Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 29-апрели № 163
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «КР КЧ 31-04:2018 «Коомдук имараттар жана курулмалар” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларды заманбап стандарттардын жана эл аралык практиканын талаптарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.А. Касымалиевдин 2025-жылдын 30-январындагы № 14-1606 тапшырмасын аткаруу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары- Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. 2018-жылдын 13-декабрындагы № 20-чуа КР КЧ 31-04:2018 «Коомдук имараттар жана курулмалар» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Жалпы талаптар» деп аталган 4-бөлүмдүн 4.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4.5 Жаңыдан долбоорлонуп жаткан коомдук имараттардын, анын ичинде санаторийлердин турак жайларынын таза бийиктиги (полдон шыпка чейин) 3 метрден кем эмес, ал эми убактылуу жашоого арналган имараттардын (мейманканалар, ооруканалардын жанындагы пансионаттар ж.б.) турак жайларынын бийиктиги КР КЧ 21-01-2018 ылайык кабыл алынышы керек.
Жаңыдан долбоорлонуп жаткан жалпы билим берүү уюмдарында окуу жайларынын бийиктиги полдон шыпка чейин 3,3 м., ал эми 300 окуучудан ашпаган сыйымдуулуктагы же I климаттык зонада жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын имараттары үчүн – 3,0 метрден кем эмес болууга тийиш. Асма шыптар менен жабдылган окуу жайларынын коридорлорунун таза бийиктиги 2,6 метрден кем эмес болууга тийиш.
Көп батирлүү турак үйлөргө курулуучу жайлардын бийиктигин: жалпы сыйымдуулугу 40 адамга чейинки коомдук багыттагы объекттерди; соода аянты 250 м2ге чейинки чекене соода ишканаларын; мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жана жалпы билим берүү уюмдарын КР КЧжЭ 31-08 ылайык кабыл алууга жол берилет.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана жалпы билим берүү уюмдары үчүн капиталдык оңдолуучу жана ыңгайлашкан имараттарда жайлардын бийиктиги турак үйдүн кабатынын бийиктиги боюнча жана андан жогору кабыл алынат.
Жайлардын таза бийиктигин 2,7 метрден кем эмес өлчөмдө төмөнкү учурларда кабыл алуу керек:
- жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарда (IA климаттык райончодо);
- административдик жана кызматтык жайларда;
- жатаканаларда жана интернат-үйлөрдө.
Функциялык процесстер менен аныкталуучу жайлардын бийиктигин тиешелүү технологиялык ченемдер жана талаптар боюнча белгилөө керек.
Функциялык процесстерге карата көмөкчү коридорлордо жана жайларда 2,2 метрге чейинки; келүүчүлөр үчүн холлдо - 2,4 метрден кем эмес бийиктиктерге жол берилет.»;
- «Жалпы талаптар» деп аталган 4-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 4.32 пункту менен толукталсын:
«4.32 Башкы планды иштеп чыгууда имараттардын жана курулмалардын техникалык параметрлерине ылайык көп жылдык көчөттөрдү милдеттүү түрдө отургузуу менен жанаша аймакты көрктөндүрүү долбоорун, ошондой эле долбоордук документтердин бекитилген бөлүгүндө тосмону иштеп чыгуу керек.»;
- «Имараттардын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу» деп аталган 6-бөлүмүнүн 6.83-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6.83 Сейсмикалуулугу 8 балл болгон курулуш аянтчаларында мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин бийиктиги тиешелүүлүгүнө жараша беш жана төрт кабат менен чектелет.
Курулуш аянтчаларында сейсмикалуулугу 9 жана 9 баллдан жогору, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин бийиктиги тиешелүүлүгүнө жараша үч жана эки кабат менен чектелет.
Эгерде функционалдык талаптар боюнча долбоорлонуп жаткан мектептин жана мектепке чейинки мекемелердин имаратынын кабаттуулугун көрсөтүлгөндөн ашыкча жогорулатуу зарылдыгы келип чыкса, сейсмикалык күч келүүлөрдү азайтуу үчүн сейсмикалык коргоонун атайын системаларын (сейсмоизоляция, демпфирлөө ж.б.) колдонуу керек.
Э с к е р т ү ү – Конструкциялардын бекемдигин жана/же алардын пластикалык деформацияга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды гана камтыган атайын техникалык шарттардын болушу мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин долбоорлонуучу имараттарынын чектик бийиктиктерине карата ушул пункттун көрсөтмөлөрүнөн четтөө үчүн жетиштүү негиз болуп саналбайт.».
- «Имараттардын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу» деп аталган 6-бөлүмүнүн 6.84-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6.84 Жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарынын жана мектеп-интернаттарынын окуу корпустарынын төртүнчү жана бешинчи кабаттарында биринчи класстар үчүн жайларды жайгаштырууга болбойт. Бул кабаттардагы калган окуу жайларынын санын окуу класстарынын жалпы санынын 25% менен чектөө сунушталат.».
2. Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөлөрдү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары Б.Б. Турдугуловго жана Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору З.А. Кангельдиевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин расмий https://minstroy.gov.kg сайтында 2025-жылдын 30-апрелинде жарыяланды.
Министр |
| Н.К. Орунтаев |