Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылы 28-марты №25
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан 5,0 га жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан 5,0 га жер аянтын категориясын которууга (трансформациялоо) боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн карап, угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылынын түндүк-батыш тарабындагы №611-контурунда жайгашкан 2,07га жер аянты, №613 контурунда жайгашкан 0,08 жер аянты, №614 контурунда жайгашкан 2,51 га жер аянты, №615-контурунда жайгашкан 0,34га жер аянттары таштуу жайыт жерлер , “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылынын түндүк-батыш тарабындагы 5,0 га жер аянты трансформациялоо жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылынын түндүк-батыш тарабындагы 5,0га жер аянтын (трансформациялоо) иштери аяктагандан кийин мамлекеттик чек ара кызматына ок атуучу пилгон курууга макулдук берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Айылдык кенештин торагасы: |
А.Суранчиев |