Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жыл 1-апрели №31
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында турак үйлөргө 2025-2027-жылга салыктык эмес кирешлердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-главасы Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн жыйым белгиленип, 73-74-75-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2022-ж 18-январындагы №2 Мыйзамынын 16-главасынын 78-беренесине ылайык Жергиликтүү кенештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында, малекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын кызматкери Н. Абдирашитовдун баяндамасын угуп, жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу боюча аймагында 2025-жылга салыктык эмес кирешлердин өлчөмү ар бир үй бүлөгө 30 сомдон бекитилсин.
2. Мекеме ишканаларда иштеген ар бир кызматкер үчүн 100 сомдон бекитилсин.
3. Калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу боюча жыйымдарды эсептөө, тапшыруу мөөнөтү мекеме ишканалар үчүн 2025-жылдын 1-майына чейин, Калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу боюча жыйымдарды төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1-октябрына чейин деп белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы А. Кожомбердиевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагыфинансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Джолматовго жүктөлсүн.
Айылдык кенештин торагасы: |
А.Дилишатов |