Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомуна) |
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуу, аларды пайдалануу жана кайтаруу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 272, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуу, аларды пайдалануу жана кайтаруу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып киргизүүдө импортко КНСтин толук жана өз убагында төлөнүшүн талаптагыдай контролдоону камсыз кылуу, жок же жоюлган алуучулардын дарегине товарларды жалган ташып киргизүүнү болтурбоо, ошондой эле товарларды импорттоодо тобокелдик критерийлерине туура келген салык төлөөчү тарабынан депозиттик эсепке акча каражаттарын салууну жөнгө салуу жолу менен салык милдеттенмесин аткарбоо жана/же толук эмес аткаруу тобокелдигин аныктоо жана алдын алуу максатында иштелип чыкты.
2. Бул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр:
1) салык органынын депозиттик эсеби - Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден импорттолуучу товарларга кыйыр салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо катары түшкөн каражаттар менен операцияларды регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Казыналык системасында ачылган депозиттик каражаттарды эсепке алуу үчүн арналган эсеп;
2) депозиттик сумма - салык органынын депозиттик эсебине түшүүчү жана белгилүү шарттар пайда болгондо салуучуларга кайтарылууга же багыты боюнча өткөрүп берилүүгө тийиш болгон каражаттар;
3) эгерде ушул Тартипте башкача каралбаса, ушул Тартипте колдонулуучу башка терминдер жана аныктамалар салык мыйзамдарында колдонулган мааниде колдонулат.
2-глава. Колдонуу шарттары
3. Cалык салынуучу товарларды импорттоону жүзөгө ашырган жана тобокелдик критерийлерине туура келген салык төлөөчү салык органынын депозиттик эсебине товарлардын импортунун салык салынуучу наркынын 12%ы өлчөмүндөгү депозиттик сумманы которот.
4. Салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуу боюнча милдеттенме төмөнкү товарлар импорттолгон учурда колдонулбайт:
- импортко КНС төлөөдөн бошотулган;
- импорттолгон товарларга чек арадан өтүү учурунда товарлардын импортунун салык салынуучу наркынын 12%ы өлчөмүндө КНС боюнча милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарганда;
- КНСтин ставкасы нөл (0) болгон;
- мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик мекемелер тарабынан;
- консолидацияланган жүктү ташуучулар аркылуу ташып киргизүүнү ишке ашыруучу субъекттер тарабынан;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобого ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине ылайык Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген субъекттер тарабынан.
- товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчү тарабынан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы N 811 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Салык төлөөчү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды ташып киргизүүнү жүзөгө ашырган жана "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты (мындан ары - Маалымкат) алган учурда аймактык салык органынын кызматкери салык төлөөчүнүн тобокелдик критерийлерине ылайык келүүсүн аныктайт.
6. Тобокелдик критерийлери ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
7. Салык төлөөчүнү тобокелдик критерийлерине киргизүү ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында Маалымкатты тариздөө үчүн жооптуу салык органынын кызматкерине жүктөлөт.
3-глава. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуу тартиби
8. Тобокелдик критерийлерине туура келген салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөнгө чейин 3 (үч) күн мурда салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салат.
9. Депозиттик эсеп колдонула турган мөөнөт салык төлөөчүнү тобокелдик критерийлерине киргизген датадан тартып 180 календардык күн өткөнгө чейин белгиленет. Бул убакыттын ичинде салык төлөөчү депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу менен байланышкан бардык талаптарды аткарат.
Эгерде депозиттик эсепти колдонуу мөөнөтүнүн аякташы Маалымкатты колдонуу мезгилине туура келсе, салык төлөөчү учурдагы Маалымкаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу менен байланышкан бардык талаптарды аткарат.
10. Салык төлөөчү бир салык мезгилинде бир нече жолу жеткирүүнү жүзөгө ашырса да ал салык салынууга тийиш болгон товарлардын импортунун ар бир учуру үчүн депозиттик эсепке акча каражаттарын салат Товарлардын ар бир импорту депозиттик эсепке тиешелүү төлөм менен коштолот, бул кыйыр салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелердин толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылат.
4-глава. Депозиттик эсептен акча каражаттарын кайтаруу тартиби
11. Депозиттик каражаттарды товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткаруу эсебине кайтаруу жана/же которуу максатында товарлардын импорту жүзөгө ашырылган айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен тиешелүү салык органына салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча арыз менен кайрылат.
12. Арызга салык төлөөчү салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттары салынгандыгы жөнүндө квитанциянын көчүрмөсүн тиркейт.
13. Салык төлөөчүнүн арызын кароодо тиешелүү салык органы салык төлөөчү тарабынан берилген төлөм документтерин ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы маалыматтар менен изилдөөнү (текшерүүнү) жүргүзөт, алар ушул Тартиптин талаптарына ылайык келген учурда салык төлөөчү арыз берген күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткаруу эсебине которуу жана/же депозиттик эсепке салынган акча каражаттарын кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
14. Салык төлөөчүнүн арызы боюнча депозиттик каражаттар товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенмелерди аткаруу, келечектеги мезгилдердин салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу эсебине пайдаланылышы мүмкүн.
15. Салыктын башка түрлөрү боюнча, анын ичинде товарларды импорттоого КНС милдеттенмелери боюнча карыз болгон учурда, депозиттик каражаттар салык төлөөчүнүн арызы боюнча мындай салык карызын аткаруу эсебине которулат.
16. Депозиттик эсептен суммаларды кайтаруу салыктык карыз жок болгондо жана учурдагы отчеттук мезгил үчүн импортко КНС боюнча милдеттенме мөөнөтүнөн мурда аткарылганда жүзөгө ашырылат.
17. Эгерде салык төлөөчүнүн кайтарууга берген арызында башкача айтылбаса, депозитти кайтаруу аны которуу жүргүзүлгөн салык төлөөчүнүн алыш-бериш эсебине жүргүзүлөт.
18. Салык төлөөчү арызды бербеген учурда салынган акча каражаттары салык органынын депозиттик эсебинде калат, ошол эле учурда салык органы чечимдин негизинде салык төлөөчүнүн акча каражаттарын анын макулдугусуз импортко КНС боюнча салык милдеттенмесинин суммасын төлөө жана/же башка салыктар боюнча милдеттенмелерди аткаруу эсебине талашсыз тартипте жиберет.
19. Салык төлөөчүнүн алыш-бериш эсебине кайтаруу жана/же салынган суммаларды бюджетке эсепке алуу товарларды импорттоо жүзөгө ашырылган айдан кийинки айдын 20сынан кеч эмес мөөнөттө жүзөгө ашырылат.