Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 30
Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде, , “Кыргызмамжердолбоорлоо”жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын 19-февралындагы №01-13/341-342 жана 14-мартындагы №01-13/532 сандуу катынын негизинде, жалпы аянты 2,065 га жер аянтын которууга айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнө аймагында мамлекеттик менчикте турган жалпы 2,065 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуштурууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
1) Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттик менчикте турган №707-контурунда жайгашкан 150 чарчы метр аянты жайыт жер.Ак-Татыр айылында жайгашкан. Жалпы аянты 0,015 га жер.
2) Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттик менчикте турган №4502-контурунда жайгашкан 2,0 га жер аянты жайыт жер.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылында жайгашкан. Жалпы аянты 2,0 га жер.
3) Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттик менчикте турган №5443-контурунда жайгашкан 0,05 га жер аянты таштуу жайыт жер.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылында жайгашкан. Жалпы аянты 0,05 га жер.
2.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын ишке ашырып берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин Айыл чарба, агро өнөр жайы, жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоо, жайыт жерлерин пайдалануу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана комиссия төрагасы М.Халмурзаевге жүктөлсүн.
5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |