Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы, Ысык-Көл районуЖусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 3- сессиясы
ТОКТОМ
27.01.2025-ж № 3-2
«Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө”
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү мамалекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси жана алардын стандартары бекитилсин (№1 жана №2 тиркеме).
2. Токтомду аткаруу жагы Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковко жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, финансы, экономика жана
инвестиция тартуу” боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын
Төрага А.Ш.Кыштобаев
Г.Стамова Жиберилди: Иш кагаздарына -1, айыл өкмөтүнө – 1, облюст.башк.- 2
“БЕКИТИЛДИ”
Ж.Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү кенешинин төрагасы
________________А.Ш.Кыштобаев
Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги (реестри)
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жооптуу органдардын аталышы | Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн жооптуу органдардын аталышы | Кызмат көрсөтүү шарттары (акысыз же акыга) |
1. | Жалгыз бой кары адамдарды, 16 жашка чейинки 5 баласы бар аз камсыз үй-бүлөөлөрдү жана ден-соолугунан мүнкүнчүлүгү чектелген адамдарды кышкы мезгилде көмүр менен камсыз кылуу | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
2. | Көп балалуу жалгыз бой энелерге кышкы мезгилге жыгач отун менен камсыздоо | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
3. | Кезектүүлүк тартиби менен, окуудагы жетишкендиктерин эсепке алып, аз камсыздалган үй-бүлөөлөрдө өскөн балдарды жайкы эс алуу лагерине жолдомолор менен камсыздоо (биринчи кезекте мыкты окугандарды, калган окуучуларды кезектүүлук тартиби менен) | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
4. | Жыл ичинде даталуу күндөрүндө (жаңы жыл, Нооруз,1 июнь, 9 май, афгандар, ЧАЭС, майыптар, карылар, энелер күндөрү жана башка даталуу күндөр) ар кандай иш чараларды өткөрүү (белектер, тамак уюштуруу д.б.у.с.) жана аз камсыз үй-бүлөөдөгү, жетим, тоголок жетим балдарга жана карыларга жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
5. | Спорттук беттештердин жана мектеп олимпиадаларынын катышуучуларынын транспорттук чыгымдарын каржылоо | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
6. | Тоголок жетим балдарга мектеп формасы жана окуу куралдары менен камсыз кылуу | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
7. | Аз камсыз жалгыз бой кары адамдарды, согуштун ветерандарын зарыл азык түлүк продуктусу жана даары дармек менен камсыздоо | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
8. | Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө сөөк койууда отун жагынан жана башка жардамдарды берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
9. | Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга майыптар күнүнө белектерди тапшыруу | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
10. | Мектеп жана бала бакча бүтүрүүчүлөрүнө окуу жылы бүтүшүнө байланыштуу акчалай же материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
11. | Аз камсыз жана көп балалуу үй бүлөөлөрдүн балдарына бала бакча акысына жардам берүү (субсидия) | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
12. | Ананьев айыл аймагындагы Көк-Дөбө жана Чет-Байсоорун айылдарынын балдарын окуу жыл ичинде Ананьев айылындагы мектептерге жана бала бакчага муниципалдык транспорт арыкылуу ташуу жана башка чыгымдарын каржылоо | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |