Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 23-майы № 106
"Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 28-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-статья. Бейтарап соттун чечими акыркы чечим
1. Бейтарап соттун чечими акыркы чечим болуп саналат жана ушул статьяда каралган учурларды кошпогондо, талаш-тартыштын маңызы боюнча талашууга жатпайт. Тараптар бейтарап соттун чечимин чечимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
2. Бейтарап соттун чечими чыгарылган талаш-тартыштын тарабы болуп мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме жана ишкана, мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар башка юридикалык жактар болгон учурларда бейтарап соттун чечими даттанылышы мүмкүн.
Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүү үчүн негиз болуп ушул Мыйзамдын 361-статьясынын 3-пунктунун 1-6-пунктчаларында каралган учурлар эсептелет.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 361-статья менен толукталсын:
"361-статья. Бейтарап соттун чечимине даттануунун тартиби
1. Бейтарап соттун чечимине ушул Мыйзамдын 28-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн бейтарап териштирүүнүн тараптары, алардын укуктарына жана милдеттерине карата бейтарап соттун чечими чыгарылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде даттанышы мүмкүн.
2. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз бейтарап соттун жайгашкан жери боюнча райондук же шаардык сотко берилет. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызды берүү бейтарап соттун чечимин аткарууну токтотуп турат.
3. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча келип түшкөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде райондук же шаардык соттун судьясы тарабынан жеке каралат. Бул учурда судья төмөнкүлөрдү текшерет:
1) талаш-тартышты бейтарап сотко берүү жөнүндө макулдашууну түзүүдө тараптардын аракетке жөндөмдүүлүгүн;
2) арбитрди дайындоо же бейтарап териштирүү жөнүндө тараптардын талаптагыдай кабарлангандыгын;
3) бейтарап соттун курамынын же бейтарап териштирүүнүн жол-жоболорунун тараптардын макулдашуусуна же колдонулуучу эрежелерге шайкеш келишин;
4) тараптардын ортосунда талаш-тартышты бейтарап сотко берүү жөнүндө бейтарап макулдашуунун болгондугун, макулдашуунун чектери жөнүндө мазмунду;
5) бейтарап макулдашуунун жараксыздыгы жөнүндө тараптын арызынын негиздүүлүгүн;
6) талаш-тартыштын объекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бейтарап териштирүүнүн предмети боло ала тургандыгын.
4. Эгерде биринчи инстанциядагы соттун судьясы арызды ушул статьянын 3-пунктунун 2, 3 жана 4-пунктчаларында белгиленген негиздер боюнча негиздүү деп тапса, анда ал бейтарап соттун чечимин жүйөөлүү түрдө жокко чыгарат жана материалдарды кайрадан бейтарап териштирүүнү жүргүзүү үчүн кайтарат.
5. Эгерде биринчи инстанциядагы соттун судьясы арызды ушул статьянын 3-пунктунун 1, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча негиздүү деп тапса, анда ал бейтарап соттун чечимин жүйөөлүү түрдө жокко чыгарат.
Ушул статьянын 3-пунктунун 1, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу бейтарап териштирүүнүн тараптарынын жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча сотко кайрылуусуна тоскоолдук кылбайт.
6. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызга бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждын), чет өлкөлүк соттордун чечимдерин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздардан алынуучу мамлекеттик алым төлөнөт.
7. Райондук жана шаардык соттун чечимдери алар чыгарылган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 40-главасында каралган тартипте кассациялык инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу бейтарап соттордун ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып кабыл алынган чечимдерине жайылтылат.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 27-майындагы № 38 (3694) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |