Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 5/4
Кум-Дөбө айыл аймагындагы жаңы конуштагы көчөгө ат коюу боюнча элдик жыйындын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары "Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамынын 7-беренесинин жана КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун 10-пунктунун 4 абзацыны негизинде Кум-Дөбө айылынын жалпы элдик чогулуштарынын протоколдору менен таанышып жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Кум-Дөбө айылындагы “Курулуш гараж”учатогундагы жайгашкан 2-көчө “Искендер ата”атындагы көчө деп аталсын.
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышын Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан, каттоодон өткөрүү жагы жер адиси Н.Осмоного милдеттендирилсин.
Төрага | К. Ыбышов |