Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылы 28-марты №24
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Өтөк айылынын чыгыш-түштүк тарабында жайгашкан 0,15 га жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Өтөк айылынын чыгыш-түштүк тарабында жайгашкан 0,15 га жер аянтын категориясын которууга (трансформациялоо) боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн карап, угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Өтөк айылынын чыгыш-түштүк тарабындагы №743-контурунда жайгашкан 0,15га жер аянты мамлекеттик фондун суугат айдоо жери, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Өтөк айылынын чыгыш-түштүк тарабындагы 0,15 га жер аянты трансформациялоо жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Өтөк айылынын чыгыш-түштүк тарабындагы 0,15га жер аянтын (трансформациялоо) иштери аяктагандан кийин мамлекеттик чек ара кызматынын өткөрүү пуктун курууга макулдук берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Айылдык кенештин торагасы: |
А.Суранчиев |