Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 28
Ак-Татыр айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы №24 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомунун “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым” Мамалекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 13-мартындагы №024/25/03-6/173 катын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2022-жылдын 18-январындагы №2 Мыйзамынын 16-главасынын 78-беренесине ылайык “Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында” карап талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы №24 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин төмөндөгүдөй баяндалсын.
2.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча, 2025-жылга карата салыктык эмес кирешенин өлчөмү ар бир жашоочуга 5 сомдон бекитилсин.
3.Мекеме ишканаларда иштеген ар бир кызматкерлерге 50 сом болуп бекитилсин.
4.Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөө, тапшыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1-майына чейин деп белгиленсин калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1-октябрына чейин деп белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссия төрагасы К.Эшмурзаевге жүктөлсүн.
7.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
9.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |