Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү I сессиясы
2024-жылдын 30-ноябры № 1/1
Кароол айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 30-ноябрындагы 33-протоколунун жана эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 сандуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана Кароол айылдык кеңешинин Регламентинин талаптарынын негизинде Кароол айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Кароол айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 30-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.
2. Камбардинов Акынбек Махмутжанович Кароол айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| А.М.Камбардинов |