керектөөчүгө зыян келтирүү менен тараптардын укуктарын жана милдеттерин дисбаланска алып келүүчү адилетсиз шарттарды келишимге киргизүүгө;
керектөөчүнүн терс пикирлерди жарыялоо же макулдашылбаган транзакциялар, бааларды жогорулатуу жана жеткирилбеген товарлар же көрсөтүлбөгөн кызматтар үчүн төлөмдөр менен байланышкан чыгашаларды талашуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө;
өзү же өзүнүн жайгашкан жери тууралуу маалыматты жашырууга, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоодон качууга;
керектөөчүлөрдүн жеке мүнөздөгү маалыматтарын мыйзамсыз чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана пайдалануу менен алектенүүгө;
керектөөчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликтен өзүн бошотууга же чектөөгө;
товарды жеткирүү мөөнөттөрү сакталбагандыгы үчүн өзүнүн жоопкерчилигин чектөөгө;
керектөөчүнүн өз укуктарын коргоо укугун чектөөгө.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жасаган сатуучу ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык керектөөчүлөрдүн укуктары сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат жана керектөөчү тарткан чыгымдардын ордун толтурат.";
4) 54-берененин 2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"керектөөчүлөрдүн тапшырмасы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктары бузулган фактылар боюнча экспертизаларды жүргүзүүгө катышууга;".
3-берене.
"Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 28-декабры, № 155) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) интернет-дүкөн - товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) сыпаттамасы, анын наркы, бүтүмдү аткаруу шарттары, төлөө жана жеткирүү жолдору менен керектөөчүнүн таанышуусунун негизинде Интернет желесинде керектөөчү менен электрондук бүтүм түзүүгө мүмкүндүк берүүчү маалымат ресурсу;";
б) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) соода платформасынын оператору - соода платформасынын менчик ээси жана/же башкаруучусу болуп саналган, ар кандай милдеттерди аткарууну жана/же электрондук бүтүмдүн катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган юридикалык же жеке жак;";
в) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) электрондук соодадагы сатуучу (мындан ары - сатуучу) - маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, Интернет желесин пайдалануу менен ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуучу юридикалык же жеке жак;";
г) 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) электрондук соода - маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, Интернет желесин пайдалануу менен товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча экономикалык иштин түрү. Аталган иш өзүнө электрондук түрдө келишимдерди түзүүнү, электрондук төлөмдөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жана келишимдик милдеттенмелерди аткарууну камтыйт;";
2) 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Сатуучу
1. Сатуучу электрондук бүтүмгө катышуу жана керектөөчүлөрдүн укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) төмөнкүлөрдү камтыган толук, так, түшүнүктүү, шайкеш жана анык маалыматты же маалыматка шилтемени өзүнүн интернет-ресурсунун башкы бетине жайгаштырууга жана/же соода платформасынын операторуна берүүгө:
а) сатуучунун толук аталышын;
б) мамлекеттик жана/же салыктык каттоо жөнүндө маалыматтарды, юридикалык жана иш жүзүндөгү дарегин, байланышуу маалыматтарын (электрондук дарегин, телефон номерин);
в) купуялуулук саясатын сактоо боюнча чараларды;
г) идентификациялык салык номерин;
д) эгер товар же кызмат көрсөтүү лицензияланууга тийиш болгон учурда, лицензиянын электрондук түрүн;
е) эгер товар же кызмат көрсөтүү сертификатталууга же ылайыктуулугу декларацияланууга тийиш болгон учурда, товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жөнүндө күбөлүктүн, ылайыктуулугун ырастоо жөнүндө документтердин, сыноолордун протоколдорунун электрондук түрүн;
ж) төлөм реквизиттерин, товар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөнүн тартибин;
3) электрондук бүтүмдү тариздөө тартибин жана төмөнкү маалыматтарды камтыган анын шарттарын:
- товарды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда керектөөчү тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон толук сумманы;
- товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) мүнөзү бааны алдын ала аныктоого мүмкүндүк бербеген учурда, бааны аныктоо ыкмасын жана бардык сумманы төлөө графигин;
- товарды жеткирүү ыкмаларын жана мөөнөттөрүн;
- наркын жана төлөө шарттарын;
- ташуу, түшүрүү, жеткирүү үчүн чыгымдарды, ошондой эле почта жыйымдарын жана башка чыгымдарга төлөөнүн зарылдыгын же төлөбөй коюу мүмкүнчүлүгүн;
- керектөөчү менен белгисиз мөөнөткө бүтүм түзүүдө же керектөөчү менен абоненттик төлөмдү (жазылууну) алууну караган бүтүм түзүүдө төлөө мезгилиндеги чыгымдардын жыйындысын камтыган жалпы наркты;
и) товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) кепилдик мөөнөттөрү жана сервистик тейлөөсү (зарыл болгон учурда) жөнүндө маалыматтарды;
к) электрондук бүтүмдөрдү тариздөө жана жасоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды;
2) керектөөчүлөрдүн товар же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде алардын аталышы, мүнөздөмөлөрү, касиеттери, түзүүчү материалдар, жаратылышы, келип чыгышы, даярдоо ыкмасы, колдонуу методдору, сапаты, саны жөнүндө маалыматты жана башка зарыл болгон маалыматтарды алуу укугун камсыз кылууга;
3) сатуулардын көлөмүнө жана санына карата жалган маалыматты, жалган оң пикирлерди жана бааларды берүүлөрдөн качууга;
4) тапшырыкка баштапкы калган абалында тандоо катарында коштоочу товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө жол бербөөгө;
5) алдын ала төлөөнүн ордун толтуруу боюнча кошумча шарттарсыз товар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн алдын ала төлөөнү кайтарып берүү ыкмаларын, жол-жобосун жана мөөнөттөрүн көрсөтүүгө;
6) сатып алуучунун товардан баш тартуу ыкмаларын, жол-жобосун жана мөөнөттөрүн көрсөтүүгө;
7) келишимде белгиленген мөөнөттө алдын ала төлөмдүн кайтарып берилишин камсыз кылууга;
8) сатып алуучуга товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү макулдашылган ыкмада жана макулдашылган убакытта жеткирилишин камсыз кылууга;
9) эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, товарларды жеткирүүнү же кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуу менен байланышкан тобокелдиктерди өзүнө алууга;
10) сатып алуучуга товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүнүн, төлөөнүн мүмкүн болгон ыкмаларын сунуштоого;
11) эгерде сатып алуучу тандап алган жеткирүү же төлөө ыкмасы жүзөгө ашырылышы мүмкүн болбосо, ага кабарлоого;
12) электрондук бүтүмдү жасоодо алынган жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды издөө, оңдоо, алып салуу үчүн мүмкүнчүлүк берүүгө;
13) электрондук бүтүмдү жасоодо алынган жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды издөө, өзгөртүү жана алып салуу үчүн ыкмалар, жол-жоболор жөнүндө маалымат берүүгө;
14) ар-намыска, кадыр-баркка жана ишкердик беделге шек келтиргендерди кошпогондо, интернет-ресурста сунушталган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө комментарийлердин жана пикирлердин сакталышын камсыз кылууга;
15) интеллектуалдык менчик объектилерине болгон укуктарды бузуу жөнүндө кабарлоо берүүнүн техникалык мүмкүндүгүн камсыз кылууга;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде документтерди жана маалыматтарды берүүнү камсыз кылууга;
17) өзүнүн интернет-ресурсу болгондо, анын башкы бетине өзүнүн экономикалык ишин токтоткондугу жөнүндө маалыматты мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндөн кеч эмес убакытта жайгаштырууга;
18) электрондук бүтүмдүн катышуучуларынын талабы боюнча келишимдерди жана операциялардын тарыхын берүүгө;
19) купуялык саясатты жүргүзүүгө жана ал жөнүндө керектөөчүгө өз убагында маалымдоого;
20) төлөмдөргө байланыштуу тобокелдиктерге, анын ичинде жеке маалыматтарга санкцияланбаган жетүүнүн же аларды пайдалануунун натыйжасында келип чыгуучу тобокелдиктерге, ошондой эле жеке маалыматтарды уурдоого жана алдамчылыкка байланыштуу тобокелдиктерге жараша коопсуздук чараларын көрүүгө;
21) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүүгө;
22) бүтүмдүн кандай болбосун этабында керектөөчүнүн электрондук бүтүм жөнүндө маалыматка жетүүсүн камсыздоого;
23) керектөөчүлөрдүн өз укуктарын, анын ичинде товардан же кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, электрондук бүтүмдү өзгөртүү жана токтотуу, сатуудан кийинки тейлөө, кайтарып берүү, алмашуу жана кепилдиктерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;
24) керектөөчүгө даттанууну берүү датасы жана убактысы жөнүндө маалыматты берүүчү керектөөчүлөрдүн даттанууларын кароо механизминин иштөөсүн, ошондой эле аны андан ары көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;
25) керектөөчү мурда жазылган жарнамалык таратуулардан чыгуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө.
2. Соода платформасы аркылуу ишин жүзөгө ашыруучу сатуучу ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты соода платформасынын операторуна берүүгө милдеттүү.
3. Керектөөчүнүн даттануусун кароо мөөнөтү 10 календардык күндөн ашпоого тийиш.
4. Анык эмес маалымат бергендиги үчүн сатуучу ушул Мыйзамда жана/же жарандык мыйзамдарга ылайык керектөөчү менен түзүлгөн электрондук бүтүмдүн шарттарында каралган жоопкерчиликти тартат.";
3) 6-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16) арыздануучунун даттанууну электрондук формада берүү жана даттанууну кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматты даттануу берилген күндөн тартып 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 18-24-пункттар менен толукталсын:
"18) сатуучулардын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоосуна түрткү берүүчү зарыл чараларды көрүүгө;
19) сатуучуларга жана керектөөчүлөргө талаш-тартыштарды чечүүгө жана эки тараптын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга көмөктөшүүгө;
20) керектөөчүлөрдүн укуктарына терс таасирин тийгизе турган кандай болбосун аракеттерден качууга;
21) купуялуулук саясатын сактоого жана ап жөнүндө керектөөчүгө өз убагында маалымдоого;
22) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүүгө;
23) суроо-талап боюнча сатуучу жөнүндө маалымат берүүгө;
24) электрондук бүтүмдүн керектөөчүлөрүнө алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымдоого;
25) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууну уюштурган электрондук соода платформаларында санариптик арбитраж сервисинин ишин камсыз кылууга.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Соода платформасынын оператору керектөөчүлөргө товарлар үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү, аларды сактоо жана жеткирүү, жарнама боюнча жана башка кызматтарды көрсөтө алат, ошондой эле товарларды сатуучу катары чыга алат.";
в) 2-бөлүктө "6-беренесинин ченемдери" деген сөздөр "талаптары" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 7-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) сатуучуларга, соода платформасынын операторлоруна жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга карата ак ниеттүүлүк менен иш алып баруу.";
5) 9-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Оферталар
1. Ушул Мыйзамдын максатында бир же бир нече конкреттүү жактарга даректелген, сунуш жасаган адамдын мындай сунушту кабыл алуучу адресат менен келишим түздү деп эсептөө ниетин туюндурган жетиштүү анык сунуш оферта деп таанылат.
2. Оферта товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу-сатуу келишиминин олуттуу шарттарын буга кошуп төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
1) сатылуучу товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн жана жалпы баасын, анын ичинде товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу үчүн зарыл болгон кандай болбосун кошумча төлөмдөрдү, ошондой эле бааны аныктоо ыкмасын, эгерде товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөзүнө жараша бааны алдын ала аныктоо мүмкүн болбосо;
2) офертаны кабыл алуу ыкмасын жана тартибин, анын ичинде электрондук бүтүмдү түзүү шарттарын кошуп;
3) келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин;
4) товарды жеткирүүнү жана/же кызмат көрсөтүүнү төлөөнүн сунушталган ыкмаларын жана реквизиттерин;
5) сатып алуучунун акцептин чакыртып алуу тартибин жана мөөнөттөрүн;
6) электрондук билдирүүлөрдү жана документтерди, келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу менен байланышкан башка маалыматты сактоо тартибин;
7) жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарга, электрондук билдирүүлөргө жана документтерге, келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу менен байланышкан башка маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу тартибин;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ылайыктуулугун ырастоо жөнүндө документтерди, сыноолордун протоколдорун, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тастыктоо жөнүндө күбөлүктөрдү;
9) товарды кайтаруу/баш тартуу тартибин, шарттарын жана мөөнөттөрүн;
10) даттанууларды кароо жол-жоболорун жана кайрылуу үчүн кошумча байланыш маалыматын;
11) келишимдин иштөө мөөнөтүн жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин;
12) туруктуу төлөмдөр, анын ичинде автоматтык кайра сатып алуулар жана жазылуунун колдонуу мөөнөтүн узартууларды, ошондой эле мындай автоматтык чаралардан баш тартуунун ыкмаларын;
13) офертанын колдонулуш мөөнөтүн жана товардын же кызмат көрсөтүүнүн болуусун;
14) түзүлүүчү бүтүмгө тиешеси бар башка олуттуу шарттарды.
Келишимдердеги карама-каршылыктар, так эместиктер жана жетишпестиктер керектөөчүнүн пайдасына чечмелениши керек.";
6) 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Акцептти жөнөтүүнүн алдында керектөөчүгө анын тапшырыгы жөнүндө жыйынды маалымат берилет, анда ар бир товардын баасы көрсөтүлүү менен толук сүрөттөлүшү, жеткирүүгө байланыштуу кандай болбосун кошумча төлөмдөр, ошондой эле төлөнүүгө тийиш болгон жалпы сумма камтылат.";
7) 11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-14-бөлүктөр менен толукталсын:
"12. Электрондук бүтүм аяктагандан кийин керектөөчү тапшырык таризделген күндөн кийинки календардык күндөн кечиктирбестен тапшырыктын келгендиги жөнүндө кабарлама алууга тийиш. Бул кабарламада жеткирүү убактысы, тапшырык берилген товарлардын так тизмеги, жеткирүү чыгымдары жана колдонулган төлөм ыкмасы көрсөтүлүүсү керек.
13. Керектөөчүгө электрондук бүтүм жүргүзүү үчүн алар колдонгон түзүлүш же платформа менен шайкеш келген форматта электрондук бүтүм жөнүндө толук, так жана туруктуу жазуу берилиши керек.
14. Электрондук бүтүмдү бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-майындагы № 37 (3693) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 3-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |