Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 5/3
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жазгы айдап себүү жана күзгү оруу жыйуу жумуштарына кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, муниципалдык ишкананын башчысы Б.Абдрасаковдун отчетун угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын дыйкан фермерлерине 2025-жылга карата жазгы айдап себүү жана күзгү оруу жыйуу жумуштарына кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-Айдоо (соко) 1га. 2000 (эки миң)сом,25 литр күйүүчү май
-Планировка 1га. 800 (сегиз жүз)сом, 10 литр күйүүчү май
-Себүү (сеялка) эки сыйрасы 1га. 1500 (миң сом) 10 литр күйүүчү май.
-Арык тартуу узундугуна карабай 200(эки жүз) сом 5литр күйүүчү май.
-Картошка себүү1га.4000(төрт миң)сом,25 литр күйүүчү май.
-Культиватция кылуу 1га.500(бешжүз) сом. 10 литр күйүүчү май.
-Чөп чабык 1га.1200 сом.10 литр күйүүчү май.
-Чөп таңгактоо бир даана таңгак10 (он)сом.1га жер аянтына 10 литр күйүүчү май.
-Эгин чабык (комбайын)1га 2000 (эки миң )сом.25литр күйүүчү май.
-Эгин чөп саман тартып жеткирүү 700 (жети жүз) сом күйүүчү май алыстыгына жараша төлөнөт.
2. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алып, аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Исраилов өз милдетине алсын.
Төрага | К. Ыбышов |