Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылы 28-марты №22
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылынын түштүк тарабындагы 1,0 га жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылынын түштүк тарабында жайгашкан 1,0 га жер аянтына таштанты таштоочуу жай куруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн карап, угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылынын түштүк тарабындагы №668-контурунда жайгашкан 1,0 га жер аянты таштуу жайыт жер, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылынын түштүк тарабында жайгашкан 1,0 га жер аянты трансформациялоо жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Айылдык кенештин торагасы: |
А.Суранчиев |