Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 21-майы № 99
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 192-1-берене менен толукталсын:
"192-1-берене. Акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайга транспорт каражатын жайгаштыруу үчүн акы төлөөдөн качуу
Акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайга (акы төлөөнүн жана убакытты эсепке алуунун автоматташтырылган системасы болгондо) транспорт каражатын жайгаштыруу (токтотуу) үчүн белгиленген акыны төлөөдөн качуу -
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
2) 492-берененин биринчи абзацы "179-181-беренелеринде," деген сөздөрдөн кийин "192-1-беренесинде," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-майындагы № 37 (3693) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 10-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |