Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 29
Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде, , “Кыргызмамжердолбоорлоо”жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги №01-13/693 сандуу катынын негизинде, жалпы аянты 200 га жер аянтын которууга айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2020-жылдын 18-декабрындагы №91 сандуу чечиминин 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин төмөндөгүдөй баяндалсын.
2.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттик менчикте турган №55-контурундагы 6,37 га жер аянты таштуу жайыт жер жана 0,20 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай), №439-контурундагы 0,36 га жер аянты таштуу жайыт жер, №443-контурундагы 7,41 га жер аянты таштуу жайыт жер жана 0,10 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай), №416-контурундагы 2,52 га жер аянты таштуу жайыт жер, №415-контурундагы 1,79 га жер аянты таштуу жайыт жер, №414-контурундагы 0,40 га жер аянты таштуу жайыт жер, №406- контурундагы 0,86 га жер аянты таштуу жайыт жер, №79-контурундагы 0,23 га жер аянты таштуу жайыт жер, №404-контурундагы 4,36 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай), №83-контурундагы 56,8 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,40 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай) жана 0,30 га жер аянты талаа жол астындагы жер, №85-контурундагы 1,42 га жер аянты таштуу жайыт жер, №407-контурундагы 0,40 га жер аянты таштуу жайыт жер, №409-контурундагы 18,3 га жер аянты таштуу жайыт жер жана 0,20 га жер аянты талаа жол астындагы жер, №410-контурундагы 9,5 га жер аянты таштуу жайыт жер жана 0,10 га жер аянты талаа жол астындагы жер, №412- контурундагы 21,3 га жер аянты таштуу жайыт жер жана 0,20 га жер аянты талаа жол астындагы жер, №639-контурундагы 17,9 га жер аянты таштуу жайыт жер жана 0,10 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай), №647- контурундагы 0,62 га жер аянты таштуу жайыт жер, №648-контурундагы
0,64 га жер аянты таштуу жайыт жер, №649-контурундагы 6,89 га жер аянты таштуу жайыт жер жана 0,10 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай), №652~контурундагы 1,18 га жер аянты таштуу жайыт жер, №651- контурундагы 7,08 га жер аянты таштуу жайыт жер жана 0,10 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай), №650-контурундагы 1,36 га жер аянты таштуу жайыт жер, №653-контурундагы 11,42 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,10 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай) жана 0,10 га жер аянты талаа жол астындагы жер, №646-контурундагы 1,86 га жер аянты таштуу жайыт жер жана 0,10 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай), №411- контурундагы 0,50 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай), №84- контурундагы 2,13 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай), №654- контурундагы 5,07 га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,10 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай) жана 0,10 га жер аянты талаа жол астындагы жер, №655-контурундагы 0,76 га жер аянты таштуу жайыт жер, №96- контурундагы 0,18 га жер аянты таштуу жайыт жер, №95-контурундагы 0,13 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай), №94-контурундагы 7,86 га жер аянты таштуу жайыт жер жана 0,10 га жер аянты суу астындагы жер (кургак сай), жалпы 200 га жер аянтын,“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуштурууга (трансформациялоого) жана элдерди турак-жай куруу үчүн жер менен камсыз кылуу максатында макулдук берилсин.
3.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын ишке ашырып берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин айыл чарба, агро өнөр жайы, жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоо, жайыт жерлерин пайдалануу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссия төрагасы М.Халмурзаевге жүктөлсүн.
6.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |