Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-майы № 263
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине жана "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык, "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесининин 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункту менен толукталсын:
"
8-1 | "Таза Энержи" ЖЧК *"Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы" ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн | 1,0 | 100,0 | 100,0 |
";
2) жогоруда аталган Программанын 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
"
2 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы | Кыргыз Финансы караштуу кызматы | Республикасынын министрлигине Мамлекеттик бажы |
";
3) жогоруда аталган Программанын 3-тиркемесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"
4-1 | Бишкек шаары, Осмонкулов көчөсү, 64 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу имараты менен жер участогу, идентификациялык коду 1-03-05-0038-0043 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 262-т тескемесин аткаруу үчүн "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКтын уставдык капиталында мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-глава менен толукталсын:
"
4. Ысык-Көл облусу | |||
7 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз деңизи" мамлекеттик ишканасынын мүлктүк комплекси | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21 -февралындагы № 98-т тескемесин аткаруу үчүн бул объект ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизилет |
".
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |