Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 16-майы № 93
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай айылы деп аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын Кыдырша калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын Кыдырша айылы деп аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык-Уулу калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык-Уулу айылы деп аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Гүлистан калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Гүлистан айылы деп аталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак айылы деп аталсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай, Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын Кыдырша, Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык-Уулу жана Гүлистан, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак деп түзүлгөн айылдарынын чек араларынын баяндалышы тиркемеге ылайык бекитилсин.
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 10-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |