Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 2-апрели №16
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу CASA-1000 долбоорунун алкагында электр мамыларын отургузуу үчүн салынган жалпы аянты 13,99 га жолдорду рекультивация иштерин жасатпай жайытка пайдалануу үчүн калтырууга макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 8-пунктуна жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын 2-главасынын 9-беренесине ылайык, “Ак-Сай айылынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин” жетекчиликке алып, Ак-Сай айылдык кеңешинин алдындагы “Айыл чарба,агро-өнөр жайы,жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө каттоо,жаратылышты коргоо боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап чыгып, Ак-Сайайыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу CASA-1000 долбоорунун алкагында электр мамыларын отургузуу үчүн салынган жалпы аянты 13,99 га жолдорду,долбоор аяктаганына байланыштуу рекультивация иштерин жасатпай, жайыттарга пайдалануу үчүн калтырууга макулдукберилсин.
2. Иш кагаздары боюнча иш алып баруу жагы жооптуу катчы К.Баймуратовко милдеттендирилсин
3. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4 .Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳрайым | Ш.Өмурова |