Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
_____________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы, Ысык-Көл районуЖусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 5- сессиясы
ТОКТОМ
20.03.2025ж. № 5-3
“Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрь №494 “Жер – укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченемдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ” токтомун аткаруу максатында жана айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин максаттуу пайдалануу максатында жана Ысык-Көл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 07.08.2023ж. №01-03/323 катындагы маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 50 пайыз менен көрсөтүлгөн төмөндөгү жерлери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) негизде ижарага пайдаланууга берилсин.
№ | Контурлары | Жер аянты (га) |
Ананьево айылы | ||
1 | 872 | 12 |
2 | 975 | 20,5 |
3 | 983 | 8,3 |
4 | 1101 | 12,5 |
5 | 1102 | 7,5 |
6 | 1103 | 19,2 |
7 | 1114 | 19,6 |
8 | 1090 | 8 |
9 | 1403 | 22 |
10 | 1086 | 10 |
11 | 1094 | 39 |
12 | 1858 | 12,5 |
Жаркымбаев айылы | ||
1 | 813 | 33,88 |
2 | 35 | 25,8 |
3 | 944 | 6,1 |
4 | 832 | 0,72 |
5 | 946 | 7,1 |
6 | 949 | 6 |
7 | 947 | 4,9 |
8 | 31 | 2 |
2.Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысынын өлчөмү жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн формулага ылайык бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
5.Транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, отун энергетика, туризм, курортту өнүктөрүү, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынатапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев
Г.Стамова Жиберилди: Иш кагаздарына -1, айыл өкмөтүнө – 1, УАР-1, облюст.башк.- 2