Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылы 28-марты №23
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылынын Көк-Талаа участкасында жайгашкан 1,0 га жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылынын Көк-Талаа участкасында жайгашкан 1,0 га жер аянтына таштанты таштоочуу жай куруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн карап, угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылынын Көк-Талаа участкасындагы №41-контурунда жайгашкан 1,0 га жер аянты таштуу жайыт жер, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылынын Көк-Талаа участкасындагы 1,0 га жер аянты трансформациялоо жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылынын Көк-Талаа участкасындагы 1,0га жер аянтын (трансформациялоо) иштери аяктагандан кийин таштанды таштоочу жай курууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Айылдык кенештин торагасы: |
А.Суранчиев |