Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы, Ысык-Көл районуЖусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 4- сессиясы
ТОКТОМ
19.02.2025-ж №4-6
”Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасын
түзүү жөнүндө
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 4-сессиясынын
№ 4-6 токтомдорунун негизинде Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасын түзүүгө токтом кылат:
1.Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 4-сессиясынын
№ 4-6 токтомдорунун негизинде «Ж.Абдрахманов, Ананьево, Өрүктү» айыл өкмөттөрүнүн бириккендигине байланыштуу Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасын түзүлсүн жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Муниципалдык ишкананын уюштуруу – укуктук формасы – муниципалдык ишкана.
2.Муниципалдык ишкананын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасы;
- Расмий тилде: Муниципальное предприятие “Жилищно-коммунального хозяйства и пастбищепользователей ” айылного аймака Жусуп Абдрахманова;
3. Муниципалдык ишкананын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” МИ;
- Расмий тилде: МП “Жилищно-коммунального хозяйства и пастбищепользователей”;
4.Мекеменин жайгашкан жери(юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык - Көл облусу, Ысык-Көл району, Ананьево айылы, Ленин көчөсү №120б. болуп аныкталсын.
5. “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын жобосу бекитилсин.
6. “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык
ишкананын жетекчи кызматына Бараканова Айнура Кожошевна дайындалсын.
7.Муниципалдык ишкананын уюштуруучусу: Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтү
- Каттоо номери: №4404031001000109;
-Код ОКПО : 32666172;
-ИНН: 02603202410144;
8. “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасын Ысык-Көл областык Юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы ишкананын жетекчиси Бараканова Айнура Кожошевна милдеттендирилсин.
9.Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимди андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги ырасталат.
10. Токтомдун аткарылышы боюнча муниципалдык ишкананын иш кагаздарын сапаттуу тактап берүү жана тиешелүү комиссия мүчөлөрүнө, айыл өкмөтүнүн финансы – экономика жана социалдык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жусуп Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысы Байгазаков Бактыбек Токтосуновичке тапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев
Г.Стамова Жиберилди: Иш кагаздарына -1, айыл өкмөтүнө – 1, облюст.башк.- 2