Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 2-апрели №21
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жайыттарына мал багууга жайыт акыларын бекитуy жөнүндө.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчысы С.Астанакуловдун жайытты пайдалануу жөнүндө баяндамасын уryп жана талкуулап, Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында мал көчүү жакынкы жайыттарга 5-апрельден 1-июнга чейин көчүүгө макулдук берилсин.
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу жайыттардын бир жылдык жайыт пулу жана жайыт акысын жыйноо төмөнкүдөй белгиленсин.
3. Жайыт акы бир жылдык тариф:
Уй, жылкыга - 200 сом, Музоо -100 сом, Топозго- 250 сом,Кой, эчкиге - 50 сом.
4. Башка айыл өкмөттөн келген малдарга.
Уй, жылкыга-230 сом,Музоо-120 сом, Топозго-300 сом, Кой, эчкиге-70 сом,түтүн пулу 1000 сом.
5. Иш кагаздары боюнча иш алып баруу жагы жооптуу катчы К.Баймуратовко милдеттендирилсин
6. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
7. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳрайым | Ш.Өмурова |