Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 31
Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде, , “Кыргызмамжердолбоорлоо”жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын 19-февралындагы №01-13/335-338 сандуу катынын негизинде, жалпы аянты 4,5 га жер аянтын которууга айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнө аймагында мамлекеттик менчикте турган жалпы 4,5 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуштурууга (трансформациялоого) жана социалдык объектерди куруу максатында макулдук берилсин.
1) Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттик менчикте турган №752 га контурунда жайгашкан 0,25 га жер аянты таштуу жайыт жер, №762-контурунда жайгашкан 0,48 га жер аянты башка жер (прочие), №764-контурунда жайгашкан 2,42 га жер аянты таштуу жайыт жер, 763-контурунда жайгашкан 0,35 га жер аянты башка бирөөнүн пайдалануусу астындагы жер (мектеп).Ак-Татыр айылында жайгашкан. Жалпы аянты 3,50 га жер.
2) Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу төмөнкү №722-контурундагы 0,98 га көп жылдык бак-дарактар, №719-контурундагы 0,02 га жер көп жылдык бак-дарактар астындагы жер.Ак-Татыр айылында жайгашкан. Жалпы аянты 1,0 га жер.
2.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын ишке ашырып берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин Айыл чарба, агро өнөр жайы, жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоо, жайыт жерлерин пайдалануу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана комиссия төрагасы М.Халмурзаевге жүктөлсүн.
5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |