Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 20 (кезектүү) сессиясы
2024-жылдын 15-февралы № 7
Жайыт жерлеринин мыйзамсыз берилип кеткендиги тууралуу маселелерди кароо жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис-юристи А.А.Конокалиевдин Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка, Романовка айылдарындагы жайыт жерлеринин мыйзамсыз берилгендиги тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл өкмөтү тарабынан Гавриловка айылдык аймагынын Романовка, Гавриловка айылдарындагы Жайыт жерлеринин мыйзамдуу же мыйзамсыз берилгендигин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Сокулук филиалына кат жиберилсин жана ошондой эле, Жайыт жерлеринин мыйзамдуулугун тактоо боюнча тиешелүү иштери жүргүзүлсүн жана Сокулук райондук сотуна доо арызы жиберилсин;
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис-юристи А.А.Конокалиевге жүктөлсүн.
Төрага А.Т.Ибраимов